Кыргызстандыктар өздөрүнүн паспортторунан жана өлкөсүнөн баш тартууда

Калктын азаусу Кыргызстандын келечегине олуттуу залака тийгизет дешет эксперттер.

Кыргызстандыктар өздөрүнүн паспортторунан жана өлкөсүнөн баш тартууда

Калктын азаусу Кыргызстандын келечегине олуттуу залака тийгизет дешет эксперттер.

, абал тууралуу кооптонушууда.



1-июнда Москванын эмгек мигранттарына берилген квотаны кыскартуу жөнүндөгү чечими жарыялангандан кийин Орусиянын жарандыгын алууну көздөгөн кыргыз улутундагы адамдардын санынын өсүшү күтүлүүдө.



Орусиянын Бишкектеги элчилиги IWPRга квотанын канчага кыскартылышы жөнүндө маалымат бере алган жок. Бирок, ИТАР-ТАСС агенттигинин апрелдеги билдирүүсүнө ылайык 4 миллион адамды түзгөн мурунку квота бир кыйла кыскармакчы.



Кыргызстандын миграция жана калкты жумуш менен камсыз кылуу мамлекеттик комитети учурда Орусияда 400 миң адам иштеп жаткандыгын маалымдап келет. Ал эми расмий эмес маалыматтар боюнча мигранттардын саны саны 1 миллионго чукул.



Орусиянын курулуш өндүрүшү каржы кризисинин айынан оор соккуга учурап, анын жыйынтыгында көп адамдар жумуш ордунан ажырагандыгына карабастан, ал Кыргызстан, Тажикистан жана Өзбекстандын атуулдарын жумуш менен камсыз кылуучу ири тармак боюнча кала берет.



Эмгек мигранттары Орусияда айыл чарба, транспорт тармактарында, токой чарбада жана ресторандагы тейлөө, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иштешет. Акыркы жылдары медицина кызматкерлери жана инженерлер сыяктуу квалификациялуу кесипкөйлөр да жогорку эмгек акынын артынан мигранттардын катарын толукташууда.



“Гастарбайтерлердин” айрымдары – мезгилдүү. Алар кышында курулуш иштери басаңдаганда үйлөрүнө кайтышат. Бара-бара алардын басымдуулугу ал жакта түбөлүккө калууну каалашууда.



Орусиянын иммиграциялык кызматы акыркы төрт жылдын ичинде 200 миң кыргызстандыктар Орусиянын паспортун алышкандыгын жана каалоочулардын саны да жыл санап өсүп жаткандыгын билдиришкен.



Орусия менен түзүлгөн эки тараптык келишимге ылайык, Кыргызстандын атуулдары жөнөкөйлөтүлгөн система менен керектүү документтерди чогултуп, үч айдын ичинде Орусиянын паспортун ала алышат.



Орусиядагы экономикалык төмөндөөгө карабастан, атуулдук алып, ал жакта калуу үйгө кайтууга караганда алда-канча кызыктырарлык мүмкүнчүлүк болуп эсептелет.



“Дүйнөлүк каржы кризиси учурунда Орусияда калуу жана ал жакта жумуш табуу Кыргызстандагыга салыштырмалуу бир кыйла жеңил”, -дейт Бишкектеги саясаттаануучу Нур Омаров.



Орусиянын жарандыгын алуу менен мигранттар иммиграциялык квотага туш болуу жана өлкөнүн аймагында мыйзамсыз калуу жана мыйзамсыз эмгек үчүн депортациялануу коркунучунан кутулушат. Мындай шарттарда жогорку маяналуу жумушка орношуп, социалдык жеңлдиктерге ээ боло алышат.



Кыргызстандын түштүгүндөгү Жалалабад облусундагы “Славян диаспорасы” ассоциясынын жетекчиси Валерий Улеев адамдар Россиянын жарандыгын алуу үчүн керектүү документтерди чогултушуп, өлкөнү таштап кетип жатышкандыгын айтат.



Орусияда отурукташып алгандан кийин адамдардын мекени менен байланышы үзүлүп, убакыттын өтүшү менен алар кайтуу жөнүндө ойлонушпай да калышууда.



“Алгач үй-бүлөсүнө акча салып турушат. Жарандык алгандан кийин мурда чоң ата, чоң энелери багып жаткан балдарын алып кетип жатышат”, - дейт Омаров.



Төрт жыл мурун Орусиянын атуулдугун алган ширетүүчү Алихан Рустемов учурда жумушсуз болсо да, Москвадан кетүү жөнүндө ойлонбойт.



“Каржы кризисине байланыштуу көп курулуш иштери токтоп, азырынча жумушсузмун. Иш издеп жатам. Бирок, мекениме кайтайын деген ой жок. Ал жакта мен эмне кылам?”, - дейт ал.



Азат Тулебердиев 8 жылдан бери Орусиянын жараны. Ал Москвада жеке менчик клиникада тиш дарыгери болуп иштейт.



“Мүмкүн, кайтпайм. Кызым мектепке барат, аялым мугалим болуп иштейт. Каттообуз бар. Арыздана турган эч нерсе жок”, -дейт ал.



Бишкектеги “Эмгек мигранттарына жардам көрсөтүүчү борборлордун түйүнү” коомдук корунун директору Нурдин Тынаев “атуулдардын башка өлкөгө кетүүсү Кыргызстандагы адамдардын жашоо деңгээлинин төмөндүгүн көрсөтүп турат” дейт.



“Бардыгынан өкүнүчтүүсү, кетип жаткандардын басымдуулугу – эмгекке жарамдуу кыргыз калкы”, -дейт Нурдин Тынаев.



Улеевдин айтымында, атуулдардын азайышы экономикалык абалга терс таасирин тийгизет, ал эми анын төмөндөшү дагы көп адамдарды өлкөнү таштап кетүүгө мажбур кылат.



“Өлкөнүн кийинки өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу күмөндүктөр бар. Эгерде, экономика бир калыпта өнүкпөсө, адамдар жумуш табуу жана үй бүлөсүн багуу үчүн Кыргызстанды таштап кетүүгө аргасыз болушат”, -дейт ал.



Бүгүнкү күндө мигранттардын басымдуулугу- этникалык кыргыздар. Улуту боюнча орустардын көпчүлүгү Кыргызстандан өткөн кылымдын 90-жылдарында эле кетишкен.



Коммунист депутат Николай Байлонун айтымында, этникалык кыргыздардын Орусиянын атуулдугуна өтүшү өлкөдөгү этникалык тең салмактуулукту бузушу мүмкүн.



Азыр өлкөдө он адамдын жетөө –кыргыздар. Калгандары сан өлчөмү боюнча орустар, өзбектер.



“Бул улуттун генофондун түзүү үчүн олуттуу көйгөй. Мындай жоготуулар биз үчүн орду толгус”, -дейт түбү славяндардан болгон Байло.



Бирок, али да кеч эмес. Орусиянын жарандыгына зарылчылыктын негизинде өткөн мигранттардын басымдуулугу өз мекенине кайтышат деген божомолдоолор бар.



“Мигранттардын көбү – жумушчулар. Алар Орусияда убактылуу гана. Алардын көпчүлүгү буга ишенишет”, -дейт социолог Айсалкын Ботоева.



“Көпчүлүгү жакындан сүйлөшө келгенде мыйзамсыз жолдор менен Кыргызстандык паспортторун сактап калышкандыгын жана турак жай тургузууга жана башка керектөөлөрдү камсыз кылууга акча топтогондон кийин кайтууну каалашкандыгын белгилешет”, -деп кошумчалайт ал.



Кыргызстандын Миграция жана калкты жумуш менен камсыз кылуу мамлекеттик комитетинин маалымат-катчысы Венера Жунусова мекенине Орусиянын паспорттору менен кайтып келгендер бир топ кыйынчылыктарга туш болуп жатышкандыгын белгилейт.



“Кайтып келгенден кийин жумушка орношуу оор. Алар чет элдик атуул болуп эсептелишип, чектөөгө туш болушат”, -дейт ал.



Кыргыз парламентинин спикеринин орун басары Кубанычбек Исабеков кош жарандык мыйзамынын кабыл алынышы боюнча чакырыктарды колдойт. Атуулдар мындай шарттарда Орусияда иштеп, жашай беришет жана мекенинен да кол үзүшпөйт.



Кыргызстандын мыйзамдуулугу кош жарандыкка бөгөт койбойт. Бирок, Исабековдун белгилөөсүнө ылайык, кош жарандыкты таануу үчүн биринчиден, Орусия менен эки тараптуу келишим түзүү зарыл.



“Азыр Россия тарап менен бул тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”, -дейт ал.



Айнагуль Абдрахманова, Азамат Качиев – IWPRда тренингден өткөн Бишкек жана Москвадагы журналисттер.





Frontline Updates
Support local journalists