Кыргызстандын түштүгүндөгү башаламандыкка тынчсыздануу

Кагылышуулар көзөмөлдөн чыгып кеткенден кийин гана милиция тартипти калыбына келтирди, бирок бул каргашалуу окуя этникалык топтордун ортосунда араңдан кармалып турган келишпестик бар экендигин көрсөтүп койду.

Кыргызстандын түштүгүндөгү башаламандыкка тынчсыздануу

Кагылышуулар көзөмөлдөн чыгып кеткенден кийин гана милиция тартипти калыбына келтирди, бирок бул каргашалуу окуя этникалык топтордун ортосунда араңдан кармалып турган келишпестик бар экендигин көрсөтүп койду.

Extra police were bussed in to maintain order in Nookat after the crowd of demonstrators dispersed. (Photo: Ernist Nourmatov/Radio Azattyk)
Extra police were bussed in to maintain order in Nookat after the crowd of demonstrators dispersed. (Photo: Ernist Nourmatov/Radio Azattyk)
Security units were out in force following disturbances in Nookat, southern Kyrgyzstan. (Photo: Ernist Nourmatov)
Security units were out in force following disturbances in Nookat, southern Kyrgyzstan. (Photo: Ernist Nourmatov)
Protesters set fire to a house belonging to a local resident who they believe ordered the killing of a local tax official. (Photo: Ernist Nourmatov)
Protesters set fire to a house belonging to a local resident who they believe ordered the killing of a local tax official. (Photo: Ernist Nourmatov)
Interior of the house after it was gutted in an arson attack. (Photo: Ernist Nourmatov)
Interior of the house after it was gutted in an arson attack. (Photo: Ernist Nourmatov)
A nearby café was also burned down, though it is unclear whether this was deliberate. (Photo: Ernist Nourmatov)
A nearby café was also burned down, though it is unclear whether this was deliberate. (Photo: Ernist Nourmatov)
A traffic policeman on Nookat’s main street as a semblance of normality returns. (Photo: Ernist Nourmatov)
A traffic policeman on Nookat’s main street as a semblance of normality returns. (Photo: Ernist Nourmatov)
Wednesday, 2 March, 2011

2- мартта Кыргызстандын түштүгүндө жайгашкан Ноокат шаарында абал оор болду. Мындай абал калың топтун, алардын пикиринде салык кызматчысын өлтүрүүнү уюштурган жергиликтүү тургундун үй-жайын өрттөп жиберишкенден эки күн өтүп орун алган.

Бул окуя өткөн жылдын июнь айында бүт аймактын үрөйүн алган жана 400дөн ашуун адамдын өмүрүн алып, көптөгөн турак-жайлардын жана имараттардын таланып-тонолуусуна жана өрттөлүшүнө алып келген кандуу окуядан кийин Кыргызстандын түштүгүндөгү стабилдүүлүк бекем эмес экендигин эске салды.

1-мартта Ош шаарынан 30 чакырым алыстыкта жайгашкан Ноокат шаарчасында 400дөн 700гө чейин адам нааразылык акциясына чогулушту. Алар 23-февралда ок жараатынан каза тапкан райондук салык кызматынын начальниги Сагынбек Алимбаевдин өлтүрүлүшүнө байланыштуу чараларды көрүүнү талап кылышты.

25-февралда милиция кызматкерлери эки адамды кармашты. Жайылып кеткен маалыматка караганда, кармалгандар өлтүрүүгө буйрук берген адамдын атын аташкан.

Дал ушул маалымат Ноокаттагы каршылашуунун чыгышына алып келген.

Алгач чогулган калың топ, мүмкүн алардын арасында өлтүрүлгөн Алимбаевдин туугандары да болушкан, бийликти айрым маалыматтар боюнча Өзбекстанда жүргөн, Алимбаевди өлтүрүүгө буйрутма берген деп божомолдонгон адамды соттоого чакырышты. Андан кийин калың топтон бир нече адам жоромолдонгон буйрутмачынын үйүнө кол салышып, аны өрттөп салышкан. Ага жакын жайгашкан дүкөн да кыйроого учураган, бирок ал атайылап жасалдыбы же кокустукпу түшүнүксүз бойдон калууда.

Көп өтпөй милиция кийлигишүүгө аргасыз болуп, натыйжада 20 адам кармалган, бирок аз убакыт өткөн соң бошотулган. Тартипти сактоо максатында коопсуздук күчтөрүнүн кошумча күчтөрү жөнөтүлгөн.
Алимбаевдин өлүмүнө байланышкан жашыруун маалыматтын кандайча жайылып кеткендигине байланышкан суроого Кыргызстандын ички иштер министри Зарылбек Рысалиев мындайча жооп берди: «Ноокат – аз калктуу пункт. Ал жерде баары бири-бирин билишет. Биз каалайбызбы, каалабайбызбы маалыматтын чыгышы сөзсүз болот».

Бир жактан окуяны адам өлтүрүүгө карата жергиликтүү калктын ачуусунун көзөмөлдөн чыгып кетүүсү катары кароого болот. Ошого карабастан мындай көрүнүштү өткөн жылдагы кыргыздар менен өзбектердин ортосунда болгон этникалык кагылышуудан кийинки байкалып жаткан оор жана тынчсызданууну жараткан өңүттө кароо зарыл.

Алимбаев этникалык кыргыз болгон, ал эми анын өлүмүнүн артында турган деп айтылып жаткан адам – өзбек улутунан. Кошумчалай кетчү нерсе Ноокаттын калкынын көпчүлүгү өзбек улутундагылар.

Көпчүлүк өзбек тургундар суроолорго жооп бергиси келишпей араң жооп беришти, ал эми кээ бирлери өткөн жылдагы массалык өлүмдөрдүн кайталанышынан коркуп жаткандыктарын айтышты.

Өз атын атабоону суранган турган Орусияга кетүүгө камданып жаткандыгын, бул окуя аны мүмкүн болушунча тезирээк кетүүгө мажбурлап жаткандыгын айтты.

«Биз өткөн жайдан бери бул жерде бир нерсе болуп кетпесин деп чочулап жатабыз. Эгер оңунан чыкса жакынкы күндөрү кетебиз», – деди ал.

Каршылык көрсөтүү акциясынын күбөсү болгон дагы бир тургун, каршылык көрсөтүү акциясы учурунда Ноокат районунун аймагынан бардык өзбектерди көчүрүү талаптары айтылгандыгын айтты.

Эксперттер IWPR менен маектешкенде Ноокатта болгон каршылашуу орун алып жаткан ишенбөөчүлүктөн улам абал бат эле көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн экендигин билдиришти. Алардын айтымында өкмөт өткөн жылдагы кагылышууну чечпегендиктен, каргашанын артында турган аймактык жана кылмыштуу топтордун дагы деле эркиндикте жүрүшү менен абалдын оордугу дагы тереңдөөдө.

«2010-жылдагы абал аягына чейин иликтенген жок жана бардык күнөөкөрлөр жазаларын алган жок. Учурда каршылашуу жашыруун этабында турат жана кээде келишпес мамилелер сыяктуу чыгып жатат. Бирок шылтоо болсо эле каршылык чыгып кетиши мүмкүн», - деп эсептейт Бишкекетеги «Полис Азия» аналитикалык борбордун эксперти Павел Дятленко.

Дятленко Кыргызстандын саясий аренасы жарым жылдан кийин боло турган президенттик шайлоонун алдында туруксуз бойдон калып жаткандыгын белгиледи. Анын пикиринде, саясий процессти үзгүлтүккө учуратууну көздөгөн же абалдан пайдаланып патриоттуулук өңүттө упай топтоо менен шайлоочулардын көп добушуна ээ болууну каалаган саясий күчтөрдүн чоң коркунучу бар экендигин белгиледи.

Саясат таануучу Асель Мырзакулова сыяктуу башка комментаторлор Ноокаттагы окуя Кыргыз бийлиги тарабынан көзөмөлдүн начардыгын көрсөтөт деген пикирди колдошот.

«Бул этникалык каршылашуунун белгиси эмес, баарынан мурда бул бийликтин эффективсиз ишинин белгисин көрсөтөт. Өлкөдөгү эч бир улуттун өкүлдөрүнүн укуктары басмырланбаган өтө кылдат чараларды тандоо керек», - дейт ал.

Ноокаттагы каршылык көрсөтүү акциясы учурунда болгон укук коргоочу Турсунай Кадырова IWPRга, алгач тартип коргоо органдары өтө аз санда болгондугун айтты.

«Эгер каршылык көрсөтүү акциясынын катышуучулары милиция кызматкерлери менен кармаша кетсе, анда аларды токтотуу мүмкүн болбой калмак», - дейт ал.

Дагы бир саясат таануучу Марат Казакпаев, окуя этникалык кагылышуу өңүт алган учурда да, негизги милдет окуяны андан ары уланышына жол бербөө болуп саналат деп эсептейт. Алимбаевдин өлтүрүлүшүн тез арада иликтеп, күнөөлүүлөргө өз жазасын берүү каршылашуунун уланышына бөгөт коёруна ишенет.

Евгения Ким жана Исомидин Ахмеджанов – Кыргызстанда IWPRдын атайын тренингдеринен өткөн журналисттер.

Бул макала Европалык Комиссия тарабынан каржылануучу «Массалык маалымат каражаттары аркылуу Борбор Азияда адам укугун коргоо жана укук таануу» жана Норвегиянын тышкы иштер министрлиги тарабынан каржылануучу «Укук коргоо маселелерин, карама-каршылыктарды жана ишенимдин бекемделишин чагылдыруучу маалымат программасынын» чегинде Согуш жана бейпилдикти чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан даярдалды.

Макаланын маңызына толук жоопкерчиликти IWPR алат жана макала Европа шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жана Норвегиянын тышкы иштер Министрлигинин эч биринин кызыкчылыгын чагылдырбайт.

Kyrgyzstan
Support our journalists