Кыргызстан: белгилүү саясатчыны депутаттык жарыштан чыгарышты

Эдил Байсалов өзүнүн блогунда бюллетенди жарыялаганы үчүн шайлоо алдындагы талапкерлик тизмеден чыгарылганы талаш-талкууларды жаратты.

Кыргызстан: белгилүү саясатчыны депутаттык жарыштан чыгарышты

Эдил Байсалов өзүнүн блогунда бюллетенди жарыялаганы үчүн шайлоо алдындагы талапкерлик тизмеден чыгарылганы талаш-талкууларды жаратты.

.

Кыргызстандын Социал-демократтык партиясынан (СДПК) талапкерлигин койгон 30 жаштагы Эдиль Байсалов 4-декабрда Борбордук шайлоо коммиссиясынын буйругу менен парламенттик жарыштан чыгарылган.



Ал өзүнүн интернеттеги блогунда бюллетендин бланкасын жарыялап жибергени үчүн ушундай жазага дуушар болгон.



Байсалов бюллетендин сапаты начар жана жөнөкөй кагазга басылганын көргөзүүгө аракет кылганын айткан.



Байсаловдун веб-сайтында бюллетен фотосүрөтүнүн пайда болушу мындай бюллетендерди жасалма кылып чыгаруу кандай оңой экени тууралуу Интернеттеги кызуу талаш-талкууларга жол ачты.



Республикадагы буга чейинки шайлоолордо да шайлоо урналары жалган бюллетендер менен толтурулуп, шайлоо жыйынтыгы бурмаланышы ыктымал деген шектенүүлөр байкоочуларды кабатыр кылчу.



Боршайком Байсаловду жарыштан чыгаруу чечиминен баш тартчудай эмес.



БШК шайлоо алдында бюллетенди жарыялоого эч кимдин укугу жок, анткени ал көчүрүлүп жана жасалып чыгышы ыктымал деп билдирүүдө.



“Бланктын өлчөмдөрү өзгөчө жана коргоо белгилери бар болчу. Бирок, бул аны жасап чыгарууга мүмкүн эмес дегендикке жатпайт. Түстүү принтерлерде долларды деле жасап жатышпайбы. Шайлоо күнүнө чейин жасалма бланктар чыгып кетпеши үчүн бир дагы киши анын кандай болоорун билбеши керек болчу”, - дейт БШКнын өкүлү Гуля Рыскулова.



Байсаловдун иш-аракети өзүнө жана аны партиясына чоң чыгымдарды алып келиши ыктымал. Боршайком Байсаловдун айынан 2.7 миллион бюллетенди жокко чыгарууга аргасыз болгонун айтып, материалдык чыгымды төлөп берүүнү талап кылганын билдирди.



Боршайкомдун өкүлдөрү Социал-демократиялык партия 20 миллион сомдон ашуун чыгымды же АКШ доллары менен эсептегенде, 600 000 долларды мойнуна алышы керек деп санашат.



“Мурдагы бюллетендер көгүш болчу, азыркылар гүлгүн-кызыл болот. Аларды көчүрүп алууга татаал кылыш үчүн биз түсүн өзгөртүшүбүз керек”, - дейт БШКнын өкүлдөрүнүн бири IWPRга.



4-декабрда БШК бюлеттендердин жаңы нускасы төрт күн ичинде басылып чыгып, аймактарга жеткирилерин жар салган.



Боршайком ошону менен бирге Генералдык прокуратурага Байсаловдун жоопкерчилигин юридикалык жактан тактап берүү өтүнүчү менен кайрылган.



Байсалов БШКнын кеңеш берүү укугуна ээ мүчөсү катары басылып чыккан бюллетендер жайгашкан типографияга кирип чыгууга мүмкүнчүлүгү бар болчу. Ал бул укугунан пайдаланып, бюллетендердин бирөөсүн мобилдик телефонуна тартып алган.



Рыскулованын айтымында, Байсалов кызмат абалынан кыянат пайдаланды. Анткени комиссиянын мүчөлөрүнө ички документтерди көчүрүүгө тыюу салынган.



Бирок, Эдил Байсалов мыйзамды буздум деп эсептебейт. Ал эми СДПК өзүнүн талапкерин тизмеден чыгаруу жөнүндө чечимди сот аркылуу жокко чыгарууга ниеттенип жатат.



Белгилүү юрист жана СДПКнын мүчөсү Галина Скрипкина Эдиль Байсаловду тизмеден чыгаруу укугуна пропорционалдык шайлоо системасы боюнча жарышка түшкөн партиянын өзү гана ээ экенин айтып жатат.



“БШКнын кеңеш берүү укугуна ээ мүчөсү Эдил Байсаловдун иш-аракеттери чыны менен эле мыйзамсыз экенин, адегенде, далилдеш керек. Кандайдыр бир кылмыш жасабаган кишиге талапкерлигин коюуга эч ким тыюу сала албайт”, - дейт Скрипкина.



Укук коргоочу Чолпон Жакупованын пикиринде, Байсалов эмес, тескерисинче Боршайком өзүнүн бийлигинен ашыкча пайдаланууда. Анткени ал “сот органынын милдетин үстүнө алып алган”.



Саясий-укуктук изилдөө борборунун директору Тамерлан Ибраимов, шайлоо Кодексинде талапкерди жарыштан чыгаруу себептери аталган, бирок БКШнын жүйөөлөрү анда жок экенин айтууда.



“Эгер Байсалов кылмыш мыйзамдарын бузгандыгы боюнча айыпталган болсо, анда анын күнөөсүн далилдеген сот чечими керек. Азыркы мыйзамга ылайык Эдил Байсалов СДПКнын тизмесине кайрадан киргизилиши абзел”, - дейт ал.



Укук коргоочулар бюллетендердин сапатынын төмөндүгү тууралуу коомчулукка билдиргени үчүн Байсаловго БШК ыраазычылык билдириши керек болчу деп эсептешет.



Жаштардын укук коргоо тобунун координатору Назгуль Турдубекова БШК мунсуз деле бюллетендерди жокко чыгарууга камынып жаткан болчу деп айтат.



“Боршайком бардык жоопкерчиликти Эдиль Байсаловдун мойнуна илип койгусу келет. Анткени ал эң биринчилерден болуп, бюллетенди жасоодо стандарт сакталбаганын айтып, аны фотосүрөт аркылуу далилдөөгө аракет кылды. Эми мурдагы нусканын бардыгын жок кылыш үчүн алар жоопкерчиликти башка бирөөлөргө оодарып жатышат”, - деди ал.



Байсалов анын тек гана “күнөөсү” - бюллетендердин сапаты начар экенин бардыгына көрсөтүү аракети экенин моюндайт. “БШКга кеңеш берүү укугуна ээ мүчө катары, мен бюллетендер жөнөкөй кагазга басылып, шайлоо Кодекси бузулуп жатканын көрүүгө мүмкүнчүлүк алгамын”, - деп жазган ал интернеттеги блогунда.



“Бүгүн менин айыман жалган шайлоо бюллетендери чыгып кетиши мүмкүн деп айыпташты. БШКнын мындай билдирүүлөрү жоопкерчиликти мага оодарып, курмандыкка чаап жиберүү аракети деп эсептеймин. Бюллетендер - азыр дагы абдан начар корголгон документ бойдон турат. Мен бул жөнүндө кечээ да айткамын, бүгүн да айтам”, - дейт Байсалов.



Азиза Амирова – Бишкектеги көз карандысыз журналисттин псевдоними.
Frontline Updates
Support local journalists