Кыргызстанда кургак учуктун оор түрлөрү өөрчүп жатат
Системалык дарылоонун жетишсиздиги кургак учуктун оор түрлөрүнө алып келүүдө
Кыргызстанда кургак учуктун оор түрлөрү өөрчүп жатат
Системалык дарылоонун жетишсиздиги кургак учуктун оор түрлөрүнө алып келүүдө
Чала дарылоо жана дары-дармектердин жетишсиздиги кыргыз саламаттыкты сактоо тармагында кеңири жайылган жана бул өз кезегинде кургак учуктун оор түрлөрүнө өбөлгө түзүп жатат. Натыйжада калк ичинде бул илдеттин дары-дармекке моюн бербеген, сакайтууга оор түрлөрү жайылууда.
“Менде канамицинден башка дарылардын дээрлик бардыгына иммунитет пайда болуп калды”, - дейт 38 жаштагы Михаил. Бул Кыргызстандык тургундун кургак учугу дарыга туруктуу (DR) же бир катар дарыларга туруктуу (MDR) түрүнө кирет. Кыргызстанда мындай оорулуулардын саны 1300дөн 3500гө чейин чаап барышы ыктымал.
Кыргызстан он жылдан ашуун чет элдик жардамдардын арты менен кургак учуктун жөнөкөй түрү менен күрөшүп келет. Жети жыл мурда жыл сайын 100 миңден 128 киши ооручу. Азыр бул санды 109га түшүргөн.
Бирок, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) алдын ала иликтөөлөрүнө ылайык, 2007-жылы Бишкекте жаңы катталган оорулардын 26 пайызында кургак учукка каршы кеминде эки дарыга – изониазид жана рифампицинге туруштук берген түрлөрү табылган.
Бул кургак учуктун дарыга моюн бербеген түрлөрү боюнча дүйнөдөгү эң начар статистикалык көрсөткүч. ДСУнун мындан мурдагы иликтөөлөрүндө Азербайжандын баш калаасы Бакуда жана Молдавияда кургак учуктун оңой айыкпас түрлөрү 22 жана 19 пайзга жетип, алдыңкы орундарга чыккан. Анда, так маалыматтын жетишсиздигинен бир катар өлкөлөр менен бирдикте Кыргызстанда да иликтөөлөр жүргүзүлгөн эмес.
Кыргызстанда кургак учуктун оор түрлөрүнө каршы дары-дармектер кымбаттыгынан жана дарылоонун татаалдыгынан улам ар дайым жетишсиз болуп келген.
Үч бөлмөлүү батирде ата-энеси менен жашаган Михаил таблетка жана суюк дары шыкалган кутучаларды желим баштыктан алып чыгууда. Ал Казакстан жана Россиядагы тааныштары аркылуу алдырган дары-дармектерди өзү чектеп ичет.
Эксперттердин айтымында, дары болбосо кургак учукка алдыргандар эки жыл ичинде эле көз жумушу ыктымал. Ал эми бул илдеттин оор түрлөрүнө кабылган кишилердин ичээр суусу андан да аз дешет.
Бирок өз билгениндей дарылануу дагы өмүргө коркунуч алып келип же кургач учукту мурдагыдан дагы туруктуу түргө айлантышы ыктымал.
Михаил күнүнө 4 таблетка пиразинамид ичет. Бул дары демейде кургак учуктун жөнөкөй формасын дарылоо үчүн алты айлык терапияда колдонулуучу беш дарынын бирине кирет.
Буга кошумча ал канамицин жана офлоксацин антибиотиктерин колдонот. Бул жөнөкөй дарылар таасир бербей калганда колдонулчу альтернативдүү жана шыпаасы азыраак дарылар. Мындай терапия 24 айдан 36 айга чейин созулушу ыктымал. Бирок, ошол учурда орулуулар бул дарынын терс таасир тийгизүү коркунучу жогору болгонунан улам ар дайым адистердин көзөмөлүндө турууга муктаж.
Кургак учуктун кабылданган түрүн дарылоонун субсидияланган курсу 4600 АКШ доллары, ал эми жөнөкөй формасын дарылоо 50 доллар турат.
Айрым дарылар салыштырмалуу кымбат эмес. Айталы, офлоксацин 600 сом же 15 доллар туруп, бир айга жетет жана Кыргызстандын дарыканаларында врачтын рецептисиз сатылат.
“Чынын айтсам, врачтарга ишенбей калдым. Ошондон улам өзүмдү өз билгенимче бирнерселерди ойлоп таап дарыланам”, - дейт Михаил.
Анткени менен Михаилге окшоп кургак учуктун бир түрүн дарылоо үчүн жетиштүү өлчөмдөгү дарыларды колдонбосо, анда анын арты бул илдеттин дарыга моюн бербеген түрүнө алып келиши ыктымал. Жөнөкөй бактериялар өлөт, ал эми жеңилбес формаларга мутациялангандары көбөйүп, илдетти күчөтөт.
Мындай дарылоону кайталаганда илдеттин оор түрү ансайын өөрчүп, такыр айыкпас дартка айланышы ыктымал. Ушул жазда Германиядагы лабараторияда кыргызда биринчи жолу ушундай формалардын бири же кургак учуктун XDR формасы табылган.
Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө XDRден абдан кооптонушат. Анткени, кургак учук социалдык оору деп саналып, негизинен иммундук системасы алсыз кишилерге коркунуч келтиргени менен, анын XDR формасын дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун сакайтууга дээрлик мүмкүн эмес.
БАШАЛАМАН ДАРЫЛОО
Бирок, кеп өз алдынча дарыланып, кургак учуктун жеңилбес формаларын өөрчүтүп жиберген пациенттерде деле эмес. Михаилдин үйүнөн алыс эмес жерде, же Бишкектин түштүк ыптасында белгилүү эксперттер да, көп жылдар бою ушундай эле башаламан дарылоону колдонуп келишет.
Улуттук фтизиатрия борбору башкалаанын ичинде жайгашып, бир катар имараттардын комплексинен турат. Бөлүм башчы Атыркүл Токтогонова кургак учуктун көп дарыларга туруштук берген түрлөрү менен күрөшүү иш-аракеттерин республика боюнча көзөмөлдөйт.
Анткени менен ал өз иши үчүн керектүү дары-дармектерди СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча Глобалдык фонддун жардамы аркылуу 2005-жылдын ноябрында гана алган. Пилоттук долбоордун негизинде 100 гана кишиге эсептелген бул жардамды Атыркүл Акматбековна 154 кишиге чейин жеткиргенине карабастан, иш-аракеттерди канааттандырарлык деп айтууга болбойт.
Дарылоого муктаж болгон дагы миңдей кишини ал ылайыгы келген башка медикаменттер менен дарылап, кур дегенде өмүрлөрүн узартууга үмүт арткан.
Ал өзүнүн иш бөлмөсүнүн каалгасын жаап жатып: “Биз –врачтарбыз. Эгер оорулуу адам бизге үмүт артып карап турса, жардам сураса, колубуздан келгенди жасадык”, - деп айтты.
Ал эми коридордо өлкөнүн чар тарабынан келген аялдар менен кишилердин күрс-күрс жөтөлгөнү угулат.
Пилоттук долбоорго кирбей калган оорулуулар үчүн врач зарыл болгон төрт же беш препараттын экөөнү гана таба алган. Бул да жетиштүү болгон эмес. Анткени 2004 - жылдан бери 313 пациентти гана 24 айдын ордуна 6 ай гана дарылашып, жардам бере алышкан. Андан ары дарылоо үчүн оорулууларды өз акча каражатына дары сатып алууга ынандырууга аргасыз болушкан.
“Албетте, дарылоо эрежелери бираз бузулган, - деди ал. – Жакшы натыйжага жетишүү үчүн бери дегенде төт-беш жаңы препарат колдонушубуз керек болучу. Бирок, убакыт күтпөйт да, оорулуунун өмүрүн сактап калышыбыз керек болучу”,
Доктор Токтогонова бул ыкма менен дарыланган оорулуулардын айрымдары сакайып кеткенин айтууда, бирок көптөрү көз жумганын моюнга алат.
Саламаттыкты сактоо көз карашы менен алганда мындай “бюджеттик дарылоо” төбө чачты тик тургузат.
Жакынга чейин “Чекарасыз врачтар” уюмунун Кыргызстандагы пенитенциардык системалардагы кургак учук менен күрөшүү иш-аракеттерин башкарып келген Доминик Лафонтендин айтымында, бул маселе эки анжы пикирди пайда кылат. Бирок, ошого карабастан, илдетти оюна келгендей дарылоого жол бербеш керектигин айтууда.
“Кургак учукка каршы натыйжалуу болооруна көзү жетпеген курсту баштоонун кажети жок. Антпесе, бактериялардын дарыга туруштук берген түрлөрү өөрчүп, элге жайылып кетет”, - дейт ал.
ВРАЧТАР ӨЗ ЭРЕЖЕЛЕРИН БУЗУШАТ
Кургак учуктун дарыга туруштук берген түрлөрүнүн коркунучу 2006-жылы Улуттук фтизиатрия борборунун директору, профессор Автандил Алишеров чыгарган буйрукта расмий түрдө таанылган.
Ал документте врачтарга өзү билгендей дарылоого жана кургак учук кабылдап кеткен пациенттерге 2 катар дары берүүгө тыюу салынган.
Бирок, Автандил Шермаматович борбордогу оорулуулар толук кандуу дарыланууга жетпей жатканын моюндайт.
“Экинчи катардагы дарыны жүздөй кишиге берип жатабыз. Калгандарына 2-3 дары сатып беребиз. Колунда барлар дарыны өз чөнтөгүнөн каржылап алышат, анткени 4-5 препараттын комбинациясы болушу керек да... Анан алар министрге арыз жазышат. Биз болсо, мамлекеттин акчасы жок экенин айтабыз”, - деди ал IWPRга.
Алишеров өз буйругу менен тыюу салганына карабастан, мындай дарылоого эмнеге жол берилип жатканын түшүндүрө алган жок.
IWPRдын кабарчысы анын орун басары Бакыт Мырзалиев менен баарлашып көргөндө, мындай “бюджеттик дарылоо” жөнүндө кабардар эместигин, бул мыйзамсыз экенин айткан.
“Резервдик препараттарды (экичи катардагы дарыларды) расмий алып келинген дарылар менен удаа сатып алууга тыюу салынган” – деди ал.
ДСУнун Бишкектеги өкүлү Өскөн Молдокулов чала-чарпыт дарылоо тууралуу укканын, бирок ага мынчалык көп сандагы оорулуулар туш келгенин билбегенин айтууда. Ал бул кырдаалды иликтеп, ДСУнун келерки жардамдарын берүүдө эске алаарын убада кылды.
“Мындай дарылоо – абдан чоң тобокелчилик. Анын менен айыкпас дарттарды көбөйтүп алабыз”, - дейт ал.
КИШИЛЕРДИН КАТААЧЫЛЫКТАРЫ КУРГАК УЧУК КӨЙГӨЙҮН КУРЧУТУУДА
Апрель же май айларында Кыргызстанга чоң партиядагы резервдик препараттар (экинчи катардагы препараттар) келиши күтүлүп жатат. Ал көп дарыга туруштук бере алчу кургак учукка кабылган 1780 кишини беш жыл бою дарылоого жетет.
“Биз дагы, пациенттер дагы күтүп жатат. Медикаменттер келери менен толук кандуу терапияга өтө алабыз”, - дейт республикалык координатор Токтогонова.
Бул медикаменттер кургак учуктун дарыларга туруштук берген формалары менен ооруган пациенттер менен жылына жаңыдан кошулушу күтүлгөн 560тай кишини дарылоого теориялык жактан алганда жетиши керек.
Жакынкы учурда бул препараттарды туура колдонууга көзөмөл кылуу негизги маселелердин бири болуп калышы ыктымал. Пилоттук долбоордун биринчи үч жылдыгында, ага кирген пациенттердин 60%ы гана кургак учуктун мультирезистенттик формасы боюнча толук курстан өтө алышкан.
Кесипкөй адистердин жетишсиздиги – дагы бир маселе. Анткени көптөгөн адистер Кыргызстандагы 90 доллардын аржак-бержагындагы маянага алымсынбай, тышкы өлкөлөргө кетүүгө мажбур болуп келишет.
“Өлкө кургак учукту дарылаган кадрлардан айрылып жатат, - дейт Кыргызстандагы Эларалык Кызыл Чырым Комитетинин өкүлү Максим Бердников. – Казакстан менен Россияда айлык акылар 5-10 эсеге көп. Түштүк аймактагы айрым түйүндөрдө, атүгүл лабараторияда иштеген кызматкерлер дагы жокко эсе. Андыктан илдетке диагноз кое алышпайт. Ооруканалар бош”.
Илдетке каршы күрөшүү үчүн пациенттердин жоопкерчиликсиздиги да тоскоол болуп жатат. Ыссыккөл аймагынын тургуну, 52 жаштагы Шамырза Аманкулов дарылоо курсун баштап, токтотуп, анан кайра баштап олтуруп, аны дарылаган врач дагы дарылоо курсу канча жолу үзгүлтүккө дуушар болгонун билбей калган.
IWPR аны кургак учук борборунун мультирезистенттик бөлүмүнөн жолуктурду. Көрсө, ал көп айларга созулган дарылоодон кийин ушул бөлүмгө которулган экен.
Аманкулов өзүн кээде доктурлардан да көптү билем деп эсептейт. “Алар мени туура эмес дарылап жатканын сезип калганымда, курсту токтотчумун. Былтыр кышында мага негизги препараттарды (биринчи катардагы препараттарды) төрт ай бою беришти. Бул туура эмес болчу”, - дейт оорулуу.
Ал эми өзүнө окшош калган пациенттер жөнүдө ал төмөнкү ойду айтты: “Балким, кишилер бул илдеттин канчалык олутту экенин түшүнбөй жаткан чыгаар. Иттин же суурдун этин жесе айыгат деп калышат”. Элдик дарылоонун мындай ыкмасын Аманкулов өзү да сынап көрүптүр, бирок жардам бербегенин моюнга алууда.
Бул маектен кийин апрель айында Аманкулов дарылоо курсун дагы бир жолу үзгүлтүккө дуушар кылган.
Доктор Токтогонова ал эмес пилоттук долбоорго туш келип калган жолдуу пациенттерди дагы курсун акырына чейин чыдоого ынандыруу кээде кыйынга тураарын айтууда.
Маектешип жатканыбызда ага курстун аягына чейин болгону эки ай калганда дарылоону токтоткон жаш улан телефон чалды. Ал кайтып келүүнү каалайт экен.
“Анын туугандары эч нерсе кылган жок, участкалык врачы кетип калыптыр. Эч ким таба албай койгон, - дейт ал. - Өпкөсү бузула элек. Эми ал курсту кайрадан башташы керек. Бирок бул жолу 24 айдын ордуна 36 ай кетет”.
Токтогонованын айтымында, терапия үзгүлтүккө дуушар болгондо, кургак учук мурдагыдан да туруктуу формага айналат.
“Кургак учук, албетте, кайрадан козголот. Экинчи катардагы препараттарга туруктуу жана күчтүү болуп чыга келет. Биз аны дарылай албай калабыз. Анан пациенттер көз жумушат”, - дейт ал.
Врач республиканын бардык аймактарындагы кызматкерлерине туура эмес дарылоонун кесепеттери жөнүндө бир катар семинарларды өткөргөн.
“Биздин врачтар ар түрдүү дарыларды жазып берип, кургак учуктун айыкпас XDR формасынын пайда болушуна өбөлгө түзүп жатканын көрүп төбө чачым тик турат”, - дейт ал.
Кургак учук менен күрөшүү боюнча улуттук программанын өкүлдөрү дарылоонун эрежелерине кайдыгер мамиле опурталуу экенин түшүнүшөт жана сапаттуу медикаменттер келгиче бул мүчүлүштүктөрдү жоюуга аракет кылышат.
Токтогонова дарылоону үзгүлтүккө дуушар кылгандардын көрсөткүчүн азайтыш үчүн төрт тепкичтүү курс иштелип чыкканын айтып берди. Ага ылайык туруктуу дарылоо терапиясы, анан шаардын сыртында реабилитациялоо борборунда кароо, андан соң Ысыккөлдөн алыс эмес жердеги бөлүмгө которуу, эң акырында амбулаториялык дарылоо жүргүзүлөт.
“Бул эрежени бузгандардын санын 24төн 4 айга чейин кыскартууга шарт түздү”, - дейт ал.
Анын ичинде пациенттердин тамак-ашын жакшыртуу, врачтардын маянасын көтөрүү сыяктуу аракеттер дагы бар. Башында Автандил Алишеров турган “Кургак учук” улуттук программасынын негизинде СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча Глобалдык фондго 40 миллион доллардык жардам сурап кайрылганы турушат. Бул каражаттын жарымысы пациенттердин күндөлүк тамак-ашына, калганы доктурлардын маянасын жогорулатууга жумшалмакчы.
Эгер өтүнүч канааттандырылса, акча-каражаттар 2009-жылдын жай айларынан баштап келиши ыктымал.
Алишеровдун айтымында, кандай гана иш-аракеттер жана инвестиция болбосун, кургак учукка каршы күрөшүүнүн натыйжалары акыр аягы келип Кыргызстандагы жашоо деңгээлине көз каранды болот.
“Эгер экономика мурдагы бойдон калса, кургак учукту жеңе албайбыз. Мен муну жашырбайм. Илдеттин саны азайса, азаяр. Бирок, ал билер-билинбес болот”, - деп Алишеров маекти жыйынтыктады.
Андреас Хедфорс, Бишкектеги штаттан тышкаркы журналист