Кыргызстан: Туугандар үчүн жылуу жай

Өз баласын эң жогорку мамлекеттик кызматка дайындаган кыргыз президенти «үй - бүлөлүк башкарууга умтулууда» деп сынга алынууда.

Кыргызстан: Туугандар үчүн жылуу жай

Өз баласын эң жогорку мамлекеттик кызматка дайындаган кыргыз президенти «үй - бүлөлүк башкарууга умтулууда» деп сынга алынууда.

Friday, 20 November, 2009
cынын жакында башталган экономикалык реформаны алдыга жылдыруу максатында өз баласын жаңыдан түзүлгөн агенттиктин жетекчилигине дайындашы, коомчулукта түрдүү пикирди жаратууда. Максим Бакиев 29-октябрда Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин жетекчиси болуп дайындалды. Аталган агенттик экономиканы өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу жана ишкерчиликке көмөк көрстөтүү жаатында иш алып барат.



Президенттин Институтун түзүү тууралуу мамлекет башчы Курманбек Бакиев 20-октябрда республикалык жыйында, алдыда боло турган реформа жөнүндө, сүйлөгөн сөзүндө кабарлаган. Бул Институт бюрократияны жеңүүгө жөндөмдүү жаңы көз-караштагы жаштардан туруп, реформаны алдыга түртүп, Кыргызстандын дүйнөлүк экономикалык кризисти жеңип чыгуусуна өбөлгө түзүү максатында түзүлүлүүдө. Ал эми Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттик мына ушул Президенттик Институттун курамындагы жаңы түзүм катары түздөн-түз Мамлекет башчысынын көзөмөлүндө туруп, мурда кыргыз өкмөтүнө тиешелүү бир катар ыйгарым укуктарга ээ болду.



Айрым байкоочулар Максим Бакиевдин мындай кызматка дайындалышын, өлкөдөн качып кеткен мурдагы президент Аскар Акаевдин жолун жолдоп, үй-бүлөөлүк башкарууга умтулган кадам катары баалашууда. Ошондой эле алар мамлекет башчы өзүнө эмитен мураскер даярдай баштады деп болжолдошууда.



«Ак Жол» партиясынын парламенттеги мүчөсү Рашид Тагаев «Максим Бакиевдин кызматка дайындалышы туура жана өз убагында болду», - деген оюн билдирди.



Айрым бир байкоочулар болсо, Максим Бакиевдин эң жогорку кызматка келишинин өлкө үчүн пайдалуу жактары бар дешет. Ага мисал катары алар 32 жаштагы Максим Бакиевдин ишкерчиликти жүргүзүүдө тажрыйбасынын жетиштүүлүгүн жана базар экономикасы менен тааныштыгы бар жаңы муундун өкүлү экендигин келтиришет.



«Ал көп жыл бою ийгиликтүү ишкерчилик жасады жана бул тармакта байланышы кеңири», - дейт саясат таануучу Марат Казакбаев.



Ал эми экономикалык маселелер боюнча эксперт Темир Жумакадыров «экономика тармагы абдан оор болгондуктан аны алдыга жылдыруу максатында мамлекет башчысы өз баласын дайындады»-дейт. Ошондой эле ал «эгерде баласы коюлган тапшырманы аткара албай калса, президенттин өзү оор абалда калат», - деген оюн кошумчалады.



Президенттин эң кичүү баласы Максим Бакиев билими боюнча юрист, 1999-жылдан бери ишкерчилик менен шугулданып келет. Атасынын алгачкы беш жылдык президенттик мөөнөтүндө ал ишкерчилик боюнча кеңешчи болуп эмгектенген.



2005-жылы мурдагы президент Аскар Акаевдин өлкөдөн качып кетүүсүн шарттаган ыңклаптын натыйжасында, анын ордуна келген Курманбек Бакиев «үй-бүлөлүк башкарууга чекит коем» - деп убада берген эле. Анткени элдик нааразылыктын башкы себеби да «үй-бүлөөлүк башкарууга нааразылык» болгон.



«24-марттагы революциянын башкы максаты - биринчи президенттин үй - бүлөлүк башкаруусун токтотуу болгон», - деп эскерет, Курманбек Бакиевдин революция мезгилиндеги өнөктөшү, соңку жолу болгон президенттик шайлоого талапкер, Алмаз Атамбаев. Ошондой эле ал «Бакиев бийликке келгенден кийин булар тууралуу унутуп калды», - деп кошумчалайт.



Ал эми Бакиевдин революция мезгилиндеги дагы бир пикирлеши, учурда Бириккен оппозиция кыймылынын башчысы Азимбек Бекназаров Курманбек Бакиев мага «Акаев барган жол менен барбайм», - деп өзү убада берген эле дейт.



«Президент Бакиев мурдагы мамлекет башчы Аскар Акаев жасаганды эч кынтыксыз кайталоодо. Акаев мезгилинде биздин төрт президентибиз бар эле: анын кызы, аялы, баласы жана анын өзү», -деп кошумчалады Бекназаров.



Президент Бакиевдин үй-бүлөсүнүн башка мүчөлөрү да эң жогорку кызматтарда иштешет. Анын эң улуу баласы Марат Бакиев мамлекеттик Коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары, соңку реформанын натыйжасында аталган кызмат өкмөттөн президенттин карамагына өттү.



Президенттин бир тууганы Жаныш Бакиев президентти кайтаруу мамлекеттик кызматынын башчысы ошондой эле анын башка туугандары да өкмөттүн курамындагы бир катар маанилүү кызматтарды ээлешет.



Саясат таануучу Мирослав Ниязов «Максим Бакивдин бул кызматка дайындалышы уй-бүлөлүк башкарууга умтулууну айгинилеген чоң окуя болду», - дейт.



Курманбек Бакиев өлкөнүн Баш мыйзамына ылайык келээрки жолу президенттик шайлоого катышууга укугу жок. Ошондуктан Максим Бакиевдин мындай жогорку кызматка дайындалышы, айрым байкоочулардын пикиринде анын чоң саясатка болгон алгачкы кадамы. Келээрки президенттик шайлоо 2014-жылы өткөрүлөт. Ал жылы Максим Бакиев 35 жаштан өтөт. Ал эми Кыргызстандын Башмыйзамы боюнча 35 жашка толгон ар бир жаран президенттик шайлоого ат салышууга укугу бар.



Оппозиция өкүлү Болот Жанузаков «президенттин баласынын бул кызматка дайындалышы Баш мыйзамга каршы келет. Анткени Конституцияда мамлекет башчынын эң жакын туугандары, анын түздөн-түз кол алдындагы мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыю салынат деп жазылган» дейт.



Евгения Ким, IWPRда тренингден өткөн Кыргызстандагы журналист.

Kyrgyzstan
Frontline Updates
Support local journalists