Institute for War and Peace Reporting | Giving Voice, Driving Change

Аялдар Кыргызстандын мусулман коомчулугунда көрүнүктүү орунда болууну каалашат

By Timur Toktonaliev
  • Community centre for Islamic education in Osh, Kyrgyzstan. (Photo: UN Women/Rena Effendi)
    Community centre for Islamic education in Osh, Kyrgyzstan. (Photo: UN Women/Rena Effendi)

Аядардын укуктарын коргоо боюнча иштерди жана алардын дүнүйөлүк да (светтик), диний укуктары боюнча да мыйзамдарды билүүсү тууралуу маалыматтарды берүүнү күчөтүү үчүн, Кыргызстандын башкармалыгы өз түзүмүндө кызматкер аялдардын санын көбөйтүүсү зарыл, - деп эсептешет диний активист айымдар.

Алардын бири – прогрессивдүү аялдардын “Мутакалим” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы диний лидерлер патриархалдык баалуулуктарды алдыга сүрөп келе жатышкандыгынан аялдар азап чегүүдө деп эсептейт.

#

“Бардык диний лидерлер аялдар үйдө отуруп, эч нерсе кылбашы керек, аял өз күйөөсүн гана уксун, силер тигини-муну жасоого милдеттүүсүңөр дешет”, - дейт Жамал Фронтбек кызы.

 “Бирок аялдын укугу тууралуу, аял менен эркектин укугу тең экендигин эч ким айтпайт. Бул маселелер балким, бир гана эркектер тараптык бир гана багытта чечмеленгендиктен айтылбай калып жатат”, - деп кошумчалады ал.

Оштук активист Гульсина Абытова динди карманган үй-бүлөлөрдүн кыздары менен иштешип келет. Кыздардын ата-энелери алар тогузунчу классты аяктаары менен көп учурда андан ары окууну улантууга тыюу салышаарын белгиледи. Мындай тыюуда ата-энелер диний канондорду бетке кармашат, ошондой эле кыздардын мектептеги, мектептен тышкары ар кандай социалдык иш-чараларга катышууларын да тыйып турушат.

“Азыркы учурда коомчулуктарда эрте турмуш куруу, билим алууну чектөө көйгөйлөрү актуалдуу. Бул көйгөйлөрдү имамдар жума намаздарында айтуулары керек эле, бирок имамдар мындай маселелерге көңүл бурушпайт”, - дейт “Дүйнөнүн аялдар банкы” уюмунун жетекчиси Г. Абытова.

Диний ишмерлер исламда аялдар үчүн бир топ социалдык жана башка кепилдиктер бар, аялдар күйөөлөрү, алардын үй-бүлөлөрү тараптан адилет мамиле болуу укугуна ээ деп сыймык менен айтышкандарына карабай, активисттер динди карманган аялдар динди карманбаган үй-бүлөлөргө караганда ар түрдүү дискриминацияга жана чектөөлөргө көбүрөөк дуушар болушаарын айтышты.

Оштогу “Ак жүрөк” кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асылбекова аталган борборго динди карманган кыздар, аялдар күйөөлөрү, туугандары сабап жана үйдөн кууп чыккандыктан байма-бай кайрылышаарын айтып берди.

“Мындай абалга кириптер болгон аялдар адегенде имамдан жардам сурап кайрылышса, алар никени сактоо боюнча, анүчүн чыдаш керектигин, ар үйдө мындай болорун айткан кеңеш беришээрин айтып келишет”, - дейт Д. Асылбекова.

Кыргызстандын Дин башкармалагынын өкүлдөрү диний үй-бүлөлөрдө аялдарга карата адилетсиз мамилелер тараган деп эсептешпейт. Ошол эле учурда кордук көрсөтүүдөн жана дискриминациядан жапа чеккен аялдардын укуктарын коргоо мамлекеттик органдардын милдети экендигин белгилешет. 

“Диний үй-бүлөлөрдөгү зордук-зомбулук маселеси коомдук көйгөй деп ойлоодон биз алыспыз, - деди Дин башкармалыгынын агитация жана аялдар менен иштөө бөлүмүнүн адиси Султаналы Гапуров. – Мындай көрүнүш динди туткан, намаз окуган адам аялдарды урган айрым үй-бүлөлөрдө кездешүүсү мүмкүн. Бирок муну коомдук көйгөй деп эсептөөгө болбойт”.

Муфтияттын кызматкери мечиттерде имамдарга жума намаздарында исламдагы аялдардын укуктары тууралуу темаларды канча убакытта көтөрүп айтып туруу милдети тагылгандыгы боюнча жооп бере алган жок. Бирок мечиттерде аялдардын исламдагы орду, аял үй-бүлөдө, туугандар арасында өзүн кандай алып жүрүүсү боюнча жана башка жагдайлар жөнүндө көп эле айтылып келе жаткандыгын билдирди. 

“Бизде динге ишенген адамдар жалпысынан ислам нормаларын сакташпайт. Эркек өзүн чыныгы мусулманмын деп жарыялаар замат дароо эле экинчи аял алат, - деп айтты белгилүү дин ишмери Чубак Жалилов. – Исламда эркектин аялына карата мамилесине коюлган талаптар абдан көп, бирок ал талаптар сакталбай келет, буларды көзөмөлгө ала турган орган жок”.

Чубак Жалилов белгилүү диний лидер, ал өзүнүн насааттарына көп сандагы эркектерди жыйнай алат жана Интернетте көп миңдеген көрүүлөргө ээ.

Анын айтымында, аялдардын укуктары боюнча жана эркектердин аларга карата адилет мамиле жасоосу боюнча темаларды байма-бай көтөрүп келет.

Дин ишмери анын лекцияларынан жана насааттарынан улам, үй-бүлөдөгү мамиле жөнгө салынып, эркектер жана аялдар каталарын моюндап жана өз мамилелерин оңдогон көптөгөн мисалдар бар экендигин айтып берди.

“Мага келишип ыраазылыктарын билдирип, мусулманчылык деп туура эмес нерселерди түшүнүп, аялдарга орой мамиле жасап келишкенин моюндарына алышат. Көрсө, бул туура эмес экендигин, дин башка нерсеге үйрөтөөрүн билип кетишет... Исламды түшүнө баштагандан тарта алардын мамилеси гармониялуу жолго түшө баштаган, - дейт Чубак Жалилов.

Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев (муфтияттын Ош облустук бөлүмүнүн жетекчиси), «имамдар үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту токтотуу боюнча иш-чараларды сөзсүз өткөрүп турушат” деди.  

“Бирок аялдар бизге күйөөлөрү уруп-сабагандыгы боюнча азырынча кайрылыша элек. Бизге кайрылган маселелерде ажырашуу маселеси өзгөчө көп. Ушул маселе боюнча көп кайрылышып, исламда бул боюнча кандай нормалар бар экендигин сурашат. Кээде биз эркектерди чакырабыз, аларга аялдардын укуктарын түшүндүрөбүз, жараштырууга аракет кылабыз” дейт Атабаев.

Системалуу иштөөнүн зарылдыгы

Жамал Фронтбек кызы Дин башкармалыгы жана мамлекеттик органдар аялдар менен системалуу иштешип, аларга жарандык жана диний укуктары тууралуу кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, борбордук аппаратта жана аймактарда аялдардын туруктуу штаты болушу зарылдыгын билдирди.

Мындай иштин жоктугунун бир себеби, жогоркудай жагдайлар дин тармагындагы жыйылып калган маселелерди комплекстүү чечүү үчүн, 2014-жылы кабыл алынган дин боюнча мамлекеттик саясаттын Концепциясында камтылган эмес.

Ошон үчүн диний активдүү аялдар Президент негиздеген “Ыйман” фондунан финансылык каражаттарды ала алышпайт, эгер иштеше алышса, зарыл болгон команданы түзүп коюуга болор эле деп эсептейт активист айым.

Азыркы учурда “Ыйман” Кыргызстандын Дин башкармалыгынан аттестациядан өткөн мечит имамдарына стипендия берип келет.

Фонддун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков Дин башкармалыгынын кызматкерлери болгон көп эмес аялдар жана муфтият активисттери стипендия алышаарын тактады.

Анын айтканына караганда, “Ыйман” аялдар менен активдүү иш алып барууда, акыркы жылдарда ал дин негиздери жана социалдык маселелер боюнча бир нече семинарларды өткөргөн.

“Аялдар менен иштешүү зарыл, эркектер мечитке барышып ал жактан руханий талабын канаттандырып жатышса, аялдар үйдө отуруп алышып интернеттен ислам тууралуу туура жана туура эмес маалыматтарды алып жатышат. – Көп учурда бул аялдардын радикалдуу экстремисттердин торуна түшүп калуусунун себеби болуп калууда”, - дейт Кадырбеков.

“Сиз билесизби, балага атасына караганда энесинин таасири күчтүү. Эгер энеси интернетте отуруп ислам жөнүндө туура эмес маалыматтарды алса, бул балдарынын баарына таасир этет”.

2014-2020-жылдарга карата дин тармагындагы мамлекеттик саясат боюнча Концепция эркектердин жана аялдардын ролуна басым жасабаса да, аялдар компоненти экстремисттик контентке жана ушундай топтордун иштерине тартуу контекстинде айрым учурларда гана эске алынган.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматы боюнча, мекеме “Ыйман” фонду жана Дин башкармалыгы менен кызматташып, аялдар арасында жаштарды нравалуу жана руханий жактан тарбиялоо, радикалдашууга жана экстремисттик топторго каршы туруу боюнча алдын алуучу иштерди туруктуу өткөрүп келет.

Ушундай иштердин алкагында Ош жана Жалал-Абад облустарынын казыяттарынын аялдар бөлүмдөрү жана медреселердин аял-окутуучулары үчүн, “Экстремизмге жана жана радикализмге каршы турууда жана эскертүүдө аялдардын ролу жана орду” темасына семинарлар өткөрүлгөн.

Диний аялдар арасындагы негизги маселелер тууралуу суроого Дин иштери боюнча комиссиядан “Социалдык мүнөздөгү көйгөйлөр негизгилер болуп эсептелет, бирок аялдар арасындагы сабаттуулуктун төмөндүгүн, маалыматтын жоктугун, бөтөнчө өлкөнүн алыскы райондорунда абал ушундай экендигин белгилөөгө болот” деп жооп беришти.

Жамал Фронтбек кызы атап айтканда, фетва бөлүмүндө (шариат боюнча түшүнүк берүү), уламалар кеңешинде (Дин башкармалыгынын байкоо органы) жана аймактык бөлүмдөрдө аялдардын болушу боюнча сунуш кылат.

 Гапуровдун сөзүнө караганда, муфтиятта бир нече аял иштеп жатат, ошондой эле аймактык жана шаардык бөлүмдөрдө да аял кызматкерлер бар, алардын бардыгы аялдар менен иштөөгө жооптуу.

Фетва бөлүмүндө аялдардын болушу тууралуу суроого “Балким келечекте бул маселе дагы талкууланышы мүмкүн, - деди Султаналы Гапуров, - Бирок ал бөлүмгө аял келүүсү үчүн, ислам нормаларын түшүндүрүүгө жөндөмдүү диний билими жогору болушу керек, анткени фетва – диндеги бирден бир татаал багыт” деп жооп берди.

Мусулман Дин башкармалыгында аялдардын болушу тууралуу суроого Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан “Дин иштери башкармалыгынын ички иштерине кийлигишүү комиссиянын компетенциясына кирбейт” деген жооп болду.  

Журналисттердин суроосуна “Ошол эле учурда Кыргызстандын башка конфессияларындагы диний уюмдарда дагы аялдарды жетекчи кызматтарга дайындоо тенденциясы байкалбайт, анткени аталган институттар диний болуп саналат” – деп жооп берди Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы.

Исламдагы аялдар лидерлиги

Айрым активисткалар диний аялдардын көйгөйлөрү мусулман коомчулугу тарабынан эмне үчүн айтылбай жана чечилбей келе жатканынын бир себеби, ошол коомчулуктардын патриархалдык түзүлүшүндө деп эсептешет.

Муфтияттын өкүлдөрү жана диний лидерлер мындайды жокко чыгарып келишет, ошол эле учурда исламда эки жыныстын тең ролдору аныкталганын, бирок алар аялдардын укуктарын жана ар-намысын басмырлабай турганын айтышат.

Мусулман коомчулугунун жана дин кызматынын башында эркектер гана турушат, алар өздөрүнө гана “пайдалуу” сүннөттөр менен диний нормаларды алдыга алып чыгышат деген сынга Дин башкармалыгынын кызматкери Султаналы Гапуров “коомдо мындай маселе жок” деп жооп берди.

“Бүгүн коомдо аялдардын укуктары тууралуу, анын бийик макамы, аялдын ролу кандай болушу керектиги жөнүндө активдүү айтылып келе жатат. Менимче, бизде эркектер үчүн гана сүннөттөр айтылып, аялдар жөнүндө унутулуп жатат деп ойлоо туура эмес.  Бул туура эмес түшүнүк” – деди ал.

Диний насааатчылардын исламда эркекке да, аялга да татыктуу ролдор берилген деп айтып келишкендигине карабастан, кыргыз ислам коомчулугунун мисалынан диний лидерлер, дин кызматынын администрациясынын чечүүчү адамдары жана башкы активисттер эркектер гана болуп келе жаткандыгын көрүүгө болот.

Белгилүү дин насаатчысы Чубак Жалилов «аялдардын билим алуусуна, билимдүү болушуна эч ким тыюу салбайт” деп жооп кайтарат. 

“Эгер алар окубаса, биз эмне кылмак элек? Бизде, кыргыз коомчулугунда жалпысынан эле аялдар укугу корголбойт. Бизде сабак берген аялдар бар, бирок лидерлик сапат ар бир адамга берилбейт тура”, - деген Жалилов аялдар дин чөйрөсүндө эле эмес, парламентте да, өкмөттө да өздөрүн жеткиликтүү көрсөтө албай келишээрин белгилейт.  

“Мен лидер-аялдардын чыгуусун колдойм, алар Youtube канал ачышып аялдардын, кыздардын укуктарын коргоп, исламды түшүндүрүп, диний аялдарды агартууга аракет кылышсын, - деп өз оюн улаган Жалилов “Түркияда, башка өлкөлөрдө мындай аялдар көп. Эгер ал терең билимге ээ болсо эмне үчүн антүүгө болбойт? Албетте, болот”.

This publication was prepared under the "Giving Voice, Driving Change - from the Borderland to the Steppes Project" implemented with the financial support of the Foreign Ministry of Norway.