Institute for War and Peace Reporting | Giving Voice, Driving Change

Кыргызстандагы жакырчылык өлкөдө балдар эмгегин колдонууга түрткү болууда

Өлкөдөгү оор турмуш балдардын мектепти таштоосуна себеп болууда.
By Asyl Osmonalieva, Gulzat Abdurasulova
  • Жүк ташуучу балдар - Бишкек шаарда жайгайшкан базарлардагы кадимки көрүнүш. (Фото: Асыл Осмоналиева)
    Жүк ташуучу балдар - Бишкек шаарда жайгайшкан базарлардагы кадимки көрүнүш. (Фото: Асыл Осмоналиева)
  • Жашы жете элек балдардын эмгегин  өзгөчө оор жумуштарда колдонуу мыйзамсыз, бирок мындай көрүнүштү азыркы мыйзамдын негизинде жоюу кыйын.
    Жашы жете элек балдардын эмгегин өзгөчө оор жумуштарда колдонуу мыйзамсыз, бирок мындай көрүнүштү азыркы мыйзамдын негизинде жоюу кыйын.
  • Эксперттердин пикири боюнча иштеп жатышкан балдардын мектепке барбай жатканы алардын жакырчылыктан чыгуусуна  тоскоол болууда. (Фото: Асыл Осмоналиева)
    Эксперттердин пикири боюнча иштеп жатышкан балдардын мектепке барбай жатканы алардын жакырчылыктан чыгуусуна тоскоол болууда. (Фото: Асыл Осмоналиева)

«Жол бергиле, жол, жол!» - деп кыйкырган арыкчырай өспүрүм, Кыргызстандын борбору Бишкектин жер-жемиштерди саткан дыйкан базарында, көп элдин ичинде араба менен өзүнө жол ачып келе жатты.
Бул болгону 15 жаштагы Нурлан аттуу өспүрүм. Ал өз ишин жакшы билет. Анткени ал өз арабасында эки жылдан бери жүк ташыйт.

Ал эртең мененки саат беште турат, ал эми эки сааттан кийин арабаны ижарага алат да, өз ишин баштайт. Нурлан 100 килограммга чейинки жер-жемиштерди сатып алуучулардын авто унаасына чейин, кээде аралыгы 20 мүнөттү алган бир базардан экинчи базарга жеткирет.

Жыл мезгилдерине ылайык бул базарда араба түрткөн өспүрүмдөрдүн саны 150дөн 200гө чейин жетет. Ушундай эле көрүнүш Кыргызстан боюнча башка базарларда да байкалат. Бул базарда араба түрткөндөрдүн эң жашы 14 жашты түзсө, ал эми башка базарларда мындай ишти жашы 10 жаштан кичине балдар да жасашат.

Нурландын тарыхы адаттагы көрүнүш. Анын атасы ичип кеткендиктен, апасы Кенже балдары менен кошо андан кетип калган (эң чоң уулу – Нурлан). Бул үй-бүлө эки жыл мурун Чүй областынын бир айылынан борбор шаарга жакшы турмуш издеп келишкен

«Качан биз апам жана инилерим болуп Бишкекке келгенден кийин, мен дароо эле иш издей баштадым. Апама жардам бергим келди. Байкем түшүм базарында балдар жакшы акча табаарын айтып, мага ошол жерде иштөөнү сунуш кылды. Албетте, ал жумуштун оор экендигин эскерткен, бирок мени ал тынчсыздандырган жок, кантсе да мага акча табуу маанилүү эле», - деди Нурлан.

Нурлан анын жумушу оор экендигин мойнуна алат. Ал базардагылардын ага карата тоотпочулук мамилесин айтты.

«Араба түртүп иштеп жүргөндөн бери мага жаңы үйрөнчөк эшекке мамиле кылгандай мамиле жасаганына мен көнүп баратам, кардарларымдын кыйкырыгын оңой эле көтөрөм. Мен бул басмырланган абалдан суурулуп чыккым келет, акча топтоп билим алып башка жакшыраак иш караштыргым келет, бирок азырынча анте албайм», - деди ал.

Учурда Нурлан орто мектептин 8 - классында окушу керек эле. Бирок толук күн иштөө үчүн, ал бир жыл мурда мектепти таштап койгон. Ал окууну уланткысы келет, бирок жакынкы арада аднай кыла албастыгын түшүнүп турат.

Анын үй-бүлөсү анын күндө таап келген 5-10 долларына көз каранды болуп турат. Анын апасы базарда тамак-аш жасап сатат. Апасынын айлыгы менен алганда ал үй-бүлөнүн бир айлык тапкан кирешеси 175 долларды түзүп, анын ичинен 55 доллары жашаган батирдин ижара акысын төлөөгө кетет.

Кенже баласын мектепке жибере албай жатканына өкүнөт, бирок ал артка айылга да кете албайт, анткени ал жакта анын күйөөсү үйүндөгү болгон «тамак ашты ичип түгөтүп, балдарды токмоктойт».

Биз бул жерде эптеп жакырчылыктан чыга алабыз», - дейт ал. Бул интервьюдан кийин Кенже айлыгы көбүрөөк болгон кийим тигүү жаатында иш табып, турмуш-тиричиликтин бир аз жакшырганын билдирген.


ОН БАЛАДАН ТӨРТӨӨСҮ ИШТЕШЕТ

Иштеп жаткан балдардын саны тууралуу так маалымат жок. 2007-жылкы гана маалыматтар бар. Бул статистикага ылайык, Кыргызстандагы 40%дан ашык балдар тигил, же бул жерлерде иштешет. Бул маалыматта кайсы балдар толук эмес иштешээрин, мектепке барганы, барбаганы айтылган эмес.

«Эл пикири» коомдук ой пикирди окуп-үйрөнүү Борборунун ЮНИСЕФ менен биргеликте өткөрүлгөн изилдөөсү көрсөткөндөй, 40 миңден ашык балдар- бул окууга барган балдардын жалпы санынын 4%га жакыны - 2007-жылы такай мектепке барышкан эмес. Бейөкмөт уюмдардын айтуусунда, чыныгы турмушта бул көрсөткүч үч эсе көптүк кылат. Демек 14% балдар билим ала албай жатышат.

Эларалык эмгек уюмунун (ЭЭУ) Бишкектеги өкүлчүлүгү IWPRга бир катар бейөкмөттүк уюмдардын топтогон маалыматы боюнча мектепке 120миң бала барбай жатышат деп билдирген – бул «Эл пикири» уюму маалымдагандан 3 эсе көп (Кыргызстан: «бекер» билимдин кымбаттыгы деген макаладан окуй аласыздар).

«Кыргызстанда иштеп жаткан балдар боюнча расмий статистика жок. Жер-жерлердеги жетекчилер (облустук билим берүүнүн башкармалыгынын башчылары) так санды айтуудан коркушат. Эгер алар чыныгы көрсөткүчтү берсе, алар иштен четтетилет. Ошондуктан мындай балдарды бүгүнкү күнгө чейин эч ким каттоого албайт», - деди парламенттин жаңыдан шайланган депутаты, мурдагы билим берүү министринин орун басары Ирина Карамушкина.

Кыргызстандын Баш мыйзамы балдар эмгегин колдонууга тыюу салат. Өлкө бул маселе боюнча негизги эл аралык документтерди ратификациялаган - булар балдар укуктары боюнча БУУнун Конвенциясы, жумушка алуунун минималдык жашы тууралуу ЭЭУнун Конвенциясы, балдар эмгегинин колдонулушун токтотуунун тез арада көрүлүүчү чаралары жөнүндө МОТтун Конвенциясы бар.

Улуттук мыйзам топтомдорунда иш ээси жашы 16га (же кээ бир атайын учурларда 15 ке) жете элек балдарды жумушка ала албайт, деп дана жазылган.

Көмүскө экономикада чоң кишилер сыяктуу иштеп жатышкан балдардын жашыруун иштеши олутуу көйгөй болут турат. Алар чоңдорго караганда аз акча табышат, жана өз укуктарын билбегендиктен бир топ тил алчаак келишет.

«Базарларда араба түрткөн балдар, иш ээлери менен жазма эмгек макулдашууларын түзүшпөйт жана оозэки макулдашуунун негизинде иштешет: анткени мыйзам балдар эмгегине тыюу салат, болгондо да ал жерде оор эмгекти жасап жатышпайбы. Балдарга оор жүктөрдү ташууга туура келет», - деди IWPRга Кыргызстандагы ЭЭУнун төрайымы Амина Курбанова .

Балдар тарабынан башка дагы таштандыларды чогултуу, товарларды базарда сатуу, унааларды жууп-тазалоо сыяктуу жумуштар жасалат. Курбанова белгилегендей, бир топ тынсыздандырган нерсе, кээ бир учурларда балдар көмүр казуу, ыргытылган уран калдыктарынан темирлерди чогултуу сыяктуу жумуштарды аткарууда.

БАЛДАР ЭМГЕГИ АЙЫЛ ЖЕРИНДЕ АДАТТАГЫ КӨРҮНҮШ

Балдар эмгегин көп колдонгон тармактын бири – бул айыл чарбасы болуп калууда, анткени ал жерлерде тартип коргоо органдарынын иштөөсү бир топ кыйын. Балдар ата-энеси үчүн кокусунан эле жумушту жасагандыгы (бул көпчүлүк стандарттарга ылайык келген көрүнүш) , же сааттап ошол жерде оор жумушту аткарып жатышы эч кимге белгисиз.

Карамушкинанын айтымында, кээ бир балдар ата-энесине жардам бергиси келсе, кээ бир «балдар окугусу келип турса да ата-энесинин мажбурлоосу менен иштешет».

Пенсиядагы мугалим Кокуш Сагыналиева жашоо-шарттын начарлоосу балдар эмгегине болгон мамилени өзгөрткөндүгүн айтты.

«Мурда балдар ата-энелерине, туугандарына жардам берип өздөрүнө пайдалуу тажрыйба алышчу. Балдар эмгеги ата-энелери, чоңдор тарабынан макулдашып, жана жардам менен эксплуатациялоонун ортосунда чек болчу. Тилекке каршы, соңку жылдары калктын массалык жакырдануусу болуп, ушундан улам чоңдордун аң-сезиминде бул чек өчө баштады. Учурда балдарды кулдар жасаган эмгекке түртүп жатышат. Ким күнөөлүү? Мамлекетпи? Ата-энелерби? Балдарды эксплуатациялап жаткан элдерби? Менимче алардын баары», - деди ал.

Нурболсун Кыргызстандын түндүгүндө жайгашкан Талас облустунун Кең-Арал айылында төрөлгөн 15 жаштагы өспүрүм. Ал айыл жеринде катардагы өспүрүм жумушчу. Ал мектепке барат, бирок жазгы үрөн себүү, күзгү түшүм жыйноо мезгилинде сабактарын толук калтырууга туура келет.

«Жазында жана күзүндө менин бардык классташтарым талаада, бул мезгилде мугалимдер деле ишке келишпейт», - деди ал.

Нурболсун алардын үй-бүлөсүнө тиешелүү болгон жерде иштейт. Алар ал жерде өздөрүнүн негизги кирешеси болгон төө буурчак өстүрүшөт. Андан сырткары өспүрүм кой кайтарат, жана картөшкө өстүрүү менен алектенет.

«Мен жаш кезимден бери, 7-8 жашымдан тарта талаада эмгектенем. Азыр бардык чарбаны мен жүргүзөм. Учурда мектепке барбай жатам. Колум бошобойт», - дейт ал.

Нурболсун билимдүү үй-бүлөдөн чыккандыгын айта кетүү керек. Анын атасы - дипломдуу экономист, бирок ал өз кесибинде иш таба албагандыктан талаада иштейт. Апасы – кичи класстардын мугалими, бирок ага бул кесип көп пайда алып келбейт. Алардын беш баласы жана арзыбаган пенсия алган чоң энеси да бар.

Нурболсундун маркум чоң атасы мектептин директору болгон. Ал кайсы бир мезгилде чоң атасынын жолун жолдогусу келген. Ага мектепте окуган жагат, ал сабактарды көп калтыргандыктан билими толук болбошун түшүнөт жана ал чоңойгондо ишкердик менен алектенип, өз ишин анча чоң эмес кафе ачуу менен, же жерди ижарага берүү менен баштагысы келет.

Эксперттердин айтымында, балдардын мындай мектеп сабактарын калтырышы жетишсиз билим алган муундун өсүп чыгуусуна алып келет жана сабаттуулуктун деңгээли төмөндөйт, ошол эле кезде жакырчылыктан чыгуу мүнкүнчүлүгүн азайтат.

«Көзөмөлсүз балдар эмгегинин колдонулушу билим берүүнүн сапатынын начарлашына алып келип, кээде балдардын ден-соолугуна зыян келтирет», - дейт көз карандысыз укук коргоочу Елена Воронина.


МУРДАГЫ БИЙЛИКТИН ИШ ЭЭЛЕРИНЕ БОЛГОН ЖУМШАК МАМИЛЕСИ

Бүгүнкү күнгө карата балдар эмгеги боюнча жүргүзүлгөн иштердин көп бөлүгү бейөкмөттүк уюмдарга тиешелүү. Ошондой эле эксперттер проблеманы чечүүгө мамлекеттик мекемелердин күчүн бириктирүү керек жана ата энелердин балдар жасаган тынымсыз оор эмгек менен аларга жардам берүү максатында кез-кезде жасаган эмгектин ортосунда айырмачылык чоң экендигин түшүнүүсү зарыл.

Карамушкинанын айтымында, айыл чарба тармагында балдар эмгеги маселеси бир топ олуттуу болгондуктан керектүү мыйзамдарды ишке ашырууда саясий эрктин жетишсиздиги байкалат. Өз кезегинде жергиликтүү бийлик дыйкан чарбаларга кысым жасоодон коркот, өз кезегинде алар болсо арзан жумушчу күчүн колдонгусу келишет.

«Кандайдыр бир жобо кабыл алып, аны аткарууга милдеттендирүү зарыл», - деди ал.

Эмгек министрлигинин алдындагы жаштар эмгек биржасынын жетекчиси Азиз Ахмедов, балдар эмгегин колдонгон иш ээлерин жоопкерчиликке тарткан окуялардан бир экөө эле белгиленгендигин айтты.

«Азыркы кезде түрдүү мамлекеттик инспекциялар бар, бирок базарларында экономиканын башка секторлорунда балдар чоң көлөмдөгү жумуштарды аткарып, балдар организмине оорчулук келтирген чоң өлчөмдөгү жүктөрдү ташышат жана ушулардын баары жазасыз калууда», - дейт Ахмедов.

Өз атын атагысы келбеген жаштар уюмунун мүчөсү коррупция өтө өөрчүгөндүктөн, жазадан жөн эле качып кутулса боло тургандыгын айтты.

«Иш ээлерине текшерүү менен келсе дагы, бат эле ага сатылып кетишет», - деди ал.

Карамушкинанын айтымында бир катар мамлекеттик мекемелердин – саламаттыкты сактоо, билим берүү министрликтери, жаштар иши боюнча министрлик, баарынан да мурда эмгек жана миграция министрлигинин алдындагы балдарды коргоо депертаменти- кийлигишүсү зарыл. Ал бул департаменттин натыйжасыз иштеп жаткандыгын белгилеп кетти: «алар кээде тегерек столдорго барышат, бир нерселерди айтышат, андан ары алар эч нерсе жасабайт».

Карамушкина, азыр түзүлүп жаткан жаңы өкмөт биринчи кезекте балдар эмгеги маселесин көтөрүп чыгып, балдар эмгегин коргоо Департаменти өз милдеттерин аткарбаса, КР Президентинин алдында балдар укуктары боюнча атайын өкүлчүлүк кызматын киргизүүгө аракет кыла тургандыгын кошумчалады.

Карамушкинанын айтымында айыл чарбасынын иштеринин күчөгөн мезгилдеринде жетишсиз жумушчу күчүн жабууга турмуштук тажрыйбалар бар. Мисалы, ЖОЖдордун жана атайын орто окуу жайларынын студенттерин убактылуу жумушка тартуу чаралары.

«Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакыпованын оюу боюнча, балдардын мектепке баруусу чечүүчү фактор болу саналат.

«Башталгыч бекер билим алуу балдардын укугу эле болбостон, милдети да болуп саналат.
Ким алардын мыйзамдуу милдетин аткаруусуна тоскоол болсо, алар өздөрү мыйзамды бузушат жана ал үчүн жоопко тартылышы керек», - деди ал.

Бирок, мындай абалдын пайда болушуна алып келген негизги абал, - жакырчылык. Кыргыз бийлиги муну тез арада жоет деп айтуу өтө кыйын. Экономикалык каатчылыктын учурунда жаңы өкмөт өлкөнүн июнь окуялардан кийин жабырлаган түштүк жергесин калыбына келтирүү үчүн кошумча чыгашаларга кириптер болду.

Суроолорго жооп берген кээ бир инсандардын аттары өзгөртүлгөн.

Асыл Осмоналиева жана Гульзат Абдурасулова IWPRдын атайын тренингдеринен өткөн Кыргызстандагы журналисттер.

Бул макала Европалык Комиссия тарабынан каржылануучу «Массалык маалымат каражаттары аркылуу Борбор Азияда адам укугун коргоо жана укук таануу» жана Норвегиянын тышкы иштер министрлиги тарабынан каржылануучу «Укук коргоо маселелерин, карама-каршылыктарды жана ишенимдин бекемделишин чагылдыруучу маалымат программасынын» чегинде Согуш жана бейпилдикти чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан даярдалды.

Макаланын маңызына толук жоопкерчиликти IWPR алат, жана макала Европа шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жана Норвегиянын тышкы иштер Министрлигинин эч биринин кызыкчылыгын чагылдырбайт.