Кыргыз-казак чегарасындагы өзгөрүүлөр
Казакстан бүгүнкү күнү коңшулаш Кыргызстандагы коопсуздук маселеси боюнча бир топ тынчсызданбай калды, бирок жаңы бажы келишими түзүлгөндөн кийин бажы иш-чараларынын катуулашы айтпаса да түшүнүктүү.
Кыргыз-казак чегарасындагы өзгөрүүлөр
Казакстан бүгүнкү күнү коңшулаш Кыргызстандагы коопсуздук маселеси боюнча бир топ тынчсызданбай калды, бирок жаңы бажы келишими түзүлгөндөн кийин бажы иш-чараларынын катуулашы айтпаса да түшүнүктүү.
Казак бийлиги коңшу Кыргызстан менен болгон чегараны ачканы менен алар чегарада болуп жаткан окуяларга кылдаттык менен көз салышууда.
Казакстан апрель айында Кыргызстан менен болгон бардык чегара текшерип-өткөрүү бекеттерин жапкандан кийин, бул өлкөнүн чегара кызматы чегараны күзөтүүнү күчөттү. Учурда коопсуздуктун өзгөчө чаралары алынып салынды, бирок аналитиктердин божомолунда, Казакстан контрабандага бөгөт коюу максатында болгон күчүн жумшайт. Анткени Россия жана Белоруссия менен болгон бажы союзу бул мамлекеттин Кыргызстан менен болгон соода мамилесин түп тамырынан өзгөрттү.
Апрель айындагы көтөрүлүштү кууп таркатууда бери эле дегенде 80 адам каза болду, натыйжада президент Курманбек Бакиев өлкөнү таштап чыгып кетүүгө аргасыз болду. Ушундай башаламандыктардан улам Казакстан Кыргызстан менен болгон чегарасын жапты. Май айында дагы бир кезектеги башаламандык өлкөнүн түштүгүндө болуп өттү. Ушундан кийин Казакстан кээ бир чегара бекеттерин элдерди жана биринчи кезекте зарыл болгон товарларды өткөрүү үчүн ачууга макул болду. Анткени буга чейин Кыргыз бийлиги соода байланышынын токтоп калышы Кыргыз экономикасына тескери таасирин тийгизип жаткандыгын айтып, даттанып келишкен эле.
Казакстан каттамдын толук кандуу иштешин камсыздоодон кетенчиктөөдө, Буга 330 адамдын өмүрүн алып кеткен июнь айынын ортосундагы өлкөнүн түштүгүндөгү этникалык кагылышуунун орун алышы жана качкындардын жоон тобунун болушу себеп болууда.
20-июлга карай Казакстан колдонулган коопсуздук чараларын кыскартты, жана учурда Кыргызстан менен болгон чегара каттамы адаттагы тартипте иштеп жатат.
Бул чечим эки жума мурда орун алган окуяга карабастан кабыл алынган, эки жума мурда Казак чегарачылары Кыргызстандан тартип бузган топту колго түшүрүшкөн эле.
Ушул эки окуянын бирөөсү 13-июлда болуп, өз ара атышуу менен аяктаган, жыйынтыгында Кыргызстандын эки жараны каза таап, ал эми казак чегара кызматкери – оор жаракат алган.
Казакстандын улуттук коопсуздук Комитетинин Чегара кызматынын директорунун орун басары Амангелди Абылканов кийинки күнү маалымат жыйынында билдиргенине караганда, Казакстандын чегара кызматкерлери Сүт-Булак ашуусу аркылуу Кыргызстан тарапка үйүр жылкыларды айдап бара жаткан адамдар тобун колго түшүрүшкөн. Казакстандын чегара кызматкерлери аларды токтотууга аракеттенишкен, бирок жооп катары чегараны бузуп өткөндөр ок чыгарышкан. Алардын бирөөсү кармалган жана андан үч курал жарак жана 20 баш жылкы тартылып алынган.
Кыргызстандын Улуттук Коопсуздук Кызматынын чегара аскерлеринин жетекчисинин орун басары Чолпонбек Турусбеков Кыргызстандын жарандары коңшулаш мамлекеттин аймагына мыйзамсыз өтүп кетишкендигин тастыктады.
Бирок, кайсы тарап биринчи ок ачкандыгы түшүнүксүз бойдон калып жаткандыгын айтты. Анын айтымында, окуя орун алган жерде жашырынып калган жергиликтүү тургун, алар өз жолдоштору менен жайлоодон малдарын айдап түшүшкөн жана суурларга аңчылык кылууну чечишкендигин айткан.
Экинчи окуя ошол эле күнү, ошол эле жердин 15-чакырымында орун алып, Казакстандын чегара күчтөрү Казакстанга малдарды айдап чегараны бузуп өткөн беш адамды кармашкан.
Турусбеков Казакстан бул жумада коопсуздуктун мындай чараларын бир топ төмөндөткөндүгүн бышыктады. Күзөттүн катуулугунан улам абал бир топ жакшырып жаткандыгын айтты.
Ошого карабастан 12 текшерип-өткөрүү бекеттеринин сегизи бүгүнкү күнгө чейин жабык калууда. Турусбеков алардын башкармалыгы чегаранын качан толук ачылышын билүү максатында казак коллегалары менен байланышкандыгын айтты.
Бишкектен саясат таануучу Нур Омаров IWPRга, чегара дайыма начар жана так эмес корголгон, ал эми бул орун алган окуялар Казакстан өз чегарасын коргоону күчөтүшүнөн улам келип чыгышы мүмкүндүгүн айтты.
«Кыргыз-казак чегарасы дайыма эң тынч деп эсептелип келген, ошондуктан чегараны жөн эле кесип өтсө боло берет деген түшүнүк калыптанып калган», - дейт ал.
Саясат таануучунун айтымында, чегара аймактарында жашашкан жарандар болуп жаткан өзгөрүүлөр жөнүндө кабары жок, ал эми кээ бир тилкелерде түшүндүрмө белгилер да жок, ошондуктан элдер чегараны кесип өтүп кеткенин да билбей калышат.
«Кыргызстандыктар өздөрүнүн үйүр жылкыларын бир жайлоодон экинчи жайлоого айдап өтүшүп, жөн эле адашып калышы мүмкүн, ошондуктан алар башка мамлекеттин аймагына өтүп кетиши ыктымал деген божомолду жокко чыгарбайм», - дейт Омаров.
Алматыдагы журналист жана серепчи Эдуард Полтаев IWPRга, учурдагы чегара тилкелериндеги күзөт иштеринин күчөтүлүшү Кыргызстандын коопсуздугуна коркунуч келтирүү эмес, бул жаңы үч тараптуу бажы союзунан улам келип чыккан талап экендигин айтты.
5-июлда Россиянын, Казакстандын жана Белорусиянын президенттери тарабынан кол коюлган келишим ушул үч өлкө үчүн расмий түрдө бирдей бажы тартибин киргизди. Бул январь айында күчүнө кирген бажы союзун жөнгө салуучу структуранын маанилүү бөлүгүн түзөт. Анын максаты 170 млн. калкты кучагына алган бирдиктүү рынокту түзүү болуп эсептелет.
Бул союздун түздөн түз тийгизген залакасы, Кыргызстан эми сырттан гана байкоочуга айланып, Казакстан менен болгон соодада жогорку өлчөмдөгү бажы жыйымдарын төлөөгө мажбур болмокчу.
«Бажы Союзунун мүчөсү болуу менен, Казакстан Кыргызстан менен болгон чегара бекеттеринде контрабандага бөгөт коюу үчүн ар кандай текшерүүнү күчөтөт», - деди Полетаев.
Буга чейин Кыргызстан өзүнүн Казакстан менен Кытайдын ортосундагы соода далдалчысы абалынан пайдаланып көп пайда көрүп келген. Бишкектин четинде жайгашкан ири «Дордой» базары күнүмдүк керектелүүчү товарларды сатуучу борбор катары кызмат кылган. Ага Кыргызстан менен Кытайдын, Казакстандан айырмаланып, Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсү болгондугу жагымдуу шарт түзүп келген. Бажы союзунун түзүлүшү Кыргызстандан алынып барылган товарларды Казакстандын базарларында сатуунун пайдасын бир топ төмөндөтөт.
Кыргызстандын базар, соода ишканалары жана тейлөө кызматы Ассоциациясынын президенти Сергей Понамарев жылдын башында бажы союзунун күчүнө кириши менен товарларды Казакстанга экспорттоо бир топ кыйындагандыгын айтты.
Бирок Казакстандын чегара башкармалыгынын кызматкерлери ташып өтүүгө тыюу салынган товарларды пара берсе да өткөрбөшү жагымдуу жагдайды түзмөкчү.
«Жашыруун сооданын көлөмү өтө чоң болуучу, бирок январдан тарта контрабанда бир топ төмөндөдү», - деди Пономарев.
Бишкектик серепчи Орозбек Молдалиев жаңы мезгил келгендигин жана жарандар буга көнүшү керектигин айтат.
«Биздин эл (Кыргызстанда) чегаранын кайсы жери ага ыңгайлуу болсо ошол жеринен кесип өтүп көнүп калган. Эми чегараны белгиленген тилкеде гана кесип өтүүгө көнүшү керек», - дейт ал.
Айнагүл Абдрахманова – IWPRдын атайын тренингинен өткөн Бишкектеги кабарчы; Ярослава Науменко – Казахстандагы журналист.