Орусияда эмгек мигранттары үчүн жаңы шарттар

Орусияда эмгек мигранттары үчүн жаңы шарттар

Сахарово – Москвадан ончакты км. нары жайгашкан чакан айыл. Эми бул айыл Россиядан иш издегиси келген ар бир мигрантка тааныш жер боло баштайт. Бул жерде патент берүү боюнча көп функционалдуу миграциялык борбор иштей баштайт. Ачылган күндөн баштап бул жерде күнүнө 3 миңге жакын киши кезекке турууда. Бирок кызматкерлер келген адамдардын 30 пайызын гана тейлегенге жетишип жатышат.

Эмгек мигранттарын кезекте көптөгөн сааттар бою турууга, жада калса суткалап турууга  аргасыздык мажбурлоодо. Ушул жылдын 1-январынан баштап Россияга келүүнүн шарттары катаалдагандыгына байланыштуу,  чет мамлекеттик жумушчу күчүн жалдоонун тартиби өзгөргөн жана квота системасы алынып салынган. Эми КМШнын визасыз мамлекеттери эмгектенүүгө уруксат документтеринин ордуна, милдеттүү түрдө патент алышы керек.

Баштапкы максаттарга ылайык, жумушка орношуу боюнча жаңы үлгүдөгү патентти алуунун бардык документтерин борбордо каттатып коюп, ошол эле жерден патентке документтерди тапшырып, андан соң ошол жерден колго алыныш керек эле. Ошондой эле ал жерден зарыл болгон медициналык текшерүүдөн  өтүп, орус тилинен жана Россиянын тарыхынан экзамен тапшыруу каралган болчу. Бул жаңы миграциялык мыйзамда каралган. Бирок, борбордун кызматкерлери азырынча жумушчу мигранттардын агымын жөнгө сала албай жатышат.
 

Russia, Kyrgyzstan
Migrants
Frontline Updates
Support local journalists