Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулуктун санын кантип кыскартууга болот
Өлкөдө жашы жете элек күнөөкөрлөргө эркиндикке чыккандан кийин жардам көрсөтүү максатында кеңири чараларды көрүү зарыл.
Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулуктун санын кантип кыскартууга болот
Өлкөдө жашы жете элек күнөөкөрлөргө эркиндикке чыккандан кийин жардам көрсөтүү максатында кеңири чараларды көрүү зарыл.
Адистердин айтымында, Кыргызстандын бийлиги жашы толо элек кылмышкерлердин эркиндикке чыккандан кийин коомчулукка оңой жуурулушуп кетүүсүнө өбөлгө түзүү үчүн камакта кармоо тартибин кылдаттык менен карап чыгышы керек.
Эркектердин абагында 18 ге жашы жете элек кылмышкерлер орто мектептин базасынын чегинде билим алышат. Абакта кесиптик-техникалык билим алуу мүмкүнчүлүгү, социалдык адаптация боюнча программалар сыяктуу эле, жаңыдан гана жаралып келүүдө. Жаза мөөнөтүн өтөп, эркиндикке чыккан кылмышкерлер кайрадан кылмышка барышып, темир тордун артына кайра түшүп калбашы үчүн керектүү чаралар көрүлбөй келет. Жада калса, алардын жумуш издөө маселесине жана коомчулукка аралашып кетүүсүнө жетиштүү көңүл бурулбайт.
Кыргызстанда 14 жаштан 18 жашка чейин эркек өспүрүм кылмышкерлерди камакта кармоо үчүн бир гана мекеме бар (Кыргызстанда 14 жаштан кийин кылмыш жазасына тартылат). Бишкектен 70 чакырым алыстыктагы Вознесеновка айылындагы абакта 69 өспүрүм кылмыш жазасын өтөөдө. Алардын басымдуу көпчүлүгү оор эмес кылмыш үчүн соттолгон.
Абак тикендүү темир зым менен курчалган, жана өспүрүмдөр тор терезелүү барактарда жашашат; абактын аймагында мектеп жана футбол аянтчасы бар. Кыргызстандын башка түзөтүү мекемелери сыяктуу эле, бул абак да окшош кыйынчылыктарды тартып келет. Бир катар бөлмөлөр жылыбайт, азык-түлүктүн жана кыш мезгилинде бут кийимдин жетишисиздиги өзгөчө байкалат.
14-18 жаштагы өспүрүм кыздар үчүн буга окшогон мекемелер өлкөдө жок жана бийликтегилердин айтымында, аны ачуу тууралуу пландар жок. Кыздар Чүй областындагы Степное кыштагындагы аялдардын түрмөсүндө, жашы улуулардан өзүнчө бөлөк кармалышат. Азыркы учурда, ал жерде оор кылмыш үчүн соттолгон төрт гана кыз бар. Алар мектеп базасындагы билим алышпайт, бирок чач тарач сыяктуу өнөрлөрдү үйрөнүшүүдө. Оор эмес кылмыш иштеринде айыпталган өспүрүм кыздар шарттуу, же альтернативдүү жаза алышат.
14 жашка чейинки кылмышкерлер камакка алынышпайт. Алар үчүн жоопкерчилик жергиликтүү администрациянын социалдык кызматтарына жүктөлөт. Качандыр бир убакытта бул категориядагы адамдарга ылайыкталган атайын мектеп бар болчу. Бирок, ал балдарга туура эмес мамиле кылынып жатканын көрсөткөн мамлекеттик эмес уюмдардын талабы боюнча жабылган.
Мыйзам бузушкан балдар менен иштеген «Эгль» коомдук фонддун директору Чолпон Өмурканова жаш тартип бузуучулар менен алар камакта жаткандан эле баштоо керек дегендердин катарына кирет. Вознесеновкадан ай сайын эркиндикке чыккан он баланын төртөө, же бешөө дагы башка кылмыш ишин жасаганы үчүн кайрадан кайрылып келишет.
Өмүрканованын айтымында, өспүрүмдөрдү эркиндиктеги жашоого даярдоо үчүн атайын программалар керек. «Аларды эркиндикке чыккандан кийин, жашоодогу өз ордун табуу жана кайда багыт алууну так түшүнүүгө даярдоо зарыл», - дейт ал.
Өмүрканованын бейөкмөт уюму өспүрүмдөр үчүн Кыргызстандагы биринчи реабилитациялык борборду түзүү долбоорунун үстүндө иш алып барууда. Бул борбор Вознесеновкадагы абактын базасында түзүлмөкчү. Долбоор абактын администрациясы менен кызматташтыкта жана даниялык DanChurchAid гуманитардык уюмдун колдоо көрсөтүүсү менен ишке ашууда.
Балдардын укугун коргоо боюнча көпчүлүк активисттер өлкөдө реабилитациялык борборлордун түйүнүн пенитенциардык системасынан тышкары түзүүнү туура көрүшөт. Алар жаңыдан эркиндикке чыккан жаш тартип бузуучулар менен тыкыс иштешип, аларга жумуш жана турак-жай издөөгө көмөк көрсөтүш керек.
Алардын катарындагы Эмгек министрлигинин астындагы Балдарды коргоо департаментинин башкы адиси Темирбек кызы Махабат дагы Кыргызстан жаш тартип бузуучулар менен иштөөнүн системасын жакшыртуу керек дегендерге кошулат.
«Кыргызстанда реабилитациялык технологиялары жана тарбиялоочу механизмдери бар мындай (мамлекеттик) социалдык кызматтардын болушу абдан маанилүү. Алар жашы толо элек укук бузуучуну процесстин субъектиси, кылмыш ишин – дарттын симптому катары баалап, оорудан айыктырышы керек», - дейт ал.
Анын айтымында, министрликтин реабилитациялык борборлордун иши менен алектенүүнү каалаган бардык бейөкмөт уюмдарга эшиги ачык. Мындай бейөкмөт уюмдар бул маселени ишке ашыруу үчүн мамлекет тарабынан каржылануучу контракттар колдонулса болот, деп эскерте кетти.
«Мен жогоруда айтып кеткендей, шарттуу түрдө жазаланган же түрмөдөн чыккандар үчүн социалдык (реабилитациялык) борборлор, тилекке каршы, жок», -дейт Темирбек кызы.
Акыркы үч жылдын ичинде эки гана бейөкмөттүк уюмдар жаш укук бузуучулар менен иш алып баруу максатында каржылоо алууга арыз менен кайрылышкан. Контрактты утуп алган бейөкмөттүк уюм мурунку жашы толо элек укук бузуучуларга документтерди толтуруу боюнча юридикалык кеңештерди жана жумуш, турак-жай табууда көмөк көрсөтүп келген.
«Бирок, өспүрүмдөрдүн нормалдуу жашоого толугу менен кайтып келүүсүнө бул жетишсиз. Бир гана мамлекеттин жана бейөкмөттүк иши да аздык кылат. Бул ишке өзгөчө көңүл буруп, өлкөлөрүндө мындай тажрыйба балалыкты коргоо программасына ийгиликтүү киргизилген эларалык уюмдарды тартуу керек», - дейт Темирбек кызы Махабат.
Жаш курактагы укук бузуучулар менен иштеген эксперттер билим алууга көмөк көрсөтүү – реабилитациялык процесстин башкы аспектиси дегенге толугу менен кошулушат.
Вознесеновка абагынын мамлекеттин окуу планы боюнча иштеген жана өспүрүмдөрдүн билиминдеги жетишсиздиктерди толуктоого багытталган, жана кошумча окутуучу программаларды колдонгон өзүнүн мектеби бар.
«Бизге түшкөндөрдүн ичинен тамга тааныбагандары да кездешет. Эркиндикте алар такыр башка нерселер менен алек болушкан», - дейт жашы толо элек эркектердин абагынын башчысы Кураман Назарбеков.
Айрым учурларда, кээ бир жаш балдар эркиндикке чыккандан кийин жогорку окуу жайына тапшыруу үчүн жетиштүү деңгээлде билим алышарын да белгилеп өттү. «Алар үй-бүлө куруп, балдарды чоңойтуп, айрым бир жерлерде иштешет. Биз мындай балдар менен абдан сыймыктанабыз», -дейт Назарбеков.
Абактагы мектептин директору Валентина Геращенконун айтымында, көпчүлүк окуучулар камакка түшкөндө мектептин программасынан 4-6 жылга артта калышкан болот. «Алардын окууга болгон кызыкчылыгы жоголуп, мектеп менен байланышы үзүлгөн болот. Анан камакта болуу мөөнөтү да башкы ролду ойнойт. Кимдир – бирөө 18ге толуп, улуулар үчүн түрмөгө которулат, кээ бири эркиндикке мөөнөтүнөн мурда чыгат. Ал эми, алардын эркиндикте толук кандуу билим алуу мүмкүнчүлүгү жок», -дейт ал.
Абакта болуп келген IWPRдын контрибьюторунун айтуусунда, окутуу шарттары ал жерде эң төмөн –парталар жана кичинекей балдардын отургучтары эски, оңдоо-түзөө иштери чынында иш билгилер тарабынан жасалбаган. Мугалимдер китептердин, географиялык карталардын жана жазууга колдонуучу буюмдардын жетишсиздигине арызданышат.
Кыргыз тилиндеги китептердин жетишсиздигинен окутуу орус тилинде жүргүзүлөт. Бул айыл жергесинен же коңшу Тажикстан, Өзбекстан сыяктуу өлкөдөн келген жаш балдар үчүн бир катар оорчулуктарды жаратат.
Геращенко жана башка 10 мугалим баардык кыйынчылыктарга карбастан, өз иштерин колунан келишинче аткарып келүүдө.
«Бизге алардын баардыгы – дагы деле бала. Баардыгынын жөндөмдүүлүктөрү бар, кээ бирлери таланттуу. Бул жакта гана кээ бирлери ал шыктарын ача алды. Биздин милдет - ар бир өспүрүмгө, мейли ал туура эмес жолго баргандыр, мейли ал кылмыш ишин жасагандыр, анын жашоодо өз орду жана келечеги бар экенин көрсөтүү», -дейт Геращенко.
Мугалимдердин окутууга керек болгон көбүрөөк материалдар бар болгондо, алардын сабактары андан да кызыктуу болоорун кошумчалады. Райондук билим берүү борборунун кызматкерлеринин жана жакынкы айылдардагы мугалимдердин жардамы аркасында мектепте бир нече эски китеп жана таркатуучу материалдар бар.
Абактын бир жашоочусу, мектеп ага эркиндикке чыкканда компьютерщик болуу үмүтүн бергенин айтып өттү.
«Алар биздин көп нерсени билбегенибизди түшүнүшөт жана анын ордун толтурууга жардам беришүүдө. Бул жерде мен зээндүү экенимди сезип, өзүмдүн жакшы окуй аларым менен сыймыктануу сезими пайда болду. Биздин мектеп «эркин» мектептерднен эч кем калбайт. Бирок, жаңы окуу-куралдар, мүмкүн болсо, компьютерлердин болушун каалар элек», - дейт ал.
Мурун абакта отурган 20 жаштагы Кириллдин окуясын ийгиликтүү деп атоого болот. Вознесеновкадагы абакта төрт жыл отуруп, эки жыл мурун ал эркиндикке чыккан. Андан соң Бишкектеги бир кесиптик-техникалык лицейде жыгач устанын ишин үйрөнүп алган. Кийин маянасы жакшы эмерек чыгарган коммерциялык фирмага жумушка орношкон. Анын директору, Кириллдин түрмөгө түшүп чыкканына карабастан, жумушка алган.
«Мен мурунку жашоомду унутууга аракет кылам. Бүгүн менин жумушум жана билимим бар. Өз үйүмдү курууну тилек кылып жатам», -дейт ал.
Кириллдин окуясы Вознесеновка абагынан өткөн көптөгөн жаштардыкына окшош. Ал өгөй атасы көп ургандыктан, 12 жашында үйдөн качып кетип, анда-санда милицияга түшүп, көчөдө жашаган.
«Курсакты тойгузуу үчүн уурдап, уурдалган нерселерди кайрадан сатчумун. Көп эле жолум болду, акыры кармалдым», -дейт Кирилл.
Абакта ал калтырылган жылдар үчүн мектептин программасын үйрөнүп жетүүгө туура келген. «Мугалимдерге чоң ырахмат. Алар мен үчүн көп нерсе жасашты. Эгерде, мурунку мектепте ал жактагыдай мугалимдер болгондо, түрмөгө түшпөйт элем», - дейт ал.
Абактын көпчүлүк кызматкерлери жана учурдагы камактагылар сыяктуу эле, Кирилл да, абакта ар кандай кесиптерге үйрөтүүсүн каалар эле. Ал камакта болгон кезде, анда бул сыяктуу эч нерсе болгон эмес. Жыгач менен иштөө ою кичинекей китепканада таап алынган, өз колу менен эмне жасоого болоору жөнүндөгү жука китептен кийин ой пайда болгон.
Елена Воронина, IWPRдын тренингдерине катышкан Бишкектеги укук коргоочу.
Бул макала Европалык Комиссия тарабынан каржылануучу «Массалык маалымат каражаттары аркылуу Борбор Азияда адам укугун коргоо жана укук таануу» жана Норвегиянын тышкы иштер министрлиги тарабынан каржылануучу «Укук коргоо маселелерин, карама-каршылыктарды жана ишенимдин бекемделишин чагылдыруучу маалымат программасынын» чегинде Согуш жана бейпилдикти чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан даярдалды.
Макаланын маңызына толук жоопкерчиликти IWPR алат, жана макала Европа шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жана Норвегиянын тышкы иштер Министрлигинин эч биринин кызыкчылыгын чагылдырбайт.