Блиц-маек: Омурбек Суваналиев

Блиц-маек: Омурбек Суваналиев

Thursday, 27 October, 2011

Омурбек Суваналиев (өз талапкерлигин өзү көрсөткөн)

1. Баш мыйзамды өзгөртүүгө карата көз карашыңыз кандай? Эгер өзгөртүү керек болсо эмнени өзгөртүү керек?

Баш мыйзам өзгөртүлүшү керек, анткени ал ошол трагедиялык күндөрү таңууланып кабыл алынды. Күчтүү президент жана күчтүү парламент болушу керек. Мен башкаруунун президенттик-парламенттик формасын сунуштайм.

2. “Манас” аба майданындагы транзиттик борборду калтыруу керекпи?

Транзиттик борбор – бул шайлоого катыша турган кээ бир саясатчылардын соодалашуусу. Бизде базаны жапкыла деп талап кылган эч ким жок. Жүк ташуучу транзиттик борбор террорчулукка каршы күрөшүү программанын негизинде иштеп жатат жана ал терроризм толук жок кылынмайынча иштеши зарыл.

3. Тышкы саясатта эмнеге артыкчылык бересиз?

Бизге жардам көрсөтүп жаткан бардык мамлекеттердин баары менен жакшы мамиледе болушубуз керек. Стратегиялык өнөктөштөрүбүз - булар биздин кошуналарыбыз жана Орусия. Ошондой эле Евросоюз жана Америка.

4. Этникалык саясат кандай болушу керек?

Кыргызстанда тынчтык жана өз ара түшүнүү болушу керек. Элдерди жана аймактарды бөлгөн - бул бир гана бийлик. Бийлик адилеттүү болушу керек.

5. Мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүүгө жана улутташтырууга кандай карайсыз?

Куралдуу төнкөрөштөн кийинки ойдон чыгарылган нерселердин баарын – декреттер жана башка жаңылыктар – мен тааныбайм, алардын баары мыйзамсыз.

6. Президент болуп калсаңыз, сиздин алгачкы милдеттериңиз?

Коррупция менен күрөшүү.
 

Frontline Updates
Support local journalists