Кыргызстан: Жаңы түзүлгөн оппозициялык блокко коомчулук ишенбөөчүлүк пикирде

Жаңыдан түзүлүп жаткан саясий кыймыл чыныгы саясий күчпү же анын түзүлүшүнүн артында бийлик турабы?

Кыргызстан: Жаңы түзүлгөн оппозициялык блокко коомчулук ишенбөөчүлүк пикирде

Жаңыдан түзүлүп жаткан саясий кыймыл чыныгы саясий күчпү же анын түзүлүшүнүн артында бийлик турабы?

.

IWPR тарабынан сурамжыланган бир катар комментаторлор «Элдик Кеңештин» («Элдик Совет») жемиштүү саясий уюмга өсүп жетүүсүнө жакшы мүмкүчүлүгү бар – деп эсептешет. Башка бирөөлөрү бул кыймыл кыргыз бийлиги тарабынан оппозицияны бөлүп жаруу максатында атайын уюштурулушу мүмкүн, андай болбогон күндө да бул мурдагылар сыяктуу эле келип кетүүчү уюмдардын бирөөсү деген пикирде.



«Элдик Кеңеш» кыймылынын түзүлүшү жөнүндө Бишкекте 18-январда өткөн маалымат жыйынында жарыяланды. Кыймыл эки топтун –«Кыргызстанды сактап калуу үчүн» патриоттук кыймыл жана «Элдик Кеңештин» - биригүүсү менен түзүлгөн.



Негиздөөчүлөрүнүн айтымында жеке инсан үстөмдүк кылган мурдагы оппозициялык уюмдардан өзгөчөлөнүп жаңы уюм башкача жол менен иш алып барат.



«Биз бир туруп бул лидерди, бир туруп тигил лидерди ээрчүүдөн чарчадык. Биз идеябыз менен бириктик», - деди «Элдик Кеңештин» мүчөсү Роза Нурматова.



«Элдик Кеңештин» лидери мурдагы парламенттин төрагасы, адилет министри Мукар Чолпонбаевдин айтымында бул кыймыл башка оппозициялык кыймылдарга караганда Президентке өтө радикалдуу принципти карманбайт.



Кыймылдын дагы бир мүчөсү Ашырбек Болотов: «кыймылдын бир топ жумшак позициясы биз президенттин отставкага кетүүсүн талап кылбайбыз биз жашап жаткан бийлик системасын гана өзгөртүүнү каалайбыз», - деп түшүндүрдү.



2005-жылдан тарта мезгил-мезгили менен Бакиевге каршы болуп келген массалык митингдерден улам Бишкек мэри тарабынан уруксатсыз каршылык көрсөтүү митингдерин өткөрүүгө тыюу салгандыгын эске салып, «Биз митингдерди бийликтин уруксаты менен гана көрсөтүлгөн жерде өткөрөбүз», – деди Болотов.



Жаңы түзүлгөн кыймылдын бирден бир алдыга койгон максаты – Кыргызстанды 1993-жылкы Конституцияга кайра алып келүү.

Саясат таануучу Омар Нур уулу Жаңы кыймылдын мүчөлөрүнүн эски Конституцияны кайрадан калыбына келтирүү каалоолорунун артында эмне тураарын төмөндөгүчө түшүндүрдү.



«1993-жылдагы Конституция (бүгүнкү күндө) бир топ демократиялуу болгондой туюлуп жатат. Башкы мыйзамга ар бир кийинки өзгөртүүлөр жана 2007-жылдагы (акыркы) Конституция президенттин колуна көп ыйгарым укуктарды топтоду».



«Элдик Кеңеш» өзүн мурда түзүлгөн оппозициялык бирикмелерден өзгөчөлөнгөн кыймыл катары көрсөткүсү келип жатса да, ал көп жактары боюнча «Бириккен Элдик Кыймылга» (БЭК) окшоштуктарды байкоого болот.



Мукар Чолпонбаевдин айтымында кыймылдын курамына мурдагы БЭКтин бир бөлүгү болгон «Ата Мекен» жана Социал-демократиялык партиянын мүчөлөрү кирет.



«Азыр бардык оппозициялык партиялардын жумушчу аттары биригишти», - деди М.Чолпонбаев.



БЭКтин көрүнүктүү лидерлеринин бири Топчубек Тургуналиев БЭКтин лидерлеринин катарына кирген Чолпонбаевдин жетекчилиги алдында жаңы «Элдик Кеңештин» түзүлгөндүгү жөнүндөгү кабарды угуп, таң калгандыгын айтты. «Ал бул кыймылды түзүү боюнча биз менен кеңешкен жок, бул шектенүүнү туудурат», - деди ал.



«Эгер Мукар Чолпонбаев өз кыймылына көп элдерди бириктире алса жакшы, анда биз аны колдойбуз жана кызматташууга даярбыз»,- деп кошумчалады Тургуналиев.



Т.Тургуналиев уюшулган «Элдик Кеңеш» кыймылынын ийгиликтерге жетишүүсүнүн мүмкүнчүлүктөрүнүн аздыгын, андай болбогон учурда бул өкмөттүн жасаган иши экендигин айтты.



«Мен бул кыймылдын башкаруу аппаратына кирген бардык инсандарды тааныйм, жана алардын биринин да потенциалын көрбөй турам. Бул

бийликтин долбоору болушу мүмкүн. Жок эле дегенде алардын ичинде («Элдик Кеңештин») учурда СИЗОдо отурган «Жашылдар» партиясынын лидери Эркин Булекбаев кыргызстандык атайын кызматынын агенти деп күнөөлөгөн бир адам бар.



IWPR тарабынан сурамжылоого алынган серепчи Марс Сариев кыймылдын түзүлүшүнүн артында бийлик турушу мүмкүн экендигин, жаңы кыймылдын пайда болушуна оппозициянын ичинде эч кандай импулсту байкабагандыгын билдирди.



«Бийликке «конструктивдүү», башкарууга ийкемдүү болгон оппозициянын бар болушу пайдалуу болмок», - деди Марс Сариев.

«Мени чочулаткан дагы бир жагдай, менин божомолумда, бийлик алдыдагы эки жылды жаңы түзүлгөн «Элдик Кеңештин» ролун жогорулатуу үчүн колдонуп, башка оппозициялык лидерлерди 2012-жылга белгиленген парламенттик шайлоонун алдында саясий оюндан чыгарып салышы толук мүмкүн», - деп кошумчалады М.Сариев.



Дагы бир комментатор Омаров мындай көз караш менен макул эмес. «Бийликке мындай оппозициялык кыймылды түзүү зарылдыгы жок, дегеле бизде маңызы боюнча оппозиция жок, белгилүү оппозициялык лидерлер гана бар», - деди Омаров.



«Менин божомолумда бул кыймыл дайыма экинчи планда болуп келген кишилердин жеке амбициясынын негизинде түзүлдү. Мындай оппозициялык кыймылдар ар жыл сайын түзүлүп, бир жылдан кийин алар жок болушат», - деп кошумчалады Омаров.



Кыргыз президенттигинин алдындагы Стратегиялык иликтөө жана баалоо Институтунун директору Сергей Масаулов кептин баары «Элдик Кеңештин» кантип түзүлгөнү эмес, анын канчалык эффективдүү иштеши маанилүү экендигин айтты.



«Оппозициянын болушу өлкөдө зарыл, өзгөчө өлкө үчүн иштеген, алтернативдүү чечимдерди сунуштаган, кызматташуунун мүмкүн болгон варианттарын караган оппозиция керек», - деди Масаулов.



Саясат таануучу Орозбек Молдалиев «бир да оппозициялык кыймылдын, анын ичинде «Элдик Кеңештин» да жемиштүү келечегин көрө алган жокмун», - деп билдирди.



Азербайджандык «Trend» маалымат агенттиги менен болгон маегинде «негизги оппозициялык партияларды бириктирген БЭК 2008-жылдын аягында түзүлгөн күнүнөн тартып эле кыймыл катары өзүн өзү актаган жок», - деп билдирди ал.



Ага мисал катары Молдалиев өткөн жылдын жайындагы президенттик шайлоодо президенттикке БЭКтен бирден бир талапкер Алмазбек Атамбаевдин утулуп калгандыгын, учурдагы президенттин экинчи мөөнөткө калгандыгын билдирди.



Айнагүл Абдрахманова, IWPRдын атайын машыгууларынан өткөн Кыргызстандагы журналист.



Kyrgyzstan
Frontline Updates
Support local journalists