Кыргызстандыктардын аш-тойлорду өткөрүүгө сарптаган чектен тыш чыгымдары

Эксперттердин айтымында шаан-шөөкөттүү өткөрүлгөн маараке, салтанаттар кыргызстандыктардын капчыгын жукартууда.

Кыргызстандыктардын аш-тойлорду өткөрүүгө сарптаган чектен тыш чыгымдары

Эксперттердин айтымында шаан-шөөкөттүү өткөрүлгөн маараке, салтанаттар кыргызстандыктардын капчыгын жукартууда.

-шөөкөттүү өткөрүлгөн маараке, салтанаттар кыргызстандыктардын капчыгын жукартууда.



Кыргызстандын изилдөө институту “үйлөнүү үлпөтү, аш-той же маркумду көмүү жана башка буга окшогон мааракелерди өткөрүүдөн үйбүлөлүк бюджет жабыркап жатат”,- деген маалыматты жарыялагандан кийин жергиликтүү баяндамачылар мындай көрүнүштөр оңой-олтоң жоюла койбостугун айтышкан.



Кыргызстандын калкы мындай иш-чараларды өткөрүүдөн жылына бир миллион долларга жакын чыгым тартышат. Бул көрсөткүч экономикалык саясат институту “Бишкек консенсус”жүргүзгөн изилдөөлөрдүн негизинде аныкталган.



“Жогорку өлчөмдөгү каражат өлкөнүн бир жылдык ички дүң продуктусунун үчтөн бир бөлүгүнө же анын тышкы карыздарынын жарымына барабар. Кантсе да, калкынын 40% кедейчиликтин чегинде жашаган же ар бир онунчу атуулу ырыстуу тамактана албаган өлкө жөнүндо сөз болуп жатат”,- дейт изилдөө институту.



Изилдөөдө “ар бир улут үйлөнүү үлпөтттөрүн, аш-тойлорду өзгөчө марттык менен шаан-шөөкөттүү, ал эми маркумду көмүү, куран окутуу аземдерин татыктуу өткөрүүгө умтулушат. Бирок, акыркы учурларда бул каада-салттар акылга сыярлык чектен аша чаап, жөнөкөй адамдардын жашоосун азапка айлантып жатат”,- деп айтылган.



“Бишкек консенсус”институтунун изилдөөчүлөрү бир миллион доллар өлчөмүндөгү чыгымды негизги улуттук төрт каада-салт – үйлөнүү той, маркумду көмүү, аш жана тушоо кесүү мааракелерин өткөрүүнүн негизде гана аныкташкан.



Эксперттер салттуу майрамдарга чыгымдалган каражаттар экономикалык өнүгүүнү басаңдатып, калктын жашоо деңгээлин төмөндөтүп жатат деген чечимге келишкен.



Изилдөө институту каражаттын бир кыйла бөлүгүн экономикалык өнүгүүнүн көп жылдык базасын курууга зарыл инвестицияларга жумшоого болоорун белгилешип, өкмөттү бул акчаны жөндүү пайдаланууга чакырган.



Жергиликтүү комментаторлордун айтымында, кандай гана зарыл иш болбосун, баары бир тарыхый түрдө калыптанып калган мамилени өзгөртүү оңой болбойт. Шаан-шөөкөттүү салтанаттарды өткөрүү социалдык жагдайлардын кысымы менен шартталган. Адамдын бул жазылбаган эрежелерге дал келбөөсү туугандарынын андан четтеп, баш тартуусуна мажбур кылат.



Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин социология кафедрасынын ага окутуучусу Мехригуль Аблезова Кыргызстан 1991-жылы эгемендүүлүктү алгандан кийин бул көрүнүштүн курчуганын түшүндүрөт. Базар экономикасына өтүү коомдо жаңы катмарлардын пайда болушуна түрткөн.



“Совет мезгилинде обу жок мактанчактык менен көрөңдүккө жол берилген эмес, баардыгы бирдей болушкан. Бүгүн болсо, коомдогу өзүлөрүнүн ордун көрсөтүү үчүн салтанаттуу майрамдоолорду уюштуруп, чыныгы мүмкүнчүлүктөрүнөн аша чапкан чыгымдарга учурап жатышат”,- дейт Аблезова.



Жакырчылыктын айынан көп адамдар аянычтуу акыбалга туш болушууда. Жөнөкөй мисал, бул каражаттын да, мүмкүнчүлүктүн да жоктугунан уул-кызын “эл катары” үйлөнтө албоо.



Урмат менен Зарина кыргыздын кадимки жаш үй бүлөсү. Алар үйлөнүү тоюнда он миң доллар чыгым тартышкан. Урматтын өзүнүн чакан иши болсо да, бул чыгымды төлөөгө анын мүмкүнчүлүгү жеткен эмес. Андыктан, чыгымдын көпчүлүк бөлүгүн анын ата-энеси жабышкан.



Улуттук каада-салт боюнча урук-туугандар аш-тойлорго өз салымдары, башкача айтканда, кошумчалары менен келишет. Бирок, көп сандаган туугандардан чогулган кошумча менен чыгымды төлөөгө мүмкүн эмес.



“Мени жээним үйлөнүү тоюна чакырды. Эми мен кошумча алып барышым керек. 1000 сомдон (20$) кем акча менен барууга болбойт, уят. Бирок, 1000 сом менин бир айлык маянамдын жарымы”,-дейт Урматтын таякеси Мухтар.



Мухтар үйлөнүү тойго барбай койсо же тууган-туушкандар менен катышпаса, бир туугандык алакадан чыгып, алардын колдоосунан ажырап калаарын жакшы түшүнөт.



Акыркы жылдары өлкө элин жетиштүү камсыз кыла албагандыктан, урук-туугандардын арасында “алыш-бериш” күчөп, карым –катнаш бекемделген.



“ Адамдар бири-биринен таяныч издеп, өз алдынча карым-катнаш түзө башташты. Мындай социалдык катнаш, биринчиден, каражат булагы, өз ара жардамдашуу, колдоо көрсөтүү болсо, ошол эле учурда “алыш-бериш” катышуусу үй бүлөлүк бюджетке залакасын тийгизип жатат”,-дейт атын атабоону өтүнгөн журналист.



Анткен менен улуттук каада-салттарды бекем сактаган айыл жергелеринде бул көйгөйдү чечүүнүн жолун тапкан адамдар да бар.



“Эң башкысы, маркумду көмүү аземинде коротулган чыгымдарды азайтыш керек. Биздин айылда өлгөн адамга арналып мал союлбаса, маркумду акыркы сапарга татыктуу узатышпады, анын элесин сыйлашпады деген түшүнүк бар. Жада калса, кандай мал, канча өлчөмдө союлгандыгы да айтылат”, - дейт Жаңыл. Жаңыл Бишкек шаарына жакын жерде жайгашкан Кум-Арык айылынын тургуну. Анын айтымында көпчүлүк айылдаштары анын оюн туура көрүшсө да, эч кимисинин салтты бузууга дити барбайт.



Ошондой эле, өз ара сүйлөшүп, өлүктө бир гана мал союуга макулдашып алышкан айылдар да бар. Буга карабастан, чөйрөдө кысымга алуу күчтүү, ал эми өз алдынча кабыл алынган эрежелер көпкө сакталбасы белгилүү.



Кыргыздардын басымдуулугу мусулман болгонуна карабастан, дин кызматкерлеринин жупуну жашоону даңктаган ырастоолорун четке кагышат. “Шариат боюнча обу жок ысырапчылык күнөө болуп эсептелет. Биз элдин арасында бул жобону жайылтууга аракеттенебиз”,- дейт Өмүрбек Жалиев, Карабалта мечитинин мулласы.



2006-жылы Кыргызстандын өкмөтү “мамлекеттик кызматкерлердин үй бүлөлүк мааракелерди өткөрүүсү боюнча ” токтом кабыл алышкан. Кагаз жүзүндө болсо да, кызматкерлер арасында аша чапкан ысырапчылык, чарпылып-чачылууну токтотууга аракеттер каралган.



Аблезованын сунушу боюнча, кадырлуу коомдук ишмерлер жана дин кызматкерлеринин катышуус менен жүргүзүлгөн кеңири иш-аракеттер адамдардын аң-сезимин өзгөртө алат. Бул демилге бир убакта калктын баардык катмарында жайылса өз колдоочуларын табат.



“Адамдар азыр жашоого бышык болуп калышты. Көпчүлүгү жаңы өзгөрүүлөргө даяр”,-дейт Мехригуль Аблезова.



Асыл Осмоналиева, IWPRдын Бишкектеги кабарчысы.

Support our journalists