Кыргызстан: «акысыз» билим берүүнүн баасы жогору

Эксперттер мектептерде билим берүүнү системалык түрдө реформалоого жана каржылоонун көлөмүн көбөйтүүгө чакырык ташташты.

Кыргызстан: «акысыз» билим берүүнүн баасы жогору

Эксперттер мектептерде билим берүүнү системалык түрдө реформалоого жана каржылоонун көлөмүн көбөйтүүгө чакырык ташташты.

A school near the East bus station in Bishkek. Photo by Vladimir Menkov.
A school near the East bus station in Bishkek. Photo by Vladimir Menkov.
Wednesday, 14 April, 2010

Өлкөдө мамлекеттик билим берүү баарына жеткиликтүү, акысыз жана милдеттүү болгонуна карабай Кыргызстанда он миңдеген балдар мектепке барышпайт. Эксперттердин айтымында буга себеп мектептерде орундун жетишсиздиги. Ал эми ата-энелер расмий эмес мектеп төлөмдөрүн төлөй алышпайт. Ар бир бала мектепке барышы үчүн көп акча салынышы керек.

Жаңы убактылуу өкмөттүн пайда болушуна алып келген массалык каршылыктар башталаардан бир аз мурда, март айында парламент мектеп системасы боюнча парламенттик угуу өткөрдү.

 Угуунун аягында соңку эки он жылдыкта ыктыярдуу-зордомо салык чогултуулар байкалбай адаттагы көрүнүшкө айланганына карабай, билим берүү акысыз жана баарына жеткиликтүү болуш керек деген чечим кабыл алынган.

Парламенттик угуу мезгилинде Кыргыз Республикасынын Конституциясында жазылган балдардын акысыз жана жеткиликтүү билим алуу жана башка укуктарынын канчалык деңгээлде сакталып жаткандыгын текшерүүгө алган парламенттик комиссиянын ишинин жыйынтыгы каралды. Текшерүү өлкө аймагындагы 31 мектепте өткөрүлдү. Парламенттик угуу мезгилинде IWPR тарабынан өткөрүлгөн билим алуу мүмкүнчүлүгүнө байланышкан бир катар талкуу иретиндеги маалымат сунушталды.

Коммиссиянын башчысы Гүлжамал Султаналиева, мамлекеттик билим берүүнүн акырындап коммерциялык түр алышы кошумча чыгашага туруштук бере албаган төмөнкү киреше менен жашаган үй-бүлөлөрдү обочолонтуп койгондугун айтты. «Парламент балдардын эркин билим алууга болгон конституциялык укугун жаңылоону көздөйт», - деп билдирди.

ЮНИСЕФдин колдоосу менен «Эл-Пикири» коомдук ойлорду изилдөө Борборунун жүргүзгөн сурамжылоосуна ылайык, өткөн жылы 40миңден ашык балдар – мектеп жашындагы балдардын төрт пайызга жакыны мектепке такыр барышкан эмес.

Бир катар бейөкмөт уюмдар бул көрсөткүч үч эсе жогору деп эсептешет. Демек балдардын 14 пайызга жакыны билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган.

Стратегиялык анализ жана баалоо Институту балдар жакырчылыгы, теңсиздиги боюнча иликтөө жүргүзгөн. Ага ылайык мектеп жашына чейинки балдардын 11 пайызы гана мамлекеттик бала бакчаларга бара алышат

 

ЖАШАГАН ЖЕРИ ЖАНА ТӨЛӨӨ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ БИЛИМ АЛУУДА НЕГИЗГИ КЕДЕРГИ ФАКТОР

Мектепке баруу мүмкүнчүлүгү өтө аз болгон балдар тобун, айыл жерлеринен иш издеп шаарга келген, «ички мигранттарынын» балдары түзөт.

Бул мигранттар өлкөнүн борбору Бишкектин айланасында пайда болгон жаңы конуштарда өз колдору менен тургузулган үйлөрдө жашашат. Расмий жактан таанылбаган мигранттар эч кандай коммуналдык шарты жок оор шарттарда жашашат.

Алар расмий түрдө өз шаарларынын жана айылдарынын жашоочулары болгондуктан, алардын балдары жаңы жашоо орундарында мектепке алынбайт.

 Мигранттардын каттоого турбагандыгы, балдарын мектепке орнотууга чоң тоскоол болот. Мектеп жетекчилиги балдардын ата-энелеринен тиешелүү документтердин болушун талап кылат.

Мындай балдарга билим алуу багытындагы дагы бир тоскоолдук, мектепке кабыл алуудагы жалпы сынактын кеңири таркатылышын белгилешет. Шаарларга караганда окутуу стандарты бир топ төмөн болгон айыл жерлеринен келген балдар билим деңгээли боюнча дайыма артта калып келет.

Өткөн жылдын август айында билим берүү министри сынак өткөрүүгө тыюу салган жардык чыгарды. Бирок өлкөнүн түндүгүндөгү Чүй областындагы Ысык-Ата районунун мектебинин директору Раби Чекиеванын айтымында, «көпчүлүк директорлор бул жардыкты угушкан да жок жана албетте аны аткарган да жок».

Расмий түрдө балдар эмгегине Кыргызстанда тыюу салынганы менен, мигранттардын балдары көбүнчө өз үй-бүлөлөрүнө жардам берүү үчүн иштеп жүрүшөт. Иштеп жүргөн он баланын сегизи мигранттардын балдары.

 

МЕКТЕПТЕР ЖЕТИШСИЗ

Кыргызстандагы мектептер орундардын жетишсиздигине туш болууда. Билим берүү министрлиги Бишкектеги мектептерде окуучулардын санынын өтө көптүгүн, жана кээ бир мектептер күнүнө үч смен менен иштешээрин айтып чыкты. Министрликтеги чиновниктин айтымында борбордун өзүнө эле бери дегенде 20 мектеп керек.

Бирок бул факт мектепке барбай калган көп балдардын бар экендигин түшүндүрбөйт. Балдарды мектепке жөнөтүүгө байланышкан финансылык таңкыстык да маанилүү факторлордон болуп саналат.

Кыргызстандын Баш мыйзамында алгачкы жана орто билим берүү мамлекеттик сектордо акысыз камсыз кылынат деп жазылган.

90-жылдардын башында мектептерге төлөм алууга уруксат берилген, бирок ал программадан сырткары өткөрүлгөн кошумча сабак үчүн гана алынмак.

Расмий эмес салык чогултуулар башталгыч билим берүү жаатында кеңири масштабда колдонулат. Мектеп жетекчилери өкмөттүк каржылоо жетишсиз болгондуктан, мындай салык төлөмдөрдү чогултуу зарыл экендигин айтышат. Ошондуктан кирешеси аз үй-бүлөлөр үчүн баланы мектепке жөнөтүү өтө кымбатка турат.

Биринчиден, мектепке кирүү салыгы бар. «Балдар укугун коргоо Лигасынын» маалыматына ылайык

Бул 200 сомдон башталып, эң жакшы деп эсептелген мектептерде 20 миң сомду (бул 450 америка доллары) чапчып барат.

Бишкекте элиталык мектептер орун алганына карабай, кирешеси аз болгон жарандар жана мигранттар өз балдарын андай мектептерге бере алышпайт.

«Балдар укугун коргоо Лигасынын» жетекчиси Назгүл Турдубекованын айтымында кээ бир мектептердин «мартабалуу» деген жардыгы, ал мектептердин жакшы окуткандыгы менен түшүндүрүлбөйт, бул кошумча чогултуулардын гана жаңы ыкмасы.

Баланы мектепке орнотоору менен ата-энелер ай-сайын төлөнүүчү салыкты төлөп турушу керек, ал билим берүү жаатын иликтөөгө алган парламенттик комиссиянын атайын чогулткан маалыматы боюнча 600 сомду түзөт. Бул өлкө тургундары үчүн өтө жогору, анткени орточо эмгек акы аймактарда 135 доллар болсо, ал эми жашоо деңгээли жогору деп эсептелген борбор калаада 200 долларды гана түзөт.

«Мектепте кызымдын окуусуна төлөмдөрдү төлөө үчүн эки жакта иштөөгө туура келет. Алган маянамдын төрттөн үчү мектеп төлөмдөрүнө кетет», - деди Бишкектеги окуучу кыздын апасы.

Теориялык жактан алганда бул класстан сырткаркы чогултуулар ата энелердин өз каалоолору менен жүргүзүлүп, ал мамлекет акча бөлбөгөн мектеп эмеректерин сатып алууга, мектепти иш абалында сактоого жумшалат. Каражат чогултуу системасын мыйзамдуу көрсөтүү максатында мектептер атайын «кайрымдуулук фонддорун» түзүшкөн, бирок күндөлүк турмушта ата-энелерге бир топ басым көрсөтүлүп турат. Класстарда балдарын коркутуу, ал тургай мектептен чыгарып салуу сыяктуу кысымдар бар.

Бир топ сапаттуу билим берген мектеп-гимназияга барган окуучу-кыздын апасы, «эгер биз ай сайын төлөнүүчү салыкты төлөй албасак, анда кызымды башка мектепке которуумду ишарат кылышты. Бул жөнүндө ачык айтышпайт, бирок алар каалашса бир шылтоолор менен мектептен чыгарып коюшат», - деп айтып берди.

Көпчүлүк ата-энелер сыяктуу эле, бул аял да мектеп менен жаман-жакшы айтышууларга баргысы келбейт, ошондуктан ал бул боюнча тиешелүү органдарга кабарлаган эмес.

«Балдар укугун коргоо Лигасынын» айтымында, кайсыл баланын ата-энеси салыктарды төлөбөсө, ошол балдар класста мугалимдер тарабынан такай сындалып, кемсинтүүлөргө дуушар болушат.

Билим берүү жаатындагы айрым эксперттердин айтымында милдеттүү салыктар менен расмий эмес салыктардын ортосундагы такталган чектин жоктугунан улам, ал акчалардын кандай максатка жумшалып жаткандыгын көрүү мүмкүн эмес.

«Класстан сырткаркы салыктар – бул мектеп администрациясынын ашыкча талабы, ата-энелерден түшкөн акчанын көлөмү өтө чоң жана анын эмнеге чыгашалангандыгы иш жүзүндө көзөмөлдөнбөйт», - деди Турдубекова.

Ошол эле мезгилде баарына маалым болгондой, билим берүү тармагы дээрлик каржыланбайт.

«Биздин укугубуз» коомдук фондунун кеңешчиси Калийча Умралиева, «бүгүнкү күндө мектеп директору бизнес адамы болуп калды. Окутуу программаларын иштеп чыгуудан сырткары, ал каражат жагына, мектептин техникалык жагына көзөмөл жүргүзүүгө муктаж. Бүгүнкү абалда каржы-чарбалык маселелердин көптүгү орто мектептердин жетекчилеринин көп жумуш убактысын алат», - деп билдирди.

Билим берүү Министрлигинин маалыматына караганда өлкөдө мугалимдердин жетишсиздиги дайым сезилип турат. Алардын эмгек акысы 45 америка долларын гана түзгөндүктөн мындай маянага эч ким иштегиси келбейт.

«Бизде пенсия жашындагы мугалимдер өтө көп, анткени жаш мугалимдер мындай төмөнкү эмгек маянага мектепке иштөөгө барууну каалашпайт. Мугалимдер да адам, алардын да балдары бар, аларды багыш керек. Ошондуктан биз ата-энелерден чогулган салыктардан ал мугалимдерге кошумча төлөп беребиз», - деди Бишкектеги мектеп-гимназиянын директору Людмила Байбородина.

Кыргыз өкмөтү мугалимдерге, ошону менен бирге жаш мугалимдерге кошумча кызыктыруу төлөмдөрдү төлөөнүн бир топ схемасын киргизген. Билим берүү Министрлигинин маалыматына ылайык соңку төрт жыл ичинде борбордон сырткары жерлерде 600гө жакын мугалим жумушка алынган.

“Бирок бул схема көйгөйдү чече албайт, анткени инфляцияны эске алганда кошумча төлөмдүн өлчөмү өтө эле аз», - деди Умаралиева.

 

РЕФОРМАЛАРДЫ КАРАП ЧЫГУУ

Мектеп салыктарына жооп катары балдар укугун коргоо боюнча бир катар уюмдар ата-энелерден, мугалимдерден, билим берүү тармагында иштеген чиновниктерден жана укук коргоочулардан турган Кеңешчи Совет түзүү долбоорун көтөрүп чыгышты. Ал Кеңешме Совет мектептер өз акча каражаттарын кандай колдонуп жаткандыгын көзөмөлгө алат. Бир канча алгачкы советтер өз иштерин башташты, ал эми ушул жылдын соңунда парламенттик акт кабыл алуу жолу менен бул системаны институтташтыруу пландалып жатат.

Комиссиянын жетекчиси Султаналиеванын айтымында, бизде мыйзамдар жакшы жана туура, бирок ал мыйзамдар сакталбайт. Азыр эки тараптын тең - ата-энелердин жана мугалимдердин  мүдөөлөрүн канааттандыруу үчүн биз ал мыйзамдардын иштешин жана сакталышын катуу көзөмөлгө алышыбыз керек.

Комиссия тарабынан сунушталган бирден бир мыйзамдык өзгөртүүлөр – бул мектептерде уюшулган «ыктыярдуу салык фондун» жоюу болду.

Парламенттик угууда вице-премьер-министр Тажикан Калимбетова, учурда ал фонд иш жүзүндө билим алууга болгон конституциялык укукту одоно бузуп жатканына карабастан, алар өкмөттүн көзөмөлүнөн сыртта, анткени эсептөө палатасы мамлекеттик казынанын каражатын гана текшерээрин, - айтты.

«Билим берүү Министрлигинин бейөкмөт уюмдар менен алака жасоого даяр экендиги көп нерседен үмүттөндүрөт», -деди Турдубекова.

Тилекке каршы парламенттик угуунун жыйынтыгында тараптар – өкмөт, мектеп жетекчилери жана бейөкмөт уюмдар – кандай иштерди аткаруу маселесинде бирдей пикирге келише алышкан жок.

Билим берүү министри Абдылда Мусаев Парламенттик угууда сүйлөгөн сөзүндө Мектептен чыгарып койгон кээ бир фактылардын негизинде бул маселе боюнча жыйынтык чыгарбоо керектигин айтты. «Мектептердин ички күн тартибин иликтөө жана орун алып жаткан тартип бузууларды четтетүү зарылчылыгы бар, бирок коммерциялык билим берүү кызматына толук тыюу салуу бул өз кезегинде билим берүү системасына крест койгондук болот», - деп кошумчалады Мусаев.

Билим берүү тармагындагы эксперттер бул багытта эч кандай чаралардын көрүлбөшү Кыргызстандын келечегине коркунуч туудурат – деп эскертишет. Мектеп окуучуларынын учурдагы муунун тарбиялоодо бир топ ийгиликтерге жетишүү керектигин айтышат.

«Мамлекет өзүнө-өзү көр казууда. Сабатсыз адистер иштеп, күчтүү адистер өлкөнү таштап чыгып кетишет, анткени алар бул жерде өз үй-бүлөлөрүн бага алышпайт!, - деди Умуралиева.

Макаланы IWPRдын окутуу-машыгууларынан өткөн Кыргызстандагы журналист Евгения Кимдаярдады.

Бул макала «Массалык маалымат каражаттары аркылуу Борбор Азияда Адам укугун коргоо жана укук таануу» долбоорунун негизинде Европалык комиссиянын колдоосунда Согуш жана бейпилдикти чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан даярдалды. Макаланын маңызына толук жоопкерчиликти IWPR алат жана макала Европа шериктештигине кирген өлкөлөрдүн эч биринин кызыкчылыгын чагылдырбайт.

Kyrgyzstan
Frontline Updates
Support local journalists