Кыргыз журналистикасы ар тараптуу басымга дуушар болууда.

Өлкөнүн журналисттери өз өмүрүнөн кооптонуп, курч теманы чагылдырган макала жазбай калышты.

Кыргыз журналистикасы ар тараптуу басымга дуушар болууда.

Өлкөнүн журналисттери өз өмүрүнөн кооптонуп, курч теманы чагылдырган макала жазбай калышты.

Өз кезегинде Борбор Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөрдүн арасында эң либералдуу медиачөйрө деген аныктама берилген Кыргызстанда азыркы учурдагы гезиттердин жабылышы, айрым Массалык Маалымат Каражат кызматкерлерине кол салуулар прессанын эркиндигин чектөөдө.

Акыркы эки жылдын ичинде бир топ гезиттер өз ишкерлигин токтотууга аргасыз болушту. Белгилүү «De-Факто» гезитинин редактору Чолпон Орозобекова 2008-жылдын жаз айларында гезит жабылгандан кийин, чет мамлекеттен саясий жай сурап кайрылган. Дагы бир редактор Бермет Букашева оппозициялык «Лица» гезити жабылгандан кийин өлкөдөн чыгып кеткен, ал эми анын басмасы жаңы жетекчилик астында өзүнүн саясий багытын өзгөрттү.

«Ачык Саясат» коомдук гезити 2009-жылдын жайында чачырап кеткен. Андан бир аз узабай эле каржылоо мүмкүнчүлүгү жок «Репортер-Бишкек» гезити өз ишин токтоткон. Ал эми жалган маалымат жарыялагандыгы үчүн «Учур» гезитинин иши сотко берилип, жабылуу алдында турат.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2005-2009-жылдар аралыгында ММК кызматкерлерине каршы 28 кылмыш жана укук бузуулар катталган, анын 23ү боюнча кылмыш иши козголгон. Бир нече кылмыштар ачылган. Бирок ушул убакка чейин 2007-жылы курман болгон Алишер Саиповдун жана 2009-жылдын декабрь айында каза тапкан Геннадий Павлюктун өлүмүнө тиешеси бар адамдар али табыла элек.

Аны менен бирге акыркы эле он эки айдын ичинде айрым кабарчыларга кол салуулардын узун тизмеси коркунучтуу сандарга жетти. Өкмөттүк эмес медиаөкүлчүлүк Институтунун маалыматы боюнча акыркы төрт жылдын ичинде Кыргызстанда 60 журналистке кол салуу фактылары катталган.

Бул кол салуулар менен кээ бир жабылган гезиттердин аттарынын байланышы бар. Мисалы, март айында «Репортер Бишкек» гезитинин саясий баяндамачысы Сыргак Абдылдаев уруп-сабоого дуушар болуп, бычак тийген. Ал эми июнь айында белгисиз адамдар тарабынан мурун «Ачык Саясат» гезитинин башчысынын орун басарлыгын ээлеген Абдувахаб Мониев жаракат алган.

Кыргызстандагы «Московский комсомолец» гезитинин кызматкерлери Елена Агеева жана Улугбек Бабакулов 2009-жылдын март айында тонолуп, кол салууга дуушар болгон, май айында «Трибуна» гезитинин редактору Ырысбек Өмүрзаков жабыркаган, ноябрь айында өлкөнүн түштүгүндөгү «Ош Шамы» басылмасынын кабарчысы Кубаныч Жолдошев белгисиз адамдар тарабынан кол салууга кабылып, коркутуу маанисиндеги кат алган. Ошондой эле декабрь айынын ортолорунда «БалтИнфо» маалымат агенттигинин кабарчысы Александр Евграфов сабалган.

Акыркы 12 айда эки өлүм катталган. Кыргызстандык журналист Геннадий Павлюк 2009-жылдын декабрь айында Алматыда өлтүрүлгөн. Белгисиз адамдар анын колу-бутун байлап, көп кабаттуу үйдөн ыргытып жиберишкен. Журналисттин кесиптештери жана курдаштары анын өлүмүн Кыргызстандагы оппозициялык веб-сайтын ачуу ишкерлигине байланыштырышат.

Кыргызстандын түштүгүндөгү Ноокат районунда журналист Алмаз Ташиев 2009-жылдын июль айында бейтапканада каза болгон. Бир жума мурун аны сабап кетишкен. Ташиевди токмоктогонго сегиз милиция кызматкери катышкан деп шектелип, 25-февралда Ноокат соту кол салган эки милиционерди эки жыл шарттуу түрдө эркинен ажыраткан.

(ММК коопсуздук маселеси боюнча кененирээк “Кыргызстан: журналисттик коопсуздук боюнча тынсыздануулар” аттуу 2010-жылдын 9-февралында чыккан макаладан окуй аласыз).

Журналисттерге болгон көп сандаган кол салуулардан улам АКШнын элчилиги жана ОБСЕнин эркиндик маселеси боюнча өкүлчүлүгү Кыргызстандын бийлигин чечкиндүү кадам жасоону талап кылды.

Өлкөнүн бир катар журналисттери 10 жыл мурун, же “жоогоазын революциясынын” натыйжасында өлкөгө президенттикке келген Курманбек Бакиевдин бийлигине чейин беш жыл мурун ММК тегерегиндеги кырдаал бир топ өйдө болгонун бир ооздон айтышууда.

«1991-жылы эгемендүүлүк колубузга тийгени биз ММКнын өрчүүсүндө чоң кадамды алдыга таштаганбыз, эми байкашымда, кайра эки кадам артка жылдык», -.деди азыр АКШда жашап жаткан Бермет Букашева IWPRге берген интервьюсунда.

Өлкөнүн түштүк борбору Оштун журналисти жашыруун шартта IWPR менен болгон маегинде: «Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы оор. Революциядан кийин журналисттерге болгон басым күчөдү. Көп гезиттер жабылып, журналисттерди коркутуп, мыкаачылык менен сабап, өлтүргөн учурлар да катталган. Андыктан мен коопсуздуктамын деп айта албайм, ошондуктан азыркыга чейин өз атымды толугу менен ачуудан корком»,- деди.

Бул макалага берген жообунда ММКдагы башка көп эле журналисттердей оштук кабарчы саясий темада жазганды токтотуп, социалдык жана экономикалык маселелерди чагылдырып калганын айтып өттү.

«Алишер Саиповду өлтүргөндө биз биринчи эскертүү алганбыз. Ал эми Геннадий Павлюктун өлүмүнөн кийин баары ачык болду. Өлкөдө сөз эркиндигинин жана адам жашоосунун наркы түштү», - деди журналист.

Көз карандысыз өзүн өзү башкаруучу орган, ММКдагы арыздарды иликтөө Комиссиясынын төрагасы Александр Кулинский көп журналисттер сөз эркиндигин чектөө менен жакындан тааныш, жана алар жагымсыз темадан качып калгандыгын ырастады.

«Бүгүнкү күндүн эң курч жана кооптуу темалары – энергетика жана исламдык диний терроризм. Бул теманы чагылдыруу жеткен жанкечтилик, анткени көп коркунучтарга кабылып, өмүрүңөн ажырап калууга да болот, анын тегерегинде чектөө күчөдү», - деди Кулинский.

Көз карандысыз ММКын текшерүүдө жогорку кызматтагы адамдардын катышуу деңгээли кандай болушу керек экендиги дагы деле кызуу талаш-тартыштарды жаратып жатат.

«Кыргызстанда бийликти сындоого бел байлаган журналисттерди күч колдонуу менен басып коюу коркунучу бар. Эгер милиция чуу салган кылмышты иликтөөгө алы жетпесе, демек, ал кылмыштын артында кудуреттүү чоң башкарма турат» , - деди Букашева.

Саясат таануучу Марат Казакпаев түзүлгөн кырдаалды баяндап жатып, мындай жагдай азыркы президент Бакиевдин аброюна шек келтирерлигин айтты. Бийлик өкүлдөрү бардык массалык маалымат кызматкерлерине болгон кол салууну мыктап тергеп, күнөөлүүлөрду адилеттүү жазага тартышы керектигин билдирди.

Бул кырдаалды президенттин алдындагы стратегиялык анализдөө жана баалоо Институтунун башчысы Сергей Масаулов башкача чечмеледи. «Бул ММКна кол салуулар бийликке каршы күчтөр менен демилгеленген»,-деди ал IWPRге берген жообунда.

Масауловдун айтымында, “өлкөдө оппозиция жана эркин пресса болгонуна кызыкдар жана журналисттердин коопсуздугун сактоону президенттин катчылыгы негизги милдет катары алдына койду”.

«Кыргыз Туусу» мамлекеттик гезитинин башкы редактору Кыяз Молдокасымов “Кыргызстанда сөз эркиндиги өкүм сүрөт”,- деп ырастайт.

«Биздин журналисттер бардык темада эркин жаза алат. Ал эми алардын коопсуздугу тууралуу сөз болгондо: “Негизгиси бул – жоопкерчилик. Ар бир кабарчы макаланы эл сынына коюудан мурун миң жолу текшерип, тактап чыгышы керек “,-деди.

Молдокасымов, республикадагы гезиттердин көп түрдүүлүгү ММКнын өнүгүп-гүлдөшүнүн далили болорун, айтты.

Кулинский ММКнын саны тууралуу башка пикирде. Анын ою боюнча, кооптуу темаларды жазуудан баш тарткан басылмалар көп учурда жеңил, көңүл ачуучу мүнөзгө ээ. “Өлкөдөгү басылмалардын ичинен нускасы боюнча “Супер-инфо” гезити алдыда, анда саясий макалаларга такыр орун жок. Мына силерге журналисттик көрсөткүч”,-деди ал.

«Ак Жол» президенттик партия баш болуп, Парламенттин кээ бир өкүлдөрү медиачөйрө кызматчыларына каршы кылмыш кылган адамдарга каршы жазаны катуулоо жөнүндө мыйзамга оңдоолорду киргизүүнү максаттап жатышат.

Парламенттин «Ак Жол» фракциясынын өкүлү, журналисттик коопсуздуктун тегерегиндеги кырдаал ыкчам чараларды колдонуп, өзгөчө чечимдерди кабыл алууну талап кылаарын айтты.

Оппозициялык социал-демократиялык фракциянын өкүлү Иса Өмүркулов ыкчам чара кабыл алуу сунушу менен макулдугун билдирди. “Журналисттер коомдун кулагы, көзү. Андыктан алар коомдогу ээлеген орду өзгөчө болуп, корголушу керек. Ал эми алардын коопсуздугуна кол салган адамдар мыйзам тарабынан ырайымсыз жазаланышы зарыл”,- деди.

Эгер сунушталган оңдоолор кабыл алынса, Кыргызстан журналисттерин өзгөчө коргоого алган Борбор Азиядагы биринчи мамлекет болуп калмакчы.

Анара Юсупова – Кыргызстандык кабарчынын жашыруун аты.

Жогорудагы макала Европа Комиссиясы тарабынан каржыланган «Массалык маалымат каражаттары аркылуу Борбор Азияда адам укугун коргоо жана укук таануу» долбоорунун негизинде даярдалды.

Макаланын мазмунуна IWPR толук жоопкерчиликти мойнуна алат жана ал Европа Шериктештигинин өлкөлөрүнүн көз карашын чагылдырбайт.
 

Support our journalists