Кыргызстан: журналисттердин коопсуздугуна карата кооптонуулар
Журналисттерге болгон кол салуулар медиа коомчулугун тынчсыздандырууда.
Кыргызстан: журналисттердин коопсуздугуна карата кооптонуулар
Журналисттерге болгон кол салуулар медиа коомчулугун тынчсыздандырууда.
Кыргызстандагы журналисттерге кол салуулардын толкуну журналисттер журтчулугун, жергиликтүү жана эл аралык уюмдарды бир топ түйшөлттү.
Медиа өкүлчүлүктөрү Кыргыз бийлиги журналисттерге жасалган кылмыш иштерин иликтөөгө жана кылмышкерлерди жоопко тартууга жөндөмсүз деген пикирин айтып, журналисттердин тагдырына тынчсыздангандыгын билдиришти.
Кыргызстан журналисттер Ассоциациясынын иликтөөсүнө ылайык акыркы төрт жылда Кыргызстандык 58 журналистке кол салуу фактысы катталган.
Кыргызстандын ички иштер министрлиги 2005-жылдан баштап 2009-жылга чейинки аралыкта журналисттерге 28 кол салуу фактысы катталгандыгын, анын 23-нө кылмыш иши козголуп, ал эми 5 факт каралбай калгандыгын белгиледи.
Кыргызстандык журналисттерге кол салуунун акыркы курмандыгы Геннадий Павлюк болду. Геннадий Павлюкту 16-декабрда белгисиз адамдар колу-бутун таңып, алтынчы кабаттан ыргытып жиберишкен. Журналист алты күн тил-оозсуз жатып 22-декабрда көз жумган.
Бул окуя коңшулаш Казакстандын финансылык борбору – Алматы шаарында болуп өткөн.
Бул боюнча Казак ИИМи адам өлтүрүү фактысы орун алгандыгын айтып, кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзүп жатат.
КТК казак телеканалы маалымдагандай, Кыргызстандын Улуттук Коопсуздук Кызматынын үч кызматкери журналист менен жолугушуу белгилешкен жана Павлюк менен окуя орун алган квартирада болушкан. Кыргызстандын улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын маалымат кызматы бул маалыматты жокко чыгарууда.
Павлюк менен кызматташкан адамдар анын өлүмүн Павлюктун Кыргызстандагы иши менен байланыштырууда. Акыркы мезгилде журналист Кыргызстанда өзүнүн сайтын ачууга даярданып жаткан.
«Ата-Мекен» оппозициялык партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев «Азаттык» радиосуна Геннадий Павлюк менен ал өлтүрүлгөн күндөн бир аз мурда партиянын өз сайтын ачууга байланышкан пландарды талкуулап, сүйлөшүү максатында жолуккандыгын кабарлады.
«Atameken.kg, партиянын расмий куралы эмес, көз каранды эмес массалык маалымат каражаты болушу керек эле», - деп билдирди Текебаев «Азаттык» үналгысына берген маегинде.
«Бул өлүм – саясий мотивдеги өлүм, бул Кыргызстанда сөз эркиндигин чектөө максатында жасалган кол салуу», - деп шилтеме келтирилген анын сайтында.
«Павлюк соңку мезгилдерде кыргыз өкмөтүн сынга алып, жаңы реформалардын чыныгы жүзүн көрсөткөн бир топ макалаларды жана маектешүүлөрдү жарыялаган эле»,- деп кошумчалады Ө.Текебаев.
Кыргызстандагы бейөкмөттүк уюм Медиа өкүлчүлүк Институтунун өкүлү Акмат Алагушев өлкөнүн тартип коргоо органдары журналисттерге кол салууга байланышкан кылмыштардын бетин ачышы керектигин айтты.
«Өлкөдө сөз эркиндиги кылмыштуулуктун териштирилишине жана кылмышкердин жазалануусуна жараша болот.
Мыйзамсыздыктык орун алышы журналисттердин коопсуздук чөйрөсүндөгү оң жылыштарга кедерги болот», - деп кошумчалады.
Башкы штабы Нью-Йоркто жайгашкан эл аралык Журналистерди коргоо Коммитети бейөкмөт уюму Павлюктун ишин контролдоону өз колуна алды.
Комитеттин европалык жана Борбор-Азиялык программасынын координатору Нина Огниянова:
«Бул иликтөө иши эки тараптын кызматташуусусуз натыйжалуу болбойт. Ошондуктан казак тергөөчүлөрүн Кыргызстандык кесиптештери менен биргеликте иш алып барууга чакырабыз, ал эми Кыргыз өкмөтүнөн мүмкүн болгон бардык көмөктөрдү көрсөтүүсүн талап кылабыз», - деп билдирди.
Кыргызстандын Президентинин Катчылыгынын өкүлү Илим Карыпбеков «Алматыда каза болгон журналист Геннадий Павлюктун окуясына жана жалпы эле журналисттерге кол салуу аракеттери күчөгөн фактыларга президент катчылыгы кандай комментарий бере алат» деген суроого:
«Бийлик сөз эркиндигин колдойт. Биз демократиялык принциптерге ылайык мамлекетти куруп, сөз эркиндигин үгүттөп жана жарыялап келебиз. Кыргыз өкмөтү журналисттердин коопсуздугунун сакталышына жана ММК кызматкерлерине карата болгон кол салуулардын бетинин ачылышына кызыктар», - деп жооп берди.
Журналисттерге кол салуу фактылары менен тартип коргоо органдары алектенип жаткандыгын, ал эми секретариат алардын ишине көзөмөл жүргүзөөрүн кошумчалады.
«Биз коомчулукту иликтөө иштеринин жүрүшү менен кабардар кылып турууга аракеттенебиз, ошондой эле көйгөйдү чечүү үчүн кызыкдар тараптардын баарын биргеликте иш алып барууга чакырабыз. Биз эң оболу медиа өкүлчүлүктөрүнөн, бийликтин атына негизсиз күнөөлөрдү айтуунун ордуна, конструктивдүү сунуштарды күтөбүз» - деди И.Карыпбеков.
Павлюктун өлүмү декабрь айынын ичинде эле Кыргызстандык журналист катышкан үчүнчү инцидент болду.
Өткөн жылдын декабрь айында Бишкектеги россиялык «Росболт» маалымат агенттигинин кабарчысы Александр Евгаров Кыргызстандын борборунда белгисиз бирөөлөр тарабынан ур-токмокко алынган.
Бир аз убакыт өтпөй Кыргызстандын түштүгүндөгү Ош шаарында «Ош шамы» газетасынын редакциясына ичине Калашников автоматынын огу салынган коркутуу каты жөнөтүлгөн.
Ал эми көз карандысыз журналисттер Алишер Саипов жана Алмаз Ташиев 2007 жана 2009-жылдары өлтүрүлгөн.
Ош шаарында эмгектенген белгилүү журналист Алишер Саипов белгисиз бирөөлөр тарабынан көчөдө атылган. Ал улуту боюнча өзбек, «Сиёсат» деген ат менен чыгуучу өзбек тилдүү гезиттин негиздөөчүсү. Гезит коңшулаш өзбекстанда орун алган укук коргоо фактыларына карата курч макалалары менен белгилүү эле.
Алмаз Ташиев бир катар маалымат агенттиктерде жана кыргыз тилдүү «Агым» газетасында иштеген. Жаңы паспорт алууга келген жеринен Алмаз Ташиев милиция кызматкерлери тарабынан катуу токмоктолгон жана 4-июлда 33 жаштагы журналист көз жумган.
Ташиевдин өлүмүнө байланыштуу эч ким жоопко тартылган эмес.
Ушуга удаалаш эле «Репортер» гезитинин кабарчысы Сыргак Абдылдаевге кол салуу болуп, бир катар бычак жаракатын алган; малекеттик теле берүү компаниясынын журналисти Кайрат Биримкулов ур-токмокко алынган; Бишкек көз карандысыз телеканалынын журналисти Гүлмира Үметалиева дене жаракатын алып, колундагы камерасынан ажыраган; ошондой эле саясий серепчи Александр Князев тоноого кабылып, колундагы ноутбугун жана акчасын алдырып жиберген.
2005-жылдан тарта өз өмүрүнө кооптонгон алты журналист саясий башпаанек издеп Кыргызстандын чегинен тышкары жакка чыгып кетишкен.
Соңку жылдары Кыргызстанда журналисттердин өмүрүнө коркунуч чоң болуп жатканын жана журналисттерге кол салуу тенденцияга айланып жаткандыгын бейөкмөт уюм – “Журналист” коомдук бирикмесинин башчысы Марат Токоев да айтты.
«Журналисттерди уруп-сабоо фактысы жылдан жылга өсүп жатат. Мурда жөн гана уруп кетчү болсо, азыр ооруканага жаткыдай деңгээлде сабап жатышат. Ал эмес журналисттерди өлтүргөн да фактылар катталды», - деп кошумчалады Токоев.
Токоевдин айтымында, анын уюму журналисттерге карата болгон кол салуулардын санын билүү жана ал фактылар журналисттердин кызмат иши менен канчалык деңгээлде байланышы бар экендигин аныктоо максатында Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ОБСЕ) эксперттери, ошондой эле милиция кызматкерлери жана журналисттер менен иш алып баргандыгын айтты.
Түзүлгөн абал ОБСЕ Борборунда журналисттердин коопсуздугун 2010-жылда негизги приоритетке ээ кылды.
ОБСЕ Борборунун башчысынын орун басары IWPRга берген маегинде ал иштеген уюм журналисттер өз иштерин жогорку жоопкерчилик менен коопсуздукта, коркпостон аткара ала турган жагымдуу абалды түзүүгө көмөктөшүүнү көздөй тургандыгын билдирди.
ОБСЕ миссиясы журналисттерге юридикалык жардам көрсөтүүгө жана бул маселе боюнча калың калктын арасында түшүндүрүү талкуулоолорду өткөрүүгө көмөктөшөөрүн кошумчалады.
«Ушундан улам ОБСЕ ММКнын эркиндигине байланышкан учурдагы кризистик абалды жөнгө салууга Кыргыз өкмөтүн кайталап чакырат», - деди Дарий.
Токоев ОБСЕнин журналисттердин коопсуздугу олуттуу приоритетке ээ экендигин билдирген чакырыгын колдоорун, ошондой эле тараптар биргеликте иш алып барганда гана бул маселе чечиле тургандыгын билдирди.
«Журналисттерге карата жасалган кысым көрсөтүүлөргө жана коркутууларга баарыбыз биригип, бирдиктүү күчкө айланганда гана туруштук бере алабыз», - деди ал.
Асыл Осмоналиева, IWPRда тренингден өткөн Кыргызстандагы журналист.