Кыргызстандын жаңы өкмөтү өз ара биригиши керек
Убактылуу өкмөт кыйынчылыктардан арылып, болгон күчүн абалды турукташтырууга жумшашы керек дешет аналитиктер.
Кыргызстандын жаңы өкмөтү өз ара биригиши керек
Убактылуу өкмөт кыйынчылыктардан арылып, болгон күчүн абалды турукташтырууга жумшашы керек дешет аналитиктер.
Кыргызстандын Убактылуу өкмөтү мыкты башкарууну түзүүгө толук мүмкүнчүлүктөрү бар, бирок алар абалды турукташтырууда жана бирдиктүү өкмөттү түзүүдө ыкчам аракеттерди жасашы зарыл экендигин аналитиктер жана жарандык коомдун өкүлдөрү айтышууда.
Алар зордук зомбулуктун чыгышына алып келген жер басып алуучулукту токтотууга утурумдук жетекчилик жөндөмсүз болууда деген жактырбаган ой пикирлерин билдиришүүдө. Өкмөт мүчөлөрүнүн түрдүү билдирүүлөрүнөн улам, алардын арасында бирдиктүү иш жүргүзүү болбой жаткандыгын көрсөтүшүүдө. Алардын ичиндеги жеке амбициялардын болушу өлкөнү натыйжалуу башкарууга тескери кедергисин тийгизиши мүмкүн деп кооптонушкандыгын айтып чыгышууда.
Курманбек Бакиевдин бийликтен кетишин шарттаган 6-7-апрелдеги массалык көтөрүлүштүн натыйжасында бийликке келген Убактылуу өкмөт негизинен белгилүү үч оппозициялык партиянын өкүлдөрүнөн турат.
Роза Отунбаева – парламенттеги азчылыкты түзгөн cоциал-демократиялык партиянын лидери, премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Ушул эле партиянын лидери Алмазбек Атамбаев экономикалык өнүгүүгө жооп берген премьердин биринчи орун басары болуп калды, «Ак-Шумкар» партиясынын лидери Темир Сариев – финансы министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды, ал эми «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге Конституциялык реформа жүргүзүү иши тапшырылды.
Аналитиктердин пикиринде, мурдагы бийликке караганда жаңы бийликтин курамына түштүк аймактан да, түндүк аймактан да өкүлдөрдүн кириши чоң жетишкендик болду. Анткени бийлик үчүн эки аймактын өкүлдөрү илгертеден атаандашып келишкен.
Мисалы, Отунбаева жана Текебаев өлкөнүн түштүгүнөн болсо, ал эми Атамбаев менен Сариев түндүк аймактан. Отунбаева менен Атамбаевдин партиялаш болгондугун эске алганда да, жердешчилик – бөлүнүүнүн негизги фактору боло албайт.
«Учурда убактылуу өкмөттө жетишээрлик түрдүү саясатчылар бар: түрдүү аймактын өкүлдөрү, ар кандай адистик чөйрөнүн адамдары. Бул жаңы өкмөттүн калк арасында кеңири колдоо базасы бар дегенди түшүндүрөт», - деди белгилүү саясат таануучу Александр Князев.
Отунбаева – дасыккан саясатчы, ал дипломатиялык кызматта иштеген, мурдагы бийликтин мезгилинде тышкы иштер министри болуп турган. Текебаев 2005-2006-жылдары парламенттин спикери болгон жана дасыккан мыйзамчы деп эсептешет. Атамбаев жеке ишкердик менен алектенип, Бакиевдин мезгилинде аз убакыт премьер-министр болуп иштеген. Сариев финансы чөйрөсүндө тажрыйбасы бар, парламенттин эки жолку депутаты.
Князевдин пикиринде, өкмөт мүчөлөрүнүн тажрыйбасынын мындай ар тармактуулугу өкмөткө пайдалуу жана биримдикти сактоонун бирден бир шарты болуп эсептелет.
ЖЕРЛЕРДИН БАСЫЛЫП АЛЫНЫШЫ КООПСУЗДУККА БОЛГОН КОРКУНУЧ
Бакиев Кыргызстанды 15-апрелде таштап чыгып кетти жана ошол күндөн тарта Белоруссияда болууда.
Убактылуу өкмөт шашылыш түзүлгөн күндөн тарта кийинки шайлоо октябрь айында боло тургандыгын, конституциялык реформаларды жүргүзүүнүн пландарын жарыялап, Россия, Америка сыяктуу ири мамлекеттер менен байланышты жөнгө сала алды.
Өлкөнүн ичинде Убактылуу өкмөттүн тартипти жөнгө салууда ыкчам жана чечкиндүү аракеттерди көрбөй жаткандыгы сынга алынууда. Мындай шартта кырдаал көзөмөлдөн чыгып, карама-каршылыктардын өсүшү мүмкүн эле.
Бишкектин түндүк тарабындагы Маевка айылында 19-апрелдеги жер талаштын айынан 5 адам каза таап, жергиликтүү тургундарга тиешелүү 7 үй өрттөлүп, дагы бир канча турак-жай талкаланган. Мындан сырткары 40 чакты адам жаракат алганы расмий айтылган.
Ушуну менен удаалаш эле, 21-апрелде өлкөнүн түштүгүндөгү Жалал-Абад шаарында Бакиевдин жактоочулары менен милиция кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу орун алды. Эске сала кетчү нерсе, өткөн аптанын башында Бакиевдин жактоочулары жергиликтүү администрациянын имаратын жана жергиликтүү телеканалды басып алышкан эле.
Убактылуу өкмөт элге каршы чыккандарга катуу чара көрүлөөрүн билдирип, калкка кайрылуу менен чыкты. Анда акыркы кезде болуп жаткан окуяларга байланыштуу Убактылуу өкмөт тез арада коомдук тартипти камсыз кылууну жана зомбулук, мыйзамсыздыкты токтотуу үчүн чукул чара көрөрү айтылган. Чукул чарага ылайык, атуулдардын өмүрүнө коркунуч келтирип, алардын үй-жайына, жеке менчигине, жарандык жана аскердик объектилерге каракчылык менен кол салгандарга укук коргоо органдары мыйзамдын чегинде ок ата тургандыгы да белгиленген.
Жер басып алуучулардын кээ бирлери: «Бакиевдин бийлигин кулатууга катышкандыгы үчүн бизге жер берилиши керек», - деп билдиришүүдө.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун кызматкери Гүлнур Абазбекова бийлик алардын талабын аткарууга барбашы керектигин айтты.
«Утурумдук өкмөттүн карманган көз карашы так болушу керек», - деди ал.
«Эгалите» коомдук фондунун башкы директору, конфликтолог Татьяна Выговская «катуу чаралар колдонулушу керек» - деген ойго кошулат.
Анын пикиринде «калың топ алардын башчысы бар экендигин билиши керек».
Төлөйкан Исмаилова «Жарандар коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси. Ал Маевкадагы окуяларды иликтөөгө алган көз карандысыз комиссиянын курамына кирди. Ал 24 kg маалымат агенттигине берген маегинде, Маевка айылында кыргыздар менен катар этникалык орустар жана түрк-месхиттер жашаарын, ошого окшогон эле кол салуулар кыргыздардын үйүнө да жасалгандыгын айтты.
«Бийлик абалды туруксуздаштырууга болгон аракеттерди түп тамырынан жок кылышы керек. Биздин өлкөдө негизги улуттун артыкчылыгы же аз улуттарды кемсинтүү сыяктуу нерселерге орун жок.
«Маевкада болгон зомбулук курчуган социалдык маселелер чечилбей калып жаткандыгын көрсөттү», - деди ал.
ӨКМӨТТҮК КЫЗМАТТАРДЫ БӨЛҮШТҮРҮҮ
Өкмөттөгү жогорку кызматтарды бөлүштүрүү мурдагы оппозиционерлердин бир командада иштей алышына шектенүүлөрдү туудурууда. Аналитиктер жаңы бийлик Бакиевдик администрациянын төбөлдөрүн жана мамлекеттик кызматчыларын жаңы адистер менен толуктай алабы? Башкаруу жер жерлерде кандай ишке ашырылмакчы? – деген суроолорду коюшууда.
Жарандык коомдун өкүлдөрүнүн айтымында, бардык кадрдык дайындоолор «Ата Мекен» партиясы менен Социал – демократиялык партиясынын чегинде өтүүдө.
«Бардык кадрдык дайындоолор эки партиянын атаандашуусу менен ишке ашып жатат», - деди «Адилет» укуктук клиниканын жетекчиси Чолпон Жакыпова.
Белгилүү социал-демократтар, Салматтыкты сактоо министрлигинин, Бишкек шаарынын мэринин, Ысык-Көл жана Чүй областарынын (экөө тең Кыргызстандын түндүгүндө жайланышкан) губернаторлугунун милдетин аткаруучу болуп дайындалышты. Ички иштер министри, өзгөчө кырдаалдар министри, ошондой эле мамлекеттик мүлк министрлигинин башчысы «Ата Мекен» партиясынан дайындалды.
«Интернет саясатынын жарандык демилгеси» фондунун башчысы Таттуу Мамбеталиева «Бакиевден кийинки дайындоолорду систематикалуу изилдөөлөр көрсөткөндөй, мамлекеттик кызматтар, жогорку жетекчилерден тарта мектеп, бала бакчалардын жетекчилерине чейинки кызматтардын 80%ы ушул эки партиянын өкүлдөрүнөн тургандыгын көрсөттү», - деп айтты.
17-апрелде жарандык коомдук уюмдар кезексиз жолугушуу уюштурушуп, анда Мамбеталиева алдыдагы шайлоодо «Ата Мекен жана социал-демократтардын татыксыз аракеттерине карата өз таасирибизди тийгизе алабыз деп эскертти.
Жолугушууга утурумдук өкмөттүн лидери Роза Отунбаева да катышты. Жолугушуунун катышуучулары, туура эмес дайындоолор жана жалпы абалдын туруксуздугу өкмөткө болгон элдин ишенимин жоготот, ошондой эле этникалык топтордун ортосундагы пикир келишпөөчүлүктүн күчөшү мүмкүн деген чочулоону камтыган резолюция кабыл алышты.
Өздөрүнүн кызыкчылыктарын көтөргөн саясий партиялар менен катар, жеке лидерлер да кадрларды дайындоодо.
«Канча лидер болсо, ошончо амбиция болууда», - деди саясий байкоочу Марс Сариев.
Князевдин айтуусунда өкмөткө кирип калган көптөгөн белгилүү адамдар президент болуп калуу үмүтүндө болушууда, ошол эле мезгилде, бул орунга ким келбесин ал да Бакиев сыяктуу чексиз бийликке умтулуу коркунучу бар экенин сезип турушат.
Курманбек Бакиев 2005-жылы март айында Аскар Акаевди президенттик кызматын таштап өлкөдөн качып кетүүгө аргасыз кылган «жоогазын» революциясынын натыйжасында бийликке келди. Ошол мезгилде Бакиев демократиялык реформаларды жүргүзүүгө убада берген жана бүгүнкү күнү анын бийлигин кулаткан оппозициялык күчтөр менен тыгыз байланышта болгон. Бирок президент болгондон кийин бүт бийликти өз колуна топтоп оппозициядагы колдоочуларын жоготуп алды.
Князевдин айтымынды, бул бүгүнкү лидерлер үчүн пайдалуу сабак болду. «Алар жада калса бири- биринен чочулоодо, анткени алар күтүлбөгөн нерселердин болуп кетишин Бакиевдин мисалынан көрүштү», – деди ал.
Аналитиктер бул калып жаңы иштелип чыгып, референдумга коюуга даярдалып жаткан Конституциянын жаңы редакциясы тарабынын бузулаарына үмүттөнүшөт. Анда авторитаризмдин коркунучтарын азайтуу максатында президенттин ыйгарым укуктарын кыскартып, парламентти бир топ күчөтүү пландаштырылып жаткандыгын Текебаев Улуттук телеканалдан билдирди.
Князев мындай планды колдойт. «Кээ бир саясатчылардын жетекчиликке умтулуусуна мүмкүндүк бербөө үчүн Кыргызстанда бийлик бутактарынын ортосундагы ыйгарым укуктары бөлүштүрүлүшү керек», - дейт ал.
Бишкектен, мамлекеттик башкаруу боюнча адист Шерадил Бактыгулов башкарууну реформалоо Кыргызстандын регионундагы бийлик институттарын да өзүнө камтышы керек деп эсептейт. Анын пикиринде, дал ушул жергиликтүү бийликтер абалды турукташтырууда чоң рол ойнойт.
«Учурда утурумдук бийлик негизинен президенттин, парламенттин жана бийликтин сот тармагынын ортосундагы ыйгарым укуктарды тактоо аракетинде болууда, же болбосо бийликтин борбордук деңгээлдеги архитектурасын куруу менен алектенишүүдө. Иш жүзүндө эч ким өлкөдөгү мамлекеттик башкаруу системасына жана жергиликтүү өзүн-өзү башкарууларга көңүл бөлгөн жок», - деди ал.
МАКУЛДАШУУЛАРДЫН ЖОКТУГУ
Утурумдук өкмөттүн мүчөлөрү кезек кезеги менен бири-бириникине такыр окшобогон билдирүүлөрдү жасоодо.
Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Атамбаев Америкага Бишкектен алыс эмес жерде жайгашкан согуштук-аба базасын андан ары колдонуусуна мүмкүндүк берүү акылга сыйбайт деп билдиргенден көп өтпөй, премьер-министрдин милдетин аткаруучу эки өлкөнүн ортосунда мурда жасалган келишимди бекемдөөгө аргасыз болду жана жаңы өкмөт Вашингтон менен буга чейин болгон келишимди сактайт деп билдирди.
Атамбаев өзүнүн пикирин 12-апрелдеги маалымат конференциясында айтты. Кийинки күнү Отунбаева ушул жылдын июль айында мөөнөтү бүтүү алдында турган ар жыл сайын макулдашылган келишим автоматтык түрдө узартылат деп билдирди.
Макулдашылган иш-чаралардын жоктугун көрсөткөн дагы бир мисал, жаңыдан ички иштер министри болуп шайланган «Ата Мекен» партиясынын жетекчисинин орун басары Болот Шерниязовдун кызмат ордунан кетишин талап кылышып тартип коргоо органдарынын кызматкерлеринин митингге чыгышы болду. Өлкөнүн түштүгүндөгү Жалал-Абад шаарында милиция кызматкерлери 17-апрелде митинг өткөрүштү. Ушундай эле митинг эки күндөн кийин Ошто жана Бишкекте болду.
Утурумдук өкмөттүн мамилеси аларга түшүнүксүз болуп, абалды бир аз курчутту. 19-апрелде Убактылуу өкмөттүн администрация башчысы Эдил Байсаловдун электрондук почтасынан жөнөтүлгөн маалыматта Шерниязов өзүнүн орун басары, ИИМдин адистик офицери Бакыт Алымбеков менен алмаштырылганы айтылган.
Бирок кийинки күнү өкмөттүн төрагасы жана ИИМ бул маалыматты четке какты. Алар Шерниязов өзүн жаман сезгендигинен, анын ишин Алымбеков убактылуу алмаштыргандыгын, Шерниязов министр болуп кала берээрин жарыялашты.
Кээ бир аналитиктер мындай көрүнүштү бийликте иреттүү тартиптин жоктугу деп санашууда.
Бактыгуловдун ою боюнча, бул толук түзүлүп бүтө элек жаңы жетекчиликтин качып кутулгус алгачкы кыйынчылыктары болуп эсептелет.
КӨЗӨМӨЛДҮ ОРНОТУУ ҮЧҮН УБАКЫТ ЧЕКТЕЛҮҮ
Марс Сариев Роза Отунбаеваны менменсинген жаңы саясий күчтөрдүн ичинде турукташтыруучу күч деп эсептейт.
«Ал ийкемдүү сүйлөшүүлөргө даяр адам, жердешчилик ойдон алыс тажрыйбалуу саясатчы, эркектердин өз-ара атаандашуусуна мүмкүндүк берген аял», - деди ал.
Эгер өкмөттөгү биримдиктин жоктугу, жетекчиликке болгон өлкө ичиндеги жана сыртындагы ишенимдин жоголушуна алып келсе, жыйынтыгы жаман болушу мүмкүн, дейт Сариев. Анда өлкө ичиндеги жаңы өкмөттүн абалды турукташтырууда жөндөмсүздүгүнө нааразы болгон күчтөр пайда болот.
«Мисалы, революцияны ишке ашырган жаштар, же четте калган төбөлдөр бар. Ошолор Утурумдук бийликти сынга алып, бул өкмөт элдин кызыкчылыгын чагылдырбайт деп айыпташат», - деди Сариев.
«Бул бийликтин өтө аз убактысы калды – эң көп дегенде эки-үч жума, - деди Марс Сариев.
Анара Юсупова – Кыргызстандагы журналистин жашыруун аты. Асыл Осмоналиева, IWPRда тренингден өткөн Кыргызстандагы кабарчы.
Бул макала «Массалык маалымат каражаттары аркылуу Борбор Азияда Адам укугун коргоо жана укук таануу» долбоорунун негизинде Европалык комиссиянын колдоосунда Согуш жана бейпилдикти чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан даярдалды. Долбоор Европалык Комиссия жана Норвегиянын тышкы иштер Министрлиги тарабынан каржыланат.
Макаланын маңызына толук жоопкерчиликти IWPR алат жана макала Европа шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жана Норвегиянын тышкы иштер Министрлигинин эч биринин кызыкчылыгын чагылдырбайт.