Өзбекстан суу маселесине байланышкан талаш-тартышта Казакстандын колдоосун алууга аракеттенүүдө

Ташкент Кыргызстан менен Тажикстандын гидроэнергетикалык долбоорлоруна бөгөт коюууну көздөгөн иш-чараны жүргүзүүгө өнөктөштөрдү табуу аркетинде.

Өзбекстан суу маселесине байланышкан талаш-тартышта Казакстандын колдоосун алууга аракеттенүүдө

Ташкент Кыргызстан менен Тажикстандын гидроэнергетикалык долбоорлоруна бөгөт коюууну көздөгөн иш-чараны жүргүзүүгө өнөктөштөрдү табуу аркетинде.

28-апрелде Алматыда Борбор Азиялык беш өлкөнүн президенттеринин катышуусу менен өтүүчү саммитте күн тартибинде соолуп бара жаткан Арал деңизинин тагдыры каралмакчы.



Бирок, өлкө башчылары убакыттын көп бөлүгүн жалпы суу ресурстарын башкаруу жана анын менен тыгыз байланышкан энергетика суроолорун талкулоо менен өткөрүшчүдөй.



Саммит учурунда Өзбекстан Кыргызстан менен Тажикстандын ГЭС куруу долбоорлоруна бөгөт коюу максатында казак бийлигин өз жагына тартып кете алабы деген башкы суроого ачык жооп алынынышы күтүлүүдө.



Өлкө башчылары 1993-жылы Борбордук Азия өлкө лидерлери тарабынан түзүлгөн Аралды сактап калуу эларалык фондунун иш-аракетин жана уюштуруучулук маселелерди талкулоо үчүн атайын уюштурулган иш-чарага келишкен.



Комментаторлор, дарыянын ылдыйкы агымында жайгашкан, табигый газ менен күйүүчү майга (нефть) бай Өзбекстан, Казакстан жана Туркмөнстан ортосунда чакан коңшулары Тажикстан менен Кыргызстанга каршы шериктештиктин (блоктун) түзүлүү мүмкүндүгүн белгилешет.



Территориясында чөлкөмдөгү эки ири дарыя башталган Тажикстан менен Кыргызстан бар гидроэлектростанцияларга кошумчаларын куруу менен электроэнергиянын жетишсиздик көйгөйүн чечүүгө аркеттенүүдө. Мындай стратегия башка үч өлкө башчыларын башкы суу артерияларында суу көтөрмөлөрүнүн курулушу менен жерлерди сугарууга жана башка керектөөлөргө жумшалуучу суу агымы токтойт деп кооптондуруп келет.



Өлкө лидерлери сууну үлөштүрүүчү бирдиктүү стратегияны иштеп чыгуу зарылчылыгын жана аны Тажикстан менен Кыргызстанга күйүүчү май, газ жана көмүр өткөрүү аркылуу ылайыктуу компенсациялоо жөнүндө байма-бай айтып келишсе да, 1991-жылы аталган мамлекеттер эгемендүүлүккө жеткенден бери бул суроо чечилбей келет.



Аналитиктер Борбордук Азия өлкөлөрүнүн бири суу ресурстарын ээлеген, экинчиси энергетикага бай эки блокко бөлүнүшү эки тарапка тең пайдалуу жыйынтыктарга жетишүүгө жана саясий мамилелерди кеңейтүүгө тоскоол болот деп эскертишет.



Кыргызстан Нарын дарыясында иштеп жаткан Токтогул ГЭСине кошумча Камбарата-1 жана Камбарата-2 ГЭСтерин курууну пландаштырууда. Нарын Тажикстан менен Өзбекстан аркылуу агып өтүүчү Сырдарыянын башкы куймасы болуп эсептелет жана Казакстандын Арал деңизине жетпей соолуп калат. Тажикстан болсо, өзбек территориясы боюнча агып өтүп, Түркмөнстандын башкы суу каналына суу берген Аму дарыясына Рогун алп суу көтөрмөсүн курууну көздөөдө.



Казакстанга Туркмөнстан сыңары эле, аталган дарыялар боюнча тынчсызданууга бардык негиздер толук. Туркмөнстандын территориясынын басымдуу бөлүгү чөл болгондуктан, калк жана пахта өндүрүүчү тармак үчүн суунун мааниси зор. Кыргызстан суусактагычтарында сууну кышында электр энергиясын иштеп чыгаруу үчүн сактап жаткан учурда Казакстандын түштүк бөлүгү суу жетишсиздигинен жабыркап, ал эми Кыргызстан сууну кое бергенде көпчүлүк аймактарын суу каптайт.



Бирок, аталган өлкөлөрдүн ичинен суу көтөрмөлөрүн курууга Өзбекстан өзгөчө нааразылык көрсөтүүдө. Өзбекстан чөлкөмдөгү калкы эң көп өлкө жана айыл-чарба өндүрүшүндөгү башкы продукт катары чет жакка чыгарууда кирешелүү булак, ошого жараша сууну да көп талап кылган пахта эсептелинет. Көпчүлүк аналитиктер советтик бийликти пахта өндүрүшүн чен-өлчөмсүз көбөйтүп, эсепсиз сугаруу ыкмаларын колдонушу Арал деңизинин соолушуна алып келген деп күнөөлөшөт.



Ташкенттин сунушу боюнча, масштабдуу гидроэнергетикалык долбоорлорду курууда катуу техникалык талаптар каралып, долбоорду ишке ашыруудан мурда эларалык адистер тарабынан технико-экономикалык текшерүү жүргүзүлүшү керек.



Адатта, Өзбекстан Тажикстан менен Кыргызстанга өткөрүүчү табигый газды кысым көрсөтүүчү курал катары колдонуп, өз кызыкчылыктарын өз алдынча көтөрүп келген.



Бирок, акыркы бир нече ай ичинде Өзбекстандын Рогун жана Камбарата долбоорлоруна каршы турууга алгач Туркмөнстанды, кийин Казакстанды өз тарабына тартууга жасаган аракеттери ачык көрүндү.



Туркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов февраль айынын аягында болгон Ташкенттеги расмий сапарында Өзбекстандын көз карашын колдоп, башка өлкөлөрдүн кызыкчылыгын эске албастан, ошондой эле, чөлкөмдөгү экологиялык абалга долбоордун тийгизүүчү таасирин изилдеп чыкпастан, чектеш дарыяларда энергетикалык долбоорлорду курууну баштабаш керек деп билдирген.



Казакстан Кыргызстан менен Тажикстандын аймагында ГЭСтерди курууга расмий түрдө каршылык көрсөтө элек чөлкөмдөгү жалгыз өлкө. Региондогу эки ири мамлекет Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелер көп жылдар аралыгында чөлкөмдөгү биринчиликти талашуу аракетинде кыйкымдуу болуп келген.



Ошол эле учурда, өзбек президенти Ислам Каримовдун суу маселесинде казак кесиптеши Нурсултан Назарбаевдин колдоосуна ээ болууну көздөгөн аракеттеринин белгилери ачык байкалат. 2-апрель күнү аталган өлкө башчылары телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Расмий билдирүүлөр боюнча, анда суу жана энергетиканы колдонуу меселелери да козголгон.



Кийинки күнү Казакстандын премьер-министри Карим Масимов Өзбекстанга өлкө башчысы менен жолугушууга расмий иш сапары менен келген. Аналитиктер Арал саммитинин алдында өлкө башчыларынын өз позицияларын тактап жаткандыгын белгилешкен. Жолгушуудан кийинки расмий билдирүүдө эки өлкө лидерлери “суу маселелери боюнча бирдиктүү фронт” болууну пландаштырганы жөнүндө айтылган.



Эки жумадан кийин Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги өз сайтына Кыргызстан менен Таджикстандын энергетикалык долбоолору тууралуу өзбек позициясын билдирген пресс-релиз жарыялаган. Пресс-релизде “коммерциялык кызыкчылыктарын көздөп, саясий максаттарын ишке ашыруу үчүн мүмкүн болгон кесепеттерди эске албастан, коңшу өлкөлөрдүн кооптонууларын четке кагып жатышат ” деп айтылган. Өзбек тарап “чектеш дарыялардагы ири курулуш, сөзсүз түрдө, чөлкөмдөгү бардык өлкөлөр менен макулдашууну талап кылат” деп билдирген.



Күтүлгөндөй эле, кыргыз менен тажик тарап мындай жарыялоолорго кастык менен жооп кайтарышты.



15-апрелде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өлкө парламентине кайрылуу жасоо учурунда “ГЭСтердин курулушу чөлкөмдөгү суу көлөмүнүнүн азайышына алып келип, экологияга залака тийгизет” деген божомолдор “негизсиз” деп билдирди. Эки күндөн кийин Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев “башка мамлекеттердин” “өлкөнүн стратегиялык ресурстарына таасир этүү аракеттерин ” күнөөлөдү.



Алматыдагы жолугушуу алдында Казакстан менен Өзбекстандын бийлиги эч кандай алгылыктуу билдирүүлөрдү жасашкан эмес. Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин пресс-катчысы Ильяс Омаров IWPRга тараптар өз позицияларын билдирүүчү саммитти күтүүнү сунуштады.



Өзбекстандын Казакстандагы элчилигинде суу көйгөйлөрү боюнча адистердин бош эместигине саласал кылуу менен абалга түшүндүрмө берүүдөн баш картышкан.



Аналитиктер бири суу ресурстарын башкарган, экинчисинин калкы сууга муктаж болгон мамлекеттер ортосундагы жиктелүүдөн кооптонушат.



“Эгерде, Өзбекстан менен Казакстан бир тарап, ал эми Кыргызстан менен Тажикстан бир тарап болуп бөлүнүшсө, суу-энергетикалык маселелерди гана чечүүдө эмес, башка көйгөйлөрдө да өз ара сүйлөшүүлөргө тоскоолдук кылат ”, - дейт өзбек саясат талдоочусу Фарход Талибов.



“Ар бир мамлекет өз көмөчүнө күл тарта берсе, бул суу-энергетикалык көйгөй ондогон жылдар аралыгында да чечилбейт”, - дейт Өзбекстандагы экономист Комрон Алиев жогорудагы пикирге кошулуп.



“Өлкө лидерлери ортосунда өз ара ишенүүгө жана иштиктүү сүйлөшүүгө мүмкүн болбогон жагдай түзүлүшү мүмкүн”,- деп Казакстандагы саясат талдоочу Айдос Саримов оор кесепеттерди алдын-ала эскертет.



“Көрүнүктүү өзгөрүүлөр бийликке атаандаштыкка эмес, биргелешүүгө ниеттенген максаттуу саясатчылар келгенде гана байкалат”, - дейт эксперт.



Ал эми, Кыргызстан менен Тажикстандагы аналитиктер өз бийликтери кармаган позицияны колдошуп, суу көтөрмөлөрүн куруу өлкөнүн ички иши, ага кийлигишүүнүн кереги жок деп эсептешет.



“Биз өз дарыяларыбызда Камбарата ГЭСтерин же башка суусактагычтарды курууну башка өлкөлөр менен макулдашпашыбыз керек. Кошуналарыбызды сыйлагандык үчүн эскертип жатабыз”, - дейт Базарбай Мамбетов, Кыргызстандын суу-энергетика маселелери боюнча эксперти.



Мамбетов Өзбекстандын президенти Каримов көтөрмөнүн курулушу, кесепеттери боюнча “туура эмес маалыматтанган “ деп белгилеп, чөлкөмдөгү энергия булактарынын теңсиз бөлүнүштүрүлгөнүнө да токтоло кеттти.



“Кыргызстан газ, күйүүчү май жана көмүрү жок табигый шарттарда жашайт. Ички керектөөлөрдү камсыз кылуу үчүн сырьену биз Өзбекстан менен Казакстандан сатып алабыз. Алар суу ресурстарынын аларда жок экенин жана суу ресурстарын бар Кыргызстан менен Таджикстан сууга ээлик кылууга, аны колдонууга толук укугу бар экенин кабыл алышы керек”, - Мамбетов.



Көпчүлүк кыргыз саясатчылары жана комментаторлору Казакстан менен Өзбекстан сууну табияттын тартуусу катары карап, анын акчалай баалуулугу бар товар экендигин кабыл алышпаганын “калыссыздык” деп белгилешет. Өзбекстан өз учурунда табигый газ үчүн дүйнөлүк бааны талап кылып, башка өлкөлөр кышында электроэнергияны иштеп чыгаруу үчүн сууну сактагычтарга сактай баштаганына арызданганы аларды кыжырдантпай койбойт.



Совет мезгилинде тажик жана кыргыз ГЭСтери бирдиктүү экономикалык системага ылайыкталып түзүлүп, бүтүндөй борбордук азия өлкөлөрүн электр энергиясы жана суу менен камсыз кылып турган. Алар өз мезгилинде Таджикстан менен Кыргызстанга күйүүчү май, көмүр жана газ тапшырышчу. Ал эми, 1991-жылдан кийин Казакстан менен Өзбекстан өзүлөрүнүн күйүүчү отундарын дүйнөлүк баа менен сата башташкан.



Мамбетовдун ою боюнча, Ташкент Кыргызстанга газ өткөзүүчү катарында өз бийлигин жоготкусу келбейт. “Өзекстан, Кыргызстанда ГЭСтердин курулушу аяктап, алар иштей баштаганда, газ менен көмүр керек болбой калат. Бүт керектөөлөр электр энергиясы менен камсыз болот, деп ойлоп жатат ”, - дейт Мамбетов.



Башка аналитиктерден айырмаланып, Тажикстандын Суу колдонуу, гидроэнергетика жана экология институтнун эксперти Георгий Петров Казакстан менен Өзбекстан үчүн оор кесепеттердин болушун белгилейт.



“Баардыгы айдан ачык. Өзбекстан, гидроэнергетикалык долбоорлор колдонула баштаганда, дарыянын ылдыйкы агымындагы өлкөлөргө залакасын тийгитизет, деп коркуп жатат. Бул саммиттеги башкы бир милдет – аны болтурбоо үчүн башкаруучулук иш-чараларды иштеп чыгуу”, -дейт Петров.



Өзбекстандагы экономист Комрон Алиев Кыргызстан менен Тажикстанды чөлкөмдүн башка өлкөлөрүнүн көз карашын эске алып, кас душмандарды күтпөстөн, аларды гидроэлектростанцияларды куруу, ишке киргизүүгө тартууга чакырат.



Өзбекстан Тджикстан менен мамилелерин жөнгө салуу үчүн Дүйшөмбүдө экономикалык суроолор боюнча эки тараптык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, январда токтотулган электр энергиясын өткөрүүнү кайрадан жандандыруу аракеттерин көрүүдө.



“Азыр Ислам Каримов ГЭСтердин курулушуна каршы эместигин билдирип, ага көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирүүдө. Рахмон болсо, Таджикстан ылдыйкы агымдагы өлкөлөрдү эч качан суусуз калтырбайт деп ишендирди”, -дейт өз сөзүндө Петров.



Саясий аналитик Рашидгани Абдулло өткөн айда IWPRга берген интервьюсунда “Каримов жаңыча прагмматикалык мамиле кылууда” деп божомолдогон. “ГЭС терди куруу иштери аяктап бара жаткан учурда өзбек тарап “каардуу каршылык көрсөтүү ийгиликсиз өткөндүгүн” түшүнүп жаткандыр”, - дейт аналитик.



Аналитиктердин айтуусунда, суу маселелери боюнча кабыл алынган бардык чечимдин ийгилиги өлкө башчыларынын бири-биринин көз караштарын эске алуу жана кабыл алуу, суу ресуртарын башкаруу ыкмаларын карап чыгуу жана мамлекеттер арасындагы келишимди сактоо деңгээлинен көз каранды.



Кыргызстандын мурунку айыл-чарба министири Жумакадыр Акенеевдин белгилөөсүндө, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги, Шанхай кызматташтык уюму сыяктуу регионалдык бирикмелер өз ара сүйлөшүүлөргө гана көмөктөшө алат. “Бирок, регионалдык уюмдар бул маселени чече алышпайт. Бул жеке беш Борбордук Азия өлкөлөрүнүн иши”, - дейт ал.



“Казакстан, Өзбекстан жана Туркменстан өз позицияларын өзгөртүшсө, Кыргызстан менен Таджикстан да андай кадам жасашы мүмкүн. Бирок, бир жактуу эпке келүү мүмкүн эмес”, - деп эсекертет Таджикстандык эколог Алихон Латифи.



Латифа менен Петров белгилегендей, суусу бар жана суусу жок болуп бөлүнгөн эки жааттын мамлекеттери сугарууга сарамжалсыз өтө көп өлчөмдө суу ресурстарын коротушат.



Петровдун айтымында, “Казакстан Кыргызстандан агып келген Сырдарыядан эң акыркы болуп суу алат. Бирок, Кыргызстан жетиштүү суу бербейт дегендик эмес. Баардык өлкөлөр жапа чегүүдө. Өзбекстан сууну мүмкүн болушунча алып калат, жыйынтыгында Казакстан андан калганы калат”.



“Тажикстанда, Өзбекстанда жана Казакстанда бүгүнкү күндүн чындыгына туура келбеген сугаруунун эски түзүлүшү сакталган. Эчак эле сугаруунун суу үнөмдөөчү технологияларына өтүү керек эле”, -дейт Латифи.





Галиаскар Утегулов – Казакстандагы көз карандысыз журналисттин псевдоними, Аслибегим Манзаршоева – IWPRдын Тажикстандагы контрибьютери жана Аида Касымалиева – Казакстан жана Кыргызстан боюнча IWPRдын редактору.



Frontline Updates
Support local journalists