Оштогу башаламандык

IWPRдын редактору Кыргызстандын түштүгүндөгү Ош шаарында болгон башаламандыктар жөнүндө айтып берет

Оштогу башаламандык

IWPRдын редактору Кыргызстандын түштүгүндөгү Ош шаарында болгон башаламандыктар жөнүндө айтып берет

Armed men roam the streets of Osh as a pall of smoke settles over the city. (Photo: Inga Sikorskaya)
Armed men roam the streets of Osh as a pall of smoke settles over the city. (Photo: Inga Sikorskaya)
Homes were torched selectively, according their owners’ ethnicity. (Photo: Inga Sikorskaya)
Homes were torched selectively, according their owners’ ethnicity. (Photo: Inga Sikorskaya)
This van shows which side its owner is on. (Photo: Inga Sikorskaya)
This van shows which side its owner is on. (Photo: Inga Sikorskaya)
Kyrgyz security services move in to restore a degree of order. The vehicle’s camouflage was never intended for an urban setting like this. (Photo: Inga Sikorskaya)
Kyrgyz security services move in to restore a degree of order. The vehicle’s camouflage was never intended for an urban setting like this. (Photo: Inga Sikorskaya)
Rows of shops and homes now stand in ruins. (Photo: Inga Sikorskaya)
Rows of shops and homes now stand in ruins. (Photo: Inga Sikorskaya)
Makeshift barricades create divisions all across town. Hanging forlornly above is a banner left over from Victory Day in May, calling for friendship between nations. (Photo: Inga Sikorskaya)
Makeshift barricades create divisions all across town. Hanging forlornly above is a banner left over from Victory Day in May, calling for friendship between nations. (Photo: Inga Sikorskaya)
Tuesday, 29 June, 2010

Биз бейшембиден жумага караган түнү(10 -11-июнь) 1.30 дар чамасында Оштун борбордук районунда үрөйдү учурган октун үнүнөн ойгондук. Биз «Алай» жана «Кристал» мейманканасынан анча алыс эмес жерде элек. Тополоң дал ушул жерден башталып, элдердин кыйкырган үндөрү, атылган октордун үнү, өрт өчүрүүчү машиналардын ызы-чуусу угулуп турду.

Качан биз шаарга жаңы эле келгенде, көчөдөгү, базарлардагы карапайым элдер, эмнеге ушундай учурда келдиңер, жакында бир нерсе башталганы турат - деп сурап жатышкан.
 

Ошол түнү гана, алар эскертип жаткан нерсенин башталганын түшүндүк.
 

Окуянын масштабы жана атылган октордун үндөрүнөн биз бул апрелде Бишкекте өткөн окуяга окшобогон-дугун дароо эле сездик. Бул такыр башкача күрүнүш – үрөйдү учурган атышуулар, жүрөктү титиреткен кыйкырыктар – эле.
 

Атышуулар таң атканга чейин уланды. Биз уктай албадык, ошондуктан телефон чалып маалымат чогулта баштадык. Атышуулар токтобостон, тескерисинче убакыт өткөн сайын күчөп жатты.
 

Биз турган үй эки жолдун кесилишинде жайгашкандыктан көчөдө эмне болуп жатканына байкоо жүргүзүүгө ыңгайлуу болду. Кийинки күнү кээ бирлери колдоруна курал алгса, кээ бирлери таяк алган бетине маска тагынган адамдар пайда болду. Бул балдар беттерин жоолук менен жаап алышкан, алардын көздөрү гана көрүнүп турду. Кээ бирлери башын аскердик жоолуктар менен байлап алышкан эле. Алардын көзү менен эле кара маскасы көрүнүп турду.
 

Талап тоноочулук кечирээк башталды, алгач атышуулар эле болуп жаткан.
 

Жума күнү түшкө чейин (11-июнь) шаар күйүп жатты. Күл, чаң, түтүн биздин үйдүн балконуна келип түшүп жатты.
Бул жакын арада токтобой тургандыгын баарыбыз түшүнүп турдук.
 

Ишемби күнү кечинде аскердик иш-чаралар башталып, оор артиллерия колдонула баштады. Бөлмөбүздүн дубалы калчылдып жатты. Сулайман – тоо өрттүн ортосунда калды.
 

БУЛ ОКУЯ КҮН МУРУНТАН УЮШТУРУЛГАНБЫ?
 

Кийинчерээк биз шаарды машина менен аралаганыбызда, шаар Экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде бомбаланган кейипти кийип турду, бардыгы күлгө жана урандыларга айланып калгандыгын көрдүк. Эгер окуя кокусунан болду дей турган болсок, үч күндүн ичинде мындай болмок эмес. Окуянын күн мурунтан даярдалгандыгы ачык эле көрүнүп турду.
 

Элдер да бир нерсенин болуп кетишинен чочулап, коркуп турушкан. Окуя башталардан бир кун мурун биз Жалалабадга барганбыз. Жолдо айдоочу жана башка жүргүнчүлөр менен сүйлөшүп барганбыз. Кандайдыр бир жалпы оор абал бар экендиги сезилип турган, бул этникалык кагылышууну күтүү болгон экен.
 

Биздин алгачкы айдоочубуз кыргыз болсо, ал эми кийинкиси өзбек эле. Алардын экөө тең бул жөнүндө айтышкан. Качан биз Жалалабадан кайтып келгенибизде Ош шаарындагы борбордук мечиттин жанында өзбек жана кыргыз улутундагы балдардын ортосунда ири жаңжал болгондугун уктук. Бул жаңжал өзбек такси айдоочулары менен алардын кардаалдары - кыргыздардын ортосунда болгон.
 

Бир аз мурдараак менин кошунам базарга барганда, ага тамак-ашты көп-көп сатып алууну айтып, анын себебин кыргыздар менен өзбектердин ортосунда согуш башталганы жатканы менен түшүндүрүшкөн.
 

Иш-жүзүндө баары муну билишкен, баары күтүшкөн, бирок мунун алдын алып болтурбай коюга аракет жасашкан эмес.
 

Иш-аракеттер өтө кылдаттык менен даярдалган. Бир туруп шаардын бир районунда, андан көп өтпөй башка районунда кагылышуулар чыгып жатты.
Алар кай жакка кетип жаткандыгын бүт билишкен. Борбордук көчөнү кесип өткөн Араван көчөсүнөн жогору карай машиналарда куралданган адамдар өзбек махаллалары жайгашкан районду көздөй бет алышты. Куралданган адамдар менен толукталган машина ошол тарапты көздөй бет алып, көп убакыт өтпөй кайра келишти.
 

Андан кийин бир машина келип көчөдөгү куралданган элдердин тобуна бутылкадагы сууларды жана нан таркатып беришти. Өздөрү жасаган блокпостордон кандайдыр бир баштыктарды – мүнкүн курал-жарак, мүнкүн жөн эле тамак –аш – алып өтүп жатышты.
 

Бардыгы өтө кылдат уюштурулгандыгы көрүнүп турду.
 

ТАМАК АШТЫН ТАҢКЫСТЫГЫ ЖАНА ЭЛЕКТР ЖАРЫГЫНЫН ӨЧҮРҮЛҮШҮ.
 

Бизге катар жайланышкан өрт өчүрүүчүлөр, аларга суу бербей токтотуп салышкандыгын айтып даттанышты. Кийинки күнү биздин борбордук райондо бир эле мезилде электр жарыгын да, жаратылыш газын да берүүнү токтотуп салышты. Иш жүзүндө тополоң башталган бүткүл район өзүнчө эле обочолонуп калды.
 

Электр трансформатору күйүп жатты, элдер электр жаргы элдин коопсуздугу үчүн өчүрүлгөндүгү тууралуу айтып жатышты.
Тургундар электр жаргысыз, жаратылыш газысыз, тамак ашы жок калышты. Ичүүчү сууну уулап салышты деген кыңыр кептер да угула башатады. Минералдык суу жок эле, элдер сууну көчөдө от жагышып казандарда кайнатып жатышты
 

Биздин айланабыздагы үйлөрдө жашаган адамдар үчүн эң коркунучтуусу жалган сөздөрдүн тарашы болду. Тамак–аштын жоктугунан өзгөчө пенсия жашындагы адамдар, алар ачкачылыкка кабылышкандыгын түшүнүп жатышты. Элдердин көпчүлүгүнө эскертилген экен, бирок окуя кеңири масштабды кучагына алды.
 

Тамак –аш болгон жок, бардык ири дүкөндөр талап-тоноочулукка учураган эле. Элдер колуна келгенин ташып жатышты. Биз башка шаардан келгендиктен кайда барышыбызды билбей калдык. Мүнкүн жергиликтүү калкта андай болбогон чыгаар.
Көчөгө чыгууга мүнкүн болбоду, чыкканда деле – дүкөндөрдүн баары иштебейт. Эч кандай тамак-аш болгон жок, мародерлор жол четине отурушуп сосискаларды жеп жатышты.
 

Элдер үйлөрүндөгү тамак-ашты бүт жеп бүтүштү. Бизде үчүнчү күнгө карай баары түгөндү. Бактыга жараша Интерньюс уюмунун Оштогу өкулчүлүгүнөн анча көп эмес гуманитардык жардам көрсөтүлуп, ошонун негизинде бир аз тамак-аш ала алдык.
 

ЭТНИКАЛЫК ПИКИР КЕЛИШПӨӨЧҮЛҮКТӨР.
 

Эгер шаарды этникалык белгилери боюнча бөлүп карай турган болсок, шаардын борборунда көпчүлүгү кыргыздардын району. Бул этникалык топтордун ортосундагы кагылышуу болгонуна карабастан, мен негизинен кыргыздарды эле көрдум, ошондой эле сумкаларын көтөрүп короолорунда жүргөн өзбектерди көрдүм. Алар жашырынышып же сыртка чыгууга аракеттенип жатышты.
 

Бул кагылышуу улуттук негизде чыкты деп айтып жатышат. Кагылышууга катышкан балдар жакынкы айыл жерлеринен келишкен. Албетте алардын артында кандайдыр бир күчтөр турат.
 

Көп жылдар бою жанаша жашашкан карапайым калк, коңушулар мындан алыс эле. Кыргыз райондорунда кыргыздар өзбектерди бекитип, орстар өзбектерди бекитип жардам беришти.
 

Өзбек махаллаларында башка улуттун өкүлдөрү өтө аз жашашат. Негизинен этникалык өзбектер жашашкан Черемушкада дээрлик бардык үйлөр өрттөлгөн.
 

Колунда куралы болгон адамдар кимдир бирөөлөр тарабынан жалданып алынгандыгы көрүнүп эле турду.
 

Куралчан адамдар белгисиз бирөөлөр тарабынан жалдангандыгы билинип турду. Аларда кандайдыр мотивация болгон деп айтууга болбойт, бирок алар бир улутка каршы күрөшүп жатышканын так билишкен. Болгону ушул.
 

Мен чоң адамдар топтомун көрдум, алардын баары куралчан болушчу. Качан гана Оштон качууга аргасыз болгонубузда, биз атайы жалданган корукчулар менен шаардан чыгып бараттык. Кароосуз ал жерде жүрүүгө мүмкүн эмес болуучу. Көчөдөгү ар бир адамда экиден Калашников автоматы бар эле. Бизден курал-жарак керектигин сурап, алардан сатып алышыбызды сунуштап жатышты.
 

БТРге КАЧУУ
 

Мен өзумчө бул башаламандыктар Бишкектегидей - эки кун болуп токтоп калат деп ойлоптурмун. Бирок андай болгон жок.
 

Мен журналист болгондугума байланыштуу, менде жогорку даражадагы чиновниктер менен байланыш болгондуктан аларга телефон чалууга аргасыз болдум. Мага Ош шаарынын Ички иштер бөлүмүнүн начальниги Өмүрбек Суваналиев жардам көрсөттү. Ал журналисттерди эвакуациялоого чоң салымын кошту.

Полицейский бизге куралчан күзөтчүлөр менен машина жиберерин убада берип, алар бизди алгач Ички иштер бөлүмү жайланышкан районго алып барышарын билдирди. Андан кийин бизди бронетехниканын жардамы менен аэропортко алып келишти, себеби аэропортко кеткен жол өзбек айылдары аркылуу өтөт. Тынымсыз ок атышуулар болуп жаткандыктан жөнөкөй транспортто бул жерден өтүү өтө кооптуу эле.
 

Бизди бронотехникада аэропортко алып келишти. Самолетко түшүү үчүн ал жерде 10 саат бою күтүүгө туура келди. Кеч киргенде гана элдер Ошко гуманитардык жардам алып келген учактарда эвакуацияланышы маалымдалды. Ошол себептен алы жеткендин баары талааларды, узун жолдорду жөө аралап, аэропортко карай бет алышты.

Инга Сикорская, IWPR дын редактору

Бул макала «Массалык маалымат каражаттары аркылуу Борбор Азияда Адам укугун коргоо жана укук таануу» долбоорунун негизинде Европалык комиссиянын колдоосунда Согуш жана бейпилдикти чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан даярдалды. Долбоор Европалык Комиссия жана Норвегиянын тышкы иштер Министрлиги тарабынан каржыланат.

Макаланын маңызына толук жоопкерчиликти IWPR алат, жана макала Европа шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жана Норвегиянын тышкы иштер Министрлигинин эч биринин кызыкчылыгын чагылдырбайт.

Kyrgyzstan
Support our journalists