Сардар Багишбеков: Кыйноолор көбөйүп кеткен жок, жөн эле адамдар ал тууралуу айтуудан кооптонбой калды.

Сардар Багишбеков: Кыйноолор көбөйүп кеткен жок, жөн эле адамдар ал тууралуу айтуудан кооптонбой калды.

Thursday, 21 January, 2010
. Бирок жарандык чыгаандардын демилгелери мамлкет тарабынан колдоого алынбай жатат. Кыйноолорду колдонуудагы кырдаал, бул кыянаттык менен болгон күрөштүн натыйжалары жөнүндө көп жылдан бери зордук зомбулуктун курмандыктарын коргоо менен алектенген «Голос свободы» Коомдук фондунун жетекчиси Сардар Багишбеков ой бөлүштү.



IWPR: Кыргызстанда кыйноолорду колдонуу кырдаалы тууралуу эмне айта аласыз?



Сардар Багишбеков: Кыйноолордуу колдонуу өнөкөттүү мүнөзгө ээ. Бул көйгөй жылдан жылга чечилбей келет. Аларды алдын алуу иштери жарыбагаен натыйжаларды берди.

Кыйноо фактылары көп катталып жатат, бирок ал жагдай кыйноолор көбөйдү дегенди билдирбейт. Кыйноолор такай эле колдонулган. Кадыресе, бүгүнкү күндө, коомдо мындай фактылар боюнча арыз жазуу маданияты өөрчүдү.



IWPR: Кайсы мекемелерде бул көрүнүш көбүүрөөк жана эмне себептен тараган?



Багишбеков: Акыркы маалыматтага таянсак, катталган кыйноо фактылардын 90 пайызы кармалган адамга каршы биринчи 48 саатта жана шектүү деп табылган адамга соттун чечими чыккыча, андан соң тергөө иштери аяктагыча күнөлүү деп табылган адамга ички иштер кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт.



Кыйноолордун негизги максаты – кармалган адамдын күнөөсүн мойнуна алдыруу же үчүнчү тараптын күнөөсүн далилдөө. Кыйноолордун эң белгилүү фактылары бул уруп-сабоо болуп саналат. Адамдарды уруп-сабоодон алар каза табышкан учурлар болгон. Кыйноонун татаал түрлөрү да бар. Булар желим баштыкты башка кийгизүү, электрошок колдонуу, психологиялык басым. Алар денеге так калтырбайт, бирок бул кыйнооллр аркылуу кызматкерлер кармалган адамдын күнөөсүн мойнуна тагат. Мындай кыйноолор күчөп кетти.



IWPR: 2003 жылы Кыргызстандын Кылмыш кодексине “Кыйноо” деген берене киргизилген. Ал кырдаалды оңдодубу?



Багишбеков: Ал беренени Кылмыш кодексине киргизгени бир да соттун өкүму чыга элек. Бул факт. Сокулук районунда, Жалал-Абад жана Нарын областында үч кылмыш иши козголгон. Бирок биринин да чечими чыга элек.



IWPR: Эмне үчүн ал берене иштебей жатат?



Багишбеков: Ага укутук жана саясий себептер бар. Мамлекет өз аброюн жоготуп, кыйноолордуу сарэсептөөдөн баш тартып жатат. Сарэсепке таянып, бизде кыйноо фактылары жок деп коюш оңой. “кыйноолор” аттуу беренеде кыйноонун так аныктамасы жок. Андыктан адистер кылмыш курамын аныктап, ал беренеге такоо кыйын болуп жатат. Созго аралжы, ал беренени колдонуу тажрыйбасы да катталган эмес. Прокуратура бул беренени кызмат ыйгарым укугунун аша чапкандыкка колдонот. Бул катаалыраак берене, ал эми “Кыйноо” жеңил кылмышка кирип, ага мунапыс актысы таркайт.



IWPR: Балким, анда кызмат ыйгарым укугун аша чапкандыгы үчүн отургузуу эп болоор?



Багишбеков: Биз да ал беренени колдонобуз. Жалгыз эле “Кыйноо” беренеси иштебейт деп айта албайм. Кылмыш кодексинин ага тектеш беренелери да колдонулбай жатат. Негизинен эле кыйноолорду колдонууга жана ырайымсыз зордук-зомбулук ыкмаларга каршы жазалоо тутуму такыр иштебей жатат.



IWPR: Ал тутум иштеши үчүн кандай аракет кылуу керек?



Багишбеков: Биз Кырмыш кодексине жана Кылмыш-жараяндын кодексине кырдаалды мыктоо максатында бир нече өзгөртүүлөрдү киргизүүнү ниеттенип жатабыз. Айта кетсем, кыйноо үчүн жазалоону катаалдантып, аны оор кылмыш даражасы катары кабыл алып, мунапыс акты колдонулбасын деген талап коюунуу максаттадык.



IWPR: Баарынан көп ким кыйноого кабылат жана аларга кандай жардам көрсөтсо болот?



Багишбеков: Кобүнэсе кыйноого жогору жакта колдоочусу жок, калктын алсыз катмары кабылат. Чоңдор, балдар, эркек аял, мыйзамды бузбаган жаран, же тескерисинче, чоң тизмедеги күнөөлөрү бар адам- бул жерде бөтөнчөлүк болбойт. Баары тергөөчүнүн жана ички иштер кызматкеринин гумандуулугуна байланыштуу. Аялдарга каршы көп учурларда алардын аялдык абийрин кодулоого басым жасалган, сексуалдык зордуктоо менен коркутуу кыйноолору колдонулат. Тажрыйба көрсөткөндөй кош бойлуулук да буга иммунитет боло албайт.



Кыйноо курмандыктарын актоо абдан оор жараян. Адамдарда психологиялык, менталдуу коз караштар пайда болот. Биздин уюмдун чегинде кыйноолордун курмандыгын актоо программасы иштейт. Анда психологдор, психотерапевдер, социалдык кызматкерлер кыйноодон жабыркаган адамга жардам көрсөтөт. Мындай программалар абдан керек, адамга ар тараптан жардам берүү зарыл.



Калыбына келүү жараяны 6 айдан көп убакытка созулат. Кээ бирлери үчүн ал жыл санап созулат. Баары адамга жараша болот. Курмандыкты кордогон, шакабалаган адамды жазалоо ага мыкты дары болуп калмак. Андан башка коомдун колдоосу маанилүү фактор болот. Адамдын бир нече күн Убактылуу камакка алуучу жайда отурушу анын кылмышкер экенин далилдебейт. Жана ага чүлүк тагуу али эрте.



IWPR: Кээ бир атка минерлер кыйноонун бар экенин жашырбайт. Мамлекет тарабынан бул маселени чечүүгө кандай аракеттер болуп жатат?



Багишбеков: Кыйноолорго каршы күрөшто акыйкатчынын ишин баса белгилеп кетээр элем. Аны менен бирге айрым депутаттар кыйноого каршы чара көрүү демилгесин чыгарып, эркинен ажыратуу жана эркин чектөө жайларында үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүдө. Мисалы Парламенттин депутаты Алишер Мамасалиев мониторингдин натыйжаларын коомчулукка билдирип турат. Бул фактыга прокуратура кызматкерлеринин таасирдүү жообу болгон жок.



Күч колдонбогон бийлик түзүмдөрүнүн кызматчылары бул көйгөйдү моюнга алышат, бирок ага болгон мамиле ар бириники ар башкача. Кээси татыктуу кылмышкер менен жан кечтилерди кыйнап жатат деген ойдо болсо, калгандары демократиялык укуктук мамлекетте мындай ыкмаларды колдонуу туура эместигин жакшы түшүнүп турат.



IWPR: Улуттук превентивдик механизмди кабыл алуудан кийин кырдаал оңолобу, сиздин оюңуз кандай?

Багишбеков: УПМ үзүрлүү болот деген үмүттөр бар. Бул жерде өлкөнүн саясий эрки өтө маанилүү. Канча сөз кылып көтөрбөйлү, укук коргоо органдары өйдо жактан чечим келгиче каршылык корсөто берээри маалим. Эгер мыкты мыйзам чыгып, бирок саясий эрк болбосо, баары пайдасыз натыйжаларды берет. Мониторинг тобунун адистерин эч ким тоготпойт.



Билдирме:

Кыйноолорго каршы Улуттук превентивдик механизм камакка алуучу, эркин чектөөчу жайларды жарандык демилгечилер тарабынан эркин каттап, мониторингге алуу максатына мүмкүнчүлүк түзөт. Эл аралык милдеттемеге ылайык Кыргызстан УПМди 2010 жылдын январь айынын аягында ишке киргизүүсү керек.

Frontline Updates
Support local journalists