Кыргызстандын лидери реформалар жолунда

Экономикалык көрсөткүчтөр Курманбек Бакиевди реформаларга байланышкан диктатордук ниеттерин өзгөртүүгө түртүшү мүмкүн.

Кыргызстандын лидери реформалар жолунда

Экономикалык көрсөткүчтөр Курманбек Бакиевди реформаларга байланышкан диктатордук ниеттерин өзгөртүүгө түртүшү мүмкүн.

Wednesday, 28 October, 2009
, аналитиктер президенттин ниеттери чын жүрөктөн чыкканы же шарттарга байланыштуу аргасыздык экендиги тууралуу карама-каршы көз караштарды айтышууда.



20-октябрда Бакиевдин чечимдерди кабыл алууну алда-канча демократиялуу жана кеңешмелүү кылуучу кең өзгөрүүлөрдүн планы менен тааныштыруусу күтүлүүдө.



Өкмөттүк агенттиктер жаңыланат, президенттин айрым ыйгарым укуктары министрлердин кабинетине өтөт жана ошондой эле, укуккоргоочу органдар, сот ситемасы жана куралдуу күчтөрдүн иштерине бир топ өзгөртүүлөр киргизилет. Жаңы эки консультативдүү орган – ишмердик, өнөр жай жана айыл чарба сыяктуу жалпы кызыкчылыктар боюнча бириккен адамдардын тобу – Президенттик Кеңешме жана өлкөбүздүн аймактык, конфессиялык жана этно-маданий жамааттарын бириктирүүчү Жогорку Курултай түзүлмөкчү.



Бул өзгөрүүлөр Кыргызстан дүйнөлүк каржы кризисинин натыйжасында жабыркап турган учурда бир эле жылдын ичинде ишке ашырылууда. Улуттук статистикалык агенттиктин берген маалыматтарына ылайык, 2009-жылдын алгачкы алты айынын ичинде экономикалык өсүш 7,5% түзгөн өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу 0,3% ды гана түзгөн. Өнөр жайлык өндүрүш экспорттун көлөмүнүн кыскарышынан улам 19% га төмөндөгөн.



Аналитиктердин айтымында, Бакиевдин саясий өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу аракеттери экономиканы көтөрүүгө зарыл экономикалык реформаларды жүргүзүү үчүн өзүнүн ыйгарым укуктарын кыскартып, чечим чыгарууга башка күчтөрдү да тартууга негизделген.



Аналитик Марс Сариевдин айтымында, авторитардык мамлекеттер маңызы, калкы анын иш-аракеттери менен нааразы болгондуктан, стабилдүү эмес. Мындай өлкөлөр бийликтин оппозицияны баса алууга мүмкүнчүлүктөрү бар гана учурда туруктуу боло алышат.



“Ал үчүн нефть, газ же пайдалуу казылып алынма кендер сыяктуу абдан чоң ресурстар керек. Ошондуктан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстан сыяктуу авторитардык режимдер карманып турушат”, -дейт ал.



“Кыргызстанда мунун баары (казылып алынма пайдалуу кендер) жок. Ресурстардын башкы булагы – Европа жана Америка. Демократиялык багытсыз бул булактар да жок болот... бизди жаз алды менен экономикалык коллапс күтөт”, - дейт Сариев.



Бакиевдин өмүр-таржымалына карап, анын туубаса реформатор экендиги тууралуу айтууга болбойт.



Ал президенттик кызматка биринчи жолу 2005-жылы шайланган. Бакиев дароо эле конституциялык реформаларды жүргүзүүгө жана мурунку администрацияга көлөкө жапкан уруулук саясатты токтотууну убада кылган.



Катарына Марс Сариев да кирген бир катар аналитиктер Бакиев да революционер болгучакты, бул системанын “ жемиши” болгондугун бекемдешет. Акаевдин учурунда ал бир нече өкмөттүк жогорку кызматтарды ээлеп турган жана 2002-жылы Аксы окуясынан кийин премьер-министрдин кызматынан бошонуп кеткен.



Андыктан, Бакиев демократияны ак ниети менен кабыл алышы арсар. Анын бийликтеги биринчи мөөнөтү бул теорияны далилдеп берген. Бакиев революционер-жолдоштору тарабынан бийликти өзүнүн жакынкы чөйрөсүнө чогултуп, парламенттин ыйгарым укуктарын өзүнүн президенттик милдеттерине кошуп алды деп айыпталган.



“Кылым Шамы” укуккоргоочу борбордун жетекчиси Азиза Абдурасулованын ою боюнча Бакиевдин бийликтеги биринчи мөөнөтү Кыргызстандагы демократиянын артка чегинүүсү болгон.



2007-жылы жаңы Конституцияны кабыл алууга негизделген референдумга шылтай салып жеке укуктарын бекемдеген Бакиев, Абдурасулованын айтымында “конституциялык реформаны баштаган, бирок, коомчулук жана төңкөрүш талап кылганды эмес”.



Бакиевдин сынчылары митингдерге чек салган, ошондой эле мамлекеттик телеберүүнү (ТВ) коомдук берүүгө кайра куруу аракеттерин жокко чыгарган мыйзамдар сыяктуу бир катар негативдүү окуяларды баса белгилешет.



“Кыргызстандагы басма сөз эркиндигинин тегерегиндеги кырдаал начарлады. Бүгүн окуяларды обьективдүү чагылдырган бир дагы телестанция жок”, - дейт Абдурасулова.



Ушул жылдын июнь айында Бакиев экинчи мөөнөткө шайланды. Бирок, оппозиция шайлоо көптөгөн эреже бузуулар менен өткөндүгүн ырастайт. Анын негизги атаандашы жана башкы опозициялык коалицияны өкүлү Алмазбек Атамбаев 8% гана добуш топтоп, шайлоонун жыйынтыктары боюнча экинчи болуп калган.



“Ата Мекен” оппозициялык партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Бакиевдин учурдагы этапта реформаны жүргүзүүсүнөн күмөн санайт.



“Ал өзгөрүүлөргө барууга жөндөмдүү эмес жана кийин деле өзүнүн жана тар чөйрөсүнүн ыйгарым укуктарын бекемдей берет”, - деп болжолдойт ал.



Бакиевдин жактоочусу жана бийликчил “Ак Жол” партиясынан депутат Бегалы Наргозуев аналитиктер менен чечкиндүү түрдө макул эмес жана президенттин учурдагы администрациясынын тушунда Акаевдин бийлигинин учурундагыга караганда алда-канча демократиялуу деп ырастайт.



“Бакиев төңкөрүш учурунда берген убадаларынын баарын ишке ашырды. Бир гана коомчулуктун кабыл алуусу ар башка, кимдир-бирөөнө жакса, кээ бирине жакпайт”, - дейт Наргозуев.



Бакиевдин аткарган убадаларынын мисалы катарында “Акаевдин үй бүлөлүк бийлиги талкаланып, Конституциялык реформа жүргүзүлгөнүн жана парламент саясий партияларга негизделгенин” атап өткөн Наргозуевдин айтымында, Бакиев ээлеп турган кызматына татыктуу.



“Ал жакшы президент. Анткени, инженерден премьер-министрге чейин көтөрүлгөн. Ал өлкөнүн лидери болуп өзүнүн кесипкөйлүгүнүн жана өлкөнү, анын жашоочуларын бириктирип, өнүктүрүүнү каалаган аракеттеринин негизинде шайланган”, - дейт ал.



Наргозуев оппозициялык активисттердин жана укуккоргоочулардын сынына макул эмес. “Алар 200-300 жылдын ичинде түптөлгөн демократиялык идеалдарга умтулуп жатышат. Кыргызстандын эгемендүү болгонуна 18 жыл гана болду жана бул убакыт ичинде демократияга жетишүү оор, бирок, биз бул максатка жетүүгө аракет кылышыбыз керек”, -дейт ал.



Бакиев кандай ниеттер менен болсо да, чынында эле реформаларды жүргүзгөнү жатат деген ой-пикирлер да кездешет.



Саясаттаануучу Марат Казакпаевдин айтымында, Бакиев бийликте эки беш жылдык мөөнөткө гана тура алгандыктан, бул анын артында позитивдүү мурас калтырууга акыркы мүмкүнчүлүгү.



“Бул беш жылдын ичинде ал ойлогунун ишке ашырышы керек. Ал ойлогонун чындыкка ашырбаса, бул анын күнөөсү болот жана ал тарыхта начар президент катары калат”, -дейт ал.



Алдыңкы оппозициялык саясатчы Азимбек Бекназаров “эгер, Бакиев бийликтен качандыр бир кете турган болсо, мурас калтыруу жөнүндө суроо маанилүү” деген ойдо.



“Азыр деле оюн алмаштырып, президент болбой калганда кантип элдин каарына калбоого болоорун ойлонууга кеч эмес”, -дейт Бекназаров.



Тимур Токтоналиев, IWPRда тренингден өткөн Кыргызстандагы журналист.
Support local journalists