Кыргызстандагы партиялар шайлоо алдында күчтөнүүдө

High stakes for political groups seeking power in stronger parliament

Кыргызстандагы партиялар шайлоо алдында күчтөнүүдө

High stakes for political groups seeking power in stronger parliament

Street advertising for Respublika, a small but up-and-coming party in Kyrgyzstan. (Photo: Pavel Dyatlenko)
Street advertising for Respublika, a small but up-and-coming party in Kyrgyzstan. (Photo: Pavel Dyatlenko)
The Ata-Jurt party has made its name by delivering aid to conflict-stricken southern Kyrgyzstan in June. This giant poster is for donations collected in Bishkek. (Photo: Pavel Dyatlenko)
The Ata-Jurt party has made its name by delivering aid to conflict-stricken southern Kyrgyzstan in June. This giant poster is for donations collected in Bishkek. (Photo: Pavel Dyatlenko)
Offices of Ata-Meken, one of the longer-established parties that are expected to compete among themselves for pole position in the October election. (Photo: Pavel Dyatlenko)
Offices of Ata-Meken, one of the longer-established parties that are expected to compete among themselves for pole position in the October election. (Photo: Pavel Dyatlenko)
Tuesday, 27 July, 2010

Кыргызстандагы жакындап келе жаткан парламенттик шайлоо Борбор Азия чөлкөмүндөгү эң демократиялык системаны түзүүнү көздөөдө. Ошол эле мезгилде, бул шайлоо жакынкы күндөрү этникалык себептерден улам келип чыккан кагылышуулардан кийин, өлкөдөгү өзүнө келе элек саясий карама-каршылыктарды тереңдетип жиберет деген кооптонуу бар.

Ошону менен катар, апрель айында бийликке келген өкмөттүн жогорку кызматтагы мүчөлөрү парламентке ат салышуу максатында өз кызмат орундарынан кетишет. Бир катар саясат таануучулар мындай ачык саясий процесс июнь айындагы башаламандыктардан көп өтпөй өтө тургандыгына өз тынчсыздануусун билдиришти.

Кагылышуунун бир нече күнүндө, өзбек жана кыргыз коомчулугунан биригип жок эле дегенде 330 адам каза тапкан.

Бийлик өздөрүнүн алгачкы - «шайлоону бир топ эртерээк, мүмкүн болушунча тезирээк өткөрүү» - пландарынан баш тартты. Ошондой эле алар оор абалдын жеңилдешин күтүп отурбай, шайлоону кийинкиге жылдырбоо боюнча чечим кабыл алып, аны 10-октябрь күнгө белгиледи. Мыйзамга ылайык, шайлоого байланышкан расмий иш-чаралар жок эле дегенде шайлоо белгиленген күнгө эки ай калганда башталышы керек.

Теориялык жактан алганда, элдик каршылык көрсөтүүлөрдүн натыйжасында Бакиевдин бийлигин кулатып, бийликке жаңы өкмөттүн келишин шарттаган 7-апрель окуясынан тарта сакталып келе жаткан жалпы саясий туруксуздук жана жакынкы күндөрдө болуп өткөн кандуу кагылышуулардан кийин, бул шайлоо коомдогу бурулуштун башталышы болуш керек.

27-июнда өткөн бүткүл элдик референдумда колдоого ээ болгон жаңы конституцияга ылайык парламент мурдагыга караганда көп ыйгарым укуктарга ээ болот, ошол эле мезгилде президенттин ыйгарым укуктары начарлайт. Шайлоодо жеңип чыккан партия премьер-министрди көрсөтөт, ошону менен катар министрлер кабинетин дайындайт. Үстөмдүк кылуучу партияга байланышкан көйгөйдү чечүү максатында Конституцияда башка жоболор иштелип чыккан. Жаңы эрежеге ылайык жеңген партия парламенттин 50 пайызын жана ага кошумча беш орун ала алат, тагыраак айтканда парламентте 120 орун болсо жеңген партияга 65 орун гана ыйгарылат.

Башкача айтканда, бийлик партияларды түзүүнүн жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрдү жана октябрь айындагы шайлоого чейин бир канча партияларды түзүүгө уруксат берди.

Июнь айындагы референдум тынч өттү, Ош жана Жалал-Абаддагы башаламандыктардан улам келип чыккан кыйроолор жана кооптонууларга карабастан, элдердин шайлоого катышуусу жогорку деңгээлде болду. Саясий атаандаштык шайлоо атаандаштарынын ортосундагы пикир келишпөөчүлүктү пайда кылышы мүмкүн деген кооптонуулардын болушуна карабастан, бул факт шайлоого карата даярдыкты улантууга аргумент катары колдонулду.

Ушул эле референдумдун натыйжасында өткөөл мезгилдин президенти болуп дайындалган учурдагы мамлекет башчы Роза Отунбаева, добуш берүү адилет жана ачык өтөөрүн, өзгөчө, саясатчылар өз шайлоо өнөктүүгүн колдоо максатында административдик булактарды колдоно албастыгын айтып элди ишендирүүдө.

«Шайлоого тигил же бул партия менен бара жаткан убактылуу өкмөттүн бир дагы мүчөсү, мамлекеттик аппараттын жумушчулары эч кандай мамлекеттик булактарды өз кызыкчылыгына колдоно албайт; мен мамлекеттик кеңселерди, транспорт жана байланыш жана башкалар жөнүндө айтып жатам», - деди Роза Отунбаева 16-июлдагы шайлоо өнөктүгүнө катышуу максатында өз кызматтарын таштап кетишкен министрлердин ордуна келген жаңы өкмөттүн жыйналышында.

Саясат таануучу Тамерлан Ибраимов Кыргызстанда эң ачык шайлоо өткөрүүнүн платформасы даяр деп эсептейт.

«Бизде бүгүнкү күнү ар кандай саясий күчтөр өздөрүн парламенттен орун алууга татыктуубуз деп эсептешип жана бул жөнүндө жарыялай алган плюралдык саясий мейкиндик жашап жатат», - деди Ибраимов.

Башка эксперттердин айтымында, шайлоонун ажырагыс бир бөлүгү болгон фракциялардын көптүгү, карама-каршы пикирлердин болушу Кыргызстанга бүгүнкү күндө кереги жок.

«Мунун оң жагы – көп сандаган партиялар ич-ара атаандашууга барат. Бул кыйыр түрдө саясий мейкиндиктин монополияланышын жокко чыгарат. Ал эми терс жагы – көп партиялар алсыз жана алардын биригүү тенденциясынын жоктугунда», - дейт «Полис Азия» аналитикалык борборунун эксперти Павел Дятленко.

Шайлоо өнөктүгү учурунда, бүгүнкү күнгө чейин убактылуу өкмөттүн курамына кирген саясатчылар ачык эле бири-бири менен атаандашууга бараары ачык, мындай мезгилде курчуган саясий тирешүүнү абалды туруксуздаштырууга умтулган адамдар өз кызыкчылыгына колдонуп, күчкө салуунун жаңы толкуну башталып кетүү коркунучу сакталууда.

Кыргызстандын түштүгүндөгү кандуу коогалаңдын так себептери түшүнүксүз бойдон калып жатса да, убактылуу өкмөт ушул жана буга чейин орун алган башаламандыктардын күнөөсүн бийликтен кетирилген Курманбек Бакиевге оодара салышууда.

Саясат таануучу Марат Казакпаев алдыда турган шайлоо жаңы карама-каршылыктын булагы болушу мүмкүндүгүн эскертет.


«Провокация орун алышы мүмкүн. Эгер бийлик толук таза шайлоону камсыз кыла алса, анда мындай нерсени болтурбай коюуга болот», - деп кошумчалады Казакпаев.

Партиялар расмий шайлоо өнөктүгүнүн башталаар алдында өзүнчө эки топко бөлүнүп калгансыды.

Биринчиден, жакынкы күндөргө чейин убактылуу өкмөттүн белгилүү мүчөсү болгон саясатчылардын жетекчилигиндеги топтор бар.

Алмазбек Атамбаев, Социал-демократиялык партиянын (СДПК) жетекчиси, жана «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары кызматын ээлеп турушса, ал эми «Ак Шумкар» партиясынын жетекчиси Темир Сариев каржы министри кызматында иштеп турду. Башка белгилүү саясатчы Азимбек Бекназаров Бакиевдин учурунда кеңири оппозициялык бирикме болгон Бириккен элдик кыймылга (БЭК) кирсе, азыркы тапта ушул эле кыймылдын кыргызча аббревиатурасын колдонгон жаңы «БЭК» партиясынын жетекчиси катары чыгууда.

Аналитиктер шайлоо алдындагы өнөктүктө дал ушул саясий топ көп салмакка ээ болушу мүмкүн.

Бирок калк арасында бул саясий топ көп колдоо таппай калышы мүмкүн, анткени анын лидери убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон, ал эми өткөн айда болуп өткөн этникалык кагылышууну токтотууда бийликтин аракети жетишсиз жана чабал болгондугу баарыбызга маалым. Бул электорат негизинен Кыргызстандын түштүгүнөн болгон саясий топторго тиешеси болушу мүмкүн.
«Өкмөттү колдогон бардык партияларда – түштүк көйгөйү бар. Аларды түштүктөгү кагылышуунун башталышында ыкчам чара колдоно албаган жогорку чиновниктер деп эсептешет. Түштүктө убактылуу өкмөттүн кадыр-баркы жок болгондуктан, алар үчүн добуш алуу чоң көйгөй болушу ыктымал», - дейт Казакпаев.

Экинчи топ бир канча майда партиялардан турат, алардын көпчүлүгү жаңы түзүлгөн партиялар. Эгер мурдатан бери белгилүү болуп келген партиялардын бедели, кадыр-баркы түшүп кетсе, бул жаңы партиялардын көпчүлүгү жеңишке жетишиши мүмкүн.

“Бул партиялар эми гана түзүлүп, өздөрүнө кадыр-барк топтой башташты, бирок алар олуттуу ролду ойнойт деп айтууга али эрте, бир жарым айдан кийин гана бир топ түшүнүктүү кырдаал түзүлөт», - деди Ибраимов.

Мурдагы социал-демократ Өмүрбек Бабанов тарабынан июнь айынын аягында түзүлгөн «Республика» партиясы экономикага басым жасаган центристтик күч катары чыгууда.

Казакпаевдин пикиринде, бул партиянын мүчөлөрү көп эмес, ошондуктан Бабанов башка партиялар менен биригүүгө барышы керек, албетте ал өзү муну кааласа.

Так эле ушундай өңдөгү партия «Бүтүн Кыргызстан» («Единый Кыргызстан») 2010-жылдын июнь айынын башында түзүлүп, социалдык жана экономикалык маселелерге басым жасоодо.

Бул партиянын артыкчылыгы – анын лидери мурдагы бакиевдик чиновник жана парламенттин спикери - Адахан Мадумаровдун болушу.

«Бүтүн Кыргызстан» – келечектүү партия, анткени Адахан Мадумаров дээрлик тажрыйбалуу саясатчы… Бирок ал партия башка партиялар менен биригиши зарыл, себеби партиянын мүчөлөрү аз, анын электораты негизинен Жалал-Абад областында, ал эми Ош менен Өзгөндө бир аз гана санга жетиши мүмкүн. Мадумаров – иштин жөнүн билген саясатчы, бул «Ата Журт» партиясынан кийинки экинчи оппозициялык күч. Алар парламенттен орун алуу үчүн «Ата Журт» партиясы менен бириксе максатка ылайык болмок», - дейт Казакпаев.

«Азаттык» партиясы («Свобода») июль айынын башында убактылуу өкмөттүн курамына кирген мурдагы коргоо министри генерал Исмаил Исаков тарабынан түзүлдү. Бул партия экономикалык жана саясий эркиндикти орнотуу, жеке жана чакан бизнестин өнүгүшү үчүн укуктук шарттарды түзүү жолу менен социалдык маселелерди чечүүнү көздөйт.

«Исаковдун жеке кадыр-баркынын жогору болгонуна карабастан, бул партия башка партиялар менен биригишпесе шайлоодо жеңишке жетпей калышы абзел, анткени «Азаттык» партиясын түштүк региону катуу колдогону менен, өлкөнүн түндүгү толугу менен колдой бербейт», - деп белгилейт Казакпаев.

Серепчилердин пикиринде, «Ата Журт», жаңы түзүлгөн партиялардын ичинен эң күчтүүсү болуп калууда.

«Ата Журт» партиясынын башында Бакиевдин мезгилинде Өзгөчө кырдаалдар Министрлигин башкарып келген Камчыбек Ташиев жана Бакиевдин учурунда Мамлекеттик салык кызматын башкарып келген Ахматбек Келдибековдор турушат. Партия бир нече жылдан бери жашайт, бирок калайык калкка июнь окуясынан кийин Кыргызстандын түштүгүнө гуманитардык жардам көрсөтүү менен кеңири таанымал болуп калды.

««Ата Журт» – келечектүү партия; ал негизинен бүгүнкү күндө да, келечекте парламентте да оппозициялык позицияны карманмакчы. Партиянын күчтүү финансылык базасы да бар. Партиянын жетекчилеринин өлкөнүн түштүгүндө туруктуу электораты бар. Бул партия парламентке өз күчтөрү менен өтүп жана жаңы оппозицияны түзүшөөрүнө ишенем», - дейт Казакпаев.

Шайлоого ат салышууга даярданып жаткан дагы бир башка партиялардан «Ар Намыс» партиясы. Аны мурдагы премьер-министр Феликс Кулов жетектейт. Ал партиянын колдоочулары өлкөнүн түндүгү менен гана чектелет. Андан башка мурдагы Коопсуздук Кеңешинин экс-секретары Мирослав Ниязовдун жетекчилигиндеги «Эл Арманы» партиясы.

Кыргызстандагы көп партиялар өлкөдөгү белгилүү саясий инсандарга негизденип, алардын айланасына топтолуп өз ара биригишүүдө.

«Тилекке каршы, лидердик типтеги партиялардын келечеги жок. Партиялар өздөрүнүн идеологиялык багыттары боюнча түзүлүшү керек. Бирок мындай процесс бүгүн Кыргызстанда жок. Партиялар алсыз, анткени аларды тынымсыз каржылап турган булактар керек. Азырынча бул партиялардын тынымсыз каржылоочу булактары жок. Алар болбоду дегенде ушул парламенттик шайлоого катышууга каражат издешүүдө», - дейт Казакпаев.
Жеңген партиялар мурдагы мыйзам чыгаруу бийлигине караганда бул жолку жаңы парламентте чоң ыйгарым укуктарга ээ болуу мүмкүнчүлүгү партияларга жакшы эле дем берүүдө. Ушундай болгонуна карабастан бул Кыргызстандын туруксуз саясий системасы үчүн чоң жетишкендик болушу мүмкүн.

Саясат таануучу Марс Сариев бул шайлоону – Бакиевдин бийликке алып келишин шарттаган 2005-жылдагы «жоогазын революциясынан» жана аны бийликтен алып түшкөн 2010-жылдыгы апрель көтөрүлүшүнөн кийинки Кыргызстандын саясий системасын модернизациялоого болгон үчүнчү аракет болуп калышы мүмкүн деп эсептейт.

«Эгер бул оңунан чыкпаса, анда бул Кыргызстан үчүн өтө оор болот», - дейт ал.

Тимур Токтоналиев жана Евгения Ким – IWPRдын атайын тренингинен өткөн Бишкектеги журналисттер.

Бул макала Европалык Комиссия тарабынан каржылануучу «Массалык маалымат каражаттары аркылуу Борбор Азияда адам укугун коргоо жана укук таануу» жана Норвегиянын тышкы иштер министрлиги тарабынан каржылануучу «Укук коргоо маселелерин, карама-каршылыктарды жана ишенимдин бекемделишин чагылдыруучу маалымат программасынын» чегинде Согуш жана бейпилдикти чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан даярдалды.

Макаланын маңызына толук жоопкерчиликти IWPR алат жана макала Европа шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жана Норвегиянын тышкы иштер Министрлигинин эч биринин кызыкчылыгын чагылдырбайт.

Kyrgyzstan
Elections
Support our journalists