Кыргызстан мамлекет башчысын алмаштыруу иш чараларын өзгөртүүдө

Парламент өлкөнүн Башмыйзамына өзгөртүүлөрдү кабыл алуунун жеңил жолдорун табууга аракет жасоодо.

Кыргызстан мамлекет башчысын алмаштыруу иш чараларын өзгөртүүдө

Парламент өлкөнүн Башмыйзамына өзгөртүүлөрдү кабыл алуунун жеңил жолдорун табууга аракет жасоодо.

.



Депутаттар президент Курманбек Бакиев тарабынан сунушталган реформанын долбоорун карап чыгууга туура келди. Ал долбоор Конституциялык сот тарабынан колдоого алынган.



Учурда иштеп аткан Башмыйзамга ылайык, эгер президент кокустан ден соолугуна байланыштуу өз кызматын аткара албай кала турган болсо, анын ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин төрагасы аткарат. Эгер ал да аткара албай калса, анда президенттин милдетин премьер-министр аркалап турат. Мындай учурда булар белгиленген мөөнөткө чейин, ыйгарым укуктары чектелүү шартта гана бул кызматта отуруп, президенттик шайлоонун калыс өтүшүн камсыздоосу керек. Ал эми ушундай жагдай түзүлгөн маалда президенттик шайлоо үч айлык мөөнөттөн кечиктирилбей өткөрүлүшү шарт.



Президент Бакиев мындай системаны алмаштырууну сунуштады. Президент сунуштаган Башмыйзамдын жаңы долбоорунда, мындай жагдай түзүлгөн маалда “Президенттин милдетин аткаруучуну - азырынча түзүлүү этабында турган - кеңешме орган болгон Президенттик Кеңеш тандай тургандыгы айтылган.



Мындай иш-чара президенттин ыйгарым укуктарын убактылуу аткаруучу болуп, элдик эркин саясатчынын, тагыраак айтканда төрага же премьер-министрдин, тандалуу мүнкүнчүлүгүн бир топ азайтат. Кызмат адамдарынан турган Президенттик Кеңешме башкача тандоо жасашы мүмкүн.



Башмыйзамга бир топ түзөтүүлөрдү өзүнө камтыган мыйзам долбоору өткөн жылдын октябрь айында президент тарабынан жарыяланган жана жүзөгө ашыруу этабында турган малекеттик башкаруу системасын реформалоого ылайык жүргүзүлүшү керек.



21-январда Конституциялык Сот өзүнө тапшырылган Президенттин ыйгарым укуктарын убактылуу аткаруучу органды шайлоого байланышкан түзөтүүлөрдүн мыйзамдуулугун текшерүү боюнча оң чечим чыгарды. Конституциялык Соттун чечими, президенттин жогорудагы пландарына эч кандай каршы келбейт. Болгону Кеңешме орган болгон «Президенттик Кеңеш» чечим кабыл алуучу орган эмес, ал тек гана кеңеш берүүчү орган, ошондуктан убактылуу мамлекет башчысын тандоо мүнкүнчүлүгүнө ээ эмес, бул жерди оңдоо керек деген корутунду чыгарды.



Конституциялык Соттун төрайымы Светлана Сыдыкова бул мыйзам долбоору кайрадан каралып иштелип чыгышы керек экендигин белгилеп, бул мыйзам долбоору парламентке жөнөтүлгөндүгүн айтты.



Бул өз кезегинде Президенттик «Ак Жол» партиясы үстөмдүк кылган кыргыз парламентинде ыңгайсыз абалды пайда кылды. Өз лидеринин реформасын алар кабыл алышы керек, ошол эле мезгилде Конституциялык Соттун эскертүүлөрүн көңүлгө алуулары зарыл.



«Ак Жол» партиясынын мүчөлөрү “эки коёнду бир ок менен аткан” жаңы жолдорду ойлоп табышты. Мыйзам долбоорун кайрадан иштеп чыгуу тапшырылган Парламенттик Комитет Президенттин ыйгарым укуктарынын Жогорку Кеңештин төрагасына же премьер-министрге автоматтуу түрдө берилишин алып салууну сунушташты. Анын ордуна, Президенттин ыйгарым укуктарын убактылуу аткаруучу органды шайлоо укугуна ээ болгон, Мамлекеттик Кеңеш түзүлөт



Мындай органды түзүү алдыда иштелип чыга турган иш. Мындан сырткары жаңы органдын ишмердүүлүгүн жөнгө салып туруучу атайын мыйзам иштелип чыгышы керек.



Институттун курамына Президенттик аппарат, Катчылык, Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттик, Коопсуздук жана коргонуу боюнча мамлекеттик кеңешчи, Мамлекеттик тышкы иштер министри киргизилген.



Мамлекеттик Кеңешменин курамына Жогорку Кеңештин Төрагасы, Премьер-министр жана Президенттик Кеңешменин мүчөлөрү кирээри белгилүү болду. Оппозициялык депутат Роза Отунбаева 2-февралдагы өзүнүн сөзүндө Президенттик Кеңешменин мүчөлөрүнүн арасында президенттик аппараттын башчысы, Президенттин Секретариатынын жетекчиси, коргонуу, коопсуздук жана тартип коргоо маселелери боюнча президенттин кеңешчиси, ошондой эле Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин жетекчиси кирээрин белгилеп өттү. Акыркы эки кызмат мамлекеттик башкарууну бакиевдик реформалоонун натыйжасында пайда болду, жана Президенттик Кеңешмеге коопсуздук маселелерин контролдоого, ошондой эле экономикалык жана пландоо саясатын турмушка ашырууга көмөктөшмөкчү.



Шайланбаган чиновниктерди мындай маанилүү чечимди кабыл алуу укугуна ээ кылып бөлүү баш мыйзамда олуттуу өзгөрүүлөрдүн болушуна алып келет.



Пландалып жаткан Мамлекеттик Кеңешмеде бир нече шайланган чиновниктер – тагыраак айтканда төрага катары Президенттин өзү жана Жогорку Кеңештин Төрагасы – болот.



Министрлер кабинети премьер–министр жана тышкы иштер министри тарабынан көрсөтүлөт, Мамлекттик Кеңештин калган мүчөлөрү мамлекет башчысы тарабынан дайындалат.



Мындай демилгенин жыйынтыгы премьер-министрдин жана анын кабинетинин укуктарынын эсебинен Президенттин ыйгарым укуктарын бир топ кеңейтет. Мамлекет башчысынын көзөмөлү астында туруп, Президенттик Кеңешме мурда өкмөткө тиешелүү болгон сырткы саясат жана коопсуздукту контролдоо, экономикалык чечимдерди кабыл алуу сыяктуу кеңири ыйгарым укуктарга ээ болот.



Кризистик абалда бийликти өткөрүп берүү тез жана натыйжалуу болушу үчүн, бийликти өткөрүп берүүнүн так мыйзамдуу ыкмалары болушу керек.



Аскар Акаевдин башкаруусуна чекит койгон 2005-жылдын мартында болгон «жоогазын ынкылабынын» жүрүшүндө ушундай көрүнүш болуп өткөн.

Аскар Акаев өлкөнү таштап качып кетип, премьер-министр болсо отставкага арызын таштаган учурда Кыргызстан парламенттик боштукка кабылды, тагыраак айтканда эски парламенттин мөөнөтү аяктап, ал эми жаңы парламент али түзүлүп бүтө элек эле.



Мындай курч кырдаалда эски парламенттин төрагасы мамлекет башчысынын ролун болбоду дегенде 24 саатка чейин өзүнө алып, жаңы премьер-министрди дайындоого көмөк көрсөтө алмак.



Ал мезгилде бул орунга Бакиев дайындалып, президенттин ыйгарым укуктарын аткаруучу катары 2005-жылдын июлуна чейин иштеди. Июлда өткөн президенттик шайлоодо ал расмий түрдө президенттикке шайланды.



Татаал кырдаалда колдонулган натыйжалуу бул тажрыйбаны Башмыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү мезгилинде эске алуулары зарыл.



Учурда Башмыйзамды реформалоонун кийинки этабында, мыйзам долбоорунун демилгечиси катары президент Бакиев Мамлекеттик Кеңешмени бекитиши керек, андан кийин бардык өзгөртүүлөр Жогорку Кеңештин добушуна коюлат. Бул мыйзам долбоору үч айдан кийин Жогорку Кеңеште кайрадан каралып, андан кийин президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт. Президент кол койгондон кийин гана мыйзам күчүнө кирет.



Павел Дятленко – «Полис Азия» борборунун эксперти. Бишкек.

Kyrgyzstan
Frontline Updates
Support local journalists