Түштүк Кыргызстанды калыбына келтирүү

Бийликтин жапа чеккен аймакты калыбына келтирүү убадаларына карабастан түштүк аймактын тургундары Кыргызстанды таштап чыгып кетишүүдө.

Түштүк Кыргызстанды калыбына келтирүү

Бийликтин жапа чеккен аймакты калыбына келтирүү убадаларына карабастан түштүк аймактын тургундары Кыргызстанды таштап чыгып кетишүүдө.

Southern Kyrgyzstan suffered serious damage in arson attacks during the June violence. This shell of a building is all that remains of a department store in Osh. (Photo: Pavel Gromsky)
Southern Kyrgyzstan suffered serious damage in arson attacks during the June violence. This shell of a building is all that remains of a department store in Osh. (Photo: Pavel Gromsky)
Small-scale private business has always flourished in the south. Many owners have seen shops and cafes, like this traditional teahouse in Osh, gutted by fire. (Photo: Pavel Gromsky)
Small-scale private business has always flourished in the south. Many owners have seen shops and cafes, like this traditional teahouse in Osh, gutted by fire. (Photo: Pavel Gromsky)
Infrastructure will take years to rebuild. This partly blackened façade belongs to the TV station in Jalalabad. (Photo: Pavel Gromsky)
Infrastructure will take years to rebuild. This partly blackened façade belongs to the TV station in Jalalabad. (Photo: Pavel Gromsky)
Saturday, 31 July, 2010

Кыргыз бийлиги июнь айындагы этникалык топтордун кагылышуусунан жапа чеккен Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча так пландары бар экендигин ишенимдүү айтып жатканына карабастан түштүк аймактын көп тургундары кээлери тынчтык орногонго чейин болсо, кээлери биротоло өлкөнү таштап чыгып кетишүүдө. 

Бийлик калыбына келтирүү иштерине жок эле дегенде эки жыл керектигин жана бир жарым миллион Америка доллары талап кылынаарын белгилөөдө, ошол эле мезгилде аймакты толугу менен клыбына келтирүү он жыл убакытты алышы мүнкүн.

«Кандай гана тоскоолдуктар болбосун, элдердин өз үй-жайларына кайтып келиши үчүн биз Ош шаарын калыбына келтиребиз. Бардык талкаланган объектилерди кайрадан куруп чыгууну көздөп жатабыз», - деди Өкмөт башчы Роза Отунбаева 18-июнда.

Курманбек Бакиевди бийликтен кетирген апрелдеги массалык башаламандыктардан тарта Кыргызстан мезгил-мезгили менен ар кандай башаламандыктарды башынан өткөрдү. 10-11- июнда Ошто, кийинчерээк коңшу Жалал-Абад шаарында башталган кандуу окуя ошондой масштабда жана ырайымсыз болот деп эч кимдин алдын ала эсине да келген эмес.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, кагылышуунун натыйжасында 330 адам каза тапкан, UNHCRдин маалыматына ылайык 400 000 адам өз үй-жайларын таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Көптөгөн үйлөр атайылап өрттөлүп салынган.

Июнь айынын аягында бийлик Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү, өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик Дирекция Түзүдү. Ушул дирекциянын башчылыгына дайындалган вице-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Ош шаарына болгон өзүнүн иш-сапары учурунда өз жетекчилигинин пландары жөнүндө айтып өттү.

Биринчиден, августан баштап 10 көп кабаттуу үй курула баштайт, андагы батирлер мамлекеттик мекемелерде иштеген кызматкерлерге – врачтарга, мугалимдерге, милиция кызматкерлерине жана башаламандыктын кесепетинен үй-жайсыз калгандарга берилет.

Сатыбалдиев каза болгон адамдардын жакындарына жардам берүүнүн үч варианты: көп кабаттуу үйдөн батир берүү, жаңы жерде үй курууга жардам берүү, же акчалай жардам берүү каралып жаткандыгын белгилеп өттү.

Ош шаары чоңдугу боюнча Бишкектен кийинки экинчи шаар болуп эсептелет. Анын калкы расмий түрдө 240,000 адамды түзөт, бирок жакынкы шаар четиндеги аймактарды кошо алганда жарым миллион адамга жетип барат.

Сатыбалдиевдин сөзүнө караганда, шаар тургундарынын 70%ы суу канализациясы жок бир этаждуу үйлөрдө турушат.

«Мындай батирлер «кызыл тилкелерге» кирип түп тамырынан бери кайра курууну талап кылат», - дейт Сатыбалдиев.

Сатыбалдиедин бул сүрөттөөсүнө «махала» деп аталган көптөгөн шаар четиндеги өзбек райондору дал келет. Бирок бийлик өз турак жайларын жаңы үйгө да алмаштыргысы келбеген, мурдагы жашаган жерин таштагысы келбеген адамдар га кандай чараларды көрөөрү жөнүндө эч нерсе айта элек.

«Биздин күч менен эч кимди эч жакка көчүрбөйбүз. Ар бир адамга жекече мамиле кылабыз. Эгер жапа чеккендер «кызыл тилкелерде болуп калышса, алардын ээлерине башка кичирайондо үй курууну сунуштайбыз»,- дейт Сатыбалдиев.

Сатыбалдиевдин айтымында, Ош шаарындагы башкы базардын учурдагы орду санитардык талаптарга жооп бербегендиктен, ал шаардын четине көчүрүлөт.

Мурдагы айыл чарба министри, экономист Жумакадыр Акенеев калыбына келтирүү оңой болбой тургандыгын IWPRга айтты.

«Калыбына келтирүү акырындап этап-этабы менен болот, ага талап кылынган сумманы табуу керек», - деди Акенеев.

Анын божомолунда, көрүлө турган чыгаша бүткүл өлкөгө олуттуу таасир тийгизет, чыгашанын көпчүлүгү түштүккө жасалат.

«Кыргызстандын экономикасы беш жыл артка кетет», - деди Акенеев.

Түштүктөгү башаламандыктын экономикалык салакалары күтүүсүз болду. Жеке сектор катуу жапа чекти, Ош шаарынын өзүндө эле 170 дүкөн, 6 базар жана 100 дөн ашык кафе жана башка объектилер жапа чеккен.

Ошондой эле жакынкы райондордогу айыл чарбасы жапа чеккен. Акенеевдин айтымында, көп өзбек фермерлери башаламандыктардан улам өз талааларын таштап кетүүгө аргасыз болушкан.

«Менин баамымда, жашылча жемиштер адаттагыдан 40 пайызга аз жыйналды, бул аларга болгон баанын Кыргызстандын түштүгүндө да, түндүгүндө да өскөндүгүнөн байкалды», - деди Акенеев.

Өткөн жумада Ош шаарына барып келген IWPRдын редактору Инга Сикорская, түштүктө эч кандай калыбына келтирүү иштеринин башталгандыгын байкабагандыгын айтты. Кафе-ресторандар жабык тургандыгын, көп элдер каттаган маанилүү жолдор бош тургандыгын, ал эми тамак-аш саткан базар болгону үч-төрт саатка гана ачылып жаткандыгын кошумчалады.

Оштуктардын көпчүлүгү шаарды таштап кетишүүдө – алардын бир тобу абал турукташканда кайтып келүү үмүтүндө кетип жатышса, экинчи тобу жаңы жерге отурукташуу максатында кетип жатышат.

Өзүнүн үй-бүлөөсү менен Кыргызстандын борборуна көчүп келген Адилет Азимканов мындай дейт: «Биз азыр Бишкекте буюмдарыбыз жок эле жашап турууга аргасыз болуп жатабыз. Туруктуу жашап жаткан жерибизден кетүү жөнөндөгү чечимибиз ойлобогон жерден эле болду. Бул жерде биздин туугандарыбыз деле жок болгондуктан батир жалдап, буга чейин чогулткан каражатыбызга жашап жатабыз».

Келечектеги пландарга байланышкан суроолорго жооп берип жатып Азимканов: «Чынын айтсам, бул бүгүнкү күндө мен жооп бере албаган бирден бир суроо болууда. Качан тынч бир нерсени пландап жатсаң, мындай кайгылуу окуялар баарын сел сыяктуу жууп кетет», - дейт

Анын айтымына караганда, коопсуздук боюнча тынчсыздануулардын дагы деле уланып жатышы, бул үй-бүлөөнүн Ошко кайтып кете албай жаткандыгынын бирден - бир себеби болууда. Ал өз балдарынын коопсуздугуна тынчсызданууда.

«Биринчи сентябрдан баштап, менин балдарым мектепке жана бала бакчага барышат. Мен алар жөнүндө тынчсызданам. Менимче биринчи сентябрда мектептерде балдар аз болот, анткени өзбектер эле эмес орустар да, кыргыздар да кетип жатышат», - деди Болобаев.

Ошондой эле Болокбаев. анын өзбек достору да, орус достору да Оруссиядан орун таап жашап калуу максатында кетип жатышкандыгын, ал эми кыргыздар убактылуу ал жакта болууну пландаштырып жатышкандыгын кошумчалады.

Ал, тургундардын - «Ош шаары мурдагыга караганда, учурда суз жана элдер аз. Мамлекеттик мекемелерде иштеген кызматкерлер гана иштешүүдө, ал эми жеке дүкөндөр жана кафелер жабык», - деген байкоолоруна толук кошулат.

Куруучу Мирзохид бир канча убакытка Оруссияга кетүү жөнүндө ойлонуп жаткандыгын, учурда бир аз акчадан кыйналап тургандыгын айтты. Бирок ал кайтып келээрин кошумчалады.
«Менин бул жерде каарыган ата-энем бар. Аларды карай турган бирөө керек», - деп кошумчалады ал.

Оштогу ресторандардын биринде ашпозчу болуп иштеген Хакимжан да Оруссияга кетүүнү каалап жаткандыгын айтты. Оруссияда анын туугандары жашагандыктан, ал муну мурдатан эле пландап келген, ал эми жакында болуп өткөн кагылышуу анын чечимин бир топ тездеткендигин кошумчалады. Ал иштеген ресторан дээрлик жапа чеккен эмес, бирок өндүрүштүн өзү өтө жай калыбына келүүдө.

Өзүн Салижан деп тааныштырган Ош шаарындагы жеңил автобустун айдоочусу анын жеке ишкердиги да жапа чеккендигин айтты.
«Мен ташыган жүргүнчүлөрдүн саны кескин кыскаргандыктан, менин кирешем да бир топ төмөндөдү», - дейт ал.

 

Тимур Токтоналиев жана Исомидин Ахмеджанов – IWPRдын атайын машыгууларынан өткөн журналисттер.


Бул макала «Массалык маалымат каражаттары аркылуу Борбор Азияда Адам укугун коргоо жана укук таануу» долбоорунун негизинде Европалык комиссиянын колдоосунда Согуш жана бейпилдикти чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан даярдалды. Долбоор Европалык Комиссия жана Норвегиянын тышкы иштер Министрлиги тарабынан каржыланат.

Макаланын маңызына толук жоопкерчиликти IWPR алат, жана макала Европа шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жана Норвегиянын тышкы иштер Министрлигинин эч биринин кызыкчылыгын чагылдырбайт.

Frontline Updates
Support local journalists