Кыргыз өкмөтү митингчилердин талабын аткарууга шашылбайт
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн төлөмдөрдүн баасы жеңилдетилет, бирок расмий бийлик калган жарандарга электр энергиясы үчүн чыныгы бааны төлөтүүнү көздөөдө.
Кыргыз өкмөтү митингчилердин талабын аткарууга шашылбайт
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн төлөмдөрдүн баасы жеңилдетилет, бирок расмий бийлик калган жарандарга электр энергиясы үчүн чыныгы бааны төлөтүүнү көздөөдө.
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн төлөмдөрдүн баасы жеңилдетилет, бирок расмий бийлик калган жарандарга электр энергиясы үчүн чыныгы бааны төлөтүүнү көздөөдө.
Учурда буга чейин көтөрүлгөн жылуулукка жана электр энергиясына болгон бааны төмөндөтүү максатында коомчулук тарабынан уюштурулган нааразылык иш-чаралар өткөрүлүүдө. Расмий бийлик мындай талаптарды аткаруудан баш тартууда.
2010-жылдын башында өлкөдө электр жана жылуулукка болгон баа адегенде 100, кийинчерээк 500 пайызга жогорулатылган. Кыргыз өкмөтү керектөөчүлөр төлөгөн каражат, электр энергиясын жана жылуулукту өндүрүүгө кеткен чыгымды актабагандыктан мындай кадамга аргасыздан барып жаткандыгын маалымдаган. (Бул тууралуу RCAнын №604, 2010-жылдын 23-февралындагы, Кыргызстан: тарифтердин кескин көтөрүлүшү жарандардын нааразылыгын пайда кылды аттуу макаладан кеңири окуй аласыздар).
Тарифтин көтөрүлүшүнө болгон нааразылыктар ар кайсыл жерде, оппозиция эмес, карапайым эл тарабынан баш аламандыкта өткөрүлүүдө. Буга байланыштуу айрым байкоочулар оппозициянын элдин мындай бийликке болгон нааразылыгын өз кызыкчылыгына колдоно албай жатышын, оппозциялык партиялардын деңгээлинин төмөндүгү менен түшүндүрүшөт.
Алгачкы нааразылык акциясы үстүбүздөгү жылдын 24-февраль жана 10-март күндөрү өлкөдөгү эң ири тоолуу областтардын бири Нарын шаарында өткөрүлдү. «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөттүк уюмдун Нарын областындагы директорунун милдетин аткаруучу Адилет Эшеновдун маалыматына караганда, нааразылык иш чарасына 3000ден ашуун адам катышты. Ал эми жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мынай иш чарага болгону 2000 адам катышкандыгын кабарлады. Электр энергиясына жана жылуулукка баанын көтөрүлүшү 17-мартта Бишкекте бир нече миң адамдын катышуусунда өткөн нааразылык акциясында да башкы тема болду.
Мындай иш-чара «Элдик курултай» деп аталып, өлкөнүн оппозициялык күчтөрү тарабынан уюштурулду. Курултайда Нарындагы өткөрүлгүн нааразылык иш-чарасына караганда да көбүрөөк саясий талаптар айтылды.
23-марттан кийин мындай оппозициялык маанайдагы иш-чаралар Бишкек жана өлкөнүн түштүгүндөгү Ош шаарында өткөрүлдү. Мындай нааразылык иш-чаралары өлкөнүн учурдагы президенти Курманбек Бакиев бийликке келген «жоогазын» ыңкылабынын беш жылдыгына карата өткөрүлүп, өлкөдөгү баалардын көтөрүлүшүнө байланыштуу саясий талаптар айтылды.
Өлкөдөгү тарифтердин көтөрүлүшүнө жана мамлекеттик ири «Түндүкэлектро», «Кыргызтелеком» ишканаларынын жеке менчикке өткөрүлүшүнө байланыштуу нааразылык иш-чараларына түрткү берүү максатында, үстүбүздөгү жылдын февраль айынын соңунда бир катар бейөкмөт уюмдар тарабынан «220-кыймыл» деп аталган жаңыдан топ түзүлгөн. Учурда мындай «220-кыймыл» бир катар ийгиликке жетишти. Марттын орто ченинде анын катышуучулары Бишкекте баракчаларды таратышып, карапайым тургундарды аларды колдоо максатында сары түстөгү чүпүрөктү байланып жүрүүгө үндөштү. Ошондой эле аталган кыймыл референдум өткөрүү максатында жарандардын колун чогултушууда, учурда болгону миңге жакын адамдын колун топтошкон.
Мындан сырткары бейөкмөт уюмдардын эки өкүлү жана юрист Нурбек Токтакунов кыргыз өкмөтүн «коомчулукка алдын ала иликтөө жүргүзбөстөн, өлкөнүн Баш мыйзамын бузуу менен бааларды көтөрүүгө барды»,- деп сотко беришкен.
Кыргыз өкмөтү тарифтерди көтөрүү керек деген өзүнүн пикиринде бекем турууда. Жакындан бери аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жеңилдетилген шарт берилээрин убада берүүдө.
Өкмөт башчысы Данияр Үсөнов Нарында өткөрүлгөн экинчи нааразылык акциядан соң ал жерде болуп, жергиликтүү активисттер көтөргөн талаптарды карап көрүүгө убада берген. Ошондой эле ал өз убагында төлөнбөй пайдаланылган электр энергиясы үчүн айып пул төлөтүлбөй тургандыгын убада кылган.
Андан эки күндөн кийин Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Данияр Үсөнов энергетика саясаты жалаң гана экономикалык максатта жүргүзүлөөрүн маалымдады. Ошондой эле Үсөнов ага чейинки өкмөт коомчулуктун саясий колдоосунан айрылып калбаш үчүн тарифтерди көтөрүүдөн баш тартып келген деген оюн ортого салды. 27-мартта президент Бакиев өлкөнүн тоолуу жана башка жерлеринде аз кирешелүү атуулдарды коргоо багытында жардыкка кол койду. Өкмөт башчы Данияр Үсөнов андан бир күн мурда парламенттин отурумунда жогорудагыдай иш-чара тууралуу маалымат берип жатып, мындай топко кирген жарандар электр энергиясы үчүн бекитилген тарифтин тең жарымын төлөшөөрүн, жана кыштын күнү тариф жайкы мезгилге караганда эки эсеге көп болоорун маалымдаган.
Президент Бакиев өткөн айда буга чейинки көтөрүлгөн тарифтерди анализдөөгө буйрук бергендигин жана июль айында тарифтер дагы көтөрүлөбү же жокпу ал иликтөөнүн жыйынтыгына байланыштуу болоорун маалымдаган.
Саясат таануучу Нур Омаровдун IWPRдын кабарчысына «мындай анализ жыйынтыгында келечекте бааларды көтөрбөө деген сунуш берээрине ишенүү кыйын», - деген оюн билдирди. «Менин оюмча мындай иликтөө, бийликтин учурдагы курч социалдык маселелерден коомчулуктун көңүлүн алаксытууга болгон аракети»,- дейт Омаров.
Бакиев алгач бийликке келген мезгилде да оппозициялык партиялар тарабынан нааразылык акциялары көп өткөрүлгөн. Учурда, дүйнөлүк экономикалык кризистен улам Кыргызстан башынан оор күндөрдү өткөрүп, баалардын көтөрүлүшү коомчулукту тынчсыздандырып жатса да, өлкөдө учурда өткөрүлүп жаткан нааразылык акциялары мурдагыга караганда анча активдүү эмес деп айтууга болот.
«220-кыймылдын» активдүү мүчөсү Гүлнара Журабаеванын оюнча, учурда карапайым эл бийликтен коркуп жатат, бирок мындай иш чараны башкача жүргүзсө андан сөзсүз жыйынтык чыгат деген ишенимде.
«Мындай иш чара жергиликтүү чакан мүнөзгө ээ, бирок анын кулач жайышы үчүн убакыт жана элдин ишенимине ээ болгон лидер керек», -деген оюн ортого салуу менен оппозиция катарында ага татыктуу саясатчы бар экендигин кошумчалады.
«Биз азыр санды көбөйтүүгө кызыккан жокпуз, анткени мындай кыймыл барып-барып күчкө кирип кетет. Анткени нааразы болгон эл абдан көп», -дейт ал.
Омаровдун пикиринче, учурда Кыргызстандын эли эч бир саясий топко ишенбейт. «Кыргызстанда эл ишене турган бир дагы саясий партия же коомдук уюм жок. Ошондуктан эл митингдерди колдобой жөн гана унчукпай отурганды артык көрүшүүдө», -деген оюн билдирди. Ал эми саясат таануучу Марат Казакпаевдин пикиринде, оппозиция алсыз болсо да элдик нааразылыкты өздөрүнүн кызыкчылыгына колдонушу ыктымал.
«Өкмөттүн тарифтерди көтөрүү саясаты оппозициянын эң башкы куралы, - дейт ал. Оппозициянын эл алдында ишеними жок болсо да, алар өлкөдөгү түзүлгөн мындай социалдык-экономикалык абалды өз кызыкчылыгына колдонушат. Өлкөдө нааразылык мындан ары азаят дегенге мен кошулбайм».
Парламенттеги «Ак жол» партиясынын өкүлү Бегалы Наргозуев оппозиция өлкөдөгү нааразылык акциясына түздөн түз тиешеси бар деген ойдо. Анын айтымында, өлкөдө баалардын көтөрүлүшүнө элдин нааразылыгы жогору болсо да алардын оппозициянын чакырыгына кошулбагандыгы, элдин оппозицияга ишенбегендигинин белгиси дейт ал.
«Тарифтердин жогорулашына байланыштуу, өлкөдөгү өтүп жаткан нааразылык акцияларынын баарын оппозиция өткөрүп жатат. Оппозиция мындай ыңгайлуу учурду колдон чыгаргысы келбей жатат. Алар өлкө боюнча колдон келишинче көп адам чогултууга аракет кылышат. Туура, эл тарифтин көтөрүлүшүнө макул эмес. Көпчүлүгү учурда саясий оюн болуп жаткандыгын түшүнүшөт. Эл мурдагыга караганда акылдуу, түшүнүктүү болуп калды. Алар саясатчылардын куралы болуудан калды», -дейт Бегалы Наргозуев.
Бириккен оппозиция кыймылынын лидерлеринин бири Азимбек Бекназаров коомчулуктун буга чейинки болгон нааразылыгы баш аламандыкта, карапайым эл тарабынан гана уюштурулду деген ойдо.
«Эл азыр кандайдыр бир саясий партия же коомдук уюмдун артынан кеткен жери жок. Алар өздөрү уюшушууда жана өздөрүнүн революциялык комитеттерин түзүүдө»,- дейт ал. Эл тарифтердин көтөрүлүшүнө нааразы. Аны алар ачык эле айтышууда. Башкы маселе, бул тууралуу ММКда айтылбай, сыналгыда көрсөтүлбөгөндүгүндө. Андыктан коомчулукта эч бир нааразылык жок, баары жакшы деген сезимди жаратат», - дейт Бекназаров.
Нарындагы нааразылык акциясынан кийин өлкөдөгү бир катар жаңылык агенттиктери жабылып, чет элдик үн алгылар өчүрүлдү. Буга байланыштуу бир катар эл аралык уюмдар, айрыкча Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму жана Чеги жок кабарчылар билдирүү таратышып, ММК жабууну токтотууга чакырышты.
Айнагүл Абдрахманова, IWPRда тренингден өткөн Кыргызстандагы журналист