Айыл тургундары Кыргызстандын саясий партияларынын башкы электораты

Айыл жериндеги шайлоочулар маанилүү электорат катары каралышат.

Айыл тургундары Кыргызстандын саясий партияларынын башкы электораты

Айыл жериндеги шайлоочулар маанилүү электорат катары каралышат.

Rural voters are seen as prone to conservative choices, but political parties are keen to woo them as they account for such a high percentage of the population. (Photo: Igor Kovalenko)
Rural voters are seen as prone to conservative choices, but political parties are keen to woo them as they account for such a high percentage of the population. (Photo: Igor Kovalenko)
Friday, 8 October, 2010

10-октябрга белгиленген шайлоонун алдында Кыргызстандын саясий партиялары айыл жеринде жайгашкан шайлоочуларды издешет. Айылдык электорат өлкө калкынын көпчүлүгүн гана түзбөстөн, шаар тургундарына караганда партиялардын шайлоо алдындагы берген убадаларына көбүрөөк ишенишет.

Бул жолу парламенттик шайлоого катышууга 29 партия катталган. Серепчилердин айтымында, бул парламенттик ат салышуунун Кыргызстанда буга чейин болуп көрбөгөндөй акыйкат өтүүсүн шарттайт.

Мурда болгон шайлоолорго караганда, бул жолу атаандашуу күчтүүрөөк. Мүvкүнчүлүгү күн мурунтан чоң болгон бир да талапкер жок, саясий партиялар өз шайлоочуларынын добушу үчүн күрөшүүдө. Парламенттик мандатка ээ болуу үчүн ар бир партия өлкө боюнча 5 пайыз, региондордо жана Бишкек, Ош шаарларында 0,5 пайыздык чекти өтүшүшү керек.

Шайлоо бир канча айдан берки саясий оор абалдан кийин болмокчу. Ал апрель айында Курманбек Бакиевдин бийликтен кулатылышы менен башталган эле. Андан сырткары июнь айында Ош жана Жалал-Абад шаарларында этникалык кагылышуу болуп, натыйжада 400 адам каза таап, шаарлар бир топ жабыркаган.

Айыл жериндеги шайлоочулар шаардык тургундарга караганда туугандык байланышы күчтүү бир типтеги коомчулукта жашашат. Бирок серепчилердин айтымында, айыл жериндеги шайлоочулардын добушунун бөлүнүшү жалпысынан бүткүл кыргыздардын добуш берүү мүнөзүнөн эч кандай айырмаланбайт. Шайлоочулар бир канча топторго бөлүнөт: биринчи тобу көп жылдар бою колдоп келген белгилүү бир партияга добуш беребиз деп мурда эле чечим кабыл алып коюшкан топ; экинчилери кайсы саясий партияны колдоону билбей олку-солку болуп турган топ; үчүнчүлөрү потенциалдуу шайлоочулардын бир бөлүгү такыр эле шайлоого барууну каалабагандар, алар саясатка эч ишенбей калышкан же күнүмдүк тириликтен колу бошобогондор.

Бишкектеги «Полис Азия» аналитикалык Борборунун эксперти Павел Дятленконун айтымында, айыл тургундарынын добушун алуу ар бир партиянын максаты, анткени ал өлкө калкынын 65%ын түзөт.

«Бүт көңүлдүн айылдык электоратка топтолушу, ар бир партиянын үгүт жүргүзүү материалдарынын маңызынан жана стилинен көрүнүп турат», - деди ал.

ШАЙЛООЧУЛАР УЧРДАГЫ КӨЙГӨЙДҮ ЧЕЧЕ АЛУУЧУ ПАРТИЯНЫ ЖЕ МУРДАТАН ЖАКТАП КЕЛГЕН ПАРТИЯНЫ КОЛДОШОТ

Дятленко айыл жериндеги шайлоочулардын маанайынын өзгөрүп турушу жөнүндө айтты. Кээ бирлери кайсыл партияга добуш берээрин күн мурунтан билишет. Ал партия ошол облуста чоң кадыр баркка ээ болгон күчтүү партиялардын бири. Экинчи бир бөлүгү олку-солку болуп, кээлери эч кимге ишенишпейт, анткени акыркы 15-20 жылда шайлоолор мыйзам бузуулар менен өтүп, талапкерлер өз убадаларын аткарышкан эмес.

Өлкө боюнча терип сурамжылоо көрсөткөндөй, шайлоочулардын көпчүлүгү же мурдатан белгилүү болгон жергиликтүү талапкерге, же өздөрү кайсыл партиянын убадаларына ишенсе ошол партияга добуштарын берүүгө камданып жатышат.

«Биздин айылдын жашоочулары «Ата Мекен» партиясына добуш бергени жатышат. Тургундар партиянын лидери Өмүрбек Текебаевге ишенишет. Ал эми башка партияларга ишенишпейт», - дейт Талас облусунун Жемиш айылынан мугалимдик кесипти аркалаган Жылдыз Байгожоева.

Байгожоева негизинен Кыргызстандын мектептериндеги мугалимдердин жетпей жатканына жана алардын төмөнкү маянасына байланышкан маселенин чечилишин күтүп жатат.

«Мен «Ата Мекен» партиясы өз убадаларын аткарат деп ишенем», - деди мугалим.

Өлкөнүн түштүгүндөгү Кара-Суу шаарынын тургуну Нурайым Бийназарованы баарынан мурун экономиканы калыбына келтирүү, жумуш орундарын түзүү сыяктуу маселелер тынчсыздандырат. Ал Кыргызстан Социал-демократиялык партиясына добуш бергени жаткандыгын айтты.

«Мага партия лидеринин (партиянын лидери Алмазбек Атамбаев) позициясы жана партиянын программасы жагат», - деди ал.


«Ата Мекен» да, Социал-демократтар да Бакиев бийликтен кулатылгандан кийин башкарууга келген учурдагы бийлик менен тыгыз байланышта.

Айыл жериндеги тургундар шайлоо өнөктүгүнө көп көңүл бөлүп жаткандыгын айтат Бишкектеги пиар тармагындагы серепчи, шайлоонун мониторинги боюнча долбоордун катышуучусу Ольга Чуракова.

«Айыл жеринде билим деңгээл төмөн, каражат аз, ал жерде өз турмушун жакшыртууга болгон каалоо бир топ курч. Партиялар айылдарда өз шайлоочулары менен өткөрүп жаткан жолугушуулары айыл тургундары үчүн чоң окуя болуп, алардын активдүү катышуусу менен коштолууда» - дейт ал.

«Эгалите» коомдук фондунун директору жана конфликтолог Татьяна Выговскаянын айтымында, айыл жериндеги шайлоочулар шайлоо процессин жүрөктөрүнө жакын алышат, ошондуктан партиялар жергиликтүү жашоочулардын ичинен өздөрүнүн айылдык өкүлдөрү болушуна аракеттенишет.

«Тагыраак айтканда, эгер шаардык тургундарга партиянын ураанында бир нерселер жакпай калса, алар аны айтып тим болушат, ал эми айылдык калк өздөрүнүн макул эместигин физикалык иш-аракеттери менен көрсөтүшөт», -деди ал.

ЭТНИКАЛЫК ЖАНА ДИНИЙ ИШЕНИЧ

Дятленконун айтымында, айыл тургундары шаар калкына караганда этникалык жактан бир түрдүү болушат. Мындай көрүнүш саясатчылардын улуттук ураандарды көтөрүшүп, элдин улуттук сезимдерине ойношуп добуш алуусуна өбөлгө түзөт. Мындай көрүнүшкө жакында болгон улут аралык кандуу кагылышуу жана аймактык жактан жикке бөлүнүү өбөлгө түздү.

Выговскаянын айтымында, партиялардын үгүт материалдары ачык улутчул болбосо да, бул маселе эң керектүү, зарыл маселе бойдон кала берээри ачык.

«ММКларда, интернет-форумдарында этникалык топтордун ортосундагы конфликт жөнүндө көп айтышты (болгондо да туура эмес). Жыйынтыгында бардыгында социалдык агрессия топтолуп калды. Кээ бирлеринде өз күнөөлөрүн сезгендиктен топтолсо, экинчи бирөөлөрүндө социалдык коркуудан топтолгон», - деди Выговская.

Ушул себептен кээ бир саясатчылардын «Кыргызстан кыргыздарга таандык» деген билдирүүлөрү өз угармандарын табат.

«Эң маанилүүсү ураандар иш-жүзүнө ашырылбаса болгону. Бул өңүттөн алганда этникалык топтордун ортосунда жаңыдан кагылышуунун чыгып кетпешине эч ким кепилдик бере албайт», - деди Выговская.

«Улуттук сезимдер менен ойноп жатат», - деп күнөөлөнүп жаткан партиялардын бири «Ата-Журт» партиясы – бул жакынкы күндөрдө эле түзүлгөн партия. Лидерлеринин ичинде Бакиевдин башкаруусу учурундагы чиновниктердин бир тобу бар. Өзгөчө резонанс жараткан нерсе партия лидеринин «кыргыздар башка этникалык топтордон кем болбошу керек», - деген билдирүүсү болду.

28-сентябрда IWPR уюштурган талкууда, «Ата-Журт» партиясынын өкүлү Иманкадыр Рысалиев улутчул делген күнөөнү түп тамырынан четке какты. Партия улутчулдардан эмес, «улуттук-патриоттордон» тураарын айтты.

Өз атын атагысы келбеген Ош шаарынын шайлоочусу убактылуу өкмөт менен байланышы болбогондуктан улам , «Ата-Журт» партиясына добуш берээрин айтты.

«Мен «Ата-Журт» партиясы идеялдуу партия дей албайм, бирок ал партияда көп тажрыйбалуу саясатчыларды жана адистерди көрүп жатам. Июль окуялары орун алганда бийликтин эч нерсе жасай албай эндиреп калышы бизди таң калтырды. Ош шаары кичикей эле шаар го. Ыкчам келишип, тартип орнотуп, коменданттык саат киргизүү – бул кыйын деле эмес. Тилекке каршы алар бир нече күндөн кийин гана келишти», - деди ал.

«Ал эми «Ата-Журт» партиясынын лидерлери ушул жерде болушту. Алар өз өмүрүн тобокелге салышып эки элдин (өзбектер менен кыргыздардын) ортосунда аларды элдештирүү үчүн чуркап жүрүштү. Алар элди колдошту, өз чөнтөктөрүнөн керектүү гуманитардык жардамдарды беришти, Ошондуктан алар белгилүү бир нерсени жасашат деп ишенем», - деп кошумчалады ал.

Кыргызстандын түштүгүндө айыл жерлеринде жашаган өзбектердин добушун алуу үчүн, аларды кызыктырган негизги маселе, алардын коопсуздугу жана массалык кагылышуу мезгилинде талкаланган үй жайын калыбына келтирүү маселеси болууда. Алардын көпчүлүгү шайлоонун өтүшүнө пессимисттик көз карашта, ошондой эле бийликтин иш-аракетин сындашууда.

Ошого карабастан, Шарк айылынын тургуну Халима шайлоого барат, бирок кайсыл партияга добуш берээрин айткан жок.

«Мен саясатка өтө кирише бербейм. Бизге негизгиси өзүбүздүн коопсуздугубуз керек, аны биз шайлаган бийлик гана жасайт», - деди ал.

Кыш жакындап келе жаткандыктан, Халима шайлоодон кийин түзүлгөн өкмөт курулуш иштерин тездетет деген үмүттө.

«Биз жаңы бийлик жана жаңы парламент курулуш иштерин тез бүтүрүүгө жардам берет деп чоң үмүттөнүп жатабыз», -дейт ал.

АЙЫЛ ЖЕРИНДЕГИ ШАЙЛООЧУЛАР ИЧКИ МИГРАНТТАРГА КАРАГАНДА БИР ТОП КОНСЕРВАТИВДҮҮ

Дятленко, Кыргызстандын кээ бир райондорунда бир топ партиялар, мурда эле колдонулуп келген, добуштарды сатып алууга чуркап жүрүшкөндүгүн белгиледи.

«Тигил же бул партияны колдоого кээде акча таратышып, чоң убадаларды беришип, тамак-аш уюштурушуп, урмат-сыйга ээ болгон адамдар менен келишимдерди түзүшүп, аларды тууган уруктарын, айылдаштарын чогултуп уюштурууга үндөшүүдө», - дейт ал.

Ошол эле мезгилде Выговскаянын айтымында, Кыргызстандагы электорат, мурдагы шайлоолорго караганда бул жолу көп нерсени жакшы аңдап түшүнүшөт жана шайлоо алдындагы ураандарга анча көңүл бөлө беришпейт. Буга чейин орун алган саясий туруксуздук – «кыска мөөнөттөгү көп окуялар» жарандарды этият болууга үйрөттү.

«Айыл жериндеги шайлоочулар консервативдүү. Айыл калкынын турмушу бир топ жай, салмактуу жана коркунуч аз. Айыл тургундары өз тандоолорунун салакалары аз болушун каалашат жана ошонун негизинде шайлашат», - деп түшүндүрдү Выговская..

Ал эми шайлоочулардын башка бир тобу – «ички мигранттар» - шайлоо мезгилинде өздөрүнүн бат-бат өзгөрүп туруучу мамилесин көрсөтүшөт. Элдердин көп саны жакырланган аймактардан өлкөнүн ири шаарларына келишкен. Аларга үй, жумуш табуу кыйынга турат жана алар шаардын турмушуна сейрек катышышат.

Өздөрүн обочолонгон топ катары сезишкен алар, жашоо турмуштун жакшырышын кыялданышып шайлоо өнөктүгүнө бир топ эркин карашат жана аларды көчө жүрүштөрүнө топтоо оңой.

«Ички мигранттардын арасында көптөгөн адамдар аргасыз абалга жеткирилген, өзгөчө баардык нерселердин бүгүн аткарылышын каалап турган жаштардын арасында», - дейт Выговская.

Ошого карабастан, көпчүлүк мигранттар шайлоо күнү четте калышууда. Анын биринчи себеби, жарандар каттоодо кайсыл жерде турса ошол жерден добуш берүү зарылдыгы. Кымбатка турган жол кире алардын добуш берүүдөн баш тартууга аргасыз кылууда. Ал эми экинчи себеби, саясий активдүүлүктүн жоктугу.

Кыргызстандын түштүгүндөгү Өзгөн шаарында туулган, беш баланын апасы Кадыра Нуриева учурда Бишкектин көчөлөрүнүн биринде жер жемиш сатуу менен жашоого акча табат.

«Мен шайлоого барбайм. Эч кимге добуш да бербейм. Саясатчылардын эч кимиси жумуш орундарын түзүүгө кам көрүшпөсө, менин шайлоого барып добуш беришим эч нерсени өзгөртө албайт», - деди ал.

Өлкөнүн түштүгүндөгү Кара-Кулжа айылынан келген, учурда Бишкектин көчөлөрүнүн биринде нан саткан , Булбул Маматсаева мындай дейт: «Саясатчылардан мага эч бири жага бербейт. Ар бири муну кылам, тигини жасайм деп убадаларын беришет, жыйынтыгында эч нерсе жасашпайт».

Тимур Токтоналиев жана Исомидин Ахмеджанов – IWPRдын атайын тренингинен өткөн Бишкек жана Ош шаарларындагы журналисттер. Дина Токбаева, IWPRдын Кыргызстан боюнча редактору

Бул макала Европалык Комиссия тарабынан каржылануучу «Массалык маалымат каражаттары аркылуу Борбор Азияда адам укугун коргоо жана укук таануу» жана Норвегиянын тышкы иштер министрлиги тарабынан каржылануучу «Укук коргоо маселелерин, карама-каршылыктарды жана ишенимдин бекемделишин чагылдыруучу маалымат программасынын» чегинде Согуш жана бейпилдикти чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан даярдалды.

Макаланын маңызына толук жоопкерчиликти IWPR алат жана макала Европа шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жана Норвегиянын тышкы иштер Министрлигинин эч биринин кызыкчылыгын чагылдырбайт.

Kyrgyzstan
Frontline Updates
Support local journalists