Кыргызстан: журналисттердин коопсуздугу боюнча тынчсыздануулар.
Ырайымсыз зомбулук медиакоомду тынчсыздандырат.
Кыргызстан: журналисттердин коопсуздугу боюнча тынчсыздануулар.
Ырайымсыз зомбулук медиакоомду тынчсыздандырат.
Медиаөкүлдөрдүн пикиринде Кыргызстандын бийлиги журналисттерге каршы жасалган кылмыштарды иликтеп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга алсыз болуп, алардын нааразылыгын туудурууда.
Кыргызстан журналисттеринин Ассоциациясынын маалыматы боюнча, акыркы эле төрт жылдын ичинде кыргызстандын 58 кабарчы кылмышкерлердин курмандыгы болгон.
Ал эми Кыргызстандын Ички иштер министрлиги 2005 жылдан 2009 жылга чейин 28 иш катталып, 23ү боюнча кылмыш иши козголгон. 5 окуя көз жаздымда калгандыгын белгиледи.
Журналисттерге кол салуунун акыркы курмандыгы - Геннадий Павлюк, көп кабаттуу үйдөн артында колдору байлануу боюнча кулап түшкөн. Ал 22 декабрда бейтапканада каза болду.
Бул окуя Казакстандын каржы борбору Алматыда өткөн. Казакстандын полициясы бул ишти атайын өлтүрүлгөн деген факт катары каттаганын билдирди.
КТК казак телеканалы, Кыргызстандын улуттук коопсуздугунун үч кызматкери журналистке жолугушуу болжоп, кол салуу маалында аны менен бир батирде болгон. Ал эми Кыргызстандын Мамлекеттик улуттук коопсуздугунун пресс-кызматы бул маалыматты четке какты.
Павлюк менен кызматташ адамдар анын өлүмүнүн себебин Кыргызстандагы веб-сайт ачуу жумушуна байланыштырышты.
«Ата Мекен» оппозициялык партиясынын демилгечиси Өмүрбек Текебаев Эркин Европа Радиосуна (RFE/RL) окуя болоор алдында Павлюк менен жолукканын, аны менен болгон маекте веб-сайтты түзүү боюнча пландарды талкуулаганын айтып өттү.
Текебаевдин айтымында, көп ММК сындап чыккан atameken.kg партиянын расмий ураандоочусу эмес көз карандысыз веб-сайт болмок, деп жазылган RFE/RLдин сайтында.
«Менимче бул далили бар дагы бир кылмыш , Кыргызстандагы сөз эркиндигин чектөөгө багытталган», деп саясатчынын пикирин билдирди веб-айт.
Павлюк жакында эле кыргыз өкмөтүнүн жаңы реформаларынын чыныгы маанисин сындаган бир нече макала жана интервью жазып чыккан, деп кошумчалады Текебаев.
Кыргызстандагы өкмөттүк эмес уюмга кирген медиаөкүлчүлүк Институтунун мүчөсү Акмат Алагушев, укук коргоо органдары журналисттерге кол салуу кылмыш иштерин ачык тергөөгө милдеттүү деген оюн айтты.
«Бул өлкөдөгү сөз эркиндиги кылмыштын ачылышына жана күнөөлүүлөрдүн адилеттүу жазаланышына байланыштуу», - деди. Анын оюнда, жазаланбагандык журналисттик коопсуздук тармагындагы алдыга карай жылыштарга тоскоолдук түзөт.
Нью-Йоркто штаб-квартирасы бар эл аралык өкмөттүк эмес уюм, журналиттердин укугун коргоо Комитети, Павлюктун ишин көзөмөлго алды. Комитеттин европалык жана борбор Азиялык программанын координатору Нина Огниянова бул тергөө иши эки тараптуу кызматташтыксыз ийгиликтүү өтпөөрүн айтты. “Биз казак тергөөчүлөрүн Кыргызстандагы кесиптештеринине кошулуп, ал эми кыргыз өкмөтү бизге жардам берүүсүн, баардыгы бирдиктүү иш алып баруусун талап кылабыз”,-деди.
Журналисттерге кол салуу боюнча түзүлгөн кырдаалга өз көз карашын IWPRге билдирген пикиринде президенттин Катчылыгына шериктеш кызматын жетекчиси Илим Карыпбеков, бийлик сөз эркиндигин колдоорун айтты.
«Биз мамлекетти демократиянын негизинде курабыз, андыктан сөз эркиндигин колдоп, анын көз карандысыздыгына каршы эмеспиз. Ошондой эле журналисттердин коопсуздугу камсыздалышына жана ММК кызматкерлерине болгон кол салуу кылмыштары ачылышына кызыктарбыз»,- деди ал.
Карыпбеков журналисттерге кол салуу иштерин укук коргоо органдары иликтейт, ал эми катчылык алардын ишинен кабардар болуп турат.
«Биз коомчулукту тергөө иштери жөнүндө маалымдап, ошол эле учурда бардык кызыктар тараптарды бул маселени чечүүдө биримдиктүү аракет кылууга үндөйбүз. Медиакоомчулуктан бизге жооп катары бийликтин дарегине негизсиз доомат коюуунун ордуна, үзүрлүү сунуштардан жана чечимдерден турган олуттуу кадамдарды күтөбүз»,- деди ал.
Декабрь айынын ичинде эле кыргызстандык журналисттерине үчүнчү ирет кол салуу болуп, андан Павлюк каза тапты.
Бишкектеги Росбалт россиялык кабарлар агенттигинин кабарчысы Александр Евграфовду, былтыркы жылдын декабрь айында Кыргызстандын борборунда сабап кетишкен.
Биро нече күн өтпөй эле Кыргызстандын түштүк шаары Ошто «Ош шамы» гезитинин редакциясына Калашников автоматынын огу менен коркутуу маанисиндеги кат жиберилген.
Ал эми Алишер Саипов жана Алмаз Ташиев аттуу журналисттер 2007 жана 2009 жылдары өлтүрүлгөн.
Ошто иштеген белгилүү журналист Саиповду көчөдөн белгисиз адам атып кеткен. тарабынан известный журналист, работавший в Оше, был застрелен на улице неизвестным. Улуту боюнча өзбек журналист өзбек тилиндеги «Сиёсат» гезитинин негиздөөчүсү, коңшу Өзбекстандагы укук коргоо кырдаалын сындап чагылдырган.
Кыргыз тилиндеги «Агым» гезити жана бир нече кабар агенттиктери менен кызматташып иштеген көз карандысыз журналист Ташиев, милицияга жаңы паспорт алам деп келген учурда укук коргоо органдары тарабынан сабоо жеген.
Бул кылмыштар боюнча эч ким жоопкерчиликке тартылган жок.
Андан башка «Репортер» гезитинин кабарчысы Сыргык Абдылдаевди бычак менен сайгылап кетишкен; мамлекеттик телекомпаниянын журналисти Кайрат Биримкулов сабоого дуушар болгон; НБТ каналынын журналисти Гүлмира Үмөталиева жаракат алып камерасы талкаланган; ошондой эле саясий баяндамачы Александр Князевди тонолуп, ноубук жана акчасынан айрылган.
2005 жылдан тарта алты журналист өлкөдөн качып башка өлкөдөн саясий жай суроо издөөгө аргасыз болгон.
«Журналист» коомдук уюмдун жетекчиси Марат Токоевдин сөзү боюнча, баарынан кол салуунун ырайымсыз мүнөздө болушу кооптондурат жана ал көнүмүш адатка айланууда.
“Мен журналисттерге болгон кол салуу күчөдү деп айта албайм, бирок анын мүнөзу катаалдап баратат... Кол сауулардын ырайымсыз, одоно-оройлугунун натыйжасында журнаисттер бейтапканага түшүп, керек болсо каза болгон учурлар да бар”-деди ал.
Токоевдин айтымында анын уюму Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ОБСЕ) адисттери жана жактоочулар, милиция менен бирдикте реалдуу кол салуу санын тергөө максатында иштеп, алар курмандыктардын кесиптик ишкерлигине кандайча байланыштуу экендигин иликтеген.
Түзүлгөн кырдаал Бишкектеги ОБСЕ борбору үчүн журналисттик коопсуздукту 2010 жылдын эң орчундуу маселеси катары кароого түрткү болду.
Бишкектеги ОБСЕ борборунун башчысынын орун басары Лилиан Дарий IWPRге берген интервьюсунда, анын уюму журналисттердин коопсуз чөйрөдө өз ишин жоопкерчилик менен аткарып, коркутуу, үркүтүү жана жазалоодон кооптонбой иш алып баруусуна шарт түзүүгө аракет кылаарын билдирди.
Ал ОБСЕ журналисттерге юридикалык жардам көрсөтүп, бул маселе боюнча калктын калың катмарында жарыш сөз уюштурууну пландаштырып жатканын айтты.
«Ага байланыштуу Кыргызстандын өкмөтүнө ОБСЕнин өкүлү катары түзүлгөн катаал мүнөздөгү кырдаалды оңго салууга чакырам », - деди Дарий.
Токоев журналисттик коопсуздукту жылдын орундуу маселеси катары коюлушуна макул болду, бирок ал маселе бардык тараптардин бирдиктүү аракетинин натыйжасында гана чечилээрин айтты.
«Коркуттууга жана күчкө каршы туруштук берүү үчүн, журналисттер биригип, ынтымакташып бир создө болушу керек», - деди ал.