Кыргызстан: үй-бүлөдөгү сексуалдык зордук-зомбулук жазаланбайт.

Үй бүлөөдөгү аялдарга болгон сексуалдык зордук-зомбулукка толеранттуу көз караш жана аялдын өз укукары жөнүндө маалым болбогондугу аялдарды коргоо ишин татаалдаштырат.

Кыргызстан: үй-бүлөдөгү сексуалдык зордук-зомбулук жазаланбайт.

Үй бүлөөдөгү аялдарга болгон сексуалдык зордук-зомбулукка толеранттуу көз караш жана аялдын өз укукары жөнүндө маалым болбогондугу аялдарды коргоо ишин татаалдаштырат.

Tuesday, 8 September, 2009
IWPR

IWPR

Institute for War & Peace Reporting

16 жашында зордуктап койгон. Анда кыз эч кимге айткан эмес. Өгөй атасынан коркуп апасына да сырын ачкан жок.



Кийин Айдай турмушка чыкты. Бирок өгөй атасы башынан каршы болуп, кыргыз коомчулугунда эң уят көрүнүш кыз никеге турганча эле кыздыгынан айрылган, сойкулук менен алектенип, бузулган деген ушак сөздөрдү таратты.



Айдай жубайына гана сырын ачты,ал ишенгендей болду, бирок туугандарынын сөзүнө көнүп, келинчеги менен ажырашып кетти.



Эң башкысы Айдайдын энеси да, «мени жер каратты» деп кызын чанып койду.



Азыр Айдай 24 жашта, күнөөсү жок күнөөлүү болуп калганына абдан ызаланат.



«Биздеги мыйзамдардын өзгөрүшүн каалайт элем. Бул башыман өткөн азап азыркыга чейин тагдырыма терс таасирин тийгизүүдө»- дейт ал IWPR кызматына.





Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук жөнүндө айтууга болбойт деген пикирди көңүлгө алсак, биздин коомдо аялга болгон сексуалдык зордук бийликке билдирип төргөө ишин ачуучу кылмыш эмес, жөн эле уят көрүнүш катары каралат.



Эксперттер Айдайдын Кыргызстанга катаал мыйзамдар керек деген пикири менен макул болушууда. Андан тышкары коомчулукту туура мамилеге тарбиялоочу маалыматтарды жогорулатуу программаларын киргизип, сексуалдык зордуктун курмандыктарын коргоо зарылчылыгын талап кылышууда.



Үй-бүлөдөгү сексуалдык зордук жөнүндө так сарэсеп (статистические) маалыматтарды алуу өтө кыйын, бирок каатчылык борборлоруна кайрылган айымдардын саны күндөн-күнгө өсүүдө.





Кыргызстандын каатчылык борборлорунун маалыматы боюнча, өлко боюнча 7300 аял кайрылып ондон сегизи үй-бүлөлүк зордукка кабылдым деп арызданышкан. Ал эми «Сезим» борборунун өкүлүнүн айтусунда аларга кайрылган айымдардын 23% зордуктун курмандыктары.





Ички иштер министрлигинин өкүлүнүн айтуусунда, «катталган үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун саны өсүүдө, бирок сарэсеп эч качан так болбойт,анткени зордуктоолордун көбүн аялдар баары бир жашырат»,-деп кошумчалады.



ИИМ дин өкүлү зордук-зомбулуктун өсүшүн жумушсуздуктун, жана аракечтиктин айынан пайда болгон кедейликтин жогорку деңгээли менен байланыштырды.



Зомбулуктун курмандыктары жардам суроодон коркушат анткени милиция тарабынан түшүнбөстүккө кабылып, эч ким алардын сөздөрүнүн чын-төгүнүн териштирбейт деген ойлору бар. Андан дагы, коомдогу кадыр баркын сактап калуу кызыкчылыгын көздөгөн үй-бүлөсү тарабынан куугунтукка алынып калуудан кооптонушат.



Жаш дарыгер, Тимур, атын гана атоого макул болду. Ал көп аялдардын ичтен күйгөнүн жакшы түшүнөт.





«Кимге гана зордук-зомбулук көрсөтүлбөсүн-бул кылмыш жоопкерчилиги катары саналат. Ал эми аялдар көп учурларда чындыкты айтуудан баш тартат. Анткени, тилекке каршы бизде «аял өзү күнөөлүү» деген туура эмес түшүнүк бар.





«Сезим» борборунун психотерапевти Наталья Павлованын ою боюнча, үй-бүлөдөгү сексуалдык зордукка болгон көз караштын тамырында жалпы коомчулуктун «секс»- бул уят жана ыплас иш деген салыштыруу жатат.





«Жергиликтүү үй-бүлөлөрдө секс темасы жабык маселе. Ошол себептен аялдар жакын туугандарына да эч нерсе айтпайт», - деди ал.



Зордуктоо жана башка зомбулук Кыргызстандын кылмыш кодекси тарабынан жазаланат. Бирок зордукка кабылган аялдар кадыресе укук коргоо органдарына кайрылбайт.



Павлованын айтуусунда негизинен айыл жергесиндеги аялдар зордук-зомбулук курмандыктарын коргоочу мыйзамдар бар экенин да билишпейт.



«Мыйзам боюнча зордук көрсөткөн адам жазага тартылаарын билишпейт», - деди ал.



17-жашар Мээримди алкоголдук мас абалында үч жашка улуу аталаш агасы зордуктап койгон. Анда кыз ата-энесине эч нерсе айткан эмес, анткени милиция же ата-энеси ал агасын жазалаарына ишенген эмес.



«Ал эмес укук коргоочу органдар үй-бүлөдөгү аялдарга болгон зордукту кылмыш катары эсептебейт», - дейт Павлова.



Ал эми жапа чеккен адамдар чыгынып арыз жазган күндө да же арызын кайра алып кетишет, же иш аягына чыкпай токтотулат.



Бишкектеги аялдарды колдоо Борборунун юристи Айжан Джуманалиева, «арыз берилгенден кийин милиция иш баштоону чечкиче бир нече күн өтүп кетет. Ал эми зордукчу менен анын курмандыгы ал учурда бир үйдө бетме - бет жашоого туура келет. Башка арга жок»,-деп түшүндүрдү.





Дал ушул маалда зордукчу өз курмандыгын милицияга берген арызын кайрып алууга көндүрөт, кээде күч колдонгого чейин барат.



«Бул учурда жапа чеккен адамды күнөөлүлүк сезимден арылтуу керек. Ал өзүнө келиши үчүн убактылуу кылмышкерден алыс коопсуз жерге көчүп кетүү оң», - деген кеңеш берет Павлова.



Джуманалиеванын пикири боюнча иш ачып, далилдөө документтерин чогултуу абдан оор жумуш.



«Эгер зордуктоо же психологиялык басым болгондон бери бир топ убакыт өтсө, ал кылмышты далилдөө татаалданып же такыр мүмкүн болбой калат. 99 пайыз мындай учурларда арыз кабыл алынбайт», -.деди ал.



Сотто уй-бүлөлүк зордуктун курмандыктарын жактоочу психолог Виктория Тяндын сөзу боюнча, кээ бир тескөө учурларда жабыркаган аял үй-бүлөлүк зомбулук кылмыш мыйзамынын юрисдикциялык карамагындагы иш эмес деген туура эмес көз караштагы сот кызматкеринин басымына туруштук бере албай жеңилип калышат.



Сот кызматкерлеринин «балдарыңды ойлоп, арызыңды кайра ал» дегендери да кездешет.



«Алар (сот кызматкерлери) аягына чейин чечим кабыл албай эки жактын элдешүүсүн талап кылышат», - дейт Тян.



Елена деп таанышкан айым өз жубайына даттанып бир нече жолу милицияга арыз жазып, бирок натыйжасында, күйөөсүнө кайра эле кайрылып барганын билдирди.





Елена- күйөөсү үйлөнгөндөн баштап эле уруп-сабап, зордуктап жүргөнүнө карабай, абакка отуруусун каалабайт. «Ал камалып кетсе үй-бүлөм ачка калат, анткени мен акча таба албайм»,-деди.



Ага болбой Елена бул кырдаалдан чыгуунун жолдорун издейт. Ал убактылуу каатчылык борборунда калып, борбордун жардамы менен ашпозчу, тикмечи же чач-тарачтык жумушчу адисттигине үйрөнгүсү келгенин жашырган жок.



«Мен дагы иштеп күйөөмдөн көз каранды болгум келбейт. Ошондо гана мен андан түбөлүк кетип калууга мүмкүнчүлүгүм пайда болот», - деди ал.



Аялдардын психологиялык борборлору, алардын ону Бишкекте жайгашкан, өлкөнүн көп жеринде кызмат бөлүмдөрүнө ээ. Алар кеңеш берүү, юридикалык кызматтарын сунуш кылышат, кээ бирлеринде убактылуу баш калкалоо жайлары да бар.



Мээрим эч кимге кереги жок экенин сезип, бул борборго кайрылууга аргасыз болду.





«Мындай мекемелер тууралуу жабыркаган аялдар маалымат алып тураарын каалайт элем. Менин багыма жараша, курбу кызым бул борбор жөнүндө айтып берди. Ал эми көбү аны тааныбайт дагы»,-деди Мээрим.



«Шанс» каатчылык борборунун башчысы Александра Елиференконун айтымында, биздин уюмдар бул маселе менен өз алдынча күрөш жүргүзө албайт. Андыктан Өкмөттүк эмес Уюмдар, укук коргоо органдары менен бирдикте иш алып барып, калктын маалымдуулук денгээлин көтөрүп, ошол эле учурда үй-бүлөдөгү сексуалдык зордукка карата толеранттулуктун денгээлин төмөндөтүү зарыл.



«Аялдардын укугу жөнүндө мыйзамдар түшүнүктүү болушу керек. Эң негизгиси, алар коомдук деңгээлде кабыл алынышы шарттуу», -деди ал.



Павлованын ою боюнча, аялдардын маалымдуулук денгээлин эле жогорулатып тим болбостон, эркектер менен да иш алып барып алардын зордукчуга айланып кетүүсүнө жол бербөөну максат кылып коюуу абзел.



«Азыркыга чейин биздин жардам сексуалдык зордук-зомбулуктун курмандыгына эле багытталган. Бирок бул жылдан баштап кээ бир Өкмөттүк эмес Уюмдар тарабынан зордукка күнөөлүүлөрдү окуткан программалар иштөөдө. Үй-бүлөдө зордуксуз мамилени үйрөткөн атайын программалар бар. Ал программага өз жүрүш-турушун анализдөө, чогуу-чара альтернативдүү чечимдерди кабыл алуу кирет»,-деди ал.



«Кээ бир өлкөлөрдө зордук көрсөткөн адамды атайын программаларга катышууга күчтөп киргизүүгө уруксат берилген»,- деп кошумчалады.



«Үй-бүлөлүк сексуалдуу зордук узакка созулган психоогиялык кыйынчылыктарды туудурушу мүмкүн»,- деп белгиледи Тян.



«Кыздар зордукчуну кечирип, өмүр бою айтпаган күндө да, ал ыплас иш баары бир жүрөгүндө калат. Унуткарууга туруштук бере албаган бул сезим чоң стресс жана ал убакыт өткөн сайын кайра күч алат».



Эмдигиче ал окуяны унута албаган Айдай, сегиз жыл мурун эле ишти бир жаңсыл кылбаганына абдан өкүнөт.



«Андагы өзүмдүн боштугума жиним келет, эми эч нерсени далилдей албайм, күнөөлүү адам жазаланбай калды»,-деп кошумчалады Айдай.

Frontline Updates
Support local journalists