Кыргызстан: Милициялардын өзүм билемдигинен жабыркагандар адилеттик издешүүдө

Камактагыларга карата мамилени жакшыртуу талабы тартип коргоо органдарынын ишин оңдоп, камактагылардан кабар алуу жана алардын эркиндигин чектөө маселесинде олуттуу өзгөрүүлөргө алып келет.

Кыргызстан: Милициялардын өзүм билемдигинен жабыркагандар адилеттик издешүүдө

Камактагыларга карата мамилени жакшыртуу талабы тартип коргоо органдарынын ишин оңдоп, камактагылардан кабар алуу жана алардын эркиндигин чектөө маселесинде олуттуу өзгөрүүлөргө алып келет.

Сүрөткө түшүндүрмө: Камиль Рузиев. (Сүрөт: IWPR)
Сүрөткө түшүндүрмө: Камиль Рузиев. (Сүрөт: IWPR)

Май айынын аягында биздин «Вентус» укук коргоо уюмубуз Авазбек Чыныевдин ишин карай баштагандыгына бир жыл толот. Авазбек Чыныев милиция кызматкерлери тарабынан ага карата кыйноо колдонулгандыгын ачык айтып, аны айыптап келет.

Биз бул ишти прокуратура менен кошо териштирүүгө жетишип, ал тургай президенттин администрациясы жана акыйкатчы институтунун Ысык-Көл облусунун прокуратурасына бул иш боюнча тез аранын ичинде чара көрүү боюнча буйрук берүүсүнө жетишсек да, аталган иш боюнча көзгө көрүнөрлүк жылыштар боло элек.

Окуянын мындай өнүгүүсү өлкөдө, айрым учурларда, таптакыр эле чындыкка жетүүгө мүмкүн эмес экендигин далилдөөдө. Ошондой эле коомчулукта Кыргызстандын эл аралык милдеттерди аткаруусуна институттук деңгээлде тоскоолдуктар бар экендигин ачык көрсөттү.

Мындай шартта мамлекеттик системаны ар тараптуу реформаламай сайын ийгиликке жетүүгө мүмкүн эместиги жана камактагылардын укуктары жана эркиндиктери бузула берээри турган иш.
Адистер бул тармакты өзгөртүүнүн бирден бир жолу – көптөн күткөн эл аралык конвенциянын кошумча протоколунда каралган «кыйноолорго каршы» эрежени жана «улуттук алдын алуу ыкмаларын» киргизүү дешет.
Ошондой эле камактагылардан кабар алуу жана алардын ал акыбалын текшерүү боюнча Улуттук борбору өзүнө Бишкектеги мындай иш чараларга туруктуу көзөмөл жүргүзгөн топту да кошуп алуу зарылчылыгы пайда болууда. Мындан сырткары мамлекеттик эмес, көз карандысыз адистерден түзүлгөн комиссия мындай кыйноолорго кабылган адамдардын абалына такай баа берип туруусу да зарыл.
Учурда Чыныев 33 жашта, ал 2010-жылдын май айында Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында кармалган. Аны 45 грамм гашиш сактаган жана ташыган деген шектенүү менен кармашкан, ал эми Чыныев мындай айыптоону мойнуна албай, баңги затты ага милиция кызматкерлери кандайдыр бир жол менен салып коюшкандыгын билдирүүдө.

Чыныевдин айтымында, качан ал тергөөчүнүн бөлмөсүндө болгондо, аны муштуму, буту жана желим таяк менен бүт денесине сабашкан жана акыл-эсин жоготкончо башка көзгө койгулашкан, ошондой эле аны сексуалдык зордуктоо жасайбыз деп коркутушкан. Булар боюнча ал тергөө учурунда көрсөтмө берген.

Мыйзам боюнча кармалганынан тартып 48 сааттын ичинде берген көрсөтмөлөрүндө Чыныев прокурорго ага карата кыйноолор болгондугун айтып берген. Бирок, жабырлануучунун айтымында, прокурор аны укпай, тескерисинче өз бөлмөсүнөн айдап чыккан.

Ошол эле прокурор биздин «Вентус» уюмубузга башкача маалымат берген. Прокурордун айтымында, Чыныев ага эч кандай кыйноолор жөнүндө айткан эмес, эгер андай айтылган болсо, ошол замат ал медициналык текшерүүгө жөнөтүлмөк. Прокурор Чыныев милиция бөлүмүндө эч кандай жараат албагандыгын, ал эми ага медициналык справка ооруканадан арыз жазган күндөн эки жума өткөндөн кийин берилгендигин, ал эми бул ага далил боло албастыгын тастыктоодо.

Сот чечиминин негизинде бошотулган соң ал дароо медициналык көзөмөлдөн өткөн. Дарыгерлер анын башына доо кеткендиги, белинин ылдыйкы жагында ур-токмоктун изи калгандыгын айтышкан. Ошол күндөн тарта ал февралдын аягына чейин бир нече курс дарыланып, ооруканада жаткан. Кыйноолордон жабыркагандарды реаблитациялоочу коомдук фонддун маалыматы боюнча Чыныев психикалык жана психологиялык жактан жабыркаган.

Июль айында Чыныев жана анын адвокаты арызданышып анын ур токмокко алынышы боюнча кылмыш иш ачтырууга жетишишкен. Бирок ал кылмыш иши кыйноолордун колдонулушу боюнча эмес, уруп-сабоого кабылгандыгы жана жараат алгандыгы үчүн ачылган.

Андан көп өтпөй тартип коргоо органдары тарабынан алардын жогорудагыдай аракетине жол бербөө максатында бир катар аракеттер болгон. Балыкчы шаарынын милиция жана прокуратурасы облустук прокуратуранын иликтөө жүргүзүү жөнүндөгү көрсөтмөсүн аткарышкан эмес жана Акыйкатчы институту менен кызматташуудан баш тартышкан. Жыйынтыгында бул иш үч жолу – өткөн жылдын октябрында жана декабрында, андан кийин 2011-жылдын апрелинде токтотулган. Облустук прокуратуранын кызматкерлери далилдердин жетишсиздигине жана кыйноолорго күбөлөрдүн жоктугуна шилтеме жасашкан.

Алардын милиция кызматкерлерине карата ишти кайрадан козгоодон баш тартуусу, февраль айында бул ишке Башкы прокуратура киришип, ишти токтотуу жөнүндөгү мурдагы чечимди жокко чыгарып, иликтөө толук болгон эмес деген негизде ишти кайрадан карап чыгууга жөнөткөндөн кийин болгон.

Акыйкатчы институту Чыныевдин иши боюнча иш алып бара албастыгын жарыялаган. Мындай бүтүмдү алар облустук прокуратура Акыйкатчы институту менен кызматташууну каалабай, аталган институттун «Чыныевдин ишин биргелешкен комиссия Балыкчы шаарына барып карасын» - деген сунушун четке кагышкандыгы менен түшүндүргөн.

Ысык-Көл облусунун прокуратурасы жогорку инстанциялардын, ал тургай бул ишти кароо боюнча өкмөттүн жана президенттик администрациянын талабын да капарга алып коюшкан жок.

Бул иш боюнча күнөөлөнүп жатышкан милиционерлер Чыныевди уруп-сабоо жана кылмыш ишинин материалдарын бурмалоо фактысын жокко чыгарышууда. Шаардык милициянын начальнигинин орун басары анын колунда иштеген милиция кызматкерлери андай нерселерди жасаган эместигин айтышса, ал эми Улуттук коопсуздук кызматынын Ысык-Көл облусу боюнча кызматкерлери да милиционерлер мыйзамга каршы келген иш-аракеттерди жасабагандыгын ишенимдүү айтышууда.

«Вентус» уюму облустук прокуратуранын тергөөчүсү Эркинбек Курманалиевден Чыныевдин анын ур-токмокко алынышын атайылап бурмалоого аракеттенип жатышат деген маанидеги билдирүүсүн чечмелеп берүүсүн өтүндү. Чыныев 2011-жылы иштин токтотулушу жөнүндөгү кабарды дал ушул Курманалиевден алган эле. Ошол эле мезгилде Курманалиев «прокуратура ушундай жол менен милиционерлерди коргоп жатабы? – деген суроого жооп берүүдөн баш тартты жана органдардын коррупциялашкандыгы жөнүндөгү айыптоону четке какты.

Учурдагы тартип коргоо жана сот органдарындагы абалды эске алганда, милиция тарабынан кордолуп сот аркылуу адилеттүүлүккө жетүүгө аракет жасаган Чыныевге окшогондордун аракети ийгиликсиз бойдон калаары шексиз.

2003-жылы Кыргызстанда кыйноолор жөнүндөгү мыйзам күчүнө кирген, бирок тилекке каршы ал мыйзамдын негизинде ушул убакка чейин бир да кызмат адамына кылмыш иши козголуп, соттук чечим чыгарылган эмес. «Өткөн жылы Башкы прокуратура тарабынан милиция кызматкери тарабынан орой мамиле жасалган деген айып менен козголгон 11 кылмыш ишинин экөө «кыйноо», бирөө жөн айыптоо, ал эми сегизи – «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деген беренелерге ылайык козголгон.

Бул көрсөткүчтөр расмий бийлик тарабынан мындай фактыларды тааныгысы келбегендикти көрсөтөт жана өз мезгилинде атуулдарды кыйноолорго алуу өлкөдөгү олуттуу көйгөй бойдон кала берүүдө.
Ошол эле мезгилде «Кыргыз Республикасында кыйноолорду алдын алуу жана атуулдарга адамгерчиликсиз же адамдын кадыр-баркын төмөн түшүргөн мамиле жасоо, жазалоо боюнча Улуттук борбор» тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алуу белгисиз себептер менен артка жылдырылып келет. Адистердин айтымында мындай мыйзамдын кабыл алынышы эркинен ажыратуу жайлары жана эркиндикти чектөө коомчулукка ачык болмок.

Кыргызстан 1996-жылдан бери БУУнун кыйноолорго жана башка ырайымсыз же адамдын кадыр-баркын кемсинткен мамилелерге жана жазалоолорго каршы Конвенциясына мүчө. Эки жылдан кийин Кыргызстан Борбордук Азия мамлекеттеринин ичинен биринчи болуп кол койгон өлкө тарабынан алдын ала эскертүүчү механизмди иштеп чыгуу жана киргизүүнү талап кылган кошумча протоколго да биринчилерден болуп кол койгон. Бул протоколго ылайык, курамына эксперттер жана укук коргоочулар кирген коомдук мониторинг тобу жабык жайларга, биринчи кезекте түрмөлөргө мезгил-мезгили менен бара алышат. Мындай мыйзам жыйнагы январь айынан кечиктирилбей кабыл алынышы керек эле, бирок аны кабыл алуу тартип коргоо органдарынын каршы болушунан улам кийинкиге калтырылган. Мыйзамда БУУнун протоколу тарабынан ал топтун ар кандай жабык мекеме-жайларга кайсы убакта болбосун эч тоскоолдуксуз кирүүсүнө уруксат берилмек.

Бул мыйзам Чыныевдей абалга дуушар болгондорго түздөн түз тиешеси бар. Анткени кармалгандар кармалган күндөн тарта кылмыш ишин иликтөө башталганга чейинки аралыкта өзгөчө алсыз, жардамсыз абалда болушат. Дал ушул мезгилде кыйноолор орун алышы мүмкүн. Милиция кызматкерлери кылмыш ишин батыраак ачып, аны батыраак жабуу максатында, моюнга алуу көрсөтмөсүн алууга аракеттениши толук ыктымал. Ушундай учурда мыйзам бузуп жаткандарга карата күтүүсүздөн текшерүү уюштурса болот. Адистердин айтымында ушундай иш чара гана жогорудагыдай мыйзам бузуучуларга карата бирден бир чара болмок.

Өз мезгилинде мындай мониторингдерди бардык эркинен ажыратып кармоо жайларында биргеликте өткөрсө жакшы болмок.
Ал үчүн баарынан мурда көз карандысыз медициналык экспертиза жүргүзүүгө мүмкүндүк берген жеке соттук-медициналык эксперттик мекемелерди өнүктүрүү керек деп ойлойм. Анткени, алар кыйноолорго кабылган жабырлануучуларга туура медициналык экспертиза чыгарып беришмек. Бул биринчиден, учурда жашап жаткан, соттук медицинанын мамлекеттик Улуттук борборунун монополиялык абалын жоймок. Ал борбор тартип коргоо органдары менен тыгыз байланышта болгондуктан эч качан өз алдынча көз карандысыз жыйынтык чыгарып берүүгө жөндөмсүз.

Учурда текшерүү тартип коргоо органдары тарабынан берилген жолдомонун негизинде гана жүргүзүлөт. Аны да өзгөртүү зарыл. Акырында айта турган нерсе, соттук медициналык жана психологиялык экспертизаларды мамлекеттик жана жеке мекемелерде өткөрүү боюнча чыгашаларды мамлекет өзүнө алышы керек.

Өткөн жылы Кыргызстандын укук коргоо уюмдарына баш аягы 300дөн ашык даттануулар түшкөн. Алар көбүнчө ар кандай айыптоолор менен убактылуу камоо жайларында отурушуп, кызмат адамдарынын ырайымсыз мамилесине кабылышкандар болушкан. Мындай көрсөткүчтөр Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы июнь айындагы каргашалуу окуялардан кийин кескин өскөндүгүн байкоого болот.
Ошол эле мезгилде бир катар укук коргоочу уюмдар ар кандай кылмыш боюнча шектелип камакта жаткандар бир катар кыйноолорго жана ырайымсыз мамиленин башка түрлөрүнө кабылгандыгына тынчсызданышып кайрылышкандыктарын билдирип чыгышкан.

Кыргызстандын түштүгүндө орун алган кандуу каргашаны иликтеген коомдук комиссиянын отчетунда, кормоо жайларында июнь окуяларынан кийин кыйноо фактылары көп санда орун алып жаткандыгы айтылган. Мындай көрүнүштөрдүн улантылып жатышына комиссия тынчсыздангандыгын, ал эми бийлик тарабынан эч кандай жооп болбой жаткандыгы жазылган.

Конфликттен кийинки мезгилде тартип коргоо органдарынын кызматкерлеринин өз кызматтарынан кыянаттык менен пайдалануусуна чекит коюу кечиктирилгис зарылдык эле.

Өз мезгилинде мамлекеттик чиновниктерди тартип бузгандыгы үчүн жоопко тартууга чакырып, мындай көйгөйдүн бар экендигин ачык моюнга алып, ал менен күрөшүү маанилүү экендигин көтөрүп чыгуу менен кыргыз бийлиги жарандардын үмүтүн актап бул маселелерди чечүүдө бир кадам алдыга жылмак. Ошондой эле мындай иш чаралар каргашалуу окуядан кийинки улут аралык мамилелердин калыбына келтирилишине, жыйынтыгында Кыргызстанда улут аралык өз ара түшүнүүчүлүккө шарт түзмөк.

Камиль Рузиев, Кыргызстандагы «Вентус» укук коргоочу уюмдун жетекчиси.

Бул макала Европалык Комиссия тарабынан каржылануучу «Массалык маалымат каражаттары аркылуу Борбор Азияда адам укугун коргоо жана укук таануу» жана Норвегиянын тышкы иштер министрлиги тарабынан каржылануучу «Укук коргоо маселелерин, карама-каршылыктарды жана ишенимдин бекемделишин чагылдыруучу маалымат программасынын» чегинде Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан даярдалды.

Макаланын маңызына толук жоопкерчиликти IWPR алат жана макала Европа шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жана Норвегиянын тышкы иштер Министрлигинин эч биринин кызыкчылыгын чагылдырбайт.

Kyrgyzstan
Torture
Frontline Updates
Support local journalists