Роза Отунбаева: «Эгер менин кошумча мөөнөтүм болуп калса, анда мен бул иштердин баарын аягына чыгармакмын»
Британдык «Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтуна» (IWPR) Кыргызстандын бийликтен кетип жаткан президентти Роза Отунбаева мындай жоопкерчиликтүү кызматты аркалап турган мезгилде анын алдында турган маанилүү маселер тууралуу айтып берди.
Роза Отунбаева: «Эгер менин кошумча мөөнөтүм болуп калса, анда мен бул иштердин баарын аягына чыгармакмын»
Британдык «Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтуна» (IWPR) Кыргызстандын бийликтен кетип жаткан президентти Роза Отунбаева мындай жоопкерчиликтүү кызматты аркалап турган мезгилде анын алдында турган маанилүү маселер тууралуу айтып берди.
Британдык «Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтута» (IWPR) Кыргызстандын бийликтен кетип жаткан президентти Роза Отунбаева мындай жоопкерчиликтүү кызматты аркалап турган мезгилде анын алдында турган маанилүү маселер тууралуу айтып берди.
IWPR: Сиздин оюңузча качан өлкө жарандары жана өлкөнүн ар бир атуулу парламенттик башкаруунун үзүрүн көрө баштайт? Эмне үчүн сиз Кыргызстан келечекте да ушул жол менен кетиши зарыл деп эсептейсиз?
Роза Отунбаева: Ачык айтканда, карапайым жарандарды алар кандай башкаруу системасында жашап жаткандыгы анча деле кызыктырбайт, анткени аларга эң башкысы тынчтыкта, барчылыкта, токчулукта, коопсуздукта жашаган маанилүү. Соңку 20 жылда биз абдан оор турмушту башыбыздан өткөрдүк: экономикалык, саясий кыйынчылыктар болду. Ошондой эле алдыбыздан «америкалыктардын секриктери» да кездешти, айтор бир топ эле кыйынчыктарды башыбыздан кечирдик. Соңку эки жылдын аралыгында эле элибиз эмне деген саясий окуяларды башынан кечирген жок: мамлекеттик бир башкаруудан экинчисине алмашуу жараянына күбө болуп эле тим болбостон, аны да өз баштарынан өткөрүштү. Бирок биз дүйнө жүзүнө бир нерсени абдан эле тез үйрөнө турганыбызды, ал тургай мындай «мамлекет таануу» деп аталган татаал сабакты деле тез эле өздөштүрө турганыбызды көрсөтө алдык. Ал аралыкта биз кандай башкарууда жашообуз керектигин жана жашай ала турганыбызды аныктап алдык. Натыйжада, бизде оппозиция жана коалиция түзүлдү.
Эсиңерде барбы, мындан беш жыл илгери Кыргызстанда «оппозиция» деген бирөөнү урушканда колдонулуучу абдан эле жагымсыз сөз эле. Бүгүнкү күнү «оппозиция» деген абдан татыктуу угулат. Учурда ири коалициягабы, же оппозицияга кирүү зарылбы деген маселе көтөрүлүп жаткан учурда, көпчүлүк саясатчылар, эмне үчүн мен коалицияга кирем, менде эки маанилүү комитеттер: бюджет жана укук тартип комитеттери оппозицияга тиешелүү, мындан сырткары оппозицияга спикердин бир орун басарлык кызматы жана БШКдан жана Эсеп палатадан мүчөлүк кызматтар берилет. Анын баары оппозиялык партияны түп тамырынан бери көтөрүүгө жардам берээри турган иш.
Ошондуктан, биз саясий системаны курууда саясий талаада боштук болбошу керектигине көзүбүз жетти. Анын баары бош болбошу керек экен. Ар кимдин өзүнүн дараметине жараша эмгеги бааланыш керек экендигин түшүндүк. Ошондой эле, мен да бийликтен кеткенден кийин, «мени талаага таштап салышты», деп айтпагандыгым үчүн, мага татыктуу орун берилиш керек деп ойлойм.
Мына Британияда лорддор Палатасы бар, же башка жерде башка түрү дегендей. Биз өнүгүп жаткан, жаш өлкөбүз. Телчигип келе жаткан демократия шартында да биз ушундай нерселерди эстен чыгарбашыбыз керек.
Менин оюмча биздин эл абдан тез үйрөнөт экен жана бардык жаңы нерселерди тез эле кабыл алышат. Силер өзүңөр окуялардын кандай тездик менен өнүгүп, коалициядагы фракциялар туура эмес иштешип, ал тургай бир коалициядагы фракциялар өздөрүнүн өкмөтүнө каршы иштеп жаткандыгына да күбө болдуңуздар. Бул жөнөкөй арифиметика эмес, бул саясий өнүгүүнүн алгебрасы жана мындай көрүнүштү өз мезгилинде анын оюнчулары да байкабай сыртта турган көрүүчүлөр кимдин кандай катачылык кетиргендигин ачык, даана көрүп турушту.
Менин оюмча бул абдан баа жеткис университет. Менин көз карашымда биз анын баарын көрүп эле тим болбостон, жакшылап таанып, билишибиз зарыл эле. Чындыгында биз көрдүк. Иш жүзүндө Европанын баары, Азиянын бир бөлүгү, Индия, Турция парламенттик демократияда жашап жатышат. Маселен, биз мындай жараяндардын баарын өзүбүз аркылуу, тарыхый шарттарга ылайык башыбыздан өткөрдүк. Биз башыбыздан өткөргөн жол биз үчүн абдан маанилүү. Аягында биз өзүбүз тандаган жолго түштүк.
Парламенттик башкаруунун жаман жакшы жагын ачык байкаш үчүн жок эле дегенде биз эки үч жолу парламенттик шайлоо өткөрүшүбүз зарыл. Ошондой болсо да, биз көрүп жатабыз, жаңы системанын көп нерселери иш жүзүндө өз жемишин берип жатат. Мен өзүмдүн парламенттеги өкүлүм аркылуу күндөн күнгө парламентте колдонулуучу механизмдер жакшырып жаткандыгын угуп жатам.
Иш жүзүндө парламентте беш фракция иштеп жатат жана алардын кандайдыр бир чечимге келиши абдан эле кыйындай сезилет. Чынында эле бизде абдан талаш-тартыштуу учурлар болду. Учурда менин столумда ОТРК, сот реформасы тууралуу мыйзам долбоорлору жатат. Өз мезгилинде парламент да бул маселе боюнча таптакыр эле башкача пикирде эле. Ошондой болсо да көпчүлүк маселер адегенде парламентте кызуу талкууга алынып, андан соң жалпы талкууга чыгарылып, акырында жалпы бир чечим кабыл алынып жатат.
Мунун баарын баштан өткөргөндөн кийин парламенттик жашоо анча деле тынч болбой турганына күбө болдук. Анткени президенттин мыйзам чыгарууга укугу жок болгондуктан, мыйзамдын баары парламентте кабыл алынат экен. Ал жөн эле кабыл алынбаары да турган иш.
Ошентип, биз ар кандай пикирлердин күрөшүнө күбө болуудабыз. Ар бир депутаттын артында ири топтор турат. Ар бир мыйзамдын артында да кызыктар адамдардын турушунун өзү кызыктуу. Парламенттик жашоонун өзгөчөлүгү анын ар бир адамдын энергиясын ойготуп, алардын ар бирин ойлонууга мажбур кылгандыгында экен. Биз эми республиканын ар бир жараны мындай жаңы башарууга өзүнүн салымын кошуусун каалайбыз.
IWPR: Тартип коргоо системасындагы актуалдуу проблемалар менен күрөшүүдө кандай кыйынчылыктарга дуушар болдуңуз жана бул жаатта өзүңүздүн мураскоруңузга эмнени сунуш кыласыз?
Отунбаева: Бул бир жарым жыл - кризистик мезгил болду. Коомдогу тынчтык, тартип бузулуп, биз мыйзамсыз талаага түшүп калдык. Кылмыштуу дүйнө баш көтөрүп, башаламандык, тартипсиздик башталды. Биз ушундай абалда жашадык.
Июнь окуясынан кийин биз акырындап, бирок туура жол менен өлкөдө тартип орното баштадык. Июнь айынан тартып, коопсуздук маселеси эң маанилүү маселеге айланып, биринчи орунга чыкты. Биз аны менен жума сайын, ал тургай саат сайын алектенип турдук. Ошондо мен катардагы жаран үчүн коопсуздук нандан да биринчи орунда тураарын түшүндүм. Ошентип, ал учурда биз үчүн коопсуздук маанилүү маселелердин да маанилүүсү болду.
Колдо бар күчтүн баарын бул маселени чечүүгө багыттадык. Натыйжада, биз милиционерлердин маянасын көтөрүүгө каражат таап, коопсуздук күчтөрүнө жүз пайыз көңүл буруп, жалпы эле тартип коргоо органдарынын ишин жакшырттык. Качан отту өчүрүү керек болсо, чогуу иш алып барып жаттык.
Ушул жылдын январь айында мен кылмышкерлерге карата согуш жарыяладым. Мен ойлойм, биз бул маселерде да белгилүү натыйжаларга жетиштик.
Анткени өз убагында кылмышкерлердин өкүлдөрү бизге чыгышып: «Жеке менчикти жана саясий маселерди чечүүдө биз деле силердей ордубуз бар жана андай маселерди чечүүгө катышабыз» деген дооматтарын койгон учурлар да болду. Анткени буга чейин бийлик криминал менен аралашып кеткендиктен, алар мындай талаптарды айтып көнүп калышкан экен. Ошентип, мындай кылмыштуулукту жок кылууга туура келди. Бул жаатта милиционерлердин ишине баа бериш керек, анткени алар өз милдеттерин эң жогорку деңгээлде аткарышты. Натыйжада, уюшкан кылмыштуу топтордун эки жүзгө жакын ана башчылары жана өкүлдөрү кармалышты.
Менин оюмча биз бул таалааны тазаладык жана милициянын жөндөмдүүлүгүн алда канча көтөрдүк. Эми бул маселени акырына чыгарыш керек. Ал үчүн көптөгөн маселелерди чечүү зарыл. Биринчиден, жаңы бийлик прокуратурада реформа жасашы зарыл жана ал жаңы баш мыйзамдын талаптарына ылайыкталышы керек. Анткени Баш мыйзам боюнча орчундуу маселер алмаштырылды. Ошол эле мезгилде бул жерде коопсуздук кызматы тууралуу да сөз болууда. Жаңы бийлик бул кызматтын ишин, багытын түп орду менен өзгөртөт деп ойлойм.
Биз кризис-менеджердик кызматты аткардык. Биз үзүлгөн жиптин учун жоготпой кармап, кийинки жээке жеткирүүгө аракет кылдык. Ал эми азыр ар кандай реформа жасоого шарттар түзүлдү. Каалагандай жасай берсе болот.
IWPR: Кыргызстан дүйнө коомчулугун 2005- жана 2010-жылдары болгон ири революциялык окуялар менен таң калтырды. Ошондуктан чет өлкөлүктөрдө Кыргызстан дайыма эле талаш-тартышта болуп, оорчулукту башынан кечирип жаткан өлкө катары сыпатталып, мындай көрүнүш өлкөнүн товардык белгиси болуп калгансыды. Сиздин оюңузча чет өлкөлүктөрдө Кыргызтан тууралуу кандай имидж жаралыш керек жана кантип аны түзүү керек деп ойлойсуз?
Отунбаева: Онунчу жылы Кыргызстанда эле эмес дүйнөдөгү бир катар өлкөлөрдө ушундай оор окуялар болду. Европада азыр евро кризиси жүрүүдө, анын алдында биз жөн эле эс ала берсек болот.
2011-жылы бир катар Жакынкы чыгыш өлкөлөрүндө жанданган окуялардын бүгүнкү күнгө чейин арты көрүнө элек. Ал жакта абдан оор абал түзүлдү. Тунисте шайлоо өткөндөй болду бирок Египетте кырдаал али күнгө чейин оор бойдон калууда.
Биз алардан бир жыл илгери Кыргызстанда диктатордук режимди кулатып дүйнө коомчулугуна жөн гана адамдардын тобу бийликти алып алышып, баш аламандыктан башка эч нерсени жасай алган жок деген сөзгө калган жокпуз.
Дүйнө жүзүндө азыр саясий жетишкендиктердин таңкыстыгы орун алууда. Ага мисал катары, тез арада демократиялык өзгөртүүлөрдү жасоо абдан оор экендигин келтирүүгө болот. Ал эми эволюциялык өзгөртүүлөр дайыма колдоого алынат. Ошондой болсо да качан саясий режим сени ар тараптуу кысып, айлаңды кетирип, кесип, өлтүрө баштаганда башка айлаң жок болуп калат экен. Биздин ыңкылап (апрель) деле канга чөгүп, андан эч нерсе деле чыкпай эч нерсе менен бүтпөй калмак. Бирок биздин саясий эрк, биздин оюбузду бир жерге топтой алгандыгыбыз жана биздин элибизди эркин ойлонуп, эркин дем ала турган жашоого алып барабыз деген каалообуз башкача натыйжага алып келди.
Менин оюмча, биз Кыргызстандагы абаны тазаладык, биз оппозиция жана пропозиция үчүн да бардык шарттарды түзүп бердик. Биздин азыр чет өлкөлөрдө туруп алып бычагын кайрап жаткан элдешкис душманыбыз да жок. Учурда бизде күч менен эч кимди сыртка, чет өлкөгө чыгарбайбыз же качып кеткен учур кездешпейт. Мындай көрүнүштү бүгүн кездештире албайсыз. Бүгүн бизде мыйзам менен жакшы жашаш эле калды.
Менин оюмча, бул жаатта Кыргызстандын тажрыйбасы, дүйнө күткөндөй эле үлгүдө болду. Дүйнө коомчулугу өз мезгилинде жалаң эле жаман жаңылыктарды эмес, жакшысын да күтөт эмеспи.
Биз чынында эле референдумду өз убагында өткөрүп, парламенттик башкаруудагы Баш мыйзамды кабыл алдык. Андан соң парламенттик шайлоо өткөрүп, биз күткөндөй болбой оппозиция биринчиликти алды. Шайлоо сиздердин өз алдыңыздарда, экранда өттү. Эч кандай мыйзам бузуулар болгон жок.
Бул тарыхта биринчи жолу Борбор Азияда өлкөлөрүндө өткөрүлгөн эркин шайлоо болду. Аны биз 2010-жылдын октябрь айында жасадык. Биз азыр президенттик шайлоону өткөрдүк. Эмне десек дагы болгону 60 арыз түштү. Ал арыздардын маңызы эч убакта шайлоонун жыйынтыгына таасир эте албайт.
Ошентип, биз бүгүн бардык убада кылгандарыбызды ийгиликтүү аткарып бүткөн мезгилде турабыз. Биздин мындай кайра куруулар мезгилинде бизде ар кандай күмөн саноо, сарсанаа болуу да орун алды. Бирок эл бизге караганда акылдуу экендигин көрсөтө алды жана алар иш жүзүндө бийик экен. Биз түндүк түштүк, алар кантип добуш беришет деп ойлодук эле. Мына карагыла эл кандай добуш беришти. Саясатчылардын башында ар кандай туура эмес сандар боло берет экен. Ал эми эл чыныгы сандар кандай көрсөтсө, ошондой добуш беришти. Менин оюмча бул чыныгы жетишкендик. Эл аларды баштап бараткандардан алда канча жакшыраак ойлонушаарын далилдеди.
Биз Борбордук Азиядагы хандын урпактарынан экендигибизди биздин тарыхыбыз тастыктап турат. Ал эми соңку тарыхыбызда өлкөнү Раззаков, Усубалиев, Масалиев башкарышты. Ал эми Акаев менен Бакиевди эл өзү кууп жиберишти. Мен болсо татынакай шан шөөкөт менен бийликти өткөрүп берейин деп жатам. Эл муну сезип, өз көздөрү менен көрүп жана түшүнүүсү керек. Башка бардык мамлекеттер сыяктуу эмне үчүн биз муну жасай албайбыз?
Мен ушуну ойлонуп жатам. Бардык система иштеши керек. Мен сыяктууларга жана президенттик шайлоодо жеңилип калгандарга жана башкалардын баарына орун табышыбыз керек. Демек, коом ушундай жол менен өзүнүн саясий люстрациясын жасайт. Шайлоонун өзү эле кайсы бир адамдарды сыртка чыгарып коет.
Ошону менен бирге биз азыр өнүккөн өлкөлөр менен баалуулуктарды алмашкан өлкөбүз. Биз азыр өзүбүздү өтө эркин жана текебер сезип жатабыз. Эгер бизге Европадан келишсе алар биз да алардын өлкөсүндөгүдөй эле мыйзамдар менен жашап жаткандыгыбызды көрүшөт. Бизде жаш демократия болгондуктан кээ бир нерселер биз ойлогондой жакшы жана кынтыксыз болбой жатат. Бизди мындан ары эч ким жибек жип менен муунта албайт.
IWPR: 2010-жылдагы апрель жана июнь окуяларынан кийин түндүк менен түштүк бөлүнүп калган жокпу? Кайсы бир саясатчылар өз максатына жетүү үчүн өлкөнүн экиге бөлүнүшүнө алып келиши мүнкүнбү?
Отунбаева: Башка өлкөлөр сыяктуу эле биздин, өзүбүздүн да белгилүү бир көйгөйлөрүбүз бар. Улуу улуу Британияда жашадым. Ал жерде шотландыктар, уэлцтер жана англичандар жашашат. Ал тургай Ман аралында да көйгөйлөр бар. Америкада болсо канчалаган маселелер бар. Биз буга мындай болот жана муну өзгөртүүгө болбойт деген көз карашта болбошубуз керек. Бул дээрлик бардык мамлекеттерде болот.
Ооба, бизде түндүк-түштүк, анын эмнеси көйгөй? Бизде бир тил, бир маданият, бир дин. Көйгөйдүн баары социалдык-экономикалык өзгөчөлүктө. Түштүктөн келген канчалаган адамдар түндүккө отурукташышты. Ошол эле мезгилде түштүккө карай жылуу жок, анткени ал жакта жер тартыш, бирок түндүктүн элдери Фергана өрөөнү эмне экендигин билишпейт, алар түштүктүн атыр жытын сезип көрүшкөн эмес. Азырынча баары түндүк тарапка келип жатышат. Мисалы, түштүк тараптан келгендердин көпчүлүгү түндүктөн жерлерди сатып алышты. Эгер биздин каражатыбыз болгондо, биз мындан да жакшы жашамакпыз жана туризм бизде дагы мыкты өнүкмөк. Бардыгы бири-бирине катташып, алыш бериш болуп турушу керек.
Бизде түндүктө канча кооз жерлерибиз болсо, түштүктө да ошондой татынакай жерлерибиз бар. Өзбекстандын туристтик компаниялары совет мезгилинде туристтерди өздөрүнүн Бухара жана Самарканд шаарларына, андан кийин бизге алып келишип, «эми биздин тоолорубузда эс алгыла», - деп айтышкан. Демек бул жердин мыктылыгын даңазалап турат.
Биз ички туризмди өнүктүрүшүбүз керек. Япония муну колдонуп жатат. Япондор жаштайынан тарта өз өлкөсүн поезд менен кыдырып чыгышкан. Бизге албетте, өлкөнү алдыга сүрөө үчүн инвестиция керек.
Учурда өлкөнүн түштүгүндө көптөгөн алтын кендерин иштетүү иштери турат. Мындай көрүнүштөр түндүктө жок. Булардын баары жумушчу күчүн жана көптөгөн эксперттердин акыл-эсин, адискөйлүгүн талап кылат.
Биз экономиканын алсыз тепкичинде турабыз. Бизге билимге, маданиятка негизделген , руханий жактан суугарылган экономикалык ишмердүүлүк керек. Учурда биз Ош шаарында жакшынакай көп жандуу фестивал өткөргөнү жатабыз. Эгер ал жыл сайын өткөрүлүп турса, анда элдер ал жакка барууну пландаштырышат. Шаар да өсөт. Ал фестивалда өзбекче да, тажикче да ырларды угууга болот жана ал жерден атлас кездемелерин жана ылайдан, чоподон жасалган буюмдарды сатып алууга болот.
Ал эми саясатта тилекке каршы бардык жерде ар кандай ушак айыңдар орун алууда. Анткени саясатчылар дайыма бир нерсени эксплуатациялап турушу керек. Шайлоодогу добуш берүүлөр көрсөткөндөй ошол эле Атамбаев добуш топтоо боюнча Ош шаарында биринчи, Жалалабадда экинчи, ал эми Баткенде үчүнчү орунду алды. Мындай көрүнүш ал жерде «өз кулундарыбызга гана добуш беребиз», - деген ойдун жок экендигин көрсөттү.
IWPR: 7-апрелдеги жана июндагы окуялардан кийин негизги күнөөкөрлөр мамлекетке кайтарылган жок. Бийлик аларды жоопко тартууну убада кылса да, алар сот алдына алынып келинген жок. Алгач тартип коргоо органдары Бакиевдерди жана башкаларды өлкөгө кайрадан алып келипүү үчүн активдүү иштешти, бирок көп өтпөй андай болбой калды. Бул саясатчылар олуттуу кылмыштарды жасап, андан кийин өлкөдөн качып кетип башка мамлекетте жазаланбастан эле жашаса боло берет дегендей өкүнүчтүү тажрыйбанын башталышына алып келбейби? Сиздин бул тууралуу пикириңиз кандай?
Отунбаева: Тарых өзү көрсөтүп жаткандай ондогон жылдар өтөт, баары бир жооп берчү күн келет. Бизде соңку бир жарым жыл баш аламандыктардын жана кооптонуулардын жылы болду. Негизги милдет тынчтыкты, бейпилдикти, туруктуулукту орнотуу болду. Бизде биригүү, же чогулуп акылды бир жерге топтоо аракети болгон жок. Бирок көп жумуштар жасалды.
Кыргызстандын түштүгүндөгү июнь окуялары боюнча көптөгөн докладдар, иликтөөлөр, анын ичинде Эл аралык комиссиянын [Киммо Кильюни башында турган] иликтөөсү жасалды. Булар да Кыргызстандын жетишкендиги болду, анткени бул аймакта эл аралык комиссия иштеген эмес. Бизде кантсе да, ушул нерсе жасалды. Бизге миллиондорго сатып алгыс чындыкты, ушул комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыгы берди.
Биз экстрадиция сыяктуу тажрыйбаны өтө сейрек учуратканбыз. Бизде 7-апрель окуясы боюнча сот иши бүгүнкү күнгө чейин жүрүп жатат. Ал эми июнь окуялары тууралуу айтсак, 2010-жылдагы окуяга караганда, 1990-жылда болгон окуядан кийин кылмыш иштери бир топ аз каралган, жана сотко бир топ аз кылмыш иштери жеткен эле.
Биз кичинекей өлкөбүз, мындай кризистик, шашкалактаган убакта биз керилип жатып, же такыр эле алсыз болуп калган жокпуз. Биз бардык эксперттерди биримдикке чогулта алдык. ГКНБдан, ИИМден, прокуратурадан бирдиктүү изилдөө топтору түзүлүп биргелешип иш алып барышты. Алар Ош, Жалалабад облусттарында иштешти. 50 адам үзгүлтүксүз иштеп жатышты. Сот иштери негизинен өтө татаал иш. 7-апрель боюнча сот иши бүгүнкү күнгө чейин сөзулуп келе жатат. Менин билишимче, жаңы президенттин күн тартибинде бул дагы бар. Биздин тарыхыбыз так жазылыш үчүн жана ага туура баа берилип, жалпы бир адилеттүү жыйынтык чыгарылыш үчүн да бул иш соңуна чыгарылат.
Биз бул маселе боюнча бир минут да ишти жайлаткан жокпуз. Туура, бүгүн бизге Англия Бакиев Максимди, же Беллорусия Бакивди өткөрүп берген жок. Иштин баарын толук далилдеп берүү кыйынга турууда.
Ал эми Медет Садыркуловдун иши учурда аякталды, аны сотко өткөрүп берип жатышат. Сөз эми Бакиевдин өзү жөнүндө болуп жатат. Эмне үчүн Беларуссия аны бизге бербей жатат? Анткени алар Бакиевге саясий куугунтук жасалып жатат деп эсептешет. Учурда Садыркуловдун ишин соттон алып салуу үчүн чоң күчтөр аракеттенишүүдө. 7-апрелде 90 адамдын өмүрү кыйылды. Ал адамдар арабызда жок, жерге берилди. Биз муну далилдешибиз керек. Азырынча Беларуссия бул иштерди сасий куугунтук катары кароодо.
IWPR: Сиз 1,5 жыл президенттик кызматты аркаладыңыз. Эгер сиз толук кандуу президенттик мөөнөттө иштегениңизде дагы 4,5 жылдык мөөнөтүңүз калмак. Ошондой болгон учурда сиз дагы эмнелерди жасамаксыз? Сиз өзүңүздүн ушундай кошумча мөөнөтүңүздүн болбогонуна өкүнбөйсүзбү?
Отунбаева: Мен өкүнөм же өкүнбөйм деп айта албайм. Анткени башынан эле мен расмий түрдө мындай чектелген мөөнөткө макул болгонмун. Бул бардык жетекчиликти колго алып, дагы андан ары жүрө турган кризистик жана күчтөрдүн биригүү сааттары эле. Мен эмне жасашым керек болсо, ушул 1,5 жылда анын баарын жасай алдым.
Көбүрөөк мөөнөт керек, үч жыл керек деп айткан адамдар да болушту. Бирок, чындыгында эле 1,5 жыл керек болгондугун мен бүгүнкү күнү сезип жатам. Анткени, андай болбогондо, өткөөл мезгил дагы 1,5 жылга чейин уланмак жана бул өлкөнү ушундай кризистен алып чыга алмак эмес.
Кандай болгон күндө да, эгер менин бул кошумча мөөнөтүм болуп калса, анда мен бул иштердин баарын аягына чыгармакмын. Айрыкча 7-апрелден кийин бийликке келген баарыбыз, 7-апрелде курман болгон балдардын алдында, бул ишти аягына чыгарууга милдеттүүбүз, деп эсептейм. Бакиевдик бийликтин бардык ички сырын, эмне үчүн биз бул бийликке каршы барганыбызды коомчулукка көрсөтүшүбүз керек.
Албетте, июнь окуялары мүнөзү жагынан өтө татаал окуя болду. Ошондуктан ушундай аппеляциялык жол менен кайрадан арыздана албаган айыптоолор орун алууда. Бирок, мен да бул окуянын себебин ачууга жана муну ким жана эмне үчүн жасагандыгын көрсөтүүгө өз күчүмдү жумшамакмын.
Мен сот реформасын аягына чейин чыгармакмын. Биз аны жаңы эле баштадык, ал башталышында эле токтоп калдык. Анткени шашылыш кабыл алынган мыйзам бар болчу. Ошондуктан, Сотторду тандоо боюнча Совет жемишсиз болуп калды. Жыйынтыгында, бүгүн да кайрадан эле соттук реформаларды жасоодо нөлдүк көрсөткүчтө турабыз. Бийликтин бул бутагында реформа жүргүзүү – бул өтө чоң иш. Муну биз татыктуу жасашыбыз керек, анткени баарынын башында сот бийлиги турат экен.
Бүгүнкү күнү парламент да, президент да, өкмөт да - бирөөсү да жеке адамдын, же кайсы бир уюмдун, тармактын ишинин натыйжасын чече албайт. Укуктук мамлекетте муну сот чечет. Бизде бул негизги маселе. Сот – бул бизди кармап турган бардык авторитардык, тоталитардык нерселердин топтолгон жери. Бул жерде бардык ачыткылар жана өткөндүн калдыктары сакталууда. Анын баарын кайрадан өзгөртүү зарыл.
Соңку президенттик шайлоолордо шаарларды куруу, баарынын маяналарын, пенсия акыларын көтөрүү сыяктуу түрдүү убадалар берилип келген. Бүгүнкү күнү бул президенттин ыйгарым укугу эмес. Бул маселелерди чечкен өкмөт бар. Президент дем күч берип тура алат, ал өлкөнүн жалпы өнүгүү динамикасына жооп берет. Бул маселелер президент үчүн маанилүү артыкчылыкка ээ. Эгер менде мүнкүнчүлүк болсо, мен ушулар менен алектенмекмин.
IWPRдын Борбор Азия боюнча редактору Динара Токбаева жана Кыргызстан боюнча редактору Тимур Токтоналиев