Кыргызстандагы расмий түрдө катталбаган никелерге байланыштуу кооптондурган кырдаал
Эксперттердин айтымында, диний негизде гана никеге туруу аялдарды аярлуу топко айландырып жатат.
Кыргызстандагы расмий түрдө катталбаган никелерге байланыштуу кооптондурган кырдаал
Эксперттердин айтымында, диний негизде гана никеге туруу аялдарды аярлуу топко айландырып жатат.
26-майда парламенттин мүчөлөрү жергиликтүү кызматкерлер, диний өкүлчүлүктөр жана укуккоргоочу органдардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүшкөн. Жолугушууда никени каттоодон өткөрүүчү мамлекеттик органда мыйзамдаштыргандан кийин гана жаш жубайларга диний түрдө никеге турууга уруксаат берүүчү мыйзамдуулук талкууга алынган.
Мусулмандык үрп-адаттардын негизинде өткөрүлгөн үлпөт тойлору Кыргызстандын мыйзамы тарабынан таанылбайт. Жубайлар мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш жана мындай учурда гана нике укуктарына ээ боло алышат.
Үстүбүздөгү жылдын март айында Кызыл чырым коому тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн негизинде Кыргызстандагы ар бир он үй-бүлөнүн төртөө мамлекеттик каттоодон өтпөгөндүгү маалым болгон. Мындай изилдөө Кызыл чырым тарабынан адамдарды мамлекеттик органдарда никени каттатууга үгүттөгөн иш-чаранын бир бөлүгү болгон.
Мамлекеттик статистикалык комитеттин берген маалыматтарына ылайык Кыргызстандын түштүгүндөгү жаш балалуу 15-19 курактагы аялдардын жарымы расмий түрдө никеде катталган эмес.
Түштүктө исламдык салттар эл арасына сиңип калгандыктан, молдонун батасын алуу менен никеге туруу көнүмүш адат. Мындай адат “нике кыюу” деп аталат.
Мурда жаш жубайлар расмий түрдө никеге турууну шарт катары кабыл алышчу. Бул салт акырындык менен жоюлуп, түштүктөгү жаштар диний жол менен нике кыйылгандан кийин каттоодон өтүүнүн кереги жок деп кабыл алышат.
Айрым учурда никени каттатууга жол бербеген башка себептер да болууда. Болочок колуктулар көп убактарда экинчи же үчүнчү аялдыкка алынып же жашы толо элек болуп чыга келет. Көп аял алуучулук өлкөдө мыйзамсыз көрүнүш болуп эсептелет.
Активист Абдуманап Раджаповдун айтымында, айрым жубайлар тун баласы төрөлгөндөн кийин кээ бир кыйынчылыктардан кутулуу үчүн никесин каттоодон өткөрүшсө, басымдуулугу ага чейин кандай жашап келсе, дале болсо ошондой жашай беришет.
Мындай учурларда мамлекет алдында аялдар турмушка чыкпаган, никеде турбаган болуп эсептелгендиктен, ажырашуу учурунда үй-бүлөлүк менчикти бөлүштүрүүдө алардын укугу чектелет.
“Бул цифралар абалдын алда-канча татаалдыгын түшүндүрөт”, -дейт Кызыл Кресттин изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы жөнүндө Ош облустук Үй-бүлө жана аялдар иши боюнча комиссиясынын башчысы Фарида Абазова.
Укуккоргоочулар жана жергиликтүү бийлик төбөлдөрүнүн айтымында, диний мыйзамдардын негизинде эркектер аялдарына бир нече сөз айтып эле, ажырашып кете алышат. Мындай учурда аялдар обочолонушуп, же мыйзам тарабынан коргоого алынышпай, кошуна –колоң, тууган-туушкандардын айыптоолоруна дуушар болушат. Көпчүлүк убактарда өздөрүн жана балдарын багууга каражат алуу үчүн эч кандай мүмкүнчүлүксүз калышат.
Мукарам эки жыл мурун (25 жашында) күйөөсүн жолуктуруп, ага турмушка чыгууга макул болгондо, анын аялы бар экенин билген.
“Башында баардыгы эле жакшы болчу. Ал менден жыйырма жаш улуу болчу. Сыйлачу, жакшы, жетиштүү жашоону камсыз кылам дечү. Аялы абдан оорулуу экендигин айтчу”, -деп эскерет Мукарам.
Болочок күйөөсү Мукарамды мусулмандык ырым-жырымдын негизинде үйлөнүүгө көндүрүп, кийин никени каттоодон өткөрөбүз деп сөз берген.
“Ал биринчи аялы менен ажырашкан да жок. Оорулуу аялын таштай албайм дечү. Мен өзүм деле аны талап кылган жокмун”, -дейт ал.
Акырында, Мукарамдын күйөөсү аны таштап, биринчи аялы менен Россияга кетип калган.
Кош бойлуулугунун акыркы айларында Мукарам жалгыз, эч кандай акча каражатсыз, жумушсуз калган. Аны өзүнүн үй-бүлөсү да кабыл алган эмес.
Баласын төрөгөндөн кийин аны төрөт үйүнө таштап кетүүнү ойлонгон, бирок, андай жолго бара алган эмес. Жумуш жана жашоочу жай тапкычакты, балдар үйүндө убактылуу күн өткөрүүгө мажбур болгон.
Жаш үй-бүлөлөрдүн расмий каттоодон өтүшпөгөндүгүнүн көп аял алуучулуктан тышкаркы дагы башка себептери бар. Бул болочок колукту 18 жашка толо элек учурлар.
“Көпчүлүк учурда болоочок колукту расмий түрдө никеге турууга жашы толо элек учурда диний негизде нике кыйылат”, -дейт укуккоргоочу Абдубали Халилов.
Атуулдук кодекс айрым учурларда 16 жашта никеге турууга уруксаат берет. Бирок, жергиликтүү мамлекеттик бийликтен урусаат алынган кездерде гана.
Халилов 15 жаштагы кыздар диний үрп-адаттардын негизинде никеге турган учурларды билет.
“Албетте, мусулмандык нике кыйылган. Кыз үй-бүлөлүк мыйзамга ылайык 18 жашка чыккан эмес”, -дейт ал.
Расмий түрдө катталбаган никеден туулган балдар ажырашуу учурунда жабыр тартышат.
“Алар толук баалуу үй-бүлөдө жашашпай, жакырчылыкта өсүшөт. Мунун баардыгы алардын атуул катары калыптанышына таасир берет”,- дейт “Мээрбан” кризистик борборунун жетекчиси Лилия Исманова.
Айрым энелерге күйөөлөрүнүн аталык жоопкерчиликке тартуу да оңойго турбайт. Адам укуктары боюнча Оштогу “Эдвокаси” борборунун юристи Мухай Абдураупованын айтымында, “аялдар күйөөлөрүнүн аталыгын далилдеш үчүн бир катар басынтуу, кемсинтүүлөргө жана кордуктарга барышат”.
Көз карандысыз теолог жана диний суроолор боюнча эксперт Дауд Абы уулу “эркектер диний жол менен никеге туруу бир катар жоопкерчиликтен кутултат деп жаңылышышат” дейт. Исламдын мыйзамдарына ылайык, күйөөлөр аялдарына жана балдарына ажырашуудан кийин дагы кам көрүүгө милдеттүү.
Түштүктөгү диний кызматкерлер өз милдеттерин аткарып жатышкандыгын айтышып, нике кыйуудан баш тарта албастыгын белгилешкен.
Айрым мечиттер өзүлөрүнүн нике тууралуу күбөлүгүн беришет. Бирок, ал документ мыйзам жүзүндө таанылбайт жана мамлекеттик кызматкерлер тарабынан кабыл алынбайт.
Кызыл Крест, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана аялдардын укугун коргоодогу активисттер Атуулдук жана Үй-бүлөлүк кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүүгө аракеттенишүүдө. Алар жубайлар диний жол менен никеге турууну каалаган мезгилде, биринчи иретте никени мамлекеттик органдарда милдеттүү түрдө каттатууну талап кылууну көздөшүүдө.
“Совет мезгилинде диний кызматкерлер нике расмий түрдө каттоодон өткөнүн күбөлөндүрүүчүү документтин негизинде гана нике кыйып, мусулмандык үлпөт тойлорун өткөрө алышкан”, -дейт Кызыл Крестин Кыргызстандын түштүгүндөгү кеңсесинин башчысы Светлана Шерматова “Ош Эхосу” гезитине 23-майда берген интервьюсунда.
“Биз парламентке бул талапты Атуулдук жана Үй-бүлөлүк кодекске киргизүүнү сунуштап жатабыз. Бул эрежени бузган диний кызматкерлер да өз аракеттери үчүн жоопко тартылышы керек”, -деп кошумчалайт ал.
Кыргызстандын түштүгүндөгү Кызыл Крестин координатору Дильфуза Мурашеванын айтымында, аталган уюм жергиликтүү тандалма кеңештер менен бирдикте бул мыйзамдын парламентте каралып чыгышына аракет жасоодо.
“Жаңыл Мырза” кризистик борбордун жетекчиси Токтокан Мамбетова түштүктөгү Баткен облусундагы аярлуу топтор – аялдар жана жетим балдар менен иштөөдө мындай аракеттер коомдук деңгээлде каралып келгенин белгилеп өткөн.
Аксакалдардан, аялдар уюмунун мүчөлөрүнөн жана тандалма кеңеш мүчөлөрүнөн турган жергиликтүү комиссия никенин расмий каттоодон өткөндүгүн күбөлөндүрүүчү документсиз диний жол менен нике кыйган молдолорду 115-230 АКШ акчасы өлчөмүндө айып тарттыруу боюнча макулдукка келишкен.
Айрымдардын ою боюнча, мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жетишкен учурда, аны менен бирдикте коомчулуктун мамлекеттик никеге туруу боюнча түшүнүктөрүн өзгөртүүчү иш-чаранын жүргүзбөсө, ал мыйзамдар натыйжасыз болмокчу.
“Адамдар бул маселеге болгон көз караштарын жана мамилелерин өзгөртмөйүнчө, мыйзамдагы өзгөрүүлөр натыйжалуу жыйынтыктарды алып келбейт. Биринчи кезекте, агартуу иштерин жүргүзүү керек”, -дейт Абы уулу.