Кыргызстандык шайлоочулар президенттик шайлоонун таза өтүшүнөн күмөн санашат

Бейрасмий сурамжылоолордун жыйнтыгына ылайык, шайлоочулардын көпчүлүгүнүн ою боюнча учурдагы президент алдыда боло турган шайлоодо эч кандай кыйынчылыксыз эле жеңишке жетишет.

Кыргызстандык шайлоочулар президенттик шайлоонун таза өтүшүнөн күмөн санашат

Бейрасмий сурамжылоолордун жыйнтыгына ылайык, шайлоочулардын көпчүлүгүнүн ою боюнча учурдагы президент алдыда боло турган шайлоодо эч кандай кыйынчылыксыз эле жеңишке жетишет.

Saturday, 11 July, 2009
IWPRдын терип сурамжылоолору көрсөткөдөй, калк арасында алдыда боло турган президенттик шайлоонун жыйынтыгы күн мурунтадан чечилген жана азыркы президент Курманбек Бакиев президенттикке ат салышып жаткан калган беш талапкерди жеңип чыгат.



Жада калса талапкерлердин өздөрү да экинчи мөөнөткө ат салышып жаткан Бакиевдин жеңип чыгаарынан күмөн санашат. Айрым серепчилердин баамында, кээ бир талапкерлерге жеңишке жетүү түшүнө да кирбейт, алардын өз талапкердигин койгондугунун башка себептери бар.



Учурдагы президенттин бирден бир атааңдашы оппозициялык партиялардын “Бириккен элдик кыймыл” (БЭК) деп аталган тобунан чыккан талапкер - Алмазбек Атамбаев болууда.



Мындан башка президенттике БЭКтен бөлүнүп, өз алдынча талапкердигин койгон “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев, Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын жетекчиси Токтайым Үмөталиева, белгилүү нарколог Жеңишбек Назаралиев жана “Жоомарт” потриоттук кыймылынын лидери, Кыргызстан мусулмандар союзунун теңтөрагасы Нурлан Мотуев ат салышууда. Айта кетчү нерсе, Мотуев 2006-2007-жылдар аралыгында Кочкор районунда жайгашкан көмүр кенин мыйзамсыз басып алып аны башкарып турган жана бул аракети үчүн кылмыш иши козголуп, бирок соттолгон эмес.



IWPRдын терип сурамжылоосуна катышкан 45 жарандын 35и шайлоодо Бакиевдин жеңип чыгаарын айтышкан. Алардын 15и шайлоонун жыйынтыгы бурмаланаарын билдиришсе, калганы мындай суроого жооп берүүдөн баш тартышкан.



“Элге мындай шайлоонун кереги жок, анткени баардык иш-чаралар Бакиевдин жеңишин камсыз кылуу үчүн жасалып жатат, бул жөнүндө айта берип тажадык”, - дейт өзүн айдоочумун деп тааныштырган шаар тургуну.



“Кимди шайлайбыз? Билесизби биз канча жолу шайладык, кимдир бирөөгө ишенүү кур бекер.... Биз Бакиевке көнүп калгандай болдук”, - деп жооп берди сурамжылоого алынган башка бир аял. Ошондой эле ал “Шайлоо таза өтпөйт. Бакиевдин кайрадан президент болуп калышынан эч ким күмөн санабайт, ” – деп кошумчалады.



Саясат таануучу Марс Сариев Кыргызстандын саясий турмушуна калктын көнүл кош мамилесин алардын кыргыз саясатында кандайдыр бир өзгөрүүлөрдүн болушуна көп ишене бербестиги менен түшүндүрөт.



Анын пикиринде “Карапайым эл бул саясий күрөшкө өздөрүнүн эч кандай тиешеси жоктой көрүшөт. Анткени алар өздөрүнүн күнүмдүк маселелерин чечүү менен алек. Ошондой эле алар өз ичинен өздөрүнүн алсыз экендигине нааразы болушуп, азыркы бийликтен коркушат жана кооптонушат”.



Бакиевдин атааңдаштарынын баары тең шайлоочулар менен жолугушкан учурда, эгер шайлоо таза жана адилеттүү өтө турган болсо, жеңишке жетишет элек деген пикирин айтып келишет.



Аялдардын арасынан ат салышууга чыккан бирден бир талапкер Токтайым Үмөталиева 2005- жылы июлда болгон президенттик шайлоодо да мамлекеттик жогорку орун үчүн ат салышкан. Ал шайлоо оппозициялык маанайдагы массалык толкундоолордун натыйжасында өлкөнүн биринчи президенти Аскар Акаев бийликтен кеткенден кийин өткөрүлгөн.



Ошол шайлоонун жыйынтыгында Токтайым Үмөталиева башка талапкерлердин ичинен эң аз добушга ээ болгон жана алдыдагы шайлоо жөнүндө да оптимистик көз караштан алыс.



“Ачык айта турган болсок бул шайлоодо Бакиевден башка баарыбыздын президент болуу мүмкүнчүлүгүбүз өтө аз, анткени шайлоодо биздин мүмкүнчүлүктөрүбүз бирдей эмес”- дейт Токтойым Үмөталиева IWPRга берген маегинде.



Темир Сариев эгер шайлоо таза өтсө, өзүнүн жеңишке жетээринен күмөн санабаарын жарыялап, “Биз региондорду кыдырып, шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүп жаткан учурларда бийликтегилердин күрөштүн таза эмес ыкмаларын колдонуп жатышкандыгына күбө болуудабыз”, - деп кошумчалады.



Ошол эле мезгилде БЭКтин айрым мүчөлөрү Алмаз Атамбаевдин жеңүү мүнкүнчүлүгү деле аз экендигин айтышат.

Алмаз Атамбаевдин шайлоо штабынын башчысы Бакыт Бешимовдун пикиринче, “Бакиевдин учурунда таза, адилет шайлоо болбойт, бийлик административдик ресурстарды колдонууда. Бул ыкмалар буга чейин өткөрүлгөн референдумда жана парламенттик шайлоолордо да колдонулган”.



Ошол эле мезгилде Бакыт Бешимов БЭК шайлоочулар өлкө келечегине кайдыгер эместигине ишенет деп билдирди.

“Биздин максат элди өз добуштарын коргоп калууга бириктирүү”, – деди Бакыт Бешимов.



Саясат таануучу Марат Казакпаев талапкерлердин айрымдары президенттик ат салышууда татыктуу жеңилүүгө жетишүү менен өздөрүнүн кадыр баркын өстүрүшүп, шайлоодон кийин саясий майдандан татыктуу орунга ээ болууга үмүттөөнүшүүдө деген оюн ортого салат.



“Талапкерлер үчүн экинчи же үчүнчү орунга жетишүү өтө пайдалуу, аларга бийлик структурасынан жакшы кызматтар сунушталышы мүмкүн”, - дейт Марат Казакпаев.



Беш талапкердин ичинен жалгыз гана Нурлан Мотуев, өзү президенттикке талапкер катары катышып жатса да, Бакиевдин оппоненти эмес экендигин жарыялады.



8-июлда Мотуев кийинки күнгө обого берилүүгө пландаштырылган Бакиев менен боло турган радиопикир айтышуудан баш тартты.



АКИпресс маалымат агенттигине берген маегинде ал учурдагы президент өзүнүн биринчи мөөнөтүндө эле Кыргызстан үчүн көп нерселерди жасаганга жетишкендигин айтып чыкты.



“Биздин программаларыбыз жалпысынан көп жагынын окшош. Ошондуктан бизде талашып тартышуунун болушу деле мумкүн эмес. Арабызда пикир келишпөөчүлүктөр жок. Ошондой эле мен аны мамлекеттик маанилүү жумуштардан алагды кылгым келбейт”, - деген пикирин айтты.



Кээ бир серепчилердин жоромолунда, оппозиция шайлоонун бүтүшүн күтүп жатат. Шайлоо аяктагандан кийин шайлоо бурмаланып таза өткөн жок деген шылтоону жамынып, массалык каршылык көрсөтүүлөрдү өткөрүүгө аракеттенүүдө.

“Абал президенттик шайлоодон кийин - күз айларына, болбосо кийинки жылдын социалдык жана экономикалык маселелер курчуган жаз айларына барып өзгөрүшү мүмкүн”, деген оюн айтат Марс Сариев.



Үгүт ишин жүргүзүүнүн биринчи аптасынын жыйынтыгын жарандык коомдук уюмдар жемишсиз деп баалашууда.

Бир катар бейөкмөт уюмдар шайлоо алдындагы үгүт иштерине жана шайлоонун өзүнүн өтүшүнө түздөн түз байкоо жүргүзүү максатында Шайлоочулардын укугун коргоочу “Жарандык уюмдардын союзу” (ЖУС) деп аталган топ түзүштү.



30 - июнда аталган топ өзүнүн биринчи маалымат жыйынын өткөрүп, мониторингдин жүрүшүндө кээ бир мыйзам бузуулардын орун алып жаткандыгын жарыялады.



ЖУСтун мүчөсү болгон “Интербилим” бейөкмөт уюмунун башчысы Асия Сасыкбаеванын айтымында, шайлоо өнөктүгүнүн алдындагы абал алдын ала эле ким президент болоорун көрсөтүп койду.



“Бизде шайлоо эмес, жөн гана дайындоо болот”, - деди Асия Сасыкбаева маалымат жыйынында.



Тимур Токтоналиев, IWPRдын тренингдеринен өткөн журналист.
Kyrgyzstan
Frontline Updates
Support local journalists