Кыргызстандын күн тартибинде: өлүм жазасын кайрадан мыйзамдаштыруу.

Өлкөнүн парламенти өлүм жазасын колдонуу боюнча эл аралык тыюу салууну ратификациялоодон баш тартуусу жаман кедерги деген коомчулуктун пикири бар.

Кыргызстандын күн тартибинде: өлүм жазасын кайрадан мыйзамдаштыруу.

Өлкөнүн парламенти өлүм жазасын колдонуу боюнча эл аралык тыюу салууну ратификациялоодон баш тартуусу жаман кедерги деген коомчулуктун пикири бар.

-тартышты жана нааразычылыкты туудурду.



Азыркы учурда парламентте талкууга алынып жаткан өлүм жазасын кайтаруу жөнүндө идея биринчи жолу Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун Мамлекеттик комитетинин башчысы Мурат Суталинов тарабынан сунушталган. Ал, керек болсо, эл алдында жазалоо ыктуу деген оюн билдирди.



Кыргызстан башка постсоветтик мамлекеттердей эле өлүм жазасын мыйзам тизмесинен алып салган.



1998 году жылы өлүм жазасына мораторий жарыялангандан кийин мыйзам расмий түрдө 2007 жылы күчүнө кирип, кылмышкерди өмүрүнүн аягына чейин абакка алуу өкүмүнө алмаштырылган. Азыркы учурда “Жараандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун маалыматы боюнча өмүрүнүн аягына чейинки мөөнөттө 204 адам катталган.



23 сентябрь күнү өлкөнүн бардык аскер мекемелеринин башчылары катышкан Кырызстандын коопсуздук кеңешинин чогулушунда, жазалоонун катаалыраак түрлөрүн киргизүү маселеси каралып жатканда, Суталинов өз пикирин айтып өттү.



«Кыргызстан Батышка жана ОБСЕге кылчактабашы керек,- деди Суталинов. Кээ бир кылмыштар үчүн өлүм жазасын киргизүү максаттуу болот. Жана өкүмдү эл алдында аткаруу абзел. Менимче, бул чаралар кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө көмөк болот».



Анын оюн коопсуздук Кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров колдоду. «Эмне үчүн коомго каршы кылмыш кылган адамдарды ошол эле коом өмүр бою багышы керек? Ал эмес демократиялык үлгүлүү мамлекет деп саналган АКШда өлүм жазасынын үч түрү бар» -деди ал.



Жакында эле президент Курманбек Бакиевдин кенен масштабдуу реформаларынын натыйжасында жоюлуп кеткен коопсуздук Кеңеши, ал кезде “бул башчынын жеке гана ою” деген расмий билдирүү жасоого аргасыз болду.



«А. Мадумаровдун жарандык позициясы эч убакта республиканын жетекчилигинин расмий позициясы деп эсептелбейт. Жана бул Кыргыз Республикасынын коопсуздук Кеңешинин башчылыгынын позициясы эмес,- деп айтылат билдирүүдө. “Коопсуздук Кеңешинин чогулушунун чечиминде бул жазаны юридикалык практикага кайра кайтаруу жөнүндө бир да сөз жазылган жок.”



Бул билдирүүгө карабай, Суталиновдун идеясы Кыргызстанда олуттуу жаңжалга түрткү болду.



11 ноябрда кыргыз парламентинин «Ак Жол» фракциясы БУУ менен түзүлгөн өлүм жазасына тыюу салынган келишимди ратификациялоого каршы добушта болду. «Ак Жол» парламенттин көпчүлүгүн түзгөндүктөн бул чечимдин натыйжасында парламент толугу менен ратификацияга каршы добуш бериши мүмкүн. Анда маселе өлкөнүн мыйзам чыгаруучу органында каралат.



Жарандык жана саясий укуктары боюнча Эл аралык пакттын Экинчи факультативдик протоколунда жазылгандай, анын катышуучулары өлүм жазасын колдонууга тыюу салышы керек. Кыргызстан ал чечимди кабыл алган, демек талашсыз мыйзам аткарылылышы шарттуу. Кээ бир аналитиктердин пикиринде, бул протоколдон баш тартуу, бийлик башчыларынын авторитардык мүнөздө иш алып баруусу дегендикти билдирет.



«Ак Жол» партиясындагы пикир келишпестиктер алардын биримдүулүгүнө шек келтирди. Бирок, көпчүлүк депутаттар бул чара кылмыштуулук менен күрөшүүдө оң таасирин берет десе, дагы бирөөлөр абакта алынгандарды багууга кеткен ири чыгашаларды бетке кармады. АКИпресс маалымат агенттигинин билдирүүсүндө эл өкүлдөрүнүн бири- Аскар Салымбеков калктын 80-90 пайызы өлүм жазасын кайра кайтаруу үчүн добушун берет, деген оюн айткан.



Ал эми бир күн мурун эл аралык маселелер боюнча парламенттик комитет бул суроону талкуулап, тескерисинче, БУУнун протоколун ратификациялоо үчүн добушун берген. Акыйкат министри Нурлан Турсункулов,чогулушта сүйлөп жатып, башка өлкөлөрдүн тажрыйбасында өлүм жазасын колдонуу кылмыштуулукту төмөндөтүүдө оң натыйжаларды бербегенин айтып өттү,-дейт АКИпресс агенттиги.



Эки өкмөт өкүлү Суталинов жана Мадумаровдун өлүм жазасын кайтаруу жөнүндөгү бирдей ойлору алардын оппоненттери тарабынан күчтүү сын пикирлерди жаратты.



Кыргызстандын омбудсмени Турсунбек Акун: “эки даражалуу бийлик өкүлүнүн оозунан мындай сунуштун чыгышы өлкөнүн аброюн түшүрөт”-деген оюн айтты.



«Эл алдында өлүм жазасын аткаруу жөнүндөгү чакырыктар, бизди орто кылым же фашизм маалына кайтарып, республиканы мыйзамсыздыкка жана карангылыкка түртөт», - деп жазылган кайрылууда.



Ошондой эле омбудсмен “башкармалардын бул сөздөрү коомчулуктун пикирине чалгыдоо жүргүзүп аларды даярдоодогу алгачкы кадам болуп жүрбөсүн деген кооптонуусун айтты.”



IWPRге берген интервьюсунда «Ата Мекен» оппозициялык партиянын чыгааны Өмүрбек Текебаев, бул эки башчы калктын пикирин изилдөө максатын көздөдү деп Акун менен макул болду. “Эгер андай болбосо Суталиновду да Мадумаровду да расмий саясаттан четтеп кеткендиги үчүн кызматтан бошотмок”,-деди ал.



“Суталинов Эл аралык конвенциянын жана демократиялык стандарттардын аткаруу милдеттемелеринен алыс кетти”,-деп кооптонду Текебаев.



«Ак Шумкар» партиясынын өкүлү Темир Сариев, Суталинов менен Мадумаровдун бул кадамдарына «жеңил ойлуулук жана жоопкерсиздик» деген мүнөздомө берди.



«Өлүм жазасын колдонуу жөнүндөгү маселе эчак эле эл аралык конвенция тарабынан чечилген. Менимче ага кайрылуунун кажети жок»,-деди Сариев.



Бийлик бул маселени өзүнүн катаал позициясын билдирүү үчүн жана өзүнүн оппоненттерин коркутуу үчүн козгоду деп божомолдоду Сариев.



Кыргызстандын белгилүү саясат таанучусу Марс Сариев, “бул суроо утушсуз натыйжаны алып келээрине бийликтин көзү жетти”, деген оюн айтты.



«Бул чечим эл аралык аренада, биринчи ирет биздин инвестор жана демөөрчү болуп иш алып барган Европа өлкөлөрүнүн арасында Кыргызстандын аброюна шек келтирет», - деди Сариев.



Ошол эле учурда башка мамлекеттердей эле өлүм жазасын киргизүү Кыргызстандын коомчулугунун колдоосуна ээ болушу мүмкүн. Кылмыштуулукка каршы катаал чаралар Бакиевдин администрациясынын мартабасын көтөрөт,-деп кошумчалады Сариев.



Эч болбогондо жыйынтыгында, президент бул маселеге вето коюп, демократиялык принциптерди колдогондугу үчүн кошумча упай алып калат-деген ойдо Сариев.



«Чынын айтканда Кыргызстан тоталитардык өлкө болууну каалабаса, өлүм жазасына кайрылуу мүмкүн эмес экенин баары эле түшүнүп жатат,-деп сөзүн аяктады саясат таануучу.



Өлүм жазасын кайтаруу маселеси түрткү болдубу же башка жагдайларбы, айтор Кыргызстандын укук коргоочулары 9 октябрда Бакиевке кат жолдошуп, анда Суталинов менен Мадумаровду ооздуктоону талап кылышты. Эртеси күнү укук коргоочулар өлүм жазасына каршы Эл аралык күнүн Бишкекте өткөрүшүп, өмүргө укуктуулууту урматттоо жана пенитенциардык системаны гумандаштырууга чакырышты.



«Мен укук коргоочу катары Кыргызстанда өлүм жазасын киргизүүгө каршымын,-дейт “Кылым шамы” укук коргоочу уюмдун жетекчиси Азиза Абдирасулова. Бул өткөн замандын калдыктары. 137 өлкө бул өкүмдөн баш тартты. Менимче, биздин өлкө үчун да бул жазанын эч кереги жок».



Анара Юсупова – Кыргызстандык журналистинин псевдоними.



Жогорудагы макала Европа Комиссиясы тарабынан каржыланган «Массалык маалымат каражаттары аркылуу Борбор Азияда адам укугун коргоо жана укук таануу» долбоорунун негизинде даярдалды. Макаланын мазмунуна IWPR толук жоопкерчиликти мойнуна алат жана ал Европа Шериктештигинин өлкөлөрүнүн көз карашын чагылдырбайт.

Kyrgyzstan
Support our journalists