Кыргызстан өкүмчүлдүк бийлик башкаруусу бар өлкөлөрдүн “G8” катарына кирди.
Талдоочулар Кыргызстан - Казакстан жана Тажикстандын катарындагы демократиялык эмес республика деген эл аралык уюмдун отчетундагы ырастоо менен макул эмес экенин билдиришти.
Кыргызстан өкүмчүлдүк бийлик башкаруусу бар өлкөлөрдүн “G8” катарына кирди.
Талдоочулар Кыргызстан - Казакстан жана Тажикстандын катарындагы демократиялык эмес республика деген эл аралык уюмдун отчетундагы ырастоо менен макул эмес экенин билдиришти.
Июнь айынын аягындагы чыккан «Өтмө мөөнөткө кабылган өлкөлөр» аттуу өзүнүн бир жылдык баяндамасында Фридом Хауз уюму Чыгыш Европа жана мурун Советтер Союзунун катарына кирген 29 өлкөнүн демократиялык өнүгүү чен өлчөмү боюнча тизмесин түзгөн. Анда: өлкөдөгү башкаруу, тандоо жараяны (процесс), сот тутуму, жараандык коом, массалык-маалымат каражаттарынын көз карандысыздыгы жана паракорлуктун басымдуулук деңгээли каралган.
Кыргызстан менен Россия биринчи жолу эң начар категориядагы «биригишкен өкүмчүл мамлекеттердин» тизмесине кирди. Фридом Хауз аларга, бийлик башында саясий атаандаштыкка жана айкындыкка жол бербеген жана негизги саясий, жараандык укуктун кеңири бузулушуна жооптуу диктатору бар жабык коом деген мүнөздөмө берген.
Ошол эле тизмеде Борбор Азия мамлекеттеринен Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан андан тышкары Азербайжан жана Белоруссия блогон. Бул категорияга Кыргызстан жана Россиянын кошулушу менен категориядагы өлкөлөр рекорддуу сегиз санына жетти.
2008 жылдагы эл аралык коомду толкундандырган окуялар деп Фридом Хауз, Кыргызстандагы сөз жана жыйналыш эркиндигин чектөөчү жаңы мыйзамдын чыгышын, Таджикистандагы өкмөттүк эмес уюмдарга жана сотко болгон күч басымын, Өзбекстандын башчысы Ислам Каримовдун конституцияга коошпогон үчүнчү мөөнөткө талапкерлигин койгондо оппозициянын жоктугун, Түркмөнстандын алгач президенти Сапармурат Ниязовдун саясатынан анча алыстабашын билдирди. Казакстандын ОБСЕдеги жетекчилик мөөнөтү жакындаганына карабай, өлкө башчысы демократиялык жолго жана көз каранды эмес массалык-маалымат каражаттарынын, жараандык коомдун мартабасын таануу боюнча бир дагы утурлаган кадам кылган жок деп отчетто айтылды.
IWPR сурамжылоого алган Борбор Азиянын бир топ талдоочулары, отчеттогу Борбор Азия мамлекеттериндеги өкүмчүлдүк бийлик күч алып, ар кандай вариацияланууда деген ой менен макулдугун билдиришти.
«Бардык Борбор Азия өлкөлөрүндө мерчемдөө (стратегический план) маселелери бири-бирине окшош, жана бийликтин коомду башкаруу тактикасында гана билинээр-билинбез айырмачылыктар бар. Өкүмчүлдүк бийликтин да айырмачылыгы аз, бирок негизинен бул өлкөлөрдө начар демократиялык институт болуп, үй бүлөлүк, уруулук башкаруу ыкмасы байкалып, анын кесепетинен коомдун басымдуу бөлүгү реалдуу саясий маселелерди чечүүдөн чепттетилгендигине нааразы», -дейт тажик саясатчысы Парвиз Муллоджонов.
Муллоджоновдун айтуусунда, Борбор Азиядагы өкмөт институттары шайлоо өткөрүү демократиялык принцибине жамынганы менен, чындыгында улуттук башкаруучулар бул принциптерди аткаргандыгы –анткорлук мүнөздө.
Өзбекстандык талдоочу Комрон Алиевдин ою боюнча, «ийкемсиз саясий тутумдун түп тамырында белгилүу бир идеологиянын жоктугу».
«Мындай идеясыз вакуумда паракорлук, кылмыштуулук күч алып, жашоонун мааниси - алсыздарды жолдон сүрүп, жеке талап-тоноочулукка такалат. Жеке ойду билдирүүгө мүмкүнчүлүктүн жоктугу, жараандык коомдун жалпы максатынын жоктугу, коомдун жана жеке инсандын кунарсыздандыруусуна (деградация) алып келет», - дейт ал.
Ар бир өлкө жөнүндө өзүнчө мүнөздөмө берип жатып бул макала үчүн сурамжыланган талдоочулардын, Фридом Хауз тарабынан өкүмчүлдүк таңууланган бийлиги бар деген категорияга киргизилген Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан мамлекеттери жөнүндө пикирлери түрдүү болду.
Казакстан, жергиликтүү талдоочу Олег Сидоровдун пикиринде «өтмө мөөнөттө» турат.
«Бизде демократиялык түзүлүш деп айта албайм, бирок өкүмчүлдүк тартип деп ырастоодон да алысмын. Биз ортосунда калдык окшойт», - дейт ал.
Алматыдагы «Тобокелчиликти баамдоо тобунун» башчысы Досым Сатпаевдин оюнда Казакстанга «өкүмчүлдүк эмес», «өзүмчүлдүк мамлекет» деген аталма туура келет.
«Формалдуу түрдө бизде партиялар, өкмөттүк эмес уюмдар, массалык-маалымат каражаты бар… Бирок, казак саясий тутуму өкүмчүлдүккө жакындаштырылган», - деди Сатпаев.
Ал эми башкаруучу «Нур Отан» партиясынын мүчөсү Гульнара Саменбекованын пикиринде, бул уюмдун Казакстанга берген баамдоосу «негизсиз». «Далилдер так көрсөтүп тургандай биз – демократиялык коомдун өкүлдөрүбүз», - деп кошумчалады ал.
Кээ бир кыргызстандык талдоочулар отчеттогу тыянакта жазылгандай, сөз эркиндигинин жана жыйындардын кыскарышы, көз карандысыз массалык-маалымат каражаттардын жана соттун жоголушу менен макул болгон. Ал эми Кыргызстан парламентинин мүчөсү Галина Куликова башка ойдо.
Анын айтуусунда, Фридом Хаузка оппозициянын көз карашы таасирин тийгизди. «Сиздер Кыргызстанды эркин эмес өлкө деп айта албайсыздар. Эгер андай болгондо эч ким арыздана алмак эмес», - деди ал.
Отчеттогу Тажикстанды баалону, саясатчы Рашид Абдулло, батыш идеяларын ар башка багыттагы өнүккөн өлкөлөр үчүн колдонуу аракети дейт.
«Фридом Хауздун көз карашы боюнча, постсоветтик мамлекет канчалык туруктуу болсо, ошончолук ал эркин эмес жана тескерисинче болгон корутунду чыгат. Ал эми республикадагы ар түрдүү туруксуз абал чыр-чатак менен аяктап, жүздөгөн-миңдеген адамдардын өмүрүн алып жаткандыгы эске алынбаары капалантат» , - деп ой бөлүштү.
Түркмөнстандын жана Өзбекстандын талдоочулары бирдей пикирде болуп, мыктыланууга жасалган кадамдарга мисал келтире алган жок.
Атын атоодон баш тарткан түркмөнстандык талдоочу, массалык-маалымат каражаттары мамлекеттин көзөмөлүнөн чыкпай, бир дагы көз карандысыз өкмөттүк эмес уюмдун жок болушун жана эл аралык укук коргоочуларга мамлекетке кирүүгө тыюу салынганын ырастап, Фридом Хауздун булл жагдайга берген баасын адилеттүү деп табат.
Өзбекстандагы башкарууну талдап жатып, Алиев: «Бүткүл түзүм мамлекеттин көзөмөлүнөн чыкпай, керек болсо бир адамдын эркине багынган»,- деди.