Кыргызстандын мектептери ата-энелердин каражатына үмүттөнүүдө.

Сынчылардын айтымында мектептеги акча чогултуулар окуучулардын санынын азайышына алып келет.

Кыргызстандын мектептери ата-энелердин каражатына үмүттөнүүдө.

Сынчылардын айтымында мектептеги акча чогултуулар окуучулардын санынын азайышына алып келет.

Friday, 2 October, 2009
Каржылоонун жетишсиздигине кабылган Кыргызстандын мамлекеттик мектептери, окуучулардын ата-энелеринен акча өндүрүп алуунун жолдорун издөөдө. Ата-энелердин жана укук коргоочулардын айтымында колунда жок үй-бүлөдөгү балага билим алуу мүмкүнчүлүгү чектелет.

«Жыл сайын Кыргызстанда мектепте билим алуу системасы татаалдап баратат»,-деп белгиледи «Балдар укугун коргоо Лигасы» коомдук фондунун башчысы Назгуль Турдубекова.

93 мамлекеттик орто билим берүу мектептеринин 24 мектеп-гимназия болуп саналат. Анда жөнөкөй мектептерге салыштырмалуу белгилүү бир сабактарга терен басым жасалат. Мындай мектептерде окуу үчүн акы төлөнөт, анткени жөнөкөй мектептерге караганда класстарда аз окуучу, жогору квалификациялуу адисттер жана окуу көбүнесе биринчи (эртең мененки) сменде болуу кепилдиги берилет.

«Ар бир эле ата-эне өз баласын мартабасы (статусу) жогору мектепке бергиси келгендиги эч кимге сыр эмес. Андыктан андай мектептердин жетекчилиги өздөрүнүн эрежелерин: кирүу жана кайрымдуулук төгүмдөр, тестирлөө жана башка көптөгөн кирүу шарттарын алдын ала түзүп койгон.

Кыргызстандын мектептери стандарттуу билим берүүдөн жогору деңгээлде иш алып барган гана учурда акы алууга укуктуу. Бирок мектеп жетекчиликтери каражат табуу үчүн ар кандай айла-амалдарды таап жатат, дешет кампаниянын катышуучулары.

Турдубекованын айтымында,маселе күндөн күнгө күчөп баратат. Азыр жөнөкөй мектепке кирүү үчүн да болочок окуучу экзамендик сынактан өтүп, кирүү акысын төгүүгө аргасыз болуп калды. Азырынчы андай учурлар жүздөп саналат, бирок бул тенденция өсо баштаса, миңдеген балдар билим алууга мүмкүнчүлүгү болбой калат.

Укук коргоочулардын айтуусунда, баарынан көп кирешеси аз жана Бишекке айыл жергесинен жумуш издеп келген үй-бүлөлөр жабыркоодо.Өлкөдөгү байлар менен кедей-кембагалдардын ортосундагы теңсиздик дал ушул билим берүү системасында ачык билинип калды.

Билим берүү министрлиги 2007-2010 жылкы мерчемдөөсүндө(стратегия), мектептердин киреше табуу максаты бийликтин билим алуу системасын теңдөө аракеттерин жокко чыгарып, окуучуларды социалдык мартабасы боюнча байлар жана кедей-кембагалдарга ачык бөлүп койду.

Ата-энелерди акы төгүүгө дуушар кылган өтө сейрек учурлар-бул кирүү жана кайрымдуулук төгүму болуп эсептелет. Ата-энелердин арызы боюнча, кээ бир мектептер башка жерде арзаныраак турган өз мектеп формасын кымбат сатууга аракет кылат.

Кирүү төгүмү ар бир мектептин жетекчилиги тарабынан аныкталып, жөнөкөй мектептерде 45 доллардан башталып, гимназияларда 400 долларга жетет.

Үй-бүлөө аргасыз тандоого дуушар болот: же мектепке төлөбөй мектепке барбай коюуу, же төлөп карызга бату.

Мисалы, Бишкек шаарынын тургундары Айтбаевдер (аты-жөнү өзгөртүлдү) кызы Эляны мектепке орноштуруу үчүн 50 доллар төлөөгө аргасыз болгон. Андан башка мектеп жетекчилиги ай сайын мектептин фондуна 300сом(жети доллар) төлөп турууну талап кылган. Кирешеси аз үй-бүлөө мектептеги ордунан ажырап калбоо үчүн, акчаны карызга алууга аргасыз болгон.

Мектептин окуу бөлүм башчысы Анатолий Прокушкиндин айтуусунда, мындай төлөмдөрсүз мектепке кыйын болот. «Быйыл мектептин керектөөсүнө болгону 10 мин доллар бөлүнүп берилген. Ал каражатка биз мектеп линолеумун гана жаңырта алдык», - деди ал.

Көп ата-энелер мектеп чогулуштарына баруудан коркот, анткени анда мектеп кайрымдуулук фондуна акча сурайт деп кооптонушат, деген ойдо Турдубекова.

Бишкектин катардагы мектебинин мугалими Лидия Максимова «ата-энелер төлөөдөн качпайт, анткени акчасы жакшы ишке жумшалууда. Ата-энелердин акчасына имаратты ремонттоп, территорияны оңдоп, балдардын окуусу үчүн мыкты шарт түзүүдөбүз»,-деди.

Кээде ата-энеси кайрымдуулук төгүмүн төлөбөгөн балага кысым көрсөтүлөөрү Турдубекованы тынчсыздандырат. «Балдарды рэкеттен жана башка коркунучтан коргоого милдеттенген коопсуздук кызматы көп учурларда окуучулардын мектепке келишине тоскоолдук көрсөтөт. Алардыне айынан көп балдар бир нече айлап сабак калтырып жатышат», - деди ал.

«Кийин мектеп жетекчилиги окуучу программадан артта калды деп шылтоолоп, баланы мектептен чыгарууга шашылат», - деп кошумчалады.

Ата-энесинин мектеп формасын сатып берүүгө мүмкүнчүлүгү жок бала мектепке формасыз келгенде аны жогорудагыдай эле жаза күтөт.

Бишкектен 60 км алыстыктагы Жаңы Жер мектеби ата-энелерди 700сомдук (16 доллар) мектеп формасын сатып алууга мажбурлайт. IWPRдин өкүлү менен болгон маекте ата-энелер мектеп жетекчилиги форма албаган баланы сабакка киргизбейт деп даттанышты. Турдубекованын сөзү боюнча, мектеп формасы арзан синтетикалык материалдан тигилген, анын накта наркы сегиз доллар да болбойт.

Мектептин өкүлү мектеп формасын сатып алуу милдеттүу түрдө эмес, бирок жергиликтүү билим берүү бөлүмүнүн окуучулар форма кийип келүүсү шарттуу деген буйругуна таяндык деп актанды.

Кээ бир ата-энелер бул чечим менен макул эмес. Ал эми Бишкек шаарынын тургуну Гульнара Болотбек кызы (аты өзгөртүлгөн) кызынын формасы үчүн 28доллар төлөгөндүгүн жашырган жок. «Азырынча менден башка бул форманы эч ким сатып ала элек», - деп кошумчалады ал.

Чогулган акча каражаттын сарпталышынын отчеттулугу жана ачык-айкындуулугунун жоктугу Турдубекованы кооптондурат. «Ата-энелер гана чыгашаларды текшерүүгө укугу бар, көп учурларда мектеп жетекчилиги көзөмөлсүздүктү өз кызыкчылыгы үчүн колдонот», - деди ал.

Прокушкиндин сөзу боюнча анын мектебинде отчеттулук маселеси турбайт. Мектеп жетекчилиги жылына эки жолу ата-энелер чогулушун өткөрүп, чогулган каражат кандайча Жана канча өлчөмдо сарпталганын санап беришет.

«Бул акчалар биздин чөнтөккө эмес мектептин материалдык-техникалык базасынын мыктыланышына жумшалат », - деди ал.

Мугалим Лидия Максимованын айтуусунда анын мектебиндеги« бардак каражат мыйзам чегинде сарпталат».

Ата-энелердин арыздары боюнча көп гимназияларда кирүү экзамендерин адилетсиз тандоо катары колдонулат.

«Көп учурларда мына ушул билим сынагынын айынан балдар мектепке кирбей калат . Өзгөчо гимназияларда абал начар. Алар жүргузгөн тандоо балдардын билим алуудагы тең укуктуулугу тууралуу мыйзамга каршы болуп жатпайбы», - деди атын атагысы келбеген апа.

Борборго көчүп келген жарандардын балдары кошумча маселелерге кабылат. Бишкектик каттосу жоктугунун айынан аларды мектепке кабыл алуудан баш тартышат.

Укук коргоочулар бул абдан олуттуу маселени эске алып, Бардык кызыктар тараптар: министрлик, ата-энелер, мектеп жетекчилиги жана өкмөттүк эмес уюмдар бирдикте бул маселени чечүүгө аракет кылуу керек деген ойду бир создөн айтышты.

Балдар укугун коргоо жана алардын кызыкчылыгын илгерилетүү Коммерциялык эмес уюмдардын директору Елены Воронинанын айтуусунда жарандардын маалымдуулугун жогорулатуу боюнча ММК жардамы керек. «Эгер журналисттер бул маселедеги укуктар жана милдеттер тууралуу сейрек эскертип турушса, ата-энелер да кыймылдай баштайт».

«Ата-энелер кайдыгер болбой, балдарын мектепке бергенде алдыдагы тоскоолдуктар жөнүндө коомду кабардар кылып турушса»,- деп эсептейт Турдубекова. «Көп учурларда ата-энелер көйгөйду чечүүнүн ордуна балдарын башка мектепке которуп коюууну он көрүшөт «,-деди ал.

Жана ички мигранттардын балдарына башкалардай эле тең мамиле кылууга үндөйт.

Саясий аялдар дискуссиялык клубунун координатору Калича Умуралиеванын пикиринде, бийлик мектептеги паракорлукту тамырынан жок кылууга чараларды кабыл алышы керек. «Андай күрөштүн бир түрү-башкаруунун корпоративдик ыкмасын колдонуу, ар бир мектепте камкордук кеңешин түзүу», - деди Умуралиева.

Анын ою боюнча ошондо гана ата-энелер да, мугалимдер да сарпталган каражаттын дарегин билип калышат.
Frontline Updates
Support local journalists