Эрежелердин катаалдашы майда дин уюмдарын кабатырлантууда

Кыргызстандагы көптөгөн конфессиялар диний уюмдарды каттоо эрежелеринин катаалдашы диний эркиндикти чектеши ыктымал деп кабатырланышууда.

Эрежелердин катаалдашы майда дин уюмдарын кабатырлантууда

Кыргызстандагы көптөгөн конфессиялар диний уюмдарды каттоо эрежелеринин катаалдашы диний эркиндикти чектеши ыктымал деп кабатырланышууда.

.



Дин боюнча мамлекеттик агенттиктин билдиришинче, динге байланыштуу азыркы мыйзамдар эскирди жана өзгөртүүлөргө муктаж.



Жаңы мыйзам долбооруна президент кол койсо, дин уюмдарын, анын ичинде мечит жана чиркөөлөрдү каттоо үчүн буга чейинки он кишинин ордуна 200 уюштуруучу болушу талап кылынат.



Ошондой эле диний билим берүү мекемелеринин бардыгы тең милдеттүү түрдө каттоодон өтүп, Дин агенттиги алардын окуу программасын тешкерет. Буга кошумча, диний адабиятты жана материалдарды сыйынуу үйлөрүнөн жана атайын дүкөндөрдөн тышкары таратууга, диний иш-чараларды уруксатсыз өткөрүүгө тыюу салынат.



Өкмөт алдындагы Дин агенттигинин директор орун басары Канат Мурзахалилов жаңы эрежелер “диний уюмдардын басымдуу көпчүлүгү” тарабынан сунушталганын айтууда.



Мурзахалиловдун билдиришинче, бул мыйзамдын пайда болушуна аймактардагы жашоочулар менен жергиликтүү салт-санааны эске албастан активдүү диний үгүт-насааттарды жүргүзгөн уюмдардын ортосундагы карама-каршылактар түрткү болгон. “Андан сырткары Дин агенттиги түрдүү багыттагы секталардын жамырап көйбөйүп жатышына да кабатырланат”, - деп кошумчалады ал.



Мурзахалилов буга кыйыр мисал катары, христиандык уюмдар, айрыкча протесттанттар, кабылдыган дини ислам деп саналган кыргыздарды өз динине имерип жатканын жана динин өзгөртүү кемсинткендикке барабар экенин түшүндүрүүдө.



Кыргызстанда негизги дин – ислам жана христианчылыкты эзелтен бери тутунуп келишет. Бул диндерди кармангандар адатта башка диндеги кишилерди өзүнө имерип алууга умтулбайт.



Кыргызстанда башка диний азчылыктардын да өкүлдөрү – католиктер, протестанттар, жөөттөр бар. Андан тышкары өлкө боюнча евангелдик, анын ичинде Евангелдик-Лютерандык христиандар, евангелдик баптист-христиандардын чиркөөсү, Иисус Христостун чиркөөсү, Жетинчи ааламдын адвентисттери болуп, 300 чамалуу уюм катталган.



“Жергиликтүү диндер” – ислам жана христиан диндери менен Советтер Союзу урагандан кийин сырттан таңууланып келген деп каралган “өзгө диндер” ортосундагы айырмачылыктарга карабастан, кыргыз өкмөтү коңшу өлкөлөргө караганда аларга чыдамдуулук көрсөтүп келген.



Мурзахалиловдун ишениминде, эрежелердин катаалдашы диний эркиндикке доо кетирбейт.



Бирок, дин уюмдарынын өкүлдөрү, айрыкча, евангелдик христиандар түзүлгөн кырдаалга катуу кабатырланууда.



Евангелдик христиандар кошуунунун мүчөсү Валентин Шаипов бул конфессия Кыргызстанда жүз жылдан ашуун жашаганын айтып, эгер жаңы эрежелер күчүнө кирсе, анда аз сандуу уюм катары евангелдик чиркөөлөр мыйзамсыз болуп калаарын айтууда.



“Биздин 300 кишилик жамааттардын көбүндө Кыргызстандан жер которуп кеткендердин айынан 100дөн гана киши калды – дейт ал. – Эми он жылдап биздин чиркөөгө келип жүргөн кемпир-чалдар мыйзамдан четтеп калат”.



Башка христиандык уюмдардын көйгөйлөрү дагы ушуга үндөшүп кетет. Сыйынуу үйлөрүн каттоодон өткөрүү үчүн 200 уюштуруучуну табуу, айрыкча элет жерлеринде мүмкүн болбой калат.



Евангелдик христиандар өз билдирүүсүндө, жаңы эрежелер буга чейин каттоодон өткөн дин уюмдарынын жабылышына алып келип, жаңыларын ачууга да бөгөт коет деп жар салган.



Дин боюнча эксперт Наталья Шадрова алардын кабатырлануусун түшүнөт.



“200 киши деген чек бул абдан коркунучтуу фактор, - деп эсептейт ал. – Эгер мамлекеттик чиновниктер терең ойлоно албаса... анда биз мамлекеттик органдар жана коомчулук менен диний уюмдар ортосундагы байланышты түпөйүлгө алып келебиз”.



Шадрованын пикиринде, мындай мыйзамдын кабыл алынышы, айрыкча салтуу эмес диний агымдардын өкүлдөрүн кезектеги миграциялык толкунга алып келиши кылышы ыктымал.



“Кошумча укуктук-нормативдик актылардын эмнеге кереги бар? – деп суроо коюуда ал. – Бул динге ишенбе, тигил динге ишен дегендей атуулдарга ишаарат берип жатпайбы. Мамлекеттик саясат адамдарды бөлүп-жарбастан, тескерисинче бириктириши керек да.”



Парламент өкүлү Рашит Тагаев мыйзам сынчыларынын пикирлерине кошулбайт. Анын айтымында, Кыргызстандын өзүнө эле эмес, бүтүндөй аймакка коркунуч келтирген жагдайлар бар.



Ал жаңы мыйзам мусулмандык экстремисттик топтордун көбөйүшүн алдын алууга багытталган деп ишендирүүдө.



“10 киши чогулуп алып, дин уюмун түзө алат деген норма таптакыр туура эмес”, - дейт ал.



“Мыйзамды катаалдаштырбасак, бизде хизбуттахрирчилер, вахаббиттер жана акромийлер көбөйө берет”, - дейт Тагаев. “Булардын бизге кереги барбы?”, - деп суроо салууда ал.



Толкун Наматбаева, IWPR Кыргызстан контрибьютору

Frontline Updates
Support local journalists