Өлкө түштүгүндөгү улут аралык кагылышуу бөлүнүүгө алып келди

Түштүк калыбына келтирилүүдө, элдештирүү аракеттери жүрүп жатат, бирок оор абал сакталууда.

Өлкө түштүгүндөгү улут аралык кагылышуу бөлүнүүгө алып келди

Түштүк калыбына келтирилүүдө, элдештирүү аракеттери жүрүп жатат, бирок оор абал сакталууда.

During the June 2010 clashes, handwritten signs appeared across Osh denoting areas and property as Uzbek or – as here – Kyrgyz in the hope they would be left along. (Photo: Inga Sikorskaya)
During the June 2010 clashes, handwritten signs appeared across Osh denoting areas and property as Uzbek or – as here – Kyrgyz in the hope they would be left along. (Photo: Inga Sikorskaya)
Friday, 14 January, 2011

Өткөн жылы Кыргызстандын түштүгүндөгү этникалык кагылышуудан алган жараат бүгүнкү күнгө чейин айыга элек, эки коомчулуктун ортосундагы бөлүнүү уланууда, ал эми жегиликтүү калк өздөрүнүн коопсуздугу жана келечектеги жашоосу үчүн тынчсызданышууда.

 Кагылышуунун келип чыгуу себептерин узак убакытка чейин иликтеген комиссиянын ишинин жыйынтыгы чыккандан кийин, IWPR түштүк аймактагы түрдүү улуттун өкүлдөрүнөн жарым жыл мурда болуп өткөн, 400дөн ашуун адамдын өмүрүн алган кандуу окуя, өрттөөлөр, талап-тоноочулукка карата алардын ой-пикирин сурады.
 

Tуруксуздуктун дагы деле сезилип жатышы, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана анын жака белдеринде экономикалык калыбына келтирүү иштеринин өтө жай жүрүшү калктын массалык түрдө ал жактан кетишине өбөлгө болууда. Этникалык өзбектер гана эмес кыргыздар да кетип жаткандыгы айтылууда, анткени алар өздөрүнүн тажрыйбасы жана билими менен башка жерде жакшы жумуш табууга үмүт артышууда. Ошентип, кризис буга чейин эле болгон жумушсуздукту жана Кыргызстандын түштүгүндөгү тышкы миграцияны дагы тереңдетти, ал эми тажрыйбалуу жумушчулардын кетип жатышы жергиликтүү калкка адистердин таңкыстыгына алып келиши мүмкүн.
 

2010-жылдын июнь айындагы кагылышуунун себептерин жана кесепеттерин атайын комиссия карап жатат, бирок комиссия тарабынан чыгарылган жыйынтык 11-январда ал комиссиянын төрагасы Абдыганы Эркебаев тарабынан жарыяланганда кээ бир бейөкмөт уюмдары аны катуу сынга алышып, иликтөөдөгү маалыматтар толук эмес экендигин жана алар күткөндөй чындыкка коошпой тургандыгын айтып чыгышты.
 

Эркебаевдин айтымында, каза болгондордун саны 426 адамды түзүп, алардын ичинен 381 адамдын ким экендиги таанылган. Алардын ичинен 276 адам этникалык өзбек, 105 адам кыргыз экендиги такталган. Мындан сырткары кагылышууда 2200 адам жараат алган, ал эми өрттөөлөрдөн жана талап-тоноолордон жапа чеккен экономикалык кыйроолор 85 миллион Америка долларынан көбүрөөк деп бааланган.
 

Эркебаевдин айтымында, комиссия коогалаңдын демилгечиси катары өзбек коомчулугуна белгилүү бизнесмен Кадыржан Батыров жана бийликтен кулатылган президент Курманбек Бакиевдин туугандары күнөлүү деп тапты. Андан сырткары шектүү делгендерге уюшулган кылмыштуу топтор, баңгизатты сатуу менен алектенген адамдар, диний экстремисттер жана өлкөнүн сыртындагы аты аталбаган «үчүнчү күчтөр» кирээри айтылган.
 

Комиссия ошондой эле окуяга күнөөлүү катары Бакиевдин ордуна келген убактылуу администрацияны, ошондой эле өлкөнүн түштүгүндөгү коогалаңга алып келген айрым көрүнүштөрдү этибарга албаган жергиликтүү бийликти атады. Мындан сырткары комиссиянын отчётунда өлкөнүн коопсуздук күчтөрү кагылышуу мезгилинде анын катышуучулары тарабынан курал жарактарды басып алып аны өз максаттарында колдонуу аракетине бөгөт коё албагандыгын баса белгиледи.
 

Иликтөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн бири юрист Нурбек Токтакунов отчёт үстүртөдөн болгондугун жана анда кандуу окуядан кийинки соттук иликтөөлөрдүн жыйынтыктары камтылбагандыгын айтып, отчётко кол коюудан баш тартты.
 

«Эгерде силердин комиссия кыйноолор жана кылмыш-процессуалдык кодексиндеги башка мыйзам бузуулар тууралуу айтып чыкканда, коомчулукта комиссияга ишенич жаралмак», деди ал.
 

Коомчулукка белгилүү болгондой, Токтакунов сотто Азимжан Аскаровду колдоп чыккан. Азимжан Аскаров өзбек улутундагы укук коргоочу, ага жаңжал мезгилинде массалык баш аламандыкты уюштурган деген айып коюлуп, өмүр бою түрмөгө кесилген.
 

«Оштук демилгечилер» деп аталган өзбек жана кыргыз укук коргоочулары биригип жасаган альтернативдүү докладда этникалык өзбектер дайыма кол салууларга кабылып келишкендиги, андан кийин соттук иликтөөлөрдүн жүрүшүндө алардын баары кылмышкерлерге айлантып салынгандыгы айтылган.
 

Эркебаев комиссия ишинин жыйынтыгын кыскача жарыялаганга чейин сурамжылоого алынган түштүктөгү этникалык өзбектер борбордук бийлик аларды жалгыз таштап койгондугун жана аларды коргой албагандыгын, ал эми жергиликтүү бийликтин макулдугу менен өзбектерди жаңжалдагы негизги күнөөкөрлөр катары көрсөтүп жатышкандыгын айтышкан. Алардын айтымында, негизги зодук-зомбулукту ошолор көрүшкөн.
 

Кыргызстандын түштүгүндө жашаган кыргыздар үчүн да, өзбектер үчүн да 2010-жылдагы жаңжалдан алынган жараат жана экономикалык кыйроо бүгүнкү күнгө чейин сакталып калууда
 

Расмий көрсөткүчтөргө ылайык, коогалаңдан кийинки алгачкы үч айдын ичинде 37 миңден ашуун адам өлкөнүн түштүгүн таштап кетишкен, бирок саясат таануучу Икбол Мирсаитов бул көрсөткүчтөр чыныгы абалды көрсөтпөй тургандыгын айтат. Анын эсептөөсү боюнча, чыгып кеткендердин көпчүлүгү - өзбектер, алардын көпчүлүгү Кыргызстандан Орусияга чыгып кетишкендигин белгилейт. Ал эми кыргыздар да кетип жатышат, бирок алар борбор шаар Бишкек жайгашкан өлкөнүн түндүгүнө кетип жатышкандыгын айтат.
 

Учурда эки этникалык коомчулуктун жана жарандардын ортосундагы тирешүү улантылууда. IWPR тарабынан сурамжылоого алынгандар бөлүнүүлөр ишенбөөчүлүктөрдү, шектенүүлөрдү жаратып, бул өз кезегинде экономиканы калыбына келтирүүгө кедергисин тийгизип жаткандыгын айтышкан.
Ош шаарында кафе иштеткен өзбек ишкери Орусияга биротоло кетээрдин алдында иштерин бүтүрүүгө шаарга келгендигин IWPRга билдирген.
 

Ал мындай шашылыш аракетин төмөндөгүчө түшүндүргөн: «Жаңжалдан кийин августта жаңы эле ишимди баштаганымдан бир нече күн өтпөй мага кылмышкерлердин бир нече өкүлдөрү келишти. Алар мени тапанча менен коркутушту, кафемди алардын колуна өткөрүп берүүмдү талап кылышты. Алар улуттук маңызда кемсинтүүлөрдү айтышты. Ошондон кийин мен өз үй-бүлөм –аялым, үч балам менен тамак-ашыбызды алып Орусияга кетип калдык».
 

Ош шаарында куруучу болуп иштеген, өзүн Абдумалик деп тааныштырган адам коммерциялык иштер токтоп калгандыктан жана жумушка ээн-эркин баруу оор болгондуктан өз үй-бүлөсүн багууга акча табуу кыйын болуп калгандыгын айткан.
 

«Мен өзүм жашаган райондон алыс барып иштей албайм, анткени мен өмүрүмдөн жана ден соолугумдан кооптонуп жатам. Кээде барына кол шилтеп Орусияга кетип калгым келет», - деди ал.
 

Ош шаарында жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу Хикматилло аттуу атуул да ушундай эле кооптонуусун билдирди.
«Июнь окуяларынан кийин көпчүлүк эл коогалаңдын кайталануусунан дагы деле коркуп жатышат. Кээ бирлери үй-жайларын сатып жатышат. Ушул жазда дагы бир топ адамдар кетиши мүмкүндүгү айтылууда», – деди ал.
 

Жалал-Абад шаарынан жеке ишкер Марат Нуралиев жашоо акырындап калыбына келип жаткандыгын, бирок элдер дагы деле болсо тынчсызданып жатышкандыгын айтты.
 

«Элдер жаңы жылда атайын аттыруучу заттардын үнүнөн деле чочулашууда, тынчсызданышып кандайдыр бир жаман нерсе болуп кетээринен чочулашууда», - деди ал.
 

Кыргыздар да, өзбектер да бири-биринен өч алууну каалабаса да, кандайдыр бир оор мамиле сезилип турат, алар бири-бирине тескери көздөрү жана жек көрүү менен карашууда», - деди ал.
 

Нуралиев кыш адатта тынч мезгил деп коопсуздук маселесинде үмүткө азгырылбоо керектигин эскертет, бирок негизги күйүүчү май, үрөн сыяктуу экономикалык көйгөйлөр чечилбесе жазында түштүктө дагы жаман окуялар болушу мүмкүн. Элдердин нааразычылыгын көп күчтөр - Бакиевдин тарапкерлери, ислам согушкерлери, баңгизатты сатуу менен алектенген адамдар өз максаттарынын кызыкчылыгына колдонушу мүмкүн.
 

Мирсаитов, бийлик экономиканы калыбына келтирүүгө аракеттенип, салыктагы жеңилдиктерди берүү сыяктуу чараларды жасап жаткандыгын, бирок мындай чаралар эл абалдын бир топ турукташып калгандыгын өздөрү сезишмейин аларга жардам бере албастыгын жана элдер мындай артыкчылыктарды колдоно алышпай тургандыгын айтты.
Ош шаарындагы анча чоң эмес дүкөндүн ээси Зумрад Танакова саясат таануучунун бул сөзүнө кошулаарын айтты.


«Мамлекет алты айга жеңилдиктерди берип, салыктарды чогултпаса да, салык төлөгүдөй эч нерсе иштеген жок», - деди ал.
Ошону менен катар сурамжылоого алынгандардын кээ бирлери берген жооптор жагымдуу келечекке үмүт берет.


Баш аламандыктар орун алган жерлерде иликтөөгө алынган өзбектердин ичинде тартип коргоо органдарына болгон ишенбөөчүлүк бар.
Хикматилло, жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу, эгер чыныгы күнөөкөрлөр сот алдында жоопко тартылбаса кыргыздар менен өзбектердин ортосунда тынчтык жана өз-ара түшүнүшүү болушу мүмкүн эместигин айтты.
 

Башка бир жашоочулар кыргыз тилин көтөрүү иш-чараларынын жүрүп жатышына тынчсыздангандыгын билдиришти. Декабрь айында Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков бардык мамлекеттик мекемелерге иш кагаздарын улуттар аралык байланышта кеңири тараган расмий орус тилинде эмес, кыргыз тилинде жүргүзүүгө буйрук берди.
 

Кыргыз өкмөтү көп убакыттан бери кыргыз тилин көтөрүүгө аракет жасап келет. Ушундан улам өзбектер тарабынан көптөгөн нааразычылыктар жаралып, чечүүнү талап кылган көптөгөн көйгөйлөр турганда мындай иш-чараны жүргүзүүнүн азыр зарылчылыгы барбы деген суроону пайда кылууда.
Түштүктүн алдында турган көйгөйлөргө карабастан Мирсаитов келечектен жакшы үмүтүн үзбөйт.
 

«Кыргыздар менен өзбектер өздөрү өз-ара сүйлөшүп алышат деген пикирлер да бар. Бир жагынан бул мамилелерге саясат кийлигишпеш керек деп айткандарга кошулам», - деди ал.

Анара Юсупова – Бишкектеги журналисттин ойдон чыгарылган аты. Исомидин Ахмеджанов, IWPRдын тренингинен өткөн Оштогу журналист.

Макала Европалык Комиссия тарабынан каржылануучу «Массалык маалымат каражаттары аркылуу Борбор Азияда адам укугун коргоо жана укук таануу» жана Норвегиянын тышкы иштер министрлиги тарабынан каржылануучу «Укук коргоо маселелерин, карама-каршылыктарды жана ишенимдин бекемделишин чагылдыруучу маалымат программасынын» чегинде Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан даярдалды.

Макаланын маңызына толук жоопкерчиликти IWPR алат жана макала Европа шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жана Норвегиянын тышкы иштер Министрлигинин эч биринин кызыкчылыгын чагылдырбайт.

Support our journalists