Оппозициянын бирдикттүү талапкери – шайлоо алдындагы саясий амалкөйлүкпү?

Ушул жылдын жай мезгилинде өтө турган президенттик шайлоого ат салышууга оппозициядан тандалган эки талапкер өлкө башчылыгына татыктуу көрүнгөнү менен, алардын шайлоодо озуп чыгуу мүмкүнчүлүктөрү аз деп бааланууда.

Оппозициянын бирдикттүү талапкери – шайлоо алдындагы саясий амалкөйлүкпү?

Ушул жылдын жай мезгилинде өтө турган президенттик шайлоого ат салышууга оппозициядан тандалган эки талапкер өлкө башчылыгына татыктуу көрүнгөнү менен, алардын шайлоодо озуп чыгуу мүмкүнчүлүктөрү аз деп бааланууда.

Thursday, 7 May, 2009
IWPR

IWPR

Institute for War & Peace Reporting

, кыргыз оппозициясынан катыша турган эки талапкер сыйга татыктуу болгону менен, аларды жеңишке жетишет деп айтыш кыйын.



Ушул себептен улам айрым аналитиктер оппозициянын Алмазбек Атамбаевди негизги талапкер катары көрсөтүшү болгону саясий амалкөйлүк деп эсептешет. Эксперттердин божомолдоруна караганда, кийинчерээк шайлоо убагы келгенде оппозициядан такыр эле башка бирөө ат салышат.



23-июлдагы шайлоолордо учурдагы өлкө башчысы Курманбек Бакиев өзүнүн талапкерлигин экинчи жолу коет. Бакиев ажолукту өлкөнүн тунгуч президенти Аскар Акаев бийликтен ажырап, өлкөдөн качкан соң, өзү жана ошол кездеги бириккен оппозиция күчтөрү уюштурган массалык протесттерден кийин алган.



Өткөн айда президенттик шайлоолордун эртерээк боло тургандыгы жарыяланышы Кыргыз саясий дүйнөсүн өто деле таңыркаткан жок, себеби соңку кездерде шайлоолор быйыл же эмки жылы болуш керек деген талаш-тартыштар болуп келген.



20-апрелде Бишкекте өткөн пресс-конференцияда өлкөнүн негизги оппозициялык күчтөрүнөн куралган Бириккен Элдик Кыймылы (БЭК) 52 жаштагы Алмазбек Атамбаевди оппозициянын атынан алдыңкы талапкер катары көрсөттү. Мурунку коргоо министри Исмаил Исаков, кокус Атамбаев шайлоолордо ат салышуудан баш тартса анын ордун алмаштыруу үчүн дайындалды.



Исаков өзү IWPRга мындай деп түшүндүрдү: “Мен резервдеги талапкермин, бул экөөбүз тең шайлоодо ат салышабыз дегенди түшүндүрөт... Эгер кайсы бир себептен улам бирөөбүз соңку баскычка жетпей калсак, беркибиз калат жана биз тарапка топтолгон добуштарды ошол алат”.



Саясат таануучулар оппозициянын эки талапкерди көрсөтүп жаткандыгын бүткүл өлкө боюнча мүмкүн болушунча көбүрөөк добуш топтоо амалы деп карашууда. Эрежеге ылайык Кыргызстанда саясий колдоо түндүк-түштүк болуп теңме-тен экиге бөлүнгөн-ошого ылайык түндүктөн чыккан Атамбаев түштүктөн чыккан Исаков менен тең салмакташып турат.



Мындай ыкманы 2005-жылы түштүктөн чыккан Курманбек Бакиев менен түндүктөн чыккан Феликс Куловдун тандем курушуп шайлоолордо бирге ат салышууларынан да көрүүгө болот.



Келишимдин бөлүгүндө Куловдун премьер-министр боло тургандыгы көрсөтүлгөн болчу, бирок алардын саясий тандеми кулап калган, ошентип Кулов оппозицияга кетип калган болчу.

Саясат таануучу Нур Оморовдун көз карашы боюнча жаңы биргелештиктин келечеги мурунку биргелештикке караганда бир кыйла ийгиликтүү болот.



“Менин оюмча, алар [Атамбаев жана Исаков] аягына чейин бирге салгылашышат, башкача айтканда эч кандай сүрүлүшүү болбойт, анткени алардын ортосунда эч кандай келишпестик деле жок,”-деди ал.



Оморовдун ою боюнча оппозициянын бир эле учурда эки талапкерди таптап жатканы башка себеп үчүн да туура кадам. Учурда алардын бирөсү талапкерлерди дискредитациялоо үчүн көрүлүп жаткан чаралардын кесепетинен шайлоодо ат салышуусун токтотууга туура келиши мүмкүн.



“Резервдеги талапкер керек, анткени оппозиция көрүп тургандай, бийлик башындагылар күчтүү талапкерлерге каршы ар кандай чараларды көрүп жатышат. Маселен, кээ бирөөлөрүнө криминалдык күнөөлөрдү тагып жатышса, кээ бирөөлөрүнүн өздөрүнүн же туугандарынын мурда жасаган күнөөлөрүн ырбатышууда”,- деди ал.



Атамбаев 2005-жылкы март айындагы ынкылапка чейин оппозициянын мүчөсү болчу, андан кийин жаңы Бакиевге каршы оппозицияга өткөнгө чейин өнөр-жай министри болуп иштеген.



Ал 2007-жылы сегиз ай премьер-министр катары кызмат өтөгөн жана бул көрүнүш байкоочулар тарабынан бийликтин оппозиция мүчөлөрүнө жасаган кооптация ыкмасы катары бааланган.



Учурда Атамбаев “Ата - Мекен”, “Ак –Шумкар”, “Асаба”, “Жаңы Кыргызстан” жана өзү жетектеген Социал-Демократиялык партиясынан түзүлгөн Бириккен Элдик Кыймылынын мүчөсү. Айта кетчү нерсе алдыңкы “Ак - Жол” жана Коммунисттер партиясынан тышкары Социал-демократиялык партиясы парламентте мүчөлөрү бар жалгыз партия.



Оппозиция өкүлдөрү Атамбаевдин талапкерлигинин тандалышын анын Кыргызстанда көпчүлүккө белгилүү болгондугу, туура мүнөздүү болгондугу жана ошондой эле токсонунчу жылдары китеп басуучулук ишинде ийгиликтүү иштеп учурда жеке финансылык абалы жакшы болгондугу менен түшүндүрүштү.



IWPRга берген интервьюсунда Атамбаев мындай деди:”Мен өлкөдө кантип тартип орнотууну жана кантип өлкөнүн экономикасын көтөрүүнү билем. Биз бийлик элдин кызыкчылыгы үчүн жана анын алдында жооптуу болгон, эч кандай кырдаалда бир үй-бүлө бийлик жүргүзө албаган өлкө курабыз”.



Ал Кыргызстанды, “оппозициялык журналисттердин колдорун сындырбаган, саясий каршылаштарды өлтүрбөгөн жана түрлүү шылтоолор менен турмөгө салбай турган өлкөгө айландыруунун үстүндө басым жасап иштей тургандыгына” сөз берди.



Генерал-майор Исмаил Исаков, 2005-жылдан 2008-жылы май айында Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин секретары болуп даярдалганга чейин коргоо министри болуп кызмат өтөп келген. Ал жаңы кызматын учурдагы бийликти авторитардык жана коррупцияланган деп айыптап таштап кеткен.



Андан кийин ал оппозицияга кошулган, ал эми ага каршы коргоо министри катары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана коомдук фонддун каражаттарын туура эмес пайдаланган деген айыптоолор тагылган болчу.



Сот процесси дагы деле уланууда, бирок Исаков IWPRга бунун анын талапкерлик ролуна таасир бербей тургандыгын жана эч кандай күнөөсү жок экендигин айтты.



Оппозициянын Атамбаев-Исаков түгөйүн талапкер катары көрсөтүү чечими соңку чечим экендиги али белгисиз.



Нур Оморов оппозиция бийликтин оппозиция талапкерлеренин бирөөсүн кайсы бир каралоолор менен жокко чыгарып коюу ыктымалдуулугун алдын ала божомолдоп дагы бир талапкер дайындап коюшу мүмкүн деп эсептейт.



Башка аналитик Марс Сариев, Атамбаевдин талапкерлиги кошумча жана убактылуу, кийинчерээк оппозиция көбүрөөк радикалдуу бирөөнүн талапкерлигин көрсөтүшү мүмкүн деп эсептейт.



“Атамбаевдин талапкерлигин көрсөтүү-бул оппозициянын шайлоо алдында амалкөйлүк, куулук менен жасаган кадамы. Менин оюмча, бул талапкер өзү тарапка басымдуу шайлоочуларды топтоого жөндөмдүү эмес,”, - деди ал.



“Биринчиден, түштүк эч качан түндүктүктү (Атамбаевди) шайлабайт, экинчиден, ал мурун бийликтин курамында болчу, премьер-министр болуп иштеген. Андан көрө оппозицияга башка бирөөнүн талапкерлигин көрсөтүүгө туура келет. Атамбаев алды менен административдик сокку жеш керек, анан ийгиликтүү түрдө аренадан кетип калышы керек”, - деп эсептейт Сариев.



Ошентип, ким Атамбаевдин ордун алмаштыра алат? Сариев эки талапкерди атоодо: ““Ата -Мекенден” Өмүрбек Текебаев жана Социал-демократиялык партиясынын парламенттеги фракциясынын жетекчиси Бакыт Бешимов”.



Сариевдин айтымында, Текебаев өз саясий принциптерине турган саясатчы катары белгилүү, ал эми Атамбаевдин премьер-министр катары Бакиевдин администрациясында иштеши аны дагы көбүрөөк шектүү фигура кылып көрсөтөт.



Парламенттин мурунку спикери Текебаев өзүнүн бүткүл саясий салмагы менен Атамбаевди колдоду, бирок бул анын өзүн эсептен чыгарып салууга негиз эмес деп эсептейт Сариев.



Бешимов да Атамбаев-Исаковдун талапкерлигин көпчүлүк учурда бытыранды абалда болуп келген оппозиция саясий кызыкчылыктарды жеке кызыкчылыктардан жогору кое тургандыгынын далили катары колдоду.



Сариевдин айтымына караганда, Бешимов өлкөдөгү интеллектуалдык элитанын колдоосуна ээ, бирок андай дегени менен анын мурун Американын Борбордук Азиядагы Университетинин вице-президенти болуп иштеши анын ашыкча Америка позициясы тарапта экендигинен далил болуп өзүнө каршы колдонушу мүмкүн.



Булардан башка учурда эки белгилүү саясатчы расмий түрдө шайлоо алдындагы ат салышка катышып жатышкан жок. Феликс Кулов жана мурунку өлкөнүн генералдык прокурору жана оппозициянын көбүрөөк радикалдуу канаты болгон Кыргызстандын революциялык кыймылынын жетекчиси Азимбек Бекназаров.



“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын башчысы

Динара Ошурахунова, оппозиция мындан ары талапкер чыгарбайт деп эсептейт. 22-апрелде Бишкек пресс-клубуна берген интервьюсунда ал “күтүүсүз белектерди жасаганга оппозициянын убактысы деле жок” деди.



Оппозиция бардык үмүтүн Атамбаевдин жеңишине артыш керекпи деген суроодо байкоочулар карама-каршылыктуу ойдо болгону менен, көпчүлүк аны өзүнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрү бар ылайыктуу талапкер деп эсептешет.



“Атамбаев-интеллектуалдык деңгээли жогору машыккан саясий оюнчу, анын коомдук-саясий турмушта тажрыйбасы чоң, -деди саясат таануучу Токтогул Какчекеев.-Акаевдин учурунда ал куугунтуктоолорго дуушар болгон, ал эми жаңы бийликтин учурунда премьерликти ээлеп турганда жаман ойлуулар аны уулоого аракет кылышты. Ал алдай албайт жана дайыма чындыкты айтат”.



Керек болсо, оппозициянын каршылаштары да Атамбаевдин талапкерлигине оң көз карашта экненин жашырышкан жок.



“Башка оппозиция лидерлери менен салыштырганда, Атамбаев эң жакшы талапкер,” - деди Бакиевчил “Ак - Жол” фракциясынын парламенттеги жетекчиси Улукбек Ормонов. - Ал мурун премьер-министр болуп иштегендиктен эл аны билет. Ал тана турган саясий фигура эмес.”



Анткени менен, Ормоновдун көз карашы боюнча Бакиев менен тайлашууда анын жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү жок.



“Эл аны [президентти] колдойт, анын аброю акыркы саясий окуялардан кийин, тактап айтканда Россия менен тыгызыраак мамилелерди курууга жана экономикада оң өзгөрүүлөрдү жасоого жетишкенден кийин көтөрүлдү.”



Борбордук шайлоо комиссиясынын иш тобунун жетекчиси Жамиля Алымбекова кабарлагандай, бүгүнкү күндө эки гана талапкер катталган: Исмаил Исаков жана баңгичиликтен көз карандыларды айыктыруу боюнча элге кеңири белгилүү, врач-нарколог Жеңишбек Назаралиев.



Талапкерлердин БШКга катталуусу 17-июлга чейин созулат, андан кийин шайлоо алдындагы үгүттөө иштери башталат.



Анара Жусупова - Бишкектеги журналисттин псевдоними.
Frontline Updates
Support local journalists