Кыргызстандын түштүгүндөгү кыйроолордун чыгымы

Июнь айындагы башаламандыктардын күбөлөрү адам өлүмдөрү жана кыйроолор тууралуу статистикалык маалыматтардан сыртта калган адамдардын трагедиясы жөнүндө айтып жатышат.

Кыргызстандын түштүгүндөгү кыйроолордун чыгымы

Июнь айындагы башаламандыктардын күбөлөрү адам өлүмдөрү жана кыйроолор тууралуу статистикалык маалыматтардан сыртта калган адамдардын трагедиясы жөнүндө айтып жатышат.

Armed men roam the streets of Osh as a pall of smoke settles over the city. (Photo: Inga Sikorskaya)
Armed men roam the streets of Osh as a pall of smoke settles over the city. (Photo: Inga Sikorskaya)
Rows of shops and homes now stand in ruins. (Photo: Inga Sikorskaya)
Rows of shops and homes now stand in ruins. (Photo: Inga Sikorskaya)
A disused military vehicle into service as a barricade on the outskirts of Osh. (Photo: Isomidin Ahmedjanov)
A disused military vehicle into service as a barricade on the outskirts of Osh. (Photo: Isomidin Ahmedjanov)

Кыргызстандын түштүгүндө болуп өткөн этникалык кагылышуу учурунда каза тапкандардын саны өсүүдө, анткени урандылардын алдында калган жана боордоштук көрүстөндөргө көмүлүп салынган адамдардын денелери табылууда.

12-июлда Кыргызстандын саламаттыкты сактоо Министрлиги өз отчётунда, 10-июндан 11-июнга караган түнү Ош шаарында, андан көп өтпөй Жалал-Абад шаарында жана шаардын жака белинде башталып бир нече күнгө созулган кагылышуулар учурунда 312 адам каза тапкандыгын маалымдаган.

Соттук экспертиза көрсөткөндөй, каза тапкан 249 адамдын 90%ы 20дан 44 жашка чейинки эркектер болгон. Алардын 56%ы октон жараат алгандар болсо, 16%га жакыны бычактан жана башка ур-токмоктон алынган жарааттардан көз жумушкан. Ал эми 2300гө жакын адам ар кандай жараат алышып ооруканаларга жаткырылган.

UNHCRдин берген маалыматы боюнча кандуу кагылышуулардын натыйжасында 400 миң адам өз үйлөрүн таштап кетишкен. Бүгүнкү күнгө карай Өзбекстандын чек арасынан баш калка издеген 80 миң этникалык өзбек качкындарын кошкондо, алардын көпчүлүгү өз үйлөрүнө кайтып келишкен.

Ош шаарынын коменданты Курсан Асановдун маалыматына караганда, 6-июлга карай Ошто 24 адамдын денеси белгисиз бойдон калып, ал эми 41 адам дайынсыз бойдон калууда.

IWPRдын журналисттери кыйроолордун масштабын тактоо, ошондой эле тургундар менен пикир алмашуу максатында Ош жана Жалал-Абад шаарларын кыдырып чыкты. Алар статистикалык маалыматтан тыш калган адам өлүмдөрү, кыйратылган үйлөр жана калктын жапа чегүүлөрү тууралуу маалымат жыйнашты.

Алар эки облуста тең ондогон адамдардын өлүмүн өз көзү менен көргөн элдер менен сүйлөшүштү.

Жалал-Абаддагы карыган өзбек киши IWPRга 14-июнда, качан бул шаарда башаламандык башталганда, 36 адамдын денеси көмүлгөндүгүн, кийинки эки күндүн ичинде алардын саны бир аз азайып – күнүнө 5, 10 адамды түзгөндүгүн айтты. Бул эки күндөн кийин расмий бийлик тарабынан берилген - Жалал-Абадда 47 адам өлдү, - деген расмий маалымат менен дээрлик дал келет.

IWPRдын журналисттери чогулткан маалыматтарга таянсак, Ошто каза болгон адамдардын көп саны шаардын чыгыш тарабынан орун алган «Фуркат» жана «Амир Темур», ошондой эле батыш тарабындагы «Черемушка» кичи райондорунда болгон деп божомолдоого болот. Биринчи эки кичирайондун тургундарын негизинен этникалык өзбектер түзүшсө, ал эми «Черемушкада» өзбектер менен катар кыргыздар жана орустар, татарлар сыяктуу башка улуттардын өкүлдөрү жашашат.

Оштон өз атын атагысы келбеген медицина факультетинин студенти 11-июндан тартып ооруканалардын биринде мөөнөттө үч күн турган. Бул кандуу кагылышуунун эң курчуган күндөрү эле. Алгач ал ири бейтапканада болуучу, кийинчерээк шаардын ар кайсы районундагы дарыгер жетишпеген кичи клиникаларга чыгып иштеген.
Көп өтпөй «Фуркат» кичирайонунан көптөгөн жапа чеккендер түшө баштагандыгын, алардын көпчүлүгү атылган октон жараат алышкандыгын айтты. Ал канча адам болгондугун так эстей албастыгын, болжол менен күнүнө ондон адам ооруканага түшүп жаткандыгын айтты.

«Жарадар болгондор өтө көп болгондуктан, оорукананын башка бөлүмдөрүндө орундарды бошотууга туура келди. Бардык жерде жарадарлар жатты. Өлгөн адамдардын денелери да толуп кетти. Бирок биз кырдаалды колго ала алдык»,-дейт ал.

«Фуркат» кичирайонунан өлгөн адамдардын денелери да ушул ооруканага келип түшүп жатты. Алардын көпчүлүгү каптарга салынып, же кепинге оролуп келип жатты. Бул адамдардын денелери биринчи күнү эле жерге берилди», - деди дарыгер.

Өзүн Жусуп деп тааныштырган «Фуркат» кичирайонунун кыргыз улутундагы тургуну имараттын үстүндө турган көзгө атарлардын огунан көптөгөн каза болгон адамдардын денелерин көргөндүгүн айтты.

«Алардын саны көп болушу керек. Бизге ошондой сезилди. Алар кезектешип жатышты. Негизинен биздин тургундарыбыздын артына, белине атып жатышты. Чоң ызы-чуу болду», - деди ал.

Ош мамлекеттик университетинин лектору Шекербүбү Дыйканова “Фуркат” кичирайонунан көп алыс эмес жерде жашайт, анын районундагы тургундар эки улуттун тең өкүлдөрүнөн.

Ал өзүнүн үй-бүлөсү жана эки студенти менен бирге өз үйүн таштап 12-июнда кыргыз аскер адамдарынын коргоосу менен шаардан чыгып кеткен. Анын эки студенти анын үйүндөгү компьютерди оңдогону келишип, жаңжал башталып кеткендиктен өз жатаканаларына баруудан коркушуп, калып калышкан эле.

«Менин кыргыз кошунамды өлтүрүп, анын үйүн өрттөп салгандыгын кийинчерээк билдим. Ал өз үйүн таштагысы келбей, биз менен кошо кетүүдөн баш тарткан эле», - дейт ал.

Дыйканованын үйүн да өрттөп салышкан, ал азыр өз туугандары менен бирге турууда.

Кээ бир учурларда башаламандыктар кокусунан эле болгондой туюлат. Ош шаарында такси айдоочусу топтолгон топтун көчөдө жөн эле өтүп бараткан эркек менен аялга кандай кол салышкандыгын жана кантип өлтүрүп салышкандыгын айтып берди.

«Алардын жөн гана жолу болбоду. Аларды тутуп алышып өрттөп салышты», - дейт айдоочу.

Талкаланган үйлөрдүн жана дүкөндөрдүн, бузулган жана өрттөлгөн имараттардын сүрөттөрү жана видеокадрлары бүт дүйнө боюнча теле экрандарда көрсөтүлүп жатты. Абал кооптуу болгондуктан Оштогу жана Жалал-Абаддагы кыйроолордун элесин ар тараптуу сүрөттөө кыйынга турду.

Өзгөчө кырдаалдар Министрлигинин башчысынын милдетин аткаруучу Дүйшөнкул Чотонов 26-июнга карай Кыргызстандын түштүгүндө өрттөлгөн үйлөрдүн саны 1386га жеткендигин, алардын 744ү Ош областына, ал эми 642си Жалал-Абад областына караштуу экендигин билдирди.

Бириккен Улуттар Уюмунун окутуу жана илимий изилдөө институтунун (UNITAR) бир бөлүгү болгон UNOSAT программасы тарабынан сунушталган спутниктен тартылып алынган маалыматтын негизинде Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) 25-июнда кыйроолор боюнча өзүнүн баасын берген маалыматын таратты. Ага ылайык кыйроолор жогорудагы көрсөткүчтөрдөн бир канча көп. Тартылып алынган сүрөттөргө ылайык 1677 имарат жабыр тарткан, алардын дээрлик баары толук кыйратылган жана өрттөлгөн.

Фотосүрөттөр көрсөткөндөй, кыйроолордун басымдуу көпчүлүгү махаллаларда белгиленген, бирок кээ бир учурларда мамлекеттик мекемелер, жеке менчик соода түйүндөрү жана өндүрүш кампалары жабыр тартышкан.

БУУнун отчётунда Ош шаарында географиялык жагдайда алганда катуу кол салуулар кандайча болгондугу өтө так көрсөтүлгөн. Анда шаардын борбору аркылуу чыгыштан батышты карай өткөн сызыкты бойлоп жайгашкан бир топ түйүндөр талкаланууга кабылышкан.

UNOSAT тарабынан сунушталган фотосүрөткө таянсак, кээ бир өзбек махаллалары салыштырмалуу бүтүн калган, ага махаллага кирүүчү жолдордун чоң тосмолор менен бүтөлүп жабылышы себеп болгондугун спутниктен тартылып алынган фотосүрөттөн так көрүүгө болот.

IWPRдын журналисттери Оштогу жана Жалал-Абаддагы көптөгөн жарандардын пикири БУУнун жогорудагыдай баа берүүсүнө дал келгендигин билдиришкен.

Алардын маалыматына ылайык, БУУнун фотосүрөтүндө көрсөтүлгөндөй, шаардын борбору аркылуу чыгыштан батышты карай өткөн сызыктын жака белинде жайгашкан райондор, Ош шаарынын дээрлик жарымы талкаланган.

Ош ар тарабы туш тарапка созулган шаарды элестетет; бул чоңдугу боюнча борбор шаар Бишкектен кийинки Кыргызстандагы экинчи шаар. Шаардын калкы расмий түрдө 240 миңди түзөт, бирок шаар четтерин эсептесек бул көрсөткүч жарым миллионго чейин жетет.

Көптөгөн дүкөндөр, кафе жана казинолор жайгашкан Оштун борбордук району эң көп жабыр тарткан. Шаардыктардын баардык тамак-аш сатып алуусун камсыздаган борбордук базар өрттөлүп тонолгон.

Башаламандык шаардын борборунан башка районуна которулган. Шаар бүт бойдон жапа чеккен, бирок айлана чөйрө жана кыйроолордун масштабы айырмаланып турат.

Күбөлөрдүн айтымында, жергиликтүү тургундардын күчү менен айланасына тосмолор орнотулган райондор аз жабыркаган.

Бир топ көп жапа чеккен аймак Ош шаарынын батыш тарабында жайгашкан «Черемушка» району болгон.

Владимир аттуу жергиликтүү тургундун байкоосунда, бул жерде 50гө жакын турак үйлөр толук, эч нерсеси калбай өрттөлгөн. Бул райондогу калктын көпчүлүгү жер тамдарда жашашса да, Владимир көп кабаттуу үйдө турат. Анын айтуусунда, үйлөрдүн көпчүлүгү же таланып тонолгон, же өрттөлгөн.

«Мен бул согуш жөнүндө айткым келет. Мүмкүнчүлүк болгон күнү эле бул жактан кетем», - деди Владимир.

«Черемушка» кичирайонунун кыргыз улутундагы Асан аттуу тургуну, ошол жердеги үйлөрдү, анын үйүн да кошуп топтолгон адамдар келип өрттөп салышкандыгын, алар мас жана баңгизат колдонушкан абалында болгондугун жана алардын кээ бирлери автоматтар менен куралдангандыгын айтты.

«Биз көчөдө турганыбыздын баары аларды токтотууга аракет жасадык. Биздикилердин көбү каза табышты жана жараат алышты. Мен муну эч качан унутпайм», - деди Асан.

Шаардын түндүк тарабы жана Оштун түштүгүндөгү Фрунзе району адам өлүмдөрү боюнча алганда бир топ аз жапа чеккен, бирок бул жерлерде да уурдап тоноочулук жана өрттөөлөр орун алган. Оштун кээ бир бөлүктөрү бир аз гана кыйроолорго учурап обочолонуп калган. Ага тургундардын дээрлик баарын кыргыздар түзгөн «Ак Тилек» району жана өзбектер басымдуулук кылган «Южный» кичирайону таандык.

«Южный» кичирайонунун тургуну Абдумалик, жергиликтүү тургундар тарабынан тез көрүлгөн чаралардын натыйжасында бетон бөлүктөрүнөн курулган бекем тосмолор бул райондордо адам өлүмдөрүн жана кыйроолорду болтурбай алдын алууга жардам бергендигин айтты. Кичирайонго келүүчү өтмөлөрдү чыңдоо үчүн жергиликтүү тургундар жарактан чыгып аскер машыгуу талаасына ыргытылып ташталган эски бронотехниканы сүйрөп келишкен

«Биз өтө коркуп жаттык. Бирок биздин тосмо өтө бышык экендиги көрүнүп турду. Менимче шаарда өз билемдигин жасагандар бул жөнүндө билишти», - деди Абдумалик.

90 миңден 120 миңге чейин калкы болгон Жалал-Абад шаарындагы кыйроолор, шаардын ар тарабындагы айылдарды эске алганда, өтө олуттуу болгон, бирок Оштогудай массалык түрдө болгон эмес. IWPRдын жергиликтүү кабарчысынын маалыматы боюнча, шаардын 10дон 20га чейинки пайызы талкаланган.


Жалал-Абаддагы өзбек калкы негизинен шаардын борборунда жашашат. Өзбек коомчулугунун лидери деп эсептелген бизнесмен Кадыржан Батыров негиздеген элдердин достугу университети урандыга айланып, талкаланып калган.

Май айынын ортосунда университет алгачкы этникалык топтордун ортосундагы кагылышуунун борбору болгон. Кыргыз улутундагы калың топ курчоого алып талкалоого аракет кылышкан.

Университеттин айланасындагы көчөлөрдө 30дан 50гө чейинки сандагы үйлөр өрттөлгөн. Ушундай эле кыйроолорду өзбек мектебине катар жайгашкан көчөлөрдөн да байкоого болот.

Шаардын башка бөлүктөрү сыяктуу эле, куралдуу кол салууларга Ленин көчөсүндөгү коомдук имараттар дуушар болгон. Кыргыз ишкерине таандык болгон эки кафе өрттөлгөн, ошондой эле Жалал-Абад телерадио компаниясынын имараты жана жергиликтүү бажы имараты жабыр тарткан.

Жыргал аттуу жергиликтүү тургун шаардын бул бөлүгүнүн өрттөлгөнүн өз көзү менен көргөн. Анын айтымында, өрттөгөндөр жергиликтүү элге окшобогон, алар кыргыз тилинде эмес өзбек тилинде сүйлөгөн адамдар болгон. Анын баамында алар Жалал-Абаддан беш чакырымдай алыстыкта жайгашкан, негизинен өзбек этносторунан турган Сузактан келишкен.

«Мен өз үйүмдүн терезесинен Сузак тараптан калың топтун келе жаткандыгын, кыргыздарга тиешелүү болгон соода түйүндөрүн өрттөп жаткандыгын көрүп турдум», - деди Жыргал.

Бир ай бою Ош жана Жалал-Абад шаарларынын тургундары каргашалуу окуяны унутууга, адаттагы бейпил жашоосун улантууга аракет жасоодо.

Жашоонун көптөгөн тармактары өз калыбына келе жаткан сыяктанган менен, оор абал бүгүнкү күнгө чейин сакталууда. Элдер тамак-ашты ашыкча камдоону улантууда жана өз райондорун кезек-кезеги менен күзөттө туруп кайтаруулар уюштурулууда.

Күндүзгү саат үчкө карай Ош шаарынын көчөлөрүндө эч ким калбайт. Дүкөндөрдүн кечке чейин иштеши үчүн, транспорт каттамдарынын толук кандуу иштеши үчүн, ал эми элдер кечинде көчөгө чыга ала тургандай абалга келүү үчүн бир топ убакыт талап кылынаары бышык.


Айнагүл Абдрахманова, Исомидин Ахмеджанов жана Илья Лукашов – Кыргызстанда IWPRдын атайын машыгууларынан өткөн журналисттер.

Бул макала Европалык Комиссия тарабынан каржылануучу «Массалык маалымат каражаттары аркылуу Борбор Азияда адам укугун коргоо жана укук таануу» жана Норвегиянын тышкы иштер министрлиги тарабынан каржылануучу «Укук коргоо маселелерин, карама-каршылыктарды жана ишенимдин бекемделишин чагылдыруучу маалымат программасынын» чегинде Согуш жана бейпилдикти чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан даярдалды.

Макаланын маңызына толук жоопкерчиликти IWPR алат жана макала Европа шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жана Норвегиянын тышкы иштер Министрлигинин эч биринин кызыкчылыгын чагылдырбайт.

Frontline Updates
Support local journalists