Кыргызстан: Мурдагы шахта кызматкерлеринин компенсация алуу үмүтү өчүүдө

Он жыл мурда өндүрүштөн майып болуп калган шахтада иштеген жумушчулар аларга тиешелүү компенсацияны толук төлөгөнгө чейин эле каза болууда.

Кыргызстан: Мурдагы шахта кызматкерлеринин компенсация алуу үмүтү өчүүдө

Он жыл мурда өндүрүштөн майып болуп калган шахтада иштеген жумушчулар аларга тиешелүү компенсацияны толук төлөгөнгө чейин эле каза болууда.

Кыргызстандын түштүк-батышындагы башкы көмүр шахтасы жабылганына он жыл өткөндөн кийин, өндүрүштөн майып болуп калган, же ден соолугунан зыян тарткан мурдагы 100 шахта кызматкери бүгүнкү күндө көңүл сыртында калып калгандыгын айтышууда. Өздөрүнө каралган компенcациялык төлөмдү алуу үчүн көп жылдан бери күрөшүп келишет жана бул күнгө чейин алардын жарымы гана жашап жатат.

Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланган ийкемдүү мамлекеттик ишканаларды реструктуризациялоо жана менчиктештирүү, ошондой эле рентабилдүү эместерин жабуу боюнча ПЕСАК программасынын чегинде 1995-жылы Баткендеги Лениндик Комсомол атындагы шахта жабылган. Бул иш-чарага ошол мезгилде премьер-министр болуп турган Апас Жумагулов жетекчилик кылган. Ишкананы жабуудагы өзүнүн ролу үчүн ал өлкөнүн «негизги ликвидатору» - деген атка конгон.

Шахтанын тереңдиги 700 метрди түзүп, дүйнөдө мындай тереңдиктеги шахталар болгон эмес. Кызыл-Кыя шаарына кошуна жайгашкан бул шахта совет мезгилинде өзүнүн жогорку өндүрүмдүүлүгү үчүн «Борбор Азиянын кочегары» деген атка конгон.

Бирок шахтанын кызматкерлери аны «экинчи фронт» деп аташчу, анткени ал жерде кесиптик ооруга жана өндүрүштөн жаракатка чалдыккандар тез-тез болуп турган.

Шахта жабылган учурда, шахта башкармалыгы ишкананын бардык карыздарын, анын ичинде Социалдык фонддун алдындагы карыздары менен эсептешиши үчүн мамлекеттен ошол мезгилдеги шахтанын бардык активдеринин наркына барабар болгон сумманы алышы керек эле.

Кийин такталгандай пенсия, пособие жана майып болгондордун компенсациясын төлөө үчүн жетишсиз сумма төлөнгөн. Кызыл-Кыя шаарынын Социалдык фондунун алдыңкы адиси Турдукан Солтонованын айтымында, бул төлөмдөр биринчи кезекте аткарылышы керек эле.

Солтонова, бул компания 21 миллион сомго бааланганын (130 миң Америка доллары), шахта башкармалыгынын документтери боюнча 4 миллион сом гана түшкөндүгүн, бул сумма шахта башкармалыгына пособиелерди төлөөгө өткөрүлүп берилбестен, ал социалдык взносторду жабууга колдонулгандыгын айтты.

Шахта башкармачылыгынын жетекчилиги компенсацияны талап кылган шахта кызматкерлерине, аны ПЕСАК программасынын каражаттарынан төлөнүп берилиши керектигин айткан.

Ден соолугуна байланыштуу пенсияга чыккан кээ бир шахтёрлорго 1996-жылы компенсация төлөнүп берилген. Бирок бул төлөмдөр шахта ишинин акыркы жылы үчүн гана төлөнүп, мыйзам боюнча орточо айлык акысынын негизинде эсептелиши керектигине карабастан, ал минималдык пенсиянын негизинде эсептелген.

Он бир жыл өткөндөн кийин, шахтёрлор өз укуктарын коргоо максатында демилгечи топко биригишип Социалдык топтун шаардык бөлүмүнө каршы доо арызын жазышкан жана 2006-жылы уттуруп коюшкан. Кыргыз өкмөтү пенсия өлчөмүнө негизделген компенсацияны төлөө милдеттенмесин өзүнө алып жана аны төлөөдө өткөн мезгилдердеги инфляция эске алынаарына убада берген.

Учурда 80 жашка толгон Мамат Тешебаев курамына өндүрүштөн майып болгон жана өздөрүн регрессниктер деп атаган мурдагы шахта кызматкерлери кирген «Регресс» коомдук фондун жетектейт. Алар доо кат менен кайрылышкан. Тешебаев компенсациянын пенсия өлчөмү менен теңделишине нааразы экендигин билдирди.

1995-жылдан 2010-жылдар аралыгында болгону компенсациянын жалпы суммасынын жарымы гана төлөнгөн.

«Биздин компенсация 2000 сомду (45 Америка доллары) түзгөн техничканын пенсиясынан да аз. Биздин компенсация дарыланууга деген каражатты кошкондо орточо 800 сомду түзөт. Биздин арабызда төшөктө жаткандар да бар. Кээ бирлери жума сайын жатып дарыланышат», - деди Тешебаев.

«Регресс» фондунун мүчөсү Бакыт Жороев көпчүлүк регрессниктер аларга төлөнө турган каражат берилгенге чейин жашашы белгисиз экендигин айтты.

«Биздин тизмедегилер жарымына азайды. Бизге кээ бир кызматтар тарабынан кысым болууда. Мамлекет өзү мыйзамдарды, жоболорду кабыл алышат жана өзү аны бузууда», - дейт Жороев.
Тешебаев «регрессниктерден» шаарда 100 адам гана калгандыгын белгиледи.

45 жаштагы Жороев фонддун эң жаш мүчөсү болуп эсептелет. 120 килограмм салмагындагы каамыт үзүлүп кетип, анын башына урулганда дарыгерлер Бакытты жашабайт деп айтышкан. Сакайып жакшы болгондон кийин ал ооруканага өзүнүн документтерин алуу үчүн келген. Анткени анын документтери архивге жөнөтүлүп, расмий түрдө ал өлгөн киши катары катталып калган эле.

Мурдагы шахта кызматкерлери алардын маселеси чечилбеген бойдон калганына карабастан башка пособие төлөмдөрүн берүү токтотулуп калгандыгына нааразы.

Кыргыз өкмөтүнүн январь айынан электр кубаттуулугуна, коомдук транспорт акыларына болгон жеңилдиктерди алып салуусу майып болгон шахта кызматкерлери сыяктуу каражаты аз топторго чоң сокку урду. Мурда Баткен областынын жергиликтүү администрациясы шахта кызматкерлерине көмүр сатып алуу муктаждыктарына каражат болуп келсе, азыр ал да токтотулган. Өткөн жылы алар майыптар жана картаң адамдар күнүнө карата берилүүчү тамак-аш баштыгын да алышкан эмес.

Буга чейин жыл сайын майыптар жана картаң адамдар күнүнө карата аларга расмий куттуктоо жөнөтүлүп турса, быйыл алар бул нерседен да кур калышкан. Ушулардын баары алардын терең нааразычылыгын жана таарынычын пайда кылды.

«Биздин эч кимге, мэрияга да, башкаларга да керегибиз жок болуп калышы өтө өкүнүчтүү. Баары биз жөнүндө унутуп калышты», - деди мурдагы шахта кызматкери.

(Бул макала Кыргызстандын азыркы өкмөтү бийликке келгенге чейин алынган маектин негизинде даярдалды).


Мира Туураева – Баткен облусундагы журналисттин жашыруун аты.

Бул макала Европалык Комиссия тарабынан каржылануучу «Массалык маалымат каражаттары аркылуу Борбор Азияда адам укугун коргоо жана укук таануу» жана Норвегиянын тышкы иштер министрлиги тарабынан каржылануучу «Укук коргоо маселелерин, карама-каршылыктарды жана ишенимдин бекемделишин чагылдыруучу маалымат программасынын» чегинде Согуш жана бейпилдикти чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан даярдалды.
Макаланын маңызына толук жоопкерчиликти IWPR алат жана макала Европа шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жана Норвегиянын тышкы иштер Министрлигинин эч биринин кызыкчылыгын чагылдырбайт.

Kyrgyzstan
Human rights
Frontline Updates
Support local journalists