Коңшу мамлекеттердин Кыргызстандагы саясий абалга кооптонуусу өлкөнү обочолонтууда
Казакстан жана Өзбекистан чегараны бүгүнкү күнгө чейин ача элек, алар коңшу Кыргызстанда стабилдүүлүктүн орношун күтүшүүдө.
Коңшу мамлекеттердин Кыргызстандагы саясий абалга кооптонуусу өлкөнү обочолонтууда
Казакстан жана Өзбекистан чегараны бүгүнкү күнгө чейин ача элек, алар коңшу Кыргызстанда стабилдүүлүктүн орношун күтүшүүдө.
Коңшу өлкөлөрдүн чегаралары автоунаа жана соода каттамдары үчүн бир айдан ашык убактан бери жабык. Кыргызстандагы экономисттер менен ишкерлер чегаранын мындай узак убакытка чейин жабылып турушу өлкөнүн экономикасынын олуттуу начарлоосуна алып келиши мүмкүн экендигин эскертишүүдө.
Алардын айтымында, өлкө күндөн күнгө акчаны жоготуп жатат жана мындай чектөөнү алып салууга чакырык таштоодо. Бирок Кыргызстандын түштүгүндө орун алган соңку кагылышуулар казактар менен өзбектердин чегараны ачуусуна кошумча чочулоону туудурууда.
Казакстан менен Өзбекстан өздөрүнүн чегара өткөрүү бекеттерин 80ден ашык адамдын өмүрүн алып кеткен Кыргызстандагы 6-7-апрелдеги баш-аламандыктардан кийин жабышкан эле. Эске салчу нерсе, бул баш аламандыктардын натыйжасында өлкөнүн президенти Курманбек Бакиев өлкөнү таштап чыгып кеткен жана анын ордуна утурумдук өкмөт келген.
Чегара бекеттеринин бүгүнкү күнгө чейин ачылбай жатышы боюнча өзбек тарап да, казак тарап да эч кандай расмий билдирүү жасашкан эмес, бирок аларга эң биринчи улуттун коопсуздугу маанилүү экендиги айтпаса да белгилүү. Өлкөнүн түштүгүндөгү 13-14-майдагы окуя, облустун имаратын мурдагы президенттин талапкерлеринин басып алуусу коңшу өлкөлөрдүн кооптонууларын андан бетер күчөттү.
Казакстандагы саясат таануучу Эдуард Полетаевдин пикиринде, чегаралардын жабылышы коңшу Казакстан менен Өзбекстандын Кыргызстандагы коопсуздукка карата тынчсыздануусун билдирет, ошондой эле алар убактылуу өкмөт менен кызматташууга ишеним артыша электигинде.
«Бул жаңы өнөктөштөрдүн бекемдигин сыноо жана аларды бир топ элпек кылууга болгон аракет», - деди ал.
Кыргызстан Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен өз лидерлерин бийликтен кулаткан бирден-бир өлкө болуп калууда: К.Бакиев бийликте беш жыл тургандан кийин кулатылды. Ал Акаевдин бийлигин кулаткан элдик революциянын натыйжасында 2005-жылы бийликке келген эле. Ал эми Өзбекстандын да, Казакстандын да президенттери 1991-жылы Советтер Союзу урагандан тарта бийликте турушуп, өз кызматтарынан кетүүнү али да пландаштырыша элек.
Кыргызстандын чегарасына жанаша Өзбекстандын аймагында жайгашкан Кара-Суу шаарынын тургуну, чегаранын жабылышы өзбек тараптын Кыргызстандагы революциялык маанайдын жайылышына кооптонуусу менен байланышкандыгын ишенимдүү билдирди.
Ал өкмөттүк аскерлердин көтөрүлүшчүлөргө кандуу ок атуусу менен коштолгон 2005-жылкы майда болгон. Андижан көтөрүлүшү да, ошол эле жылдын март айында Кыргызстанда орун алган «жоогазын» революциясынан кийин орун алгандыгын эскерип өттү.
«Азыр да Кыргызстандагы толкундоолордон кийин, Өзбекстан кыргыздардын бул маанайы оппозициялык өзбектерге берилишинен коркту», - деди Кара-Суу шарынын тургуну.
Москвадан Борбордук Азия боюнча эксперт Санобар Шерматованын пикиринде, чегаранын кайрадан мурдагы калыбында иштөөсүнө алып келүүдө, Өзбекстан Казакстанга караганда бир топ абайлап иш алып барат.
«Менин оюмча, Казакстан менен байланышкан бул маселе убакыттын иши, жана жакынкы күндөрү ал чечилиши керек. Ал эми Өзбекстан Кыргызстандын түштүгүндөгү абал турукташмайынча чегараны жабык кармайт», - деди ал.
Бирок кандайдыр бир деңгээлде чегарадан өтүү болуп эле жатат. Кыргызстандын жарандары эл аралык бажы системасы боюнча катталган жүктөрдү аба жана унаа жолдору аркылуу чегарадан алып өтө алат.
Бирок ишкерлердин айтымында, жалпысынан каттамдардын кескин кыскарышы ишкерчиликке тескери таасирин тийгизип жатат.
Базар, соода ишканаларынын жана Кыргызстандын тейлөө чөйрөсүнүн Ассоциациясынын Президенти Сергей Пономарев 14-майдагы маалымат жыйында ушул күнгө чейин чегаранын жабык турушунан улам сырткы сооданын көлөмү 50%га чейин түшүп кеткендигин, натыйжада өлкө миллион доллар жоготкондугун, текстил жана тамак-аш тармактарынын иши токтоп калгандыгын айтып чыкты.
Экономикалык эксперт Жумакадыр Акенеев, экономиканын бардык секторлору жапа чеккендигин, анын ичине курулуш материалдарын сыртка сатуу жана айыл чарба товарларын сатып алуу да кирээрин айтты.
«Биз күйүүчү майларды ташып кире албай калгандыктан айыл чарба иштери токтоп калды, ушул себептен улам өлкө ушул жылдын күзүндө тамак-аш жетишсиздигине дуушар болушу мүмкүн», - деди ал.
Кыргызстандын тышкы соодасынын 13%дан көбү коңшу Казакстанга таандык. Андан сырткары бул өлкө Кыргызстан менен Россия мамлекетинин ортосундагы негизги жүк ташуучу жол болуп эсептелет. Ошондуктан Казакстандын аймагы соодагерлер жана Россияга иш издеп чыккан жүз миңдеген кыргыз эмгек мигранттары үчүн өтө маанилүү.
Кыргызстанга Кытайдан алынып келинип, өзбек чегарасына жакын жайгашкан Кара-Суу шаарындагы чоң базарда сатылуучу, кытай товарларынын негизги кардары катары Өзбекстан чоң рол ойнойт. Калк жыш жайгашкан жана экономикалык жактан алсыз болгон түштүк Кыргызстандын эли үчүн бул базардагы соодадан түшкөн киреше алардын жашоосундагы бирден бир киреше болуп эсептелет. Ал эми өлкөнүн түндүгүндө ушундай эле функцияны Дордой базары аткарат. Ал Кытайдан алынып келинген товарларды Казакстанга сатып чыгарат.
Чегаралардын жабылышы эки базарда тең соода активдүүлүгүнүн дээрлик толук токтошуна алып келди.
Ош шаарынын ишкери Надира Нарматова Кара-Суу базарындагы сооданын көлөмүнүн түшүп кетишинен улам, ай сайын түшүп туруучу 1500 долларын жоготкондугун айтты.
Коңшу мамлекеттер Кыргызстандагы туруксуздукту бул мамлекетти өздөрүнүн экономикалык пландагы шарттарына көндүрүү максатында колдонуп жатышат деген пикирлер да айтылууда.
Алардын бири, ушул жылдын башында Россия, Казакстан жана Белоруссия мамлекеттеринин ортосунда түзүлгөн Бажы союзуна Кыргызстанды киргизүүгө болгон аракет катары каралууда.
Экономикалык эксперт Улан Сарбановдун пикиринде, чегаралардын жабылышы Кыргызстандагы апрель окуяларына караганда, Бажы союзуна кирбей калган бул өлкөнү анын курамына киргизүү максатына көбүрөөк байланышкан.
Кыргыз өкмөтү чегараларды ачуу чараларын көрүүнү улантууда.
Бул маселе Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеванын май айынын башында Казак президенти Нурсултан Назарбаев менен болгон телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө талкууланган, бирок Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, финансы министринин кызматын аткарып жаткан Темир Сариевдин бир нече күн мурда чегаранын ачылышын жарыялаган маалыматы оңунан чыккан жок.
Исомидин Ахмеджанов жана Асыл Осмоналиева – IWPRдын атайын машыгууларынан өткөн Кыргызстандагы журналисттер, Ярослава Науменко – Казакстандык кабарчы жана Дина Токбаева – IWPRдын Кыргызстан боюнча редактору.
Бул макала Европалык Комиссия тарабынан каржылануучу «Массалык маалымат каражаттары аркылуу Борбор Азияда адам укугун коргоо жана укук таануу» жана Норвегиянын тышкы иштер министрлиги тарабынан каржылануучу «Укук коргоо маселелерин, карама-каршылыктарды жана ишенимдин бекемделишин чагылдыруучу маалымат программасынын» чегинде Согуш жана бейпилдикти чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан даярдалды.
Макаланын маңызына толук жоопкерчиликти IWPR алат жана макала Европа шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жана Норвегиянын тышкы иштер Министрлигинин эч биринин кызыкчылыгын чагылдырбайт.