Кыргызстанда исламдык банк системасы коопсуз альтернатива катарында

Кабыл алынган мыйзам каржылоонун жаңыча үлгүсүн сунуштайт. Айрымдардын ырастоосунда, ислам талаптарынын негизинде каржылоо насыя алуучулардын тобокелчиликке баруусун азайтмакчы.

Кыргызстанда исламдык банк системасы коопсуз альтернатива катарында

Кабыл алынган мыйзам каржылоонун жаңыча үлгүсүн сунуштайт. Айрымдардын ырастоосунда, ислам талаптарынын негизинде каржылоо насыя алуучулардын тобокелчиликке баруусун азайтмакчы.

, азыркы туруксуз экономикалык абалда, банктардын ислам талаптарынын негизинде каржылоосу Кыргызстанда колдонулган каржылоо механизмдерин алмаштыруучу үлгү.



Ал эми каршы чыккандардын ою боюнча, ислам дүйнөсүнөн сиңирилген талаптарды санкциялоо жарандык принциптерге негизделген Борбордук Азия өлкөсү үчүн коркунуч туудуруучу белги болуп эсептелет.



Үстүбүздөгү жылдын 31-мартында Кыргызстандын парламенти банктардын өз каалоолору боюнча ислам талаптарынын негизинде каржылоо иштерин жүргүзүүгө уруксат берүүчү мыйзамды кабыл алышкан.Ал үч жылдан бери үлгү долбоор катарында каралып келген.



Насыя берүүчүнү тобокелчиликке салып, насыянын өсүм пайызынан көз каранды кылган каржылоонун көндүм үлгүсүнөн айырмаланып, ислам талаптарынын негизинде каржылоодо банктар кардарлары менен шериктештикке өтүп, кирешени бирге бөлүшмөкчү. Ислам мыйзамдары өсүмгө акча берүүгө, сүткордукка (ростовщичество) жол бербейт. Ошондой эле, диний негиздерге кайчылаш келген, башкача айтканда, спирт ичимдиктерин сатуу же кумар оюндарына байланыштуу ишмердүүлүккө насыя берүүгө тыюу салат.



“Ислам талаптарынын негизинде каржылоого өткөн банктар кардарлары менен шериктештер катарында иш алып барып, киреше-чыгашаны бирге бөлүшөт. Андыктан, ишмердүүлүктүн өнүгүшүнө банктар дагы кызыкдар болуп, жемиштүү боло турган долбоорлорго гана насыя беришмекчи”, - дейт “ЭкоБанктын” жетекчисинин орун басары Тимур Жусупов. Бул банк 2006-жылы президент Курманбек Бакиев тарабынан бул үлгү долбоорго макулдук берилгенден бери ислам талаптарынын негизинде насыя берип келет.



“ЭкоБанктын” тобокелдик-менеджери Александр Стрелкиндин айтымында, аталган банк 2010-жылдын аягына чейин толук бойдон каржылоону исламдык талаптардын негизинде жүргүзүүгө өтмөкчү.



“Кыргыз фондулук биржасынын” Директорлор Кеңешинин төрагасы Нурбек Элебаевдин ою боюнча, “ЭкоБанк” жана каржылоону ислам негиздеринде жүргүзгөн башка банктар өлкө дүйнөлүк каржы кризисинин кесепеттеринен жабыркап турган учурда, каржылоонун жаңы булактарын табуучу механизм болуп эсептелет.



Азыр Кыргызстанда чет элдик инвестициялардын төмөндөп бара жаткан учуру. Элебаевдин айтуусунда, бул анчейин баштапкы көрүнүш. “Дүйнөлүк кризистен ислам үлгүсү боюнча иштеген банктар гана оор жабыркаган жок”,- дейт ал.



Ислам негизинде каржылоону жактагандардын айтымында, банктардын ишинде жаңы үлгү колдонулуп келген салттуу үлгүнү сүрүп чыкпастан, аны толуктап, ишмердүүлүк жүргүзүүнүн жаңыча ыкмаларын таркатат. Кыргызстандын айрым жарандары диний көз караштарына ылайык мындай системаны кабыл алышпастыгы да айкын.



Кыргызстандын калкынын басымдуулугун мусулмандар түзөт. Бирок, өлкөнүн басып өткөн советтик жолу жана конституциялык негиздери аны жарандык өлкө катарында таанытып келет.



Исламдык банк системасын киргизүү мыйзамы парламентте каралып жаткан учурда “Коммунистер” фракциясынын лидери депутат Исхак Масалиев ага каршы чыгып, “биз Кыргызстандын жарандык мүнөзүн жоготуп алабыз” деген кооптонууларды айткан.



“Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Толекан Исмаилова дагы Масалиевдин көз карашына кошулуп, бул туура эмес багыттка жасалган кадам деп эсептейт.



“Бул кадамды жасоо менен, биз Кыргызстандын өнүгүү жолу мусулман өлкөлөрүнө багытталгандыгын көрсөтүп жатабыз. Кыргызстан мусулман өлкөсү эместигин түшүнүү зарыл. Бул жерде 80ден ашуун улут жашайт. Бир диний топтун артыкчылыгын көрсөтүү менен биз башкалардын укуктарын чектеп, кызыкчылыктардын келишпестигине түрткүлөмөкчүбүз”,- дейт Толекан Исмаиловна.



Айрым баяндамачылардын пикиринде, кардарлар үчүн идеологияга караганда, оңтойлуу киреше булактары маанилүү болгон соода-сатык, ишмердүүлүк чөйрөсүндө исламдык каржылоо куралдарын колдонууну уруксаат этүү керек.



“Насыя алууну көздөгөндөр биринчи учурда, акыл-эстүү эсеп-кысаптын негизинде иш кылып, насыянын шарттарынын ыңгайлуулугуна карашат. Чечим кабыл алууда стереотиптик көз караштарга жол беришпейт”,- дейт Кыргызстандагы банктар союзунун пиар-менеджери Рустам Сарыбаев.



Стрелкиндин белгилөөсүндө, “ЭкоБанктын” кардарларынын бештен бири- мусулман эместер.



Ислам талаптары боюнча каржылоо учурда көп жылдык долбоорлорду ишке ашырууга же чакан айылчарбаны иштетүүгө насыя ала албагандардын керектөөлөрүн толук канааттандыра алат.



“Ислам талаптарынын негизинде эч кандай салыксыз, өнүм пайызы жок насыя берүү өлкөбүздөгү кичи жана орточо ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө түрткү болот. Себеби, жаңы иш ачууну же аны өнүктүрүүнү каалаган фракциядагы көпчүлүк адамдардын насыянын өнүм пайыздарын төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок. Биздин салттуу банктар натыйжасыз деп айткым келбейт. Бирок, алардын шарттары оор. Ал эми, ислам талаптарынын негизинде насыя берүүнүн эрежелери оңой жана ийкемдүү”,- дейт “Ак Жол” фракциясынын депутаты Динара Молдошева.



Сарыбаевдин пикири боюнча, “кыргызстандык банктардын узун мөөнөткө берилчү акчалары жок”. Ислам талаптарынын негизинде иштеген банктар бул жерден өз ордуларын табышмакчы.



Элебаевдин айтымында, салттуу үлгү менен иштеген банктардын каршы туруусунан баштап, “мансапкорлук убара тарттыруучулук” мүнөздөнгөн тоскоолдуктар арбын болушу мүмкүн. Ал Казакстан менен Россияда банктардын ислам талаптарынын негизинде иштөөсү жайбаракаттык менен өнүгүп жаткандыгына да токтолду. “Балким, бул өлкөнүн масштабына да байланыштуу болсо керек. Кыргызстан кичинекей өлкө, андыктан каржылоонун бул жаңы үлгүсүн биз тездик менен ийгиликтүү жайылта алмакпыз”, -дейт Элебаев.



Асыл Осмоналиева, IWPRда окуган контрибьютор, Бишкек.
Frontline Updates
Support local journalists