Кыргызстандын парламентин шайлоодон кийин коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүлөр өтөт.
Кыргызстандын жаңы парламенти биринчи жолу түрдүү көз караштарды өзүнө камтыйт, бирок анын иши үзүрлүү болобу?
Кыргызстандын парламентин шайлоодон кийин коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүлөр өтөт.
Кыргызстандын жаңы парламенти биринчи жолу түрдүү көз караштарды өзүнө камтыйт, бирок анын иши үзүрлүү болобу?
Кыргызстан өлкө үчүн абдан маанилүү парламенттик шайлоолордун босогосун аттаган жатат. Саясатчылар жана серепчилер, “шайлоолор таза жана эркин өтөт”, деп алдын-ала божомолдошууда. Алардын ою боюнча, шайлоонун жыйынтыгында парламенттик орундар көп партиялардын өкүлдөрүнүн ортосунда бөлүнүп, бири да көпчүлүк добушка ээ боло албайт.
Бирок, IWPR менен Эл аралык Тынчтык үчүн Карнеги Фондусунун биргелешип өткөргөн талкуусунда, анын катышуучулары, 10-октябрда өткөн шайлоонун натыйжасында партиялар башкаруу коалициясын түзө албайт, деген оюн билдиришти.
28-сентябрда өткөн видеоконференцияга Кыргызстандын алдыңкы партияларынын өкүлдөрү, ошондой эле Борбор Азия жана батыш саясат таануучулары катышты.
Быйыл парламенттеги 120 орун үчүн 29 партия күч сынашат. Бул 2007-жылы шайлоого катышкан партиялардын санынан эки эсе көп. Анда, ошол маалдагы президент Курманбек Бакиев тарабынан жаңыдан түзүлгөн “Ак Жол” партиясы дээрлик көп добушка ээ болуп, жеңип чыккан.
Быйылкы жылдын апрель айында Бакиев өз кызматын аргасыз таштап кетишине байланыштуу, өлкө саясий туруксуздукка дуушар болду. Ал кырдаалдын кесепетинен июнь айында Кыргызстандын түштүгүндө улуттар арасында кагылышуулар болуп, анын натыйжасында расмий маалыматтар боюнча 400 адам курман болуп, турак-жай, дүкөн жана башка административдик имараттар талап-тоноочулуктан жана өрттөн жабыркаган.
Мындай кырдаалда шайлоолордун тынч өтүшү эле өлкө үчүн чоң жетишкендик. Видеоконференциянын катышуучулары, шайлоо убагында мурунку шайлоолорго караганда, мыйзам бузуулар аз болот, деген оптимисттик пикирин билдиришти.
«“Ата-Журт” партиясы таза жана айкын шайлоодон үмүткер жана бардык партиялар шайлоонун жыйынтыгы менен макул болуп аны кабыл алат, деген ойдобуз», - деди «Ата-Журт» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Иманкадыр Рысалиев. Ал, “Кыргызстан көз карандысыздыкка ээ болгону, 19 жылдан бери биринчи жолу БШК өкмөттөн да, президенттин башкармалыгынан да көз каранды болбойт”, -деди.
Катышуучулар, “жергиликтүү убактылуу бийлик менен байланышы бар партиялар өз артыкчылыгын пайдаланууга аракет кылган күндө да , “административдик ресурска” ээ болууга мүмкүнчүлүк албайт. Ал мамлекеттик маалымат каражаттары, милиция, жергиликтүү бийликти көзөмөлдөп, кампания үчүн иштөөгө мажбурлоо дегенди билдирмек”, - деди. «Ак Жол» партиясына жана андан мурунку партияларга дал ушундай күнөө коюлат.
Бакиевден кийинки өкмөт Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясынын, «Акшумкар», «Ата Мекен», партияларынын алдыңкы саясатчыларынан түзүлгөн. Алар келээрки шайлоодо бири-бирине олуттуу атаандаш боло алат.
Башка оюнчулар да бар, мисалы, Кыргызстандын түштүгүндө көпчүлүк колдоого ээ болгон «Ата-Журт» партиясы, чет мамлекеттердеги кыргыз эмгек мигранттардын кызыкчылыгын көздөгөн «Замандаш» партиясы.
«Перспектива» талдоочу консорциумунун башчысы Валентин Богатыревдун божомолунда, парламенттеги орундарды жети-сегиз партия бөлүп алат.
Башка саясатчы Анар Мусабаева, парламентке алты партия өтөт, бирок алар парламентте башкаруу коалициясын түзүүдө кыйынчылыкка кабылат, деген оюн билдирди.
“Эң ири жана жашы улуу партиялар коалиция түзүүдө башкаруучулук ролго ээ болууга аракет кылат, бирок майда партиялардын да мүмкүнчүлүгүн унутууга болбойт, алар биригип алса, көпчүлүктү түзүп алышы мүмкүн. Бул түрдүү партиялардан түзүлгөн оппозиция негизги түзүмдөн күчтүүрөөк чыгышы ыктымал”, -деди Мусабаева.
Июндун аягында өткөн референдумда кабыл алынган жаңы Конституцияга ылайык парламенттик көпчүлүк премьер-министрге талапкерди тандайт да, ал адам министрлердин тизмесин мыйзамчылардын бекитүүсүнө сунуштайт. Эгер парламенттик көпчүлүк түзүлбөй калса, же парламент министрлердин тизмесин 15 күн ичинде кабыл албаса, президент кийлигишип, башка партияларга өкмөттүн курамын түзүүгө тапшырат.
Богатыревдун айтымында, мындай кырдаалдын түзүлүшү да толук ыктымал.
«Бүгүнкү күнгө, мисалы, премьер-министрди партия эмес, өлкөнүн президенти сунуштап чыгаары ачык билинип калды», - деди ал.
«Замандаш» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Кубан Таабалдиев, президент майда партияларга өкмөттүн курамын түзүп берүү өтүнүчү менен кайрылат деген пикирге кошулат. Себеби, анын ою боюнча, кээ бир ири партиялар стратегиялык көз карашка байланыштуу, коалицияга кирүүдөн баш тартат. Бул партиялардын чыгаандары эмки жылы президенттикке талапкерлигин коюшу мүмкүн, андыктан алар өлкөнүн башына түшкөн экономикалык кыйынчылыгы жана жыл сайын кыш, жаз айларындагы аргасыз электр жарыгын өчүрүү менен өкмөттүн түзүмүндө болуп, өз аброюн булгап алгысы келбейт. Баарына белгилүү болгондой, өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева өз кызматын 2011-жылдын декабрына чейин аткарат.
«Ата-Журт» партиясынын мүчөсү Рысалиев, парламенттик көпчүлүк, негизинен ири партиялардын чакан партиялар менен биригүүсүнөн түзүлүшү мүмкүн деп эсептейт.
Видеоконференциянын катышуучулары быйылкы жылдын июнь айында Кыргызстандын түштүгүндө болгон улуттар арасындагы жаңжалда жабыркаган калктын шайлоочуларынын добушун бөлүштүрүүгө байланыштуу олуттуу маселени да талкуулашты.
Көпчүлүк партиялардын программалары этникалык кыргыздардын шайлоочуларына багытталгандыктан, видеоконференцияда сүйлөгөн саясатчылар, тынчтыкка жана ынтымакка жетүүнү максат кылып, өзбек улутунун да шайлоочуларынын добушуна ээ болууга аракет кылаарын билдирди.
«Ар бир партиянын программасында биринчи орунда экономика эмес, мамлекеттин тынчтыгы жана бейпилчилигин камсыздоо турат», - деди Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясынын мүчөсү Шамиль Атаханов.
Таабалдиевдин айтымында, өзбек электораты эки топко бөлүнүп калды: саясатка көңүл кош жарандар, алар тандабай оюна келген ири партияга добушун берет, экинчилери – акыл калчап ал партияларга каршы чыгат. “Акыркылар, өзбектердин кызыкчылыгын жана укугун коргоого убада кылган саясий күчтөрдү тандайт. Андай партиялар аз болгондуктан өзбек улутундагы жарандардын көпчүлүгү шайлоого барбай коюшу да мүмкүн”, - деген божомолун айтты Таабалдиев.
Мусабаеванын оюнда, улуттук биримдүүлүк жөнүндө сөздөргө карабай, эл арасындагы бөлүнүү шайлоодон кийин дагы саясий турмушка терс таасирин тийгизет.
«Менимче, парламентке ким келбесин жана жаңы өкмөт кандайча түзүлбөсүн, түштүктөгү кырдаал жана улуттук маселе негизги көйгөй болуп калат», - деди ал.
Сауле Мухаметрахимова, IWPRдын Борбор Азия боюнча редактору.
Бул макала Европалык Комиссия тарабынан каржылануучу «Массалык маалымат каражаттары аркылуу Борбор Азияда адам укугун коргоо жана укук таануу» жана Норвегиянын тышкы иштер министрлиги тарабынан каржылануучу «Укук коргоо маселелерин, карама-каршылыктарды жана ишенимдин бекемделишин чагылдыруучу маалымат программасынын» чегинде Согуш жана бейпилдикти чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан даярдалды.
Макаланын маңызына толук жоопкерчиликти IWPR алат жана макала Европа шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жана Норвегиянын тышкы иштер Министрлигинин эч биринин кызыкчылыгын чагылдырбайт.