Кыргызстан: Жергиликтүү кагылышуу саясий маселге айланды

Түрлүү этникалык топтордун кагылышуулары улуттук деңгээлдеги бийлик төбөлдөрүнүн жана саясасатчылардын ортосунда пикир келишпестиктерди жаратты.

Кыргызстан: Жергиликтүү кагылышуу саясий маселге айланды

Түрлүү этникалык топтордун кагылышуулары улуттук деңгээлдеги бийлик төбөлдөрүнүн жана саясасатчылардын ортосунда пикир келишпестиктерди жаратты.

, оппозиция менен бийлик бири-бирин күнөөлөй башташты.


26-апрелдеги башаламандыктарга орус жана кыргыз улуттарынын 200дөй өкүлү катышышып, ошол эле Петровка айылында жашап жаткан күрттөргө каршы көтөрүлүп чыгышкан. Алар 4 жаштагы кызды зордуктоо боюнча шектелип жаткан күрт улутундагы кишини алардын колуна берүүнү талап кылышкан.



Ушул чыр-чатактын жыйынтыгында бир нече адамга бычак сайылган, ал эми эки адамга ок тийген. Ошондой эле, 15 үйдүн айнектери сындырылып, бир нече авто унаа талкаланган.



90дон ашуун адам башаламандыктарга катышкан деп шек саналып укук коргоо органдары тарабынан камакка алынган.



Орустар жана кыргыздар бардык күрт улутунун өкүлдөрүн айылды 24 саат ичинде таштап кетүүлөрүн талап кылышып, башаламандыктар этникалык мүнөзгө ээ болгон.



Күрттөр өлкөнүн баш каласы Бишкектен 50 чакырым чыгышта жайгашкан Петровка айылына бир нече жыл мурун көчүп келишкен.



Алар 1944-жылы Сталиндин буйругу боюнча түштүк Кавказдан Борбордук Азияга алып келинип чачыратылган элдин бөлүгү. Алардын Кыргызстандагы жалпы саны 11 миң кишини түзөт.

Бул окуя бир нече себептерден улам 2007-жылы Казакстанда болгон башаламандыктарга окшош. Ал окуяда да бир күрт жасаган кылмышка бардык күрттөрдү күнөөлөшкөн. (Көбүрөөк маалыматты RCA № 517, 2007-жылдын 23-ноябрындагы чыгарылыштагы Казахстан: столкновение на этнической почве – тревожный знак [Казакстан: Этникалык кагылышуу - коркунуч туудуруучу белги] макалысынан окуңуз.)




Петровка айылынын жашоочулары келип чыккан чыр-чытакка укук коргоо органдары кыйырынан күнөөлүү деп эсептешет. Себеби, алар алгачкы зордуктоо боюнча берилген арызга кебелбес мамиле жасашкан.



Айылдын тургундары бул жаңылыкты алгач угушканда митинг уюштурушуп, өздөрүнүн тынчсызданууларын айтышкан; атап айтканда алар милиция бул ишти керек болсо итибарга да албай жатышкандарына кабатырланып жатышкандыктарын билдиришкен. Кээ бир жашоочулар IWPRга милицияга бул ишти жаптырып коюш үчүн пара берилгендигин уккандыктарын айтышты.



“Мына ушул элди кыжырландырды. Эми эч ким биздин укуктарыбызды коргой албайт экен да?”-дейт жергиликтүү жашоочу Жапар.



Ички-иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов IWPRга болуп өткөн башаламандыктар божомол боюнча 7-апрелдеги 25 жаштагы киши тарабынан жасалган зордуктоо фактысынан улам келип чыккандыгын тактап кетти.



Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев милициянын арызданууларга жооп кайтаргандыгын далилдөөдө.



20-апрелде парламенттин жыйынында Конгантиевдин орун басары Талантбек Исаев кызды зордуктады деп шектелип жаткан жигитти жергиликтүү тургундар кармашып, милициянын колуна өткөзүп беришкендиктерин кабарлады.



Исаев ошондой эле божомолдонгон кылмыш туурасында кылмыш жасалгандан 10 күндөн кийин гана кабарлашкандыгын белгилеп кетти.



Учурда чыр-чатак бир адам жасаган кылмышты күнөөлөдөн бир кыйла жогору деңгээлге жетти. Эми жергиликтүү тургундар укук коргоо органдарын башаламандыктарды басуу үчүн одоно ашыкча күч колдонушту деп күнөөлөшүүдө жана ошондой эле күрттөргө каршы маанай көрсөтүшүүдө.



“Менин аялым ызы-чууларды угуп эмне болуп жатканын билейин деп көчөгө чыккан экен, - дейт айылдын тургуну Акжол. – Мына туура ушул учурда милициялар келтек жана калкандар менен келишип аны алып кетишиптир. Мен азыр кимге кайрылышты да билбейм. Эгер милицияга барсам, мени да алып кетишеби деп коркуп жатам”.



Башаламандыктар болгондун эртеси күнү бир нече жүздөгөн Петоровканын тургундары Кыргызстандын негизги, Бишкек менен түштүктө жайгашкан Ошту байланыштырган, жолду тороп алышкан.



Алар камакка алынган туугандарынын бошотулушун, шектүүнүн жазалануусун жана 4 жаштагы кыздын чоң-энесинин өлүмүнүн иликтенишин талап кылышкан.



Түшкөн маалыматтарга караганда ал аял зордуктоо боюнча кайрылуусу эч кандай тыянак чыгарбагандан кийин асынып алган.



Талаптардын кээ бирлери 30-апрелде аткарылган. Ал күнү өлкөнүн Генералдык прокуратурасы кыздын чоң-энесинин өлүмү боюнча тергөө башталганын жана Москва РИИБсынын тиешелүү кызматкерлеринин үстүнөн жасаган кылмыштары боюнча, атап айтканда, зордуктоо боюнча түшкөн арызды кароодо жасалма документ толтурушкандыктары боюнча өзүнчө кылмыш иши козголгондугун кабарлаган.




Учурда айылда жашаган күрттөр жек көрүү, душмандык менен жасалган мамилелердин курмандыгы болуп калабызбы деп коркушууда.




Кыргызстандагы күрттөрдүн ассоциацияцынын жетекчиси Ибрахим Надиров 29-апрелде башка айылда да күрт үй-бүлөсүнө кол салуу болуп, жыйынтыгында үйдүн айнектери сындырылганын айтты. “Петровканын тургундары күрттөрдү айылдан кууп чыгыш керек деп жатышат,- деди ал 24.kg кабар агенттигине.- Бирок биз кайда барабыз? Бир күрт үйбүлө Сокулук районуна көчөйүн деп аракет кылган, бирок жергиликтүү тургундар бардык күрттөрдүн үйлөрүн талкалайбыз деп сөз беришип шыр эле тыюу салышка”.



Бул учурда улуттук деңгээлдеги саясатчылар бул жергиликтүү чыр-чатактын ырбалуусу үчүн ким жана эмне кылды деген суроонун үстүндө талаш-тартышка түшүшүүдө.



Борбордук бийлик жергиликтүү бийлик төбөлдөрүн күнөөлөп, жыйынтыгында Москва районунун акими,прокурору, жана милициянын башчысы кызматтарынын бошотулушту.



Генералдык прокурор жана ички-иштер министри менен жолугушуусунда президент Курманбек Бакиев мындай деди: “Мында күнөө бийлик акыйкаттыкты орнотуудан баш тарткандыгынан кыжырланган элде эмес, күнөө жүрөксүз, болуп жаткан окуяларды итибарга албай ишти жаап коюуга аракет кылышкан чиновниктерде”.



“Ак Жол” партиясынан чыккан депутат Раиса Сидоренко президенттин оюна кошулат жана эгер жергиликтүү бийлик, милиция жана прокуратура мыйзам чегинде иш алып барышканда жана өз убугында туура чараларды көргөндө мындай “массалык каршылашуулар Петровкада болмок эмес” деп эсептейт.



Эми трагедиянын жыйынтыктарына оппозиция да илинип калды.



“Жашылдар” партиясынын жетекчиси Эркин Бөлөкбаев башаламандыктардын эртеси күнү Петровкага келген жана ошол жерде башка оппозициялык активист Сапар Аргынбаев экөө дагы жергиликтүү эки жашоочу менен камакка алынышкан. Бөлөкбаев менен Аргынбаев башаламандыктарды уюштурду деген айыптоо менен кармалышып эки айга эрктеринен ажыратылышкан. Божомол боюнча оппозициялык “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү болуш мүмкүн болгон берки экөөсү кое берилген.



Ички-иштер министри Конгантиев оппозицияны болгон окуяларга катышы бар деп маалымдап жана анын мүчөлөрү этникалык зордук-зомбулуктун келип чыгышын делөөрүтүштү деп күнөөлөп, оппозицияны тынчсызданууга салды.



“Тергөө иштеринде массалык башаламандыктар атайын күчөтүлгөнүн далилдечү жокко чыгарылгыс далилдер бар, - деди ички иштер министри.- Ошол күнү тартылган видео тасмадан бир кишинин айылдык калкты күрттөргө буюмдарын чогултуп өлкөнү таштап кетүүгө 24 саат берүүгө үндөп жүргөнүн көрүүгө болот. Чогулган элдин ортосуна туруп алып ал элди күрттөрдүн үйлөрүн талкалоого үндөгөн. Ачык эле көрүнүп тургандай, ансыз да эмоцияга берилген адамдарга жасалган мындай чакырыктар улуттар аралык араздашууга алып келди”.



Министрдин маалымдамалары президенттик шайлоолорго болгону үч ай калганда улуттук деңгээлдеги толук кандуу саясий күрөшкө айландырды.



Башкы оппозициялык топ - Бириккен элдик кыймыл (БЭК) - Конгантиевди “жалаа жапкандыгы үчүн” сотко бере тунгандыгын шыр эле маалымдады.



Ошол эле маалымдамада БЭК тынчсыздануулар милиция “өтө чоң кылмышты” жашырып коюуга аракеттенгендигинен, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик бийликтегилер жарандардын үмүттөрүн, муктаждыктарын чечүүдө кылмыштуу аракетсиздик көрсөтүшкөндүктөрүнөн келип чыккан деген карама-каршы далилдөөдөрдү келтиришти.



Социал-демократиялык партиясынын парламенттеги фракциясынын башчысы Бакыт Бешимов болгон окуяларда борбордук бийликтин да күнөөсү бар деп эсептейт.



“Негизги күнөөкөрлөр деп жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн көрсөтүштү. Бирок, мамлекеттик бийлик элдин чыныгы маселелеринен алыс турган, жарандардын суроолоруна жооп берүүгө аракет кылбаган шарттарда мындай “петровкалар” Кыргызстанда көп болуш керек”,-деди ал.



Петровкадагы болгон окуяны изилдөө үчүн үч комиссия түзүлдү: бирөөсү “Ак Жол” партиясы тараптан, башкасы Москва районунун өкүлдөрүнөн куралган коомдук комитеттен, ал эми үчүнчүсү Кыргызстандын омбудсмени тарабынан түзүлдү.



Анара Жусупова, Айдай Токонова жана Бексултан Садыркулов - Кыргызстандагы журналисттердин псевдонимдери.

Frontline Updates
Support local journalists