Укук коргоочулардын Кыргызстанга киришине тыюу салуулар өлкөнүн жабыктыкка умтулуусун мүнөздөйт
Акыркы бир жарым жылдын ичинде төрт белгилүү укук коргоочуга Кыргызстандын бийлиги өлкөгө кирүүгө тыюу салган.
Укук коргоочулардын Кыргызстанга киришине тыюу салуулар өлкөнүн жабыктыкка умтулуусун мүнөздөйт
Акыркы бир жарым жылдын ичинде төрт белгилүү укук коргоочуга Кыргызстандын бийлиги өлкөгө кирүүгө тыюу салган.
Убагында Борбор Азиядагы “демократия аралы” деген атка конгон Кыргызстандын жакында эле белгилүү укук коргоочуларды өз аймагына кабыл албоосу, өлкө үчүн кооптуу белги болуп саналат.
Акыркы бир жарым жылдын ичинде кыргыз өкмөтү төрт белгилүү укук коргоочуга өлкөгө кирүүгө тыюу салган. Былтыркы жылдын декабрь айында тажик укук коргоочусу Нигина Бахриеваны чек арадан киргизбей коюусу акыркы окуя болгон.
Кыргызстанда Бахриева мамлекеттик органдардын өкүлдөрү - Кыргыз республикасынын Акыйкатчысынын аппаратына жана парламент үчүн машыгууларды өткөрмөк. Бирок ал Бишкек аэропортуна келип түшкөндө чек ара кызматынын адистери Бахриева үчүн өлкөгө кирүүгө тыюу салынганын жана дагы он жыл ал Кыргызстанга кирүү мүмкүнчүлүгүнөн айрылганын билдиришти.
10-декабрдагы билдирүүсүндө Европалык Кеңештин жетекчилиги бул жагдайга таң калгандыгын, билдирүүдө белгиленгендей, балким бул окуя укук коргоочунун мурунку келишиндеги жергиликтүү демилгечилерге БУУнун адам укугу боюнча Комитетине, 2008-жылы Кыргызстандын түштүгү Ноокатта болуп өткөн нааразычылык акциясынын катышуучуларына жеке арыз жазуусунун механизмин жазууну үйрөткөндүгүнө байланышы бар экендиги айтылды.
Шаардык башкармалык тарабынан мусулмандардын Орозо-айт майрамын белгилөөгө тыюу салгандыгы эл арасындагы толкундоолорду туудуруп, натыйжада тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» диний уюмдун мүчөлөрү деген божомол менен бир нече адам тартип бузгандыгы үчүн камакка алынган. Укук коргоочулар бул иш менен кармалган 32 адамдын узак убакыт абакта болуусунда милиция тарабынан негизсиз зомбулук жана башка мыйзамсыз күч колдонуулары жөнүндө бир топ арыздарын каттоого алган. (Бул тууралуу кененирээк Кыргызстан: протест верующих, ставший следствием невнимательности властей (RCA № 551, 14-октябрь 2008-жыл,) жана Кыргызстан: положит ли жесткая тактика конец исламскому радикализму? (RCA № 572, 3-апрель 2009-жыл) материалдарда окуй аласыздар).
Башка чет элдик укук коргоочу уюмдардай эле Кыргызстандын Акыйкатчысынын аппараты да өздүк жеке иликтөөсүн өткөрүп, шектүү деп кармалган адамдарга каршы күч тутумдарынын өкүлдөрүнүн мамилесин айыптаган кайрылуу даярдады.
Чет мамлекеттен келип, Кыргызстандын аймагына кирүүгө мүмкүнчүлүк ала албаган дагы эки укук коргоочу ошондой эле Ноокат окуясынын тегерегинде иштеп жаткан.
Москвалык «Мемориал» Укук коргоочу борбордун Борбор Азия боюнча адиси Виталий Пономарев, Бишкек шаарынын аэропортунан 2009-жылдын февраль айында себепсиз депортацияланган. Кийинчерээк Пономарев өлкөгө поезд менен келүүгө аракет кылганда аны дагы деле Кыргызстанга киргизбей, ал үчүн өлкөгө жол жок экенин түшүндүрүшкөн.
Мурдараак «Мемориал» Ноокат окуясы боюнча билдирүү макаласын жазып, анда бийлик күнөөлүүлөрдү кыйнап, аларга жалган күнөөнү мойнуна илгендигин айыптаган.
«Мемориал» Укук коргоочу борбордун мүчөсү, Борбор Азия саясий эмигранттары Коомунун жетекчиси Бахром Хамроев, Кыргызстандын түштүгүндө бийлик тарабынан кармалган адамдардын туугандары менен жолугушуусунан кийин ноябрь айында өлкөдөн куулган.
Кыргызстан бийлиги өлкөгө кирүүгө тыюу салган бешинчи укук коргоочу Норвегиянын Хельсинки Комитетинин өкүлү Ивар Дале болду. Аны 2008-жылдын октябрь айында киргизбей коюшкан. ЕС, ОБСЕ жана БУУнун сурамжылоолоруна карабай бийлик ээлери Далени эмнеге киргизбей койгондугун түшүндүрүп беришкен жок.
Норвегия Хельсинки Комитети, коңшу Өзбекстанга укук коргоочу уюмдар үчүн грант бөлүнүүчү программанын пайда болушунан соң Кыргызстандын тынчсыздануусун жараткан, деп божомолдоду. Ал Өзбекстандын авторитардык тартибине залалын тийгизбөө аракети экендигин билдиргендигин мүнөздөйт.
«Кылым Шамы» укук коргоочу уюмдун башчысы жана Ноокат иши боюнча Акыйкатчы топтун комиссиясынын мүчөсү Азиза Абдирасулова, Пономарев менен Хамроевдин депортациясы “атайын кызматтын өз кылмышын катуусун каалагандыгынын кесепети”,- деп билдирди.
«Бул кылык-жорук биздин мамлекеттин жабыктыгынын көрсөткүчү. Атайын кызматтар Ноокат окуясы боюнча өз кылмышы ачылып калаарын туюп калышты», - деди Абдирасулова.
«Демократия жана жарандык коом үчүн» Коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова, “республиканын өкмөтү өлкөнү тышкы текшерүүдөн атайы жаап жашырып жатат”, - деп билдирди.
«Өлкөдө Советтер Союзунун үлгүсүндөгүдөй темир көшөгө жабуу аракети жүрүп жатат. Эгер тыштан улам эле бирөө келип расмий кызматтар берген фактыларды текшерип турса, жагымсыз аракеттерди жаап-жашыруу мүмкүн болбой калбайбы» - деп белгилейт Ошурахунова.
IИлья Лукашов, IWPRдин машыгууларынан өткөн Жалал-Абаддык журналист.
Жогорудагы макала Европа Комиссиясы тарабынан каржыланган «Массалык маалымат каражаттары аркылуу Борбор Азияда адам укугун коргоо жана укук таануу» долбоорунун негизинде даярдалды.
Макаланын мазмунуна IWPR толук жоопкерчиликти мойнуна алат жана ал Европа Шериктештигинин өлкөлөрүнүн көз карашын чагылдырбайт.