Бийлик өлкөдө орун алган мыйзамсыз жер басып алууларды жөнгө салууга аракеттенүүдө
Бийлик жер басып алуучуларга карата чечкиндүү аракеттерди жасабагандыктан, жерсиз жарандар мыйзамды өз каалаганындай башкарууда.
Бийлик өлкөдө орун алган мыйзамсыз жер басып алууларды жөнгө салууга аракеттенүүдө
Бийлик жер басып алуучуларга карата чечкиндүү аракеттерди жасабагандыктан, жерсиз жарандар мыйзамды өз каалаганындай башкарууда.
Кыргыз бийлиги жер басып алуучуларга карата катуу чараларды көрүү, же алардын басып алган жерлерин мыйзамдуу түрдө ошол адамдардын пайдалануусуна берүү боюнча бир чечимге келе элек.
Акыркы чыр-чатактын мезгилинде 7-ноябрда бир нече адамдардын тобу, Ош шаарына жакын жайгашкан жеке менчик жер үлүштөрүн тартып алышкан. 500дөн-1000ге жакын адам Кара-Суу районуна караштуу үлүш жерлерде үй салуу ниеттерин билдиришкен.
Өзүм билемдик менен жер басып алуучулар укук корго органдарынын кызматкерлери тарабынан куулуп таркатылган. Бирок Ош шаарынын губернатору Сооронбай Жээнбеков жер тилкелерине муктаж болгондордун тизмесин тактап түзүү жана аларга жер берүү мүнкүнчүлүктөрүн карап чыгуу максатында атайын комиссия түзүүгө макулдугун берген.
Бул көрүнүш бир топ тынчсызданууну жаратты, анткени убактылуу басылып алынган жер тилкелери өзбектердин убактылуу ижарага алган, же өздөрүнө тиешелүү жерлери болгон. Ал эми жер басып алуучулар кыргыз улутунан болгон.
Ушул жылдын июнь айында Ош шаарында жана Кыргызстанды башка түштүк тарабында бул эки этникалык топтун ортосунда масштабдуу кагылышуу болуп өткөн. Өкмөттүн маалыматына ылайык, 400дөн ашык адам өлүп, көп сандагы имараттар талап тонолуп өрттөлгөн.
«Бул жерлердин көпчүлүк бөлүгүндө шаардагы өзбек тилдүү калк эмгектенишет», - деди IWPR га ошол райондун Алишер аттуу тургуну.
Жердин чыныгы ээсинин кимдигин тактоо үчүн берилген суроого Алишер, басылып алынган жерлердин бир бөлүгү жергиликтүү тургундарга таандык болсо, ал эми бир бөлүгү жергиликтүү бийлик тарабынан фермерлерге ижарага берилген жерлер экендигин айтты. Башка жерлердин ээлери боюнча маалымат жок.
Бишкектеги «Полис-Азия» борборунун директору Элмира Ногойбаева, мындай өзүм билемдик менен жер басып алууларга тиешелүү чаралар көрүлбөсө бул этникалык ажырымды күчөтүшү мүмкүн экендигин билдирди.
«Менин пикиримче, бул улуттар арасындагы маселе гана эмес. Бийлик пирамидасынын алсыздыгы байкалат. Кээ бир ММК билдирип жаткандай, жер басып алууларга карата чечкиндүү чаралар көрүлгөн жок. Албетте түштүктө этникалык чайкоочулук өтө көп. Ошондуктан, мындай кагылышуу, экономикалык гана эмес этникалык деңгээлге да көтөрүлүшү мүмкүн.
Ногойбаеванын айтымында, Ош облусунун губернатору Жээнбековдун жер басып алуучуларга башка жер тилкелеринен берүү сунушу, «убактылуу макулдук билгизген чечими» катары кабыл алса болот. Ногойбаеванын пикиринде, бул келечекте дагы көптөгөн көйгөйлөрдү жаратат.
Ногойбаева, өлкөдөгү мыйзамсыз жер басып алуулар Кара-суудагы окуя менен эле токтоп калбай тургандыгын белгиледи.
Мисалы, бийлик жакынкы эле күндөрү мурдагы мыйзамсыз жер басып алуучулардын көйгөйүнө туш болду. 1-ноябрда «Ак Жар» жаңы конушунун 100дөн ашык тургундары автоунаа жолун бууп салууну көздөп Бишкекке кире бериш жердеги авто жолду тосушуп, автоунаалардын капкактарын өрттөгөнгө чейин барышты. Алар тезинен үйлөрүнө электр зымдарын жана суу түтүктөрүн орнотуп берүүнү талап кылышты. Бул каршылык акция укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан токтотулган.
«Ак Жар» жаңы конушунун тургундарынын ушул сыяктуу каршылык акцияларынан кийин, Аламүдүн районунун акими Анатолий Олейниченко кыска мөөнөттүн ичинде жаңы конуштун электрлештирилээрин убада кылды.
Жаңы конуштардын көйгөйлөрү менен иштешкен «Арыш» коомдук бирикмесинен Элина Анарбек кызы, берилген убадаларга караганда, электр жарыгы тургундардын үйлөрүндө октябрь айында эле берилиш керек эле, бирок парламенттик шайлоолорго байланыштуу электрлештирүү кечиктирилгендигин айтты.
«Көп өтпөй акимият, азырынча каражат жок, эми бул маселени борбордук бийлик гана чечет деп айтты»,- деди ал.
Жаңы конуштардын тургундары коммуналдык шарттарды түзүп берүү маселелеринен сырткары башка маанилүү көйгөйлөргө туш болушкан. Дегеле алар ошол жерлерге ээлик кыла алышабы?
Жергиликтүү тургундардын айтымына караганда, жер ээси келип андан жер тилкелерин сатып алууларын сунуш кылган. Качан тургундар жерге болгон документин көрсөтүүсүн талап кылышканда ал жер ээси кайрадан келген эмес.
Олейниченко, бул жер – жеке менчик экендигин, бирок жергиликтүү прокурорлор менчиктештирүү мыйзамсыз жүзөгө ашырылган, деп жер ээлерине карата иш козгогондугун айтты.
Эгер мамлекет бул сотто жеңип чыкса, анда жер райондун башкармалыгына кайрадан кайтарылмакчы. Бирок Олейниченконун айтымында, бул биринчи эле кадам болмокчу, андан сырткары чиновниктер жер чындыгында пайдаланууга, курулуш курууга жарай тургандыгын текшерип, ошого карата расмий чечим чыгаруулары зарыл. Ал эми газ түтүктөрүнүн жанына курулган үйлөрдүн талапка жооп бербеген учурлары кездешиши мүмкүн
Бишкектен жарым сааттык аралыкта жайланышкан «Ак Жар» жаңы конушунда 3000ге жакын бир кабаттуу чала курулган саман үйлөр жайгашкан. Аларда 5000ге жакын адам жашайт.
Үйлөрдүн көпчүлүгүнүн терезелери желим кленкалар менен жабылган. Жаңы конушка барган IWPRдын контрибьютору балдар жер аркылуу агуучу ачык түтүктөрдөгү сууну бөтөлкөлөрүнө толтуруп, ошондон ичип жатышкандыгын өз көздөрү менен көргөн.
«Ак Жар» - Бишкектин айланасында пайда болгон жаңы конуштардын бирөөсү гана. Ал 1991-жылы Советтер Союзу курагандан кийин жакырланган айылдык райондордон мигранттардын көчүп келиши менен пайда болгон.
Башка жаңы конуштар сыяктуу эле «Ак Жар» 2005-жылдагы Аскар Акаевдин өлкөдөн качуусу менен коштолгон «жоогазын революциясынан» кийинки туруксуздук мезгилинде пайда болгон. Башаламандыктан пайдаланып, элдер өздөрүнчө жерлерди мыйзамсыз басып алууга аракет кылышкан.
Укук коргоочу Елена Воронина 90-жылдардын башында пайда болгон жаңы конуштар акыры мыйзамдаштырылып, азыркы күндө ошол конуштардын тургундары борбор шаардын тургундарындагыдай шарттарга ээ экендигин, ал эми «Ак Жар» сыяктуу жаңы конуштардын укуктук маккамы бүгүнкү күнгө чейин аныктала элек экендигин түшүндүрдү.
Анарбек кызы Элинанын айтымында, ал конуштарда мыйзамдуу жашоого укуктарынын жоктугу, аларды көп мүмкүнчүлүктөрдөн ажыратып жаткандыгын, коммуналдык тейлөө кызматын колдоно алышпагандыгы, аз келгенсип ооруканаларда каттоодон өтүүгө, жергиликтүү мектептерге балдарды жөнөтүү, жумушка орношуу сыяктуу мүмкүнчүлүктөрүнөн ажыраткандыгын белгиледи. Анткени алар эч жерде каттоодо турушпайт.
«Ак Жар» конушунун тургуну Нурбек Сарыбаев өзүнүн жеке турмушунда көп көйгөйлөргө туш болгон.
«Биз эч жерде катталбагандыктан, ошондуктан бир да бейтапкана бизди кабыл албайт. Ошондуктан менин аялыма балдарды үйдө төрөөгө туура келди. Ушундан улам сегиз баламдан эки кичинекейимдин туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү жок», - деди ал.
Анын чоң баласы Асхат Нарындан «Ак Жар» конушуна көчүп келишкенден тарта алты жылдан бери мектепке барбайт. Азыр ал 16 жашта жана курулушта жумушчу болуп иштейт.
Өз алдынча басып алуучулардын биринчи толкунуна, ошол басып алган жерлеринде жашоого укук бергенден тарта, жер басып алуунун мындай толкундары токтобой келет. Алардын оюу боюнча, алар канчалык митингге көп чыгышса, алардын басып алган жерлери акырындап мыйзамдаштырылат. Апрелдеги баш-аламандыктардан кийин президент Бакиевдин бийлигинин убактылуу өкмөттүн бийлиги менен алмаштырылышы жер басып алуучулардын дагы бир толкунун пайда кылды. Азыркы бийлик ошолорду токтотууга аракет кылып жатат.
Айрым эксперттердин пикиринде өкмөт жер басып алуучуларга каршы чечкиндүү аракеттерди көрүүсү зарыл. Бул көйгөйдү чечүүдөгү чечкинсиздик мыйзамсыз аракеттердин күчөшүнө гана алып келүүдө.
«Бизде жерди басып алууда, алгач бийлик бул мыйзамсыз экендигин билип туруп, ага жол коюуда, Аны түшүнгөн элдер ал жер тилкелерине байыр алып, акырында бийлик ал жерлерди мыйзамдаштыруудан башка аргасы калбай калууда», - дейт укук коргоочулар союзунун мүчөсү, юрист Алмаз Эсенгелдиев.
«Учурда мамлекеттик менчик дээрлик кыскаргандыктан, жеке менчиктеги жерлерди гана басып алуусу байкалууда» деди ал. Буга жакында Ош облусунда орун алган жер басып алуу аракети мисал боло алат. Анда күч менен жер басып алуучуларды көчүрүү чечими керектүү кадам болгон.
Мыйзамсыз жер басып алууларга карата үзгүлтүксүз туруктуу катуу позиция болушу керек. Бул боюнча борбордук жана жергиликтүү администрация ушундай эле бирдиктүү позицияны тутунушу зарыл экендигин айтты Эсенгелдиев.
Юристтердин пикиринде, учурдагы өкмөттүн чечүүнү талап кылган көйгөйлөрү өтө көп. Анын ичинде июнь айындагы массалык этникалык кагылышуу, ал эми жер басып алуучулар менен күрөшүүгө бийликтин убактысы да жетпей жатат. Октябрь айындагы шайлоодон тартып парламентке кирген партиялар өкмөттүн курамын түзүү үчүн сүйлөшүүлөрдү өткөрүү менен алек болуп жатышат.
«Эгер бирөөнүн жерин мыйзамсыз басып алууну токтотпосо (бул кылмыш иш), анда мындай көрүнүш улантыла берет. Мамлекет «жок», деп айтуудан коркпош керек. Азыр өлкөдө президент да, парламент да бар. Эгер бардык мамлекеттик органдар макулдашылган турда биргеликте иш алып барышпаса, бул дагы бир башаламандыкка алып келиши мүмкүн», - деди Эсенгелдиева.
Ногойбаева, борбордук бийлик өзгөчө Кыргызстандын түштүгүндө алсыз болгондугун билдирди. Туруксуздуктун үстөмдүк кылышы элдердин каршылык көрсөтүү маанайынын күчөшүнө алып келээрин айтты.
«Эгер эмне кылуу керектиги жөнүндө сөз болсо, анда учурда Кыргызстанда биринчи кезекте мамлекеттин укуктук торун түзүп, туура кадр саясатын жүргүзүү зарыл. Борбордук бийлик өз бийлигин республиканын бардык аймактарында күчөтүшү зарыл, өзгөчө түштүктө», -деди ал.
Сабина Рейнгольд (Бишкек) жана Исомидин Ахмеджанов (Ош) IWPRдын атайын тренингтеринен өткөн Кыргызстандагы журналисттер.
Бул макала Европалык Комиссия тарабынан каржылануучу «Массалык маалымат каражаттары аркылуу Борбор Азияда адам укугун коргоо жана укук таануу» жана Норвегиянын тышкы иштер министрлиги тарабынан каржылануучу «Укук коргоо маселелерин, карама-каршылыктарды жана ишенимдин бекемделишин чагылдыруучу маалымат программасы» аттуу долбоорлордун алкагында Согуш жана бейпилдикти чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан даярдалган.
Макаланын маңызына толук жоопкерчиликти IWPR алат, жана макала Европа биримдигине кирген өлкөлөрдүн жана Норвегиянын тышкы иштер министрлигинин пикирлерин чагылдырбайт.