Акыйкатчы Турсунбек Акун: Кыргызстан жабык мамлекетке айланууда

Акыйкатчы Турсунбек Акун: Кыргызстан жабык мамлекетке айланууда

Wednesday, 27 January, 2010
.



Буга кыргыз акыйкатчысы Турсунбек Акун да макул. Бул жолу IWPRдын журналистери Акыйкатчы менен бул теманын тегерегинде маек уюштурушту.



IWPR: Сиз жакынкы күндөрү өлкө демокраиялык принциптерден кетенчиктеп жатат деп билдирүү жасадыңыз, бул эмнени түшүндүрөт, ушул жөнүндө кененирээк айтып берсеңиз.

Турсунбек Акун: Ооба, кээ бир позициялар боюнча чындыгында кетенчиктөөлөр болуп жатат. Эгер мурда 2005-2007 жылдары жарандар тынчтык митингдерин, пикетке, жөө жүрүштөргө чыгууну эркин өткөрө алышса, бүгүнкү учурда бул практикада мүнкүн эмес болуп калды. Акаевдин режиминин мезгилинде жарандар өздөрүнүн нааразылыктарын тынчтык чогулуштарында билдире алышчу. (Аскар Акаев – 2005 өжылкы элдик толкундоолордун жыйынтыгында өлкөнү таштап качып кеткен Кыргызстандын мурдагы-президенти)



Бүгүнкү күндө «бураманы бышыктап” бекитип бурап жатышат- митингге чыккандарды кармап кетип камап, тынч жөө жүрүшкө чыккандардын жолун тосууда. Исхак Масалиевдин демилгеси менен парламентте откон жылы кабыл алынган “Тынч чогулуштарды өткөрүү” жөнүндөгү мыйзам жарандардын тынч чогулуштарды өткөрүү укугун бир топ чектеп кыйындатып койду.



Бул мыйзамга ылайык жарандар 12 күн мурун бийликке өткөрүлө турган акция жөнүндө кабардар кылыш керек. Акцияны өткөрүү жери да бийлик тарабынан жөнгө салынат. Шаардын борборунда коомдук тартипти камсыздоону шылтоо кылып, акцияны өткөрүүчү жерди шаардын четирээк жагынан аныктап берүүдө. Ал эми тынч чогулуштарды өткөрүүнүн максаты тигил же бул укук бузууларга коомчулуктун көңүлүн буруу болуп эсептелет да. Эгер митинг шаардан алыс жайланышкан мысалы ат майданында өткөрүлүп жатса, мындай учурда ал жөнүндө эч кимдин кабары болбойт.



Каршылык көрсөтүү акциялары көйгөйлүү маселелерге коомчулуктун көңүлүн буруп, жана аны четтетүүгө мүнкүнчүлүк берээрин эсибизден чыгарбашыбыз керек. Бул “өз бугун чыгаруу”, жана ошону менен бирге мамлекетте бейпилдикти сактоого мүнкүнчүлүк берет. Мындай тыю салуулар коомдогу нааразычылыктардын топтолушуна алып келип, эртеби кечпи ал жарылышы мүнкүн.



IWPR: Соңку мезгилдерде ММКда иштеген жумушчуларга кол салуулар катталды, азыркы күнгө чейин журналист Алишер Саиповдун өлүмүн изилдөө иши аяктабай келет. Сиз мындан эркин прессанын өнүгүшүнө коркунучту көргөн жоксузбу.



Акун: Чындыгында бул өтө коркунучтуу абал, журналистерге кол салган ар бир факт бул ММК на белгилүү бир коркунучтун бар экенин көрсөтүп турат. Саясий подоплека менен укук бузуулардын орун алгандыгын изилдөө максатында бул жылы Акыйкатчы институтунун алдында саясий –укуктук коргоо бөлүмү ачылды.



IWPR: 2008- жылы укук коргоочу Ивар Дале, бул жылы Бахром Хамраев өлкөбүздөн чыгарылды, андан мурдараак дагы бир рассиялык укук коргоочу Виталий Понамаревдун биздин өлкөгө кирүүсүнө тыю салынса, көп өтпөй тажик укук коргоочусу Нигина Бахриеванын да биздин өлкөгө кирүүсүнө тыю салды.



Акун: Соңку мезгилдерде Кыргызстан кыйыр түрдө Өзбекстан сыяктуу жабык мамлекетке айланууда, бул өтө коркунучтуу көрүнүш. Буга чейин Кыргызстан демакратиялуулугу жана ачыктыгы жагынан Борбор Азия республикаларынын ичинен алдыңкы орундарды ээлеп келген.



Виталий Понамарев – биздин өлкөбүз жөнүндө өтө көп жазган, чет өлкөлүк окурмандарга демократиялык Кыргызстанды иш жүзүндө ушул журналист ачкан, жана демократиялык принциптерди биздин өлкөдө өнүктүрүүгө көп салымын кошту. Биздин ортобузда мурдатан берки достук мамилебиз бар, жана бүгүнкү күнгө чейин анын, ошондой эле Нигина Бахриеванын биздин өлкөгө кирүүсүнө тыю салынуусуна акылым жетпей келет.



Көптөн бери бул маселе боюнча Кыргызстандын Улуттук Коопсуздук комитетинин жетекчиси Мурат Суталиновдон түшүндүрмө алууга болгон аракетим жоопсуз калууда. “Акыйкатчы жөнүндөгү” мыйзамга ылайык Акыйкатчы президенттин кабинетине да эч тоскоолдуксуз кирүүгө укугу болгондугуна карабастан ал киши мени менен жолугушуудан качып жатат.



IWPR: Жарандардын негизги укуктарынын тебеленишине алып келген шарттарда, өлкөнүн демократиялык принциптерден кечеңдеп жаткан кырдаалда Акыйктчы институту кандай иштерди жасай алат жана жасап жатат?



Акун: Биз мындай фактылар боюнча жөн гана айтып же сындап тим болбостон, ал маселенин үстүндө иш жүргүзөбүз. Мисалга азыркы күндө иштеп жаткан «Жарандардын тынчтык чогулуштары» мыйзамына алтернативдүү жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыктык. Биздин долбоор он Венеция комиссиясы тарабынан колдоого ээ болду. Коммиссия бул мыйзамды демократиянын принциптерине жооп бербейт деп таап, бирок ал кабыл алынды. Жаңы мыйзам долбоорун кыргыз парламентинин кароосуна келээрки жылдын башында берүүгө пландаштырып жатабыз. Эгер биздин вариантыбыз кабыл алынса, аракеттеги мыйзам автоматикалуу түрдө жокко чыгарылат.



IWPR: Мыйзам долбоорун талкуулоо мезгилинде депутаттар мыйзамдын маңыздуу беренелеринин жок болуп кетишине алып келген оңдоолорду киргизип салышы мүкүн деген сизде кооптонуу жокпу?



Акун: Жок. Биз өз вариантыбызды талап кылабыз.



IWPR: Кыргызстан башка бир « Кыйноолорду алдын алуунун улуттук механизмдери жөнүндөгү» мыйзамды кабыл алуунун алдында турат. Бул мыйзамдын келечеги кандай деп ойлойсуз?



Акун: 2008-жылдын 21- февралында Кыргызстан БУУнун кыйноо көрсөтүүгө каршы алдын алуу механизмдерин түзүү боюнча кошумча протоколго кол койгон.



Ар кандай өлкөдө бул сыяктуу механизмдерди түзүүнүн түрдүү моделдери бар. Кээ бир жерде бул мамлекет же адам укуктары боюнча атайын комиссия тарабынан уюштурулган өзүнчө контролдоп туруучу орган. Биздин мамлекетибизде «Акыйкатчы плюс» моделин тандап алышкан. Акыйкатчы институту көз карандысыз өз алдынча орган болгондуктан биздин карманган жолубуз өтө күчтүү.



Акыйкатчы институтунун, мамлекеттик структуралардын, жарандык коомдун өкүлдөрү жана парламенттин депутаттары «Кыйноо көрсөтүүгө каршы Улуттук алдын алуу механизими жөнүндөгү» мыйзам долбоорун иштеп чыгышты. Бирок мыйзам долбоорунун биринчи варианты эл аралык талдоочулардын сынына кабылды.



Биз бардык сын пикирлерди эске алуу менен мыйзамдын жаңы вариантын иштеп чыктык ал долбоор эл аралык талдоочулардын оң баасына татыды. Бирок алдыда дагы жасала турган иштер көп, ошого карабастан келерки жылдын жай мезгилине карата өлкө үчүн маанилүү болгон бул мыйзамды кабыл алабыз деп ойлойм.



IWPR: Өлкө башчысы менен конфликке барган башка чиновниктер сыяктуу сизди да отставкага кетириши мүнкүн деген каңшаар сөз жүрүп жатат, сиз бийлик менен мамилеңизди бузуп алуудан коркпойсузбу?



Акун: Кыргызстандын президенти – акылман адам, ошондуктан качан мен чындыкты айтып жатканымда ал көйгөйлүү маселени тереү аүдап менин тутунган позициямды түшүнөт деп ойлойм. Ал эми менин отставкага кетүү боюнча айта кетсем, Акыйкатсы институту эч көз карандысыз институт, ошондой эле акыйкатчыны өз кызматынан кетирүү мүнкүн эмес. Акыйкатчыны кызматынан кетирүү баш мыйзамды бузгандык болмок, жана бул эл аралык стандарттарга жооп бербейт.

Frontline Updates
Support local journalists