Кыргызстандагы толкундоолор бүтүндөй Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн кагылган коңгуроо
Аймактагы өлкөлөрдүн жетекчилери баш аламандыктарга байланышкан көйгөйлөрдү чечүүнүн негизги жолу - бураманы дагы бышыгыраак буроо деген жаңылыш жыйынтыкка келбөөлөрү керек, дешет аналитиктер.
Кыргызстандагы толкундоолор бүтүндөй Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн кагылган коңгуроо
Аймактагы өлкөлөрдүн жетекчилери баш аламандыктарга байланышкан көйгөйлөрдү чечүүнүн негизги жолу - бураманы дагы бышыгыраак буроо деген жаңылыш жыйынтыкка келбөөлөрү керек, дешет аналитиктер.
2010-жылдын июнь айында Ош, Жалал-Абад шаарларында жана анын чек жакаларында орун алган массалык этникалык кагылышуу жеке эле Кыргызстандын эмес, коңшулаш Борбордук Азия өлкөлөрүнүн да үрөйүн учурду.
Аналитиктердин пикиринде, башка Борбордук Азия мамлекеттеринин жетекчилери мындай окуяларды алдын алуунун бирден бир жолу катары өз өлкөлөрүндө бураманы дагы бышыгыраак буроо керек деген жыйынтыкка келүү коркунучу бар. Мындай жол аймактагы өлкөлөр кириптер болуп жатышкан – жакырчылыктын жогорку деңгээли, уюшулган кылмыштуулук, ошондой эле Афганистан менен байланышкан исламдык радикализм сыяктуу түрдүү коркунучтар менен күрөшүүнүн туура эмес ыкмасы болуп калышы мүмкүн.
Июндагы кагылышуунун натыйжасында бир нече күндүн ичинде эле 400дөн ашуун адам курман болуп, турак-үйлөр жана ишканалар талап-тонолуп өрттөлдү. (IWPR бул окуяларды өз макалаларында кеңири чагылдырды, мисалы Кыргызстандын түштүгүндө кайрадан башаламандык жана Кыргызстандын түштүгү көзөмөлдөн чыгууда)
Нааразылык акциялардын натыйжасында президент Курманбек Бакиев өлкөдөн куулуп чыкты. Андан соң өлкөдө узакка созулган саясий туруксуздуктан кийин орун алган июнь коогалаңынын чыныгы себептери бүгүнкү күнгө чейин ачыкталган жок. Бирок, мурдагы жаңжалдардан айырмаланып, этникалык кыргыздар менен өзбектердин ортосундагы кагылышуу коомчулукка башкача өңүттөгү, кокусунун чыкпаган жаңжал же күн мурунтадан жакшылап ойлонуштурулуп, уюштурулган иш-аракет сыяктуу ой калтырды.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда абал мурдагыга караганда бир топ стабилдүү. Жергиликтүү калктын көпчүлүгү октябрь айында өткөрүлгөн парламенттик шайлоо Бакиев кеткенден кийин өлкөнү башкарып турган убактылуу жетекчиликке караганда, бир топ күчтүү жана мыйзамдуу өкмөттү түзөөрүнө ишеним артышууда. Бирок, жеңип чыккан партиялар коалиция түзүүдө бир топ тоскоолдуктарга кабылышты. Андан сырткары коомчулукта өлкөнүн түштүгүндөгү бийлик калыбына келтирилдиби, деген суроо жаралууда жана кагылышуу боюнча козголгон кылмыш иштерин териштирүү процессинде сот адилеттүүлүгүнүн сакталышына байланышкан маселелер да бар.
Өзбекстандык политолог Фарход Толипов, мындай кайгылуу окуя Кыргызстандан качкан он миңдеген этникалык өзбектерге убактылуу баш паанек берген Өзбекстан үчүн да соңку жылдардагы эстен кеткис кайгылуу окуя болуп калды, деп айтып жатышкандыгын билдирди.
«Кайгылуу окуя бүгүнкү күнгө чейин башка формада уланууда, ал Кыргызстандагы өзбектер менен кыргыздардын ортосунда терең ишенбөөчүлүктү жаратты. Мындай көрүнүш өз мезгилинде кыргыз-өзбек өлкөлөр аралык мамилелерге да узак убакытка чейин өз залакасын тийгизет», - дейт Толипов.
«Менин оюмча, бул Борбордук Азия аймагындагы мамлекеттердин баарына кагылган коңгуроо, эскертүү белги же өзгөчө чындыктын көрүнүшү болду», - деди политолог.
Москвалык журналист жана Борбордук Азия боюнча эксперт Аркадий Дубновдун пикиринде, Кыргызстандын түштүгүндө чыккан жаңжал аймактагы башка мамлекеттердин жетекчилерин болуп өткөн окуяга байланыштуу Кыргызстандагы демократияны куруу аракетин күнөөлөөгө түрткү берди. Башкача айтканда, алар өздөрүнүн авторитардык башкаруусун актоого жана өз өлкөлөрүндөгү ички коопсуздукту чыңдоого аракеттенишүүдө.
«Аймактагы бардык коңшулаш өлкөлөрдүн жетекчилери, өз чечимдерин актоо максатында: “Көрдүңөрбү, баарына уруксат берүү эмнеге алып келди, демократия маскасына жамынып Кыргызстанда кандай катачылыктарга жол берилди” деп айтышууда», - дейт Дубнов.
Коңшулаш мамлекеттер мындан «жазалоо чараларын жана атайын кызматтын аракетин күчөтүү» тыянагын чыгарышты. Мындай иш-аракеттер ички көйгөйлөрдү демократиялык жол менен чечүүгө мүмкүн болбогон өлкөлөргө жана Борбордук Азия республикаларынын баарына эле мүнөздүү экендигин кошумчалады Дубнов.
Ошол эле мезгилде Кыргызстандын саясатчылары 2010-жылдын июнунда кабыл алынган жаңы Конституцияга ылайык жаңы системаны курууга, өлкөнү аймактагы өлкөлөрдүн жетекчилерине мүнөздүү болгон авторитардык президенттик башкаруу формасынан бир топ адилеттүү делинген парламенттик формага өткөрүүгө аракеттенишүүдө.
Вашингтондогу Эл аралык тынчтык үчүн Корнеги фондунун илимий кызматкери Марта Олкотт, (Carnegie Endowment for International Peace), бул жылдагы жоготуулар Кыргызстандын саясий келечегин түзүүдө көп кыйынчылыктарды жараткандыгына кошулат.
«Курманбек Бакиевдин бийликтен четтетилиши жана андан кийинки Кыргызстандын түштүгүндөгү этникалык топтордун ортосундагы кагылышуу өлкөнүн мурдагыдан да көбүрөөк бөлүнүп жарылуусуна алып келди жана бул өз кезегинде, стабилдүү, ишенимдүү курама өкмөттүн түзүлүүсүн кыйындатты. Курама өкмөттү түзүүнүн дагы бир кыйынчылыгы жаңы Конституциянын өзгөчөлүгү жана саясий партиялардын пайда болгон түзүмүнө байланыштуу», - деди ал.
«Мындай көрүнүштү аймактагы өлкөлөр келечекте дуушар болуусу мүмкүн болгон жалпы көйгөйлөрдүн чагылышы катары кароого болот. Өз мезгилинде бул өлкөлөрдүн ар бириндеги саясатка катышууга ар кандай чектөөлөрдүн коюлушу келечекте ал республикаларда өз алдынча эркин ойлонгон саясий элитанын пайда болуу мүмкүнчүлүктөрүнүн кыскарышына алып келет. Бул өз кезегинде Өзбекстандагы, Казакстандагы жана Тажикстандагы азыркы лидерлер кандайдыр бир убакыт өткөн соң саясий аренаны таштап же бийликти өткөрүп берген учурда ал өлкөлөрдө саясий элитанын компетенттүүлүгүнүн кризисине алып келиши мүмкүн», - деди Олкотт.
Тажикстан 2010-жылы башкача түрдөгү толкундоолорду башынан өткөрдү. Сентябрь айында өлкөнүн чыгышындагы Рашт өрөөнүндө куралданган согушкерлердин курчоосунан 25 солдат каза тапты. Ушул окуя жана андан кийинки ошол эле облуста орун алган атышуулар бул өлкөдөгү 1992-97-жылдырдагы согушту эске салды анткени жакында орун алган кагылышууга мурдагы өкмөткө каршы күрөшүшкөн согушкерлердин катыштыгы бар деген божомолдоолор бар.
Согушкерлер коңшулаш Афганистандагы ислам согушкерлери менен байланышып, алардан жардам алышы мүмкүндүгү тууралуу маалымат жергиликтүү кагылышуу сыяктуу көрүнгөн нерсенин масштабын чоңойтту. Буга байланыштуу эксперттер Тажикстандын тынч эмес Афганистанга жакындыгын эске алганда, анын бул аймактагы өлкөлөрдүн ичинен начар звено экендигин жана саясий баш аламандык бул өлкө аркылуу бүтүндөй Борбор Азияга жайылуу коркунучу бар экендигин айтып чыгышты.
Москвадагы Борбордук Азия боюнча эксперт Санабар Шерматова Тажик өкмөтү мындай диссиденттердин иш-аракетин өтө жакшы ойлонуп алдын алуусу зарыл, ал үчүн мисал, бул адамдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсү зарыл деп эсептейт.
«Эгер өкмөт бул адамдарды өздөрүнүн душманы катары карап, аймакты алардан тазалоого аракеттенсе, мындай иш-аракет жемишсиз болуп калышы мүмкүн», - дейт ал.
Тажикстан үчүн эң пайдалуу жол, ширелишкен бекем мамлекет болууга умтулуу болуп саналат. Бул баарынан мурда улуттук макулдашуу жолдору менен болушу керек.
Марта Олкоттун айтымында, Афганистанда начарлап бара жаткан саясий жана коопсуздукка байланышкан абал бүтүндөй Борбор Азияга жайылып кетпеген ченде да, бери эле дегенде Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстандагы саясий түзүлүшкө каршы турган исламистер үчүн алдын ала машыгуу болот. Бул адамдар Тажикстандагы жана өзгөчө Кыргызстандын түштүгүндө өсүп бара жаткан коомдук нааразычылыкты өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн пайдаланууну көздөшүүдө», - дейт ал.
Ошону менен катар, радикалдуу исламчыларды күнөөлөө оңой, ошол эле мезгилде Борбордук Азияда мындай көйгөйлүү абалды түзүүгө кызыктар башка күчтөр бар экендигин эстен чыгарбоо керек.
«Жихадчылар менен байланышы болбогон кылмыштуу топтор да өтө коркунучтуу. Мындай топторго каршы иш-аракеттерди жасоого аракет кылгандын ордуна, кандай гана кылмыштуу окуяларга радикалдуу исламды күнөөлөө тенденциясы өсүп жаткандыгы байкалууда. Мындай көрүнүш өз мезгилинде аймактагы өлкө бийликтери ушинтип, ислам диссиденттерине бардык күнөөнү төңкөрүп жатышып, исламды мындан дагы саясатташтырышып, коомду түрдүү топторго бөлүп, аймакта социалдык чыңалууну күчөтүшү толук ыктымал», - дейт Марта Олкот.
Ал эми Кыргызстан менен Тажикстанды ала турган болсок, бул өлкөлөрдө бийлик өлкөнү туруксуздукка алып келген бир топ терең көйгөйлөрдү талкуулоонун ордуна, бардык жаман нерселерди арта салуу үчүн душман издөөнү артык көрүшүүдө» - деп эсептейт Казакстандык саясат таануучу Эдуард Полетаев.
«Саясий элита көйгөйлөрдүн баары өздөрүнө, тагыраак айтканда өлкөдөгү экономикалык, социалдык кырдаалга барып такалып жаткандыгын моюнга алгылары келбей жатат. Алар үчүн кырдаалды курчуткусу келип жаткан кайсы бир күчтөрдү табуу оңой сезилип жаткандай. Ал эми деструктивдүү күчтөр кырдаалды өтө даярдалган негизде гана курчута ала тургандыгы ачык эле билинип турат», - дейт ал.
Полетаевдин айтымында, өкмөт мындай көрүнүштү коопсуздукка болгон коркунуч деп атоо менен өздөрүнүн аракеттеринин мыйзамдуулугун актоо максатында Орусия жана Америка сыяктуу ири державаларга жардам сурап кайрылышууда. Бирок, көйгөйлөрдү чечүүдө башка өлкөлөрдүн кийлигишүүсү чоң жаңылыштык боло тургандыгын кошумчалады ал.
«Чет элдик державалар да өздөрүнүн геосаясаттагы кызыкчылыгын карманышат жана аларга да стабилдүүлүк керек. Бирок, кайрадан жаңжал чыкса тартипти жөнгө салууда бул жерде эч ким кан төккүсү келбейт», - дейт Полетаев.
Борбордук Азия мамлекеттеринин лидерлери жалпы көйгөйлөрдү чечүүдө биргеликте иш алып баруулары зарыл экендигин, андан сырткары бул өлкөлөрдү совет доорундагы жалпы тарыхы да байланыштырып тураарын эскертет эксперт.
Борбордук Азия республикалары өз алдынча көз карандысыз мамлекет болушкандан тартып эки он жылдыктын аралыгында аймакта өз-ара байланышка жана интеграцияга жетишүүдө көптөгөн кыйынчылыктарга туш болушту.
Бул өлкөлөрдүн ортосунда суу, энергетика ресурстары жана чек ара маселелери боюнча кез-кезде пикир келишпестиктер орун алып турат.
Полетаев, Орто Азия мамлекеттеринин лидерлеринин көпчүлүгү бири-бири менен өз-ара тил табыша албай жаткандыктарын белгиледи.
«Борбордук Азиянын бүгүнкү күндөгү тарыхы лидерлердин ортосундагы мамиленин негизинде жазылат, ал эми алардын жеке мамилеси баарына жакшы белгилүү», - деди эксперт.
Дина Токбаева – Борбордук Азия боюнча аймактык редактордун милдетин аткаруучу; Лола Олимова, IWPRдын Тажикстан боюнча редактору жана Юлия Горяйнова, IWPRдын Түркмөнстан жана Өзбекстан боюнча редактору.
Бул макала Европалык Комиссия тарабынан каржылануучу «Массалык маалымат каражаттары аркылуу Борбор Азияда адам укугун коргоо жана укук таануу» жана Норвегиянын тышкы иштер министрлиги тарабынан каржылануучу «Укук коргоо маселелерин, карама-каршылыктарды жана ишенимдин бекемделишин чагылдыруучу маалымат программасынын» чегинде Согуш жана бейпилдикти чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан даярдалды.
Макаланын маңызына толук жоопкерчиликти IWPR алат жана макала Европа шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жана Норвегиянын тышкы иштер Министрлигинин эч биринин кызыкчылыгын чагылдырбайт.