Комментарий: Кыргызстан Конституциянын долбоорун талкуулоодо

Конституциянын жаңы долбоору башкаруунун парламенттик түрүнө өтүүнүн бекем негиздерин өзүнө камтыйт, бирок ал турмушта реалдуу реформаларды жүргүзүшү керек.

Комментарий: Кыргызстан Конституциянын долбоорун талкуулоодо

Конституциянын жаңы долбоору башкаруунун парламенттик түрүнө өтүүнүн бекем негиздерин өзүнө камтыйт, бирок ал турмушта реалдуу реформаларды жүргүзүшү керек.

Friday, 30 April, 2010

Кыргызстандын жаңы жетекчилиги талкууга коюп жаткан Конституциянын долбоору президенттик башкарууну парламенттик демократиялык башкарууга кайра түзүү принциптерин өзүнө камтыйт. Бирок бул конституциялык реформа жүргүзүү аракети чындыгында эле өкүлчүлүк органды түзүүгө алып келеби, биз ошол жагына да көңүл бөлүшүбүз керек.

Бул ойду ишке ашыруунун тоскоолдуктары учурда өкмөттө кечээги оппозициялык партиялардын көпчүлүгү үстөмдүк кылган саясий абал болуп калууда. Алар ушул жылдын октябрында шайлана турган мыйзам чыгаруучу органды башкарууну да өз колуна алууга жетишүү үчүн өз позициясын бекемдөө аракетин жасап жатышат. Бул башка саясий күчтөрдүн эсебинен жүргүзүлүүдө.

Дагы айта кетчү нерсе, Конституциянын жаңы долбоору негизинен буга чейинки конституцияга эле окшош, бирок демократиялык стандарттарга дал келбеген кээ бир жоболорду өзүнө камтыйт.

26-апрелде Утурумдук өкмөт тарабынан элге жарыяланган жаңы долбоорду иштеп чыккан адамдар конституциянын бул долбоору президенттин колуна бардык ыйгарым укуктардын топтолушуна мүмкүндүк бербейт деп ишендиришүүдө.

Долбоор алты адамдан турган жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан. Алар, укуктук маселелер боюнча төрт эксперт, текстти орус жана кыргыз тилдерине которгон эки котормочу. Аны «Ата Мекен» партиясынын лидери, конституциялык реформаларды жүргүзүү жоопкерчилигин өзүнө алган утурумдук өкмөттүн мүчөсү Өмүрбек Текебаев жетектеп жатат.

Бул 1993-жылдагы Кыргызстандын башкы мыйзамы кабыл алынган күндөн тарта Конституция сегизинчи жолу өзгөртүлүүдө. Мурдагы оңдоп түзөтүүлөрдүн баары ошол мезгилдеги өкмөт башчысы тарабынан демилгеленип, президенттин ыйгарым укуктарынын кеңейтилиши жана парламенттин укуктарынын кыскарышы менен аяктап келген.

Курманбек Бакиевди бийликтен кетирген 6-7-апрелдеги козголоң, Аскар Акаевди өлкөнү таштап качып кетүүсүн шарттаган 2005-жылдын 24-мартындагы «жоогазын» революциясы, ыйгарым укуктардын мындай бөлүштүрүлүшүнө эл нааразы экендигин көрсөттү. Укуктардын мындай бөлүштүрүлүшү өлкөнү башкарууга президенттин эле эмес, анын үй-бүлөсүнүн тартылышына алып келээрин далилдеди.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Таласта башталып Бишкектин көчөлөрүндө орун алган баш аламандыктардан 80ден ашык адам каза болду.

Бакиевдин кетиши, оппозициялык Социал-демократиялык , «Ата Мекен» жана «Ак Шумкар» партияларынан турган оппоненттеринин эркин аракеттерди жасоосуна жана Утурумдук өкмөттү түзүүгө мүмкүндүк берди.

Конституциянын жаңы долбоорунда саясий чечимдерди кабыл алуу процесси парламентке өтөт деп ачык көрсөтүлгөн. Президенттин ролу кыскартылган. Президенттин милдети парламент тарабынан кабыл алынган чечимдерди жана дайындоолорду жактыруу милдети менен чектелет.

Ушуну менен катар президент бул кызматта бир мөөнөттөн көп убакыт тура албайт.

Жаңы закондорду кабыл алууда президент өзүнүн ыйгарым укуктарынын көп бөлүгүн жоготот. Президент Референдум чакырууга жана жаңы мыйзам чыгарууну баштоого укугу жок. Президенттин кабыл алынып жаткан мыйзамга вето коюу укугу да күчсүздөндүрүлгөн, анткени парламент үчтөн эки добуш менен андай тоскоолдукту жокко чыгарса болот. Ушундан кийин мыйзам президент кол койбогон учурда деле күчүнө кирет.

Мыйзамды талкууга алып чыгуу укугу парламентке, өкмөткө жана Кыргыз элине тиешелүү. Конституциянын жаңы долбоорунда жаңы мыйзамдар боюнча коомчулуктун сунуштарын киргизүү бир топ жеңилдетилген. Ал үчүн болгону 10 миң кол талап кылынат, бул мурдагыга караганда үч эсе аз.

Мурдагыдай мамлекет башчы сотторду дайындай албайт. Ал сот иштери боюнча Улуттук кеңештин көрсөткөн талапкерин жөн гана жактырат.

Эски Конституциялык сот таркатылган жана конституциялык иштин баары Жогорку сотко өткөрүлүп берилген. Жогорку сот ушундай жол менен жергиликтүү соттордун өкүлдөрүн жана алардын орун басарларын өздөрүнүн ичинен тандап коюучу жогорку инстанцияга айланууда.

Конституциянын жаңы долбооруна ылайык парламенттеги көпчүлүк орунга ээ болгон партия премьер-министрге талапкерди көрсөтөт. Президент парламенттин өкмөткө ишенбөө вотумун жокко чыгара алат, бирок экинчи вотумдан кийин өкмөт отставкага кетиши керек.

Президент коопсуздук органдарын жана тышкы саясаттагы маселелерди көзөмөлдөй албайт. Ал тургай элге парламенттин чогулушунда кайрылуу жасашы керек.

Парламенттеги орун партиялык тизме боюнча өткөн шайлоонун негизинде бөлүштүрүлөт. Парламенттеги орун көбөйтүлүшү мүмкүн. Учурда аны 90дон 105ке же 120га чейин көбөйтүү каралууда, анын так саны азырынча белгисиз жана ал мамлекеттик каржылоого жараша болмокчу.

Конституциянын долбоорунда түрдүү көз караштардын кызыкчылыктары эске алынган. Парламенттин төрагасынын орун басарлары бардык партиянын өкүлдөрүнөн шайланат. Мурда төраганын орун басары да көпчүлүк орунду ээлеген «Ак Жол» партиясынан шайланып келген. Азчылык орунду ээлеген партиялардын өкүлдөрүнө бюджет жана тартип боюнча иштеген маанилүү комитеттерден орун берилет.

Конституциянын долбоору шайлоолордун таза өтүшүн камсыздоо үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын курамынын баары өкүлчүлүктөрдөн турушун сунуштоодо. Анын курамына президент, парламенттик көпчүлүк жана парламенттик азчылык тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлер кириши керек.

Андан сырткары басма сөз эркиндигине чектөө койгон мыйзамдардын кабыл алынышына тыюу салган атайын жобо бар.

Жогоруда айтылган нерселерди өзүнө камтыган парламенттик система саясий системанын демократиялык өнүгүүсүнүн, жарандык коомдун гүлдөп өсүшүнүн, ошондой эле экономиканын калыбына келүүсүнүн абсолюттук гаранты боло албайт.

Саясий күчтөрдү мындай бөлүштүрүү конституциялык институттарды түзүүдө тең салмактуулуктун болушун камсыздай алабы деген суроону туудурат. Утурумдук өкмөттө үстөмдүк кылуучу абалды ээлеген партия жыйынтыгында президенттикти да, өкмөттөгү жогорку кызматтарды жана парламенттеги көпчүлүк орундарды ээлеп алышы мүмкүн деген кооптонуу бар.

Утурумдук өкмөттөгү бардык орчундуу кызматтарда Социал-демократиялык, «Ата Мекен» жана «Ак Шумкар» партияларынын мүчөлөрү турушат. Бакиев бийликте турганда алардын баары оппозициялык партиялар болушкан жана алар демонстрацияга чыкканда мамлекеттик кызматтарды өз ара бөлүштүрүүнү пландаштырышкан деп күнөөлөнгөн эле.

Жарандык коомдун активисттери бул күчтөр өздөрүнө талапкерлерди топтоп күчтөрдү бириктирет жана бул октябрдагы шайлоого тескери таасирин тийгизип, натыйжада кээ бир партиялар парламенттен арзыбаган орундарды алып калышы мүмкүн деп кооптонушууда.

Ошону менен катар, Кыргызстандагы саясий партиялар табиятынан көйгөйлүү маселе болуп калууда. Партиялар идеянын айланасында эмес жердешчилик-тууганчылык принциптин негизинде түзүлөт. Соңку эки он жылдыкта саясий партиялар өзүнүн финансылык байлыгын саясий бийлик менен алмаштыргысы келген белгилүү бир саясий лидердин же ишкер адамдын жетекчилиги менен түзүлүп келди.

Конституциянын жаңы долбоорунда да Президенттикке талапкерлердин кыргыз тилди билүүсүн текшерүү сынагы камтылган жобо бар. Бул ыкма 1995-жылы президенттик шайлоонун алдында президенттикке күчтүү талапкерлерди четтетүү максатында киргизилген.

Бул долбоорго сунушталган өзгөртүүлөр 14-майга чейин кабыл алынып, курамы 50 адамдан турган конституциялык конференцияда каралмакчы жана ушул курам документтин акыркы вариантын бекитмекчи. Конституциянын акыркы бүткөн версиясын 19-майда жарыялоо пландаштырылууда. Ал эми 27-июнда жаңы конституцияны кабыл алуу боюнча референдум белгиленген. Демек октябрь айына белгиленген парламенттик жана президенттик шайлоо Жаңы конституцияга ылайык өтөт.


Павел Дятленко, Бишкекетеги «Полис-Азия» борборунун эксперти.


Бул макала Европалык Комиссия тарабынан каржылануучу «Массалык маалымат каражаттары аркылуу Борбор Азияда Адам укугун коргоо жана укук таануу» жана Норвегиянын тышкы иштер министрлиги тарабынан каржылануучу «Укук коргоо маселелерин, карама-каршылыктарды жана ишенимдин бекемделишин чагылдыруучу маалымат программасынын» чегинде Согуш жана бейпилдикти чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан даярдалды.

Макаланын маңызына толук жоопкерчиликти IWPR алат, жана макала Европа шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жана Норвегиянын тышкы иштер Министрлигинин эч биринин кызыкчылыгын чагылдырбайт.

Kyrgyzstan
Frontline Updates
Support local journalists