Кыргызстандагы мамлекеттик телеканалды реформалоо шайлоо алдында токтоп калды

Коомдук телеканал түзүүгө белсенген Байкоочу кеңештин жоон топ мүчөлөрү кызматынан баш тартканда, сынчылар бийлик шайлоо алдында көзкарандысыз телекомпания түзүүгө бөгөт койгонун айта баштады.

Кыргызстандагы мамлекеттик телеканалды реформалоо шайлоо алдында токтоп калды

Коомдук телеканал түзүүгө белсенген Байкоочу кеңештин жоон топ мүчөлөрү кызматынан баш тартканда, сынчылар бийлик шайлоо алдында көзкарандысыз телекомпания түзүүгө бөгөт койгонун айта баштады.

.



Натыйжада атуулдук коом өкүлдөрү жана медиа-эксперттер бийликтер өлкөнүн бардык булуң-бурчуна жеткен жалгыз телеканалдын кайрадан эле өздөрүнө өтө ыңгайлуу маалыматтардын таратышына таянат деп божомолдошууда.



Октябрда өлкө президенти Курманбек Бакиев “Акжол” Элдик партиясын негиздеген. Ал бул партия 16-декабрдагы парламенттик шайлоодо жеңип чыгат деп үмүттөнүүдө. Анткени өлкө тарыхында биринчи жолу көпчүлүк добушту алган партияга өкмөт курамын түзүүгө мүмкүнчүлүк берилип жатат.



Курманбек Бакиев бийлик алмашууга алып келген 2005-жылдын март окуяларынан үч ай өткөн соң, президенттик кызматка киришип жатканда мамлекеттик телеканалды коомдук телеканалга айландыруу эң негизги убадаларынын бири болгон.



Анда Улуттук телерадиокорпорация (УТРК) коомдук телеканалга айланат, мамлекеттик каржылоодон ажырабайт, бирок ошол эле учурда өкмөттөн көз карандысыз жана саясий окуяларды калыс чагылдыра алат деген пландар болгон.



Өткөн жылы президент Бакиев УТРКны мамлекеттиктен коомдукка өткөрүү жөнүндө жардыкка кол койгон. Ага ылайык Байкоочу кеңеш УТРКнын башкы директорун шайлоо жана редакциялык саясатын бекитүү укугуна ээ болгон.



Парламент таркатылаар алдында Байкоочу кеңештин 15 мүчөсүн шайлаган. Алардын бешөөнү президент, бешөөнү парламент, бешөөнү атуулдук уюмдар көрсөткөн.



Байкоочу кеңеш биринчи каналдын редакциялык саясатын иштеп чыгып, УТРКнын башкы директорун шайламак. Бирок иш оңунан чыккан жок.



Телеканалдын уюштуруу механизми жана редакциялык саясаты боюнча талаш-талкуулар Байкоочу кеңештин алгачкы жыйындарында эле сегиз мүчөсүнүн кызматтан чегинишине алып келди.



Байкоочу кеңештен чыгып кеткен мүчөлөр мындай кадамдын себебин так түшүндүргөн эмес, бирок бул кворумдун жоктугуна байланыштуу уюмдун ишин үзгүлтүккө дуушар кылды.



Байкоочу кеңештин курамынан чыкпаган мүчөлөрдүн бири Гульнара Ибраева, окуянын мындай өнүгүшүнө көптөрдү кыжаалат кылганын айтты.



“Биз өз ишибизди улантып жатабыз. Азыркы учурда мамлекеттик телерадокомпаниянын уставы сыяктуу документтерди экспертизадан өткөрүү, ошондой эле каналдын редакциялык саясатынын стратегиясын ишеп чыгуу башкы максатыбыз. Бирок, ушул эки маселе боюнча, тилекке каршы, легитимдүү чечим кабыл ала албайбыз”, - дейт Ибраева.



Мындай пикирге коомдук фонд - “Медиаөкүлчүлүк институтунун” директору Илим Карыпбеков да кошулат. “Азыркы учурда Байкоочу кеңеш иштейбей турат. Калган мүчөлөрү иштей берет, бирок алардын чечимдери легитимдүү деп эсептелбейт. Бүгүнкү күнү Байкоочу кеңеш чала жандуу, майып органга окшошуп турат”, - дейт ал.



Карыпбеков кеңештен чегингендерди бул уюмдун ишин атайылап үзгүлтүккө алып келди деп айыптоодо. Ошону менен бирге ал көз карандысыз телеканалды ачууга тымызын бут тоскон саясий оюндар да жүрүп кеткенин кыйытты.



“Мындай кырдаалдын түзүлүшүнө кеңештен чыккан мүчөлөр гана күнөөлүү. Алар атуул катары жоопкерчиликсиз кадамга барышты деп ойлойм. Бул жорук Кыргызстанда коомдук телекөрсөтүүнүн таптакыр түзүлбөй калышына да өбөлгө болушу ыктамал. Бийлик башында катаачылык кетиргенин түшүнүп, УТРКны өз колунда сактап калуу үчүн эми бардыгын жасайт”, - дейт медиаөкүл.

Эльвира Сариева Байкоочу кеңештин дагы бир иштеп жаткан өкүлү. Ал бул уюмдун айрым мүчөлөрү тобу менен кетип калганы коомдук телеканалды үзгүлттүккө дуушар кылууга багытталган амал экенин моюндайт.



“Кетип калган кишилер президент Бакиевдин тарапкерлери болчу. Бул Кыргызстандагы шайлоо алдында Байкоочу кеңештин ишин токтотуп коюунун жападан жалгыз жолу эле”, - деди ал.



Бакиевдин администрациясы кеңештин өкүлдөрү кызматтан чегингенине алардын тиешеси жок экенин айтып жатышат. Президенттин басма сөз кызматынын башчысы Досалы Эсеналиев IWPRга берген маегинде, Байкоочу кеңештин өкүлдөрү эмнеге кызматтан чегингенин билбей турганын айтып, бирок ошол эле учурда алар, эгер жеке өздөрүнүн жүйөөсү болсо, мындай кадамга барууга укуктуу экенин кошумчалады.



“Кыязы, так ушул себептерден улам кеңештин мүчөлөрү уюмдан чыгууну чечсе керек”- деди ал.



Медиа-эксперттер Байкоочу кеңештен дароо эле сегиз кишинин түшүнүксүз жагдайларда чыгып кетишине дагы деле башы катып турган кези. Анткени менен алардын көпчүлүгү Карыпбековдун пикирине үндөш ойлорду айтууда.



“Бүгүнкү күнү бийлик Байкоочу кеңеш жөнүндө өзү чыгарган мыйзамдарды өзү бузуп жатканын көрүп жатабыз”, - дейт медиа-эксперт Елена Воронина.



УТРКны реформалоону жактагандар, эгер кеңеш мындан ары да кворумсуз иштей берсе, анда бийликтер тийиштүү мыйзамдарды өзгөртүү аркылуу коомдук телеканалдын ишин аныктаган бул уюмду биротоло жокко чыгарууга аракет кылышы ыктымал деп кооптонушат.



Байкоочу кеңештин калган мүчөлөрү мындай жоромолдордун чын-төгүнүн аныктоо үчүн президент Бакиевди бошогон орундарга жаңы мүчөлөрдү дайындоого чакырган.



Карыпбеков президент 16-декабрдагы шайлоолорго чейин бул өтүнүчтү аткараарынан шек санайт. “Байкоочу кеңештин жаңы мүчөлөрүн жаңы парламенттин өкүлдөрү бектиши керек”, - дейт ал.



Гульнара Мамбеталиева IWPRдын Бишкектеги контрибьютору

Kyrgyzstan
Support our journalists